МОДЕЛЬ (фр. modele , лат. modulus — чен, үлгү, норма, өрнөк). Логикада, илимдердин методологиясында оригиналдын М-и — табигый же социалдуу реалдуулуктун белгилүү бир фрагменти, адамзат маданиятынын жемиши, концептуалдуу-теориялык түзүлүш ж. б. арадагы тааным каражаты. Модель м-н объектинин ортосунда белгилүү бир окшоштук, аналогия орун алуусу зарыл. Мындай аналог оригиналы ж-дө билимдерди сактоого ж-а кеңейтүүгө, оригиналды башкадан конструкциялоого, өзгөртүп түзүүгө ж-а башкарууга кызмат кылат. М. — таанып билүү м-н тажрыйбада белгилүү бир билимдин мейкиндиги, фактылардын ж-а катыштардын ушул же башка бир билимдер мейкиндегиндеги жөнөкөйрөөк, көрсөтмөлүүрөөк структура түрүндө чагылдырган, ага кошумча оригиналы тууралуу жаңы маалыматтардын камтыган орун басчулары. Таанып билүүчү объектисин кайсы бир жагынан алмаштырган, ал ж-дө мурдатан белгилүү ж-а айрым тааныла элек маалыматтарды (жаңы билимди) берүүгө мүмкүн болгондой окшоштук катышта (же шайкештикте) болгон башка объект, табигый же жасалма система. Белгилүү бир шартта М-де жүргүзүлгөн изилдөөнүн ж-а иштеп чыгуунун натыйжасы оригиналга жайылтылат. Логикалык көз караштан алып караганда мындай жайылтуу изоморфизм ж-а гомоморфизм катыштарына негизделет. М. м-н объектинин аналогиялуулугу физикалык белгилеринде, же аткарган функцияларында, же алардын «турум- турпатын» мүнөздөгөн математикалык туюндурмалардын теңдештигинде болот. Объект м-н анын моделинин шайкештик даражасы окшоштуктар теориясынын критерийлери м-н аныкталат. Объектинин моделдешкен жагы м-н моделдин табиятына жараша «математикалык» ж-а «физикалык» («предметтик») моделдерге ажырайт. Моделденүүчү объектинин белгилүү касиеттери кандай формула м-н жазылса, сөзсүз анын «математикалык» моделинде да ошол формула м-н жазылат. Моделдер объектинин айрым касиеттерин же функцияларын (мындай учурда функционалдык моделдер аталат) чагылдырганына карата «толук» ж-а «бөлүгүнүн» модели боло алат. Моделдердин түрлөргө ажырашы шарттуу гана. Электрондук-эсептөө техникаларын, компьютерлерди колдонуп, моделдөдөн алынган математикалык моделдер азыркы учурда кеңири пайдаланылат. Мындай моделдердин артыкчылыгы — универсалдуулугунда, ыңгайлуулугунда, ыкчамдыгында ж-а чыгымы аз, арзандыгында.