АБРАМЗОН САУЛ МАТВЕЕВИЧ

Добавил | 11.09.2017

АБРАМЗОН САУЛ МАТВЕЕВИЧ (1905, Орлов губерниясы, Димбровск шаары — 1977, Ленинград) — кыргыз этнографиясына негиз салуучулардан, тарых илимдеринин доктору (1968), Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1926). 1926-жылдан Кыргыз АОнын музейинин башчысы. А. 1928-ж. Кыргыз АССР ЭКСтин алдындагы Край таануу боюнча алгачкы илим- изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан. 1931-жылга чейин Кыргызстан маданий курулуш институтунун директору. А-дун эмгектеринде негизинен кыргыз элинин этнографиясынын көптөгөн маселелери изилденген. Анын кыргыз этнографиясын чогултуу жана изилдөө иштери менен катар «Манас» эпосу тууралуу изилдөөлөрү да өтө баалуу. «Баатырдык «Манас» эпосу кыргыз маданиятынын эстелиги», «Кыргыздын «Манас эпосундагы этнографиялык сюжеттер», «Кыргыздын баатырдык «Манас» эпосу — этнографиялык булак», «Кыргыздардын аскердик уюштурулушуна жана техникасына мүнөздөмө», «Кыргыздардын уул асырап алуу салты» жана башкалар илимий макалаларында А. советтик этнографтардан биринчи болуп «Манас » эпосун этнографиялык жагдайда изилдөө проблемасына жол ачкан. Ал кыргыздардын көп кырдуу турмуш-тиричилигиндеги, салт-санаасындагы унут Оолуп кеткен көптөгөн этнографиялык кызык окуялардын, фактылардын «Манас эпосунда чагылышы эпостун этнографиялык булак катары теңдешсиз материал берерин жана аларды изилдөө кыргыз маданиятынын тарыхын, анын ар түрдүү этабын ретроспективдүү түрдө эң байыркы элементтерин ачууга мүмкүндүк берет деп белгилеген. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Т. Баялиева