МАТЕРИЯНЫН КЫЙМЫЛЫНЫН ФОРМАЛАРЫ

Добавил | 11.09.2017

МАТЕРИЯНЫН КЫЙМЫЛЫНЬШ ФОРМАЛАРЫ (формы движения материи) — материалдык объектердин өз ара аракеттенишүүсүнүн ж-а кыймылынын негизги типтери. Ар бир телого бир нече М. к. ф. мүнөздүү. М. к. ф. илимий классификациялоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл: 1) материалдык объекттер — кыймылды алып жүрүүчүлөрдүн спецификасы; 2) белгиленген кыймыл формасына мүнөздүү жалпы закондордун болмушу; 3) материянын тарыхый өнүгүүсүнүн ж-а кыймылынын эң жөнөкөй формасынан татаал формасына чейинки законченемдүүлүк. Бул талаптарга ылайык М. к. ф. үч негизги тобу бөлүп каралат: 1) органикалык эмес табияттагы; 2) жандуу табияттагы; 3) коомдогу. Органикалык эмес табияттагы М. к. ф. мейкиндиктеги жылышуулар, элементардык бөлүкчөлөрдүн ж-а талаалардын — электро-магниттүү, гравитациялык, кыймылдары; ж. б. Жандуу табияттагы М. к. ф. — организмдеги зат алмашуу, бүткүл биосферанфн Жердин жаратылыш системалары ж-а коом м-н өз ара аракеттенүүсү, байланышы ж. б. кирет. Коомдогу М. к. ф. — адамдардын аң-сезимдүү ишмердүүлүгүн көп жактуу көрүнүштөрү ж. б. камтылат.