МАР БАЙЖИЕВ

Добавил | 26.07.2017

БАЙЖИЕВ  МАР  (1935, Жалалабат ш.)  –  прозаик, драматург, кинодраматург. 1960-ж. КМУнун филология факультетинин орус тили ж-а адабияты бөлүмүн,  1964-ж. Москвадагы Жогорку сценарийлик курсун бүтүргөн. Байжиев чыгармаларын эки тилде – кыргыз ж-а орус тилдеринде жараткан билингивист жазуучу. Анын ысмы таланттуу прозачы ж-а драматург катары Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири белгилүү. Байжиев чыг-лык ишин адабий сынчы ж-а котормочу катары студент кезинде эле баштаган. Анан  өз калемин чакан сатиралык аңгемелерде ж-а юмореско интермедияларда сынаган. Биринчи жыйнагы «Кара курт” деген ат м-н 1961-ж. басмадан жарык көргөн. Алгачкы аңгемелер жыйнагынан кийин «Кайтып келүү” (1964), «Чыйыр” (1966), «Башканын бактысы” (1969), «Менин алтын балыгым” (1976) ж. б. бир топ прозалык жыйнактары кыргыз, орус, украин,  өзбек ж. б. тилдеринде жарык көргөн. Байжиев сценаристтердин жогорку курсунда окуп жүргөндө дипломдук иш катары «Башканын бактысы” («Чужое счастье”) аттуу киносценарийин жазган. Ал кийин «Өзбекфильм” тарабынан лентага түшүрүлүп, Ашхабадда  өткөн Эл аралык фестивалда (1979) атайын сыйлыкка татыктуу болгон. Кийин анын калеминен жаралган сценарийлердин негизинде «Ак илбирстин тукуму”, «Алтын күз”, «Нокдаун”, «Нөшөр”, «Жаңы жыл алдындагы түн”, «Акыркы рейс” сыяктуу көркөм фильмдер тартылган. Жазуучунун чыг-лыгынын үчүнчү салаасы – бул драматургия. Анын драмалык чыгармаларынын алгачкыларынан болуп «Балдар бойго жеткенде” (1964), «Адашкан адам” (1964) ж-а «Эрөөл” (1965) эсептелет. «Эрөөл” мурдагы Советтер Союзунун дээрлик бардык театрларында, Болгария, Венгрия, ГДР, Монголия, Польша, Румыния, Чехословакия, Австрия, Швеция, Финляндия, Косто Рика ж. б. жерлерде саякаттап отуруп, 200дөн ашык сахналарда бир нече иреттен кайталанып коюлган. Байжиевдин дээрлик бардык драмалык чыгармалары кыргыздын гана эмес, дүйнөнүн көп улуттуу элдеринин театр сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүктүү чыгармасына айланган. Кыргыз жазуучуларынын ичинен Байжиев Мар өзүнүн проза, драматургия, кинодраматургиясында шаар турмушуна, анын ичинде интеллигенция чөйрөсүнө көбүрөөк кайрылган. Бөтөнчө анын дээрлик бардык драмалык чыгармаларынын («Байыркы жомоктон” башка) тематикасы ушул алкактын тегерегинде. Анын «Чыйыр” повести, «Бир тоголок самын”, «Уурулук” аңгемелеринде айыл адамдарынын бир караганда  өтө  жөнөкөй, баёо, ошол эле убакта алпейим акылман турмушу зор сүйгүнчүк м-н сүрөттөлгөн. Мар Байжиевдин башка кыргыз драматургдарынан айырмалап турган  өзгөчөлүктөрүнүн бири  –  анын  куйкум сөздүү тапкычтыгы. Кыйын-кысталыш, олуттуу учурда да сатиралык элементтерди ыктуу пайдалануунун натыйжасында какшык, курч сарказмдин жардамы м-н жасалмалуулуктун бет пардасын сыйрып түшөт же жумшак юмор м-н ыңгайсыздыкты жымсалдап кетет. Орду, чени м-н ыктуу пайдаланылган бул «калемпир-мурч” анын драмаларына өзгөчө түс берип, жагымдуулугун арттырып турат.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ