ШҮКҮРБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ

Добавил | 26.07.2017

БЕЙШЕНАЛИЕВ  ШҮКҮРБЕК (1928, Акталаа р-ну  –  2000, Бишкек)  –  Кыргыз эл жазуучусу. Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1982). Прозаик, драматург, 1952-ж. КМУнун филология факультетин аяктаган. 1974-ж. Кыргыз ССРинин иск-восуна эмгек сиңирген ишмери наамын алган. 1950-ж. «Чыныгы достук” повести жарык көргөн. Жазуучунун калемине «Таалай жолу” (1964), «Болот калем” (1981), «Даңкка жараша жүк” (1973) романдары таандык. «Таалай жолу” романы  өз кезинде кыргыз адабиятындагы публицистикалык маанайда жазылган кыргыз интеллигенциясынын  өсүү, калыптануу эволюциясын чагылдырган алгачкы роман катары адабий чөйрөдө  да, окурмандар арасында зор кызыгууну жараткан. Ал эми «Болот калем” романында алгачкы кыргыз агартуучуларынын бири, жазгыч акын Тоголок Молдого арналганы, анын жашаган доору, чыг-лык-агартуучулук ишкердүүлүгү, жеке турмушу, акын болуп калыптануусу, адамдык-инсандык  өмүрү көркөм сөздүн күчү  м-н акын-агартуучунун көркөм кайталангыс образы ачылган.

Кыргыз балдарына ж-а чет элдик окурмандарга рухий байлык тартуулаган «Кычан”, «Ак тайлак”, «Мүйүздүү  козу”, «Чабалекей”, «Аманат”, «Сарыбайдын уулу” аттуу көптөгөн чыгармаларын жараткан. «Кычан” аттуу повести, албетте, советтик түзүлүш кезиндеги жаш жеткинчек балдардын социалисттик түзүлүштү чыңдоого, анын душмандарына каршы күрөшүүгө  активдүү  катышуусунун Кыргызстандагы  үлгүсүн чагылдырган. Ал  өз кезиндеги саясий баа-баркы, тарбиялык таасири өзгөчө бааланып, баш каарман Кычан коомго ак кызмат кылуунун үлгү каарманы катары көрүнгөн. Балдар жазуучусу катары Б-дин калеминин курчушуна дал ушул «Кычан” повести чоң  сыноо болсо, андан кийинки «Мүйүздүү козу” повести анын дүйнө жүзүнө чыгаан балдар жазуучусу катарында таанылуусуна чоң түрткү болгон. Бейшеналиевдин чыгармаларынын ичинен жогоруда аталган «Кычан” ж-а «Сүзөнөөк козу” аңгемелери дүйнөнүн бир нече тилдерине которулган. Проза жанры м-н эле алектенбей, ал «Бойдоктор”, «Дос”, ж-а «Кычан” пьесаларды да жазган.  Бейшеналиев котормодо калемин сынап, орус элинин белгилүү жазуучулары Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңгемелерин, А. П. Чеховдун, Г. Ибсендин пьесаларын кыргыз окурмандарына тартуулаган. Ушундай чыгармачыл даңктуу эмгеги ага көптөгөн зор ийгиликтерди алып келген. «Мүйүздүү козу” аңгемеси үчүн 1976-ж. эл аралык Г. Х. Андерсен атн. ардак диплому ыйгарылган. Ошондой эле бир нече орден жа- медалдар м-н сыйланган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ