АЗА — өлгөнгө кайгырып, күйүт тартуу салты. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас өлгөндө «Калайык ыйлап, кан ыйлап, Кошой, Төштүк дагы ыйлап, Ажыбай, Бакай кары ыйлап, Кан Манастын кырк чоро Найза сайып бакырып» А. күтүшөт. А. күтүүдө аялдар чачын жазып, бетин тытат, башына кара салынып, кошок кошот:
Ошондо кайран катын Каныкей
Кандуу бети жыртылуу,
Кара чачы жайылуу,
Калдайган кара башында (Саякбай Каралаев), же «Ошо кезде кыз Сайкал, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу» (Саякбай Каралаев, 2. 253). Эпосто А. күтүүгө табийгат, жан-жаныбарлар кошо катышат: «алты күнү ай чыкпай, ай караңгы түн болот», «кайың ыйлап, тал ыйлап», жер силкинет, таш ыйлайт. Желмаян капшытка чөгүп, көз жашын төгөт. Кумайык Манастын аягына жатып алып асманга карап оозун ачып, адамдан бетер ыйлайт. Акшумкар тескери учат, Тайбуурул оттобой башын жерге салат. Эпостогу А. күтүүнүн мынчалык эмоциялуулугу, курч жана көркөм сүрөттөлүшү эл өзүнүн ишенген баатырынан, сырткары душмандардан коргоочусунан айрылышы, мындан артык жоготуунун жоктугу жана алардын башына кайрадан оор күн түшөрүн билдирип тургандыгы менен байланыштуу. А. күтүү эпостун башка каармандары өлгөндө да сүрөттөлөт. Мисалы, Алмамбет өлгөндө аты Сарала:
Айбандан эстүү жарыктык,
Башын жерге салыптыр,
Кындырдай жарап жарыктык,
Аза күтүп калыптыр (Саякбай Каралаев, 2. 220).
Семетей кайып болгондо да Кумайык улуп, Акшумкар токтобой, «саңоор жүнүн тыткылап, канатын күүлөп», «мүрүсүн жерге каккылап, канатын жерге чапкылап» А. күткөндүгү айтылат.
С. Алиев