СИЛЛОГИСТИКА — субъектилик — предикативдик түзүлүштүн айтымына таянган дедуктивдик тыянак чыгаруунун теориясы: S — бул Р (S — логикалык ээ, же субъект, Р — логикалык баяндооч, же предикат). С-да бир же бир нече айтымдан — көрсөтүлгөн түзүлүштүн өбөлгөлөрүнөн, жаңы айтым — корутунду келип чыгууга тийиш болгон жалпы шарттар аныкталат. Корутунду бир гана өбөлгөдөн келип чыкса, ал түздөн — түз С-лык натыйжага ээ; эгер корутунду эки өбөлгөдөн келип чыкса, анда ал — чындыгында силлогизм; эгер корутунду бир нече өбөлгөлөрдөн келип чыкса, анда ал — көп силлогизм, же сорит (чынжырлуу топ). С-ди алгачкылардан болуп Аристотель иштеп чыккан да, тарыхый жактан дедуктивдүү ой жүгүртүүнүн биринчи логикалык теориясы болуп, кийин формалдык логиканын негизин түзгөн. С-га караганда бир кыйла жалпы логикалык системаны математикалык логика иштеп чыкты. Аристотель тарабынан коюлган модулдук С-нын маселелери бүгүнкү күнгө чейин аз изилденген боюнча калууда.