МОДАЛДУУЛУК

Добавил | 11.09.2017

МОДАЛДУУЛУК (логикада) (лат. modus — чен, жол) — ой-жүгүртүүнү андагы айтылган бекемдөөнүн «күчү» б-ча ой жүгүртүүнүн мүнөзү; ой жүгүртүү зарыл, мүмкүн, кокустук, мүмкүн эмес ж. б. болушу мүмкүн. Салттуу логикада зарылчылыкты туюндурган (аподиктикалык), мүмкүнчүлүктү (проблемалуулукту) ж-а чындыкты (ассерторические) туюндурган ой жүгүртүүнү айырмалашат. Азыркы учурдагы логика ой жүгүртүүнүн, ой айтуунун белгилүү «методологиялык» баасы сыяктуу карап, модалдуулуктун касиеттерин талдоого мүмкүнчүлүк берет. Ошону м-н бирге эле логикалык ж-а сүрөттөөчү модалдуулукту айырмалайт. Айтылгандын логикалык модалдуулугу таптаза логикалык түшүнүүдөн келип аныкталат. Мис., айтылган ой Р эгер ал таза логикалык негизден чыккан гана чындык болсо б. а. эгер Р болбосо эле логикалык каршылыкка алып келчүү болсо, логикалык зарылчылык болот. Сүрөттөөчү модалдуулукка ири алдыда физикалык (себептүү) модалдуулук кирет. Ал айтылган ой кандайдыр бир физикалык мыйзамдагы сыяктуу зарылчылыкты, мүмкүнчүлүктү ж-а кокустукту туюндурабы ошго көз каранды. Айталы, «Бардык планеталар эллипс боюнча кыймылдайт» физикалык зарылчылык, а «Планеталардын саны — 9» — физикалык кокустук.