МЕТОДОЛОГИЯ

Добавил | 11.09.2017

МЕТОДОЛОГИЯ — 1) кандайдыр бир илимде пайдаланылуучу таанып билүүчү каражаттардын, методдордун, ыкмалардын жыйындысы; 2) таанып билүүчү ж-а тажрыйбада өзгөртүп түзүүчү иш- аракеттерди уюштуруунун каражаттарын, өбөлгөлөрүн ж-а принциптерин изилдөөчү билимдин тармагы. Алсак, илимдердин М-сы илимий билимдерди ж-а илимий иш-аракеттерди изилдейт. М-ны өнүктүрүү — жалпысынан илимий таанып билүүнү өнүктүрүүнүн жактарынын бири. Ар кандай илимий ачылыштар предметтик гана эмес, методологиялык мазмунга да ээ, б. а. ал болгон түшүнүк аппаратын, изилденүүчү материалдын интерпретациясына өбөлгөлөрдү ж-а ыкмаларды сын көз м-н кайра кароого байланышкан. Анын жүрүшүндө предметтик билимдер иштелип чыгуучу иш-аракетти талдоо обьектиси кылып алуу м-н илимдер М-сы илимдин өзүн-өзү таанышынын ж-а өз алдынча аң-сезимдин формаларынын бири катары чыгат.