КӨМҮР

Добавил | 11.09.2017

«Көмүрүнө чыдабай, көп токойлор кыйылды» («Манас»).

Бул — күйгөн жыгачтын өчүрүлгөн чогу. Көмүрсүз көрүк үйлөнбөйт. Зергерлер жыгач отундун чогун этиеттеп, гүлгө айлантпай өчүрүп алуунун сырларын да укмуштай билишкен. Демек, чок болуп күйгөн отундун өчүрүлгөн ал кара күйүгү устакерчиликти иштетүүнүн эң зарыл каражаты болот.

Көмүрдү өчүрүү аракети жана орду суу жээгине ылайыкташтырылат. Аны өчүрүүдө кургак жыгач додо үйүлүп, от улуу жагылат. Күйгөн чакта чок күл болуп калбагыдай, аны улам четинен атайын оюлган чуңкурга көсөө аркылуу шилеп, дароо топурак менен жылчыксыз көөмп турат. Карды текши сээп, же сууну текши бүркүп да, көмүр өчүрүп алууга болот. Өчүрүлгөн көмүргө аба кирсе, күйүп калат.

Четин, шилби, кайың, чычырканак сыяктуу катуу жыгачтардан өчүрүлгөн көмүр шыңгыраган дабыш берип, чогунун өңү аппак келип, таптуу болот. Мындай көмүр менен көбүнчө кара темир эритилет. Арчанын, карагайдын, талдын, теректин көмүрүнүн чогу кызгылттанып, табы мүнөздүү келгендиктен зергерлер күмүш, жез, мис, калай өңдүүлөрдү эритишет.ы