ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ

Добавил | 26.07.2017
АБДУМОМУНОВ  ТОКТОБОЛОТ (1922, Кемин р-ну  –  1989)  –  драматург. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири. Кырг. Респ. иск-вого эмгек сиңирген ишмери (1972), Кырг. Респ. эл жазуучусу. А-дун ысымы м-н кыргыз драматургиясынын  өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү  күндөгү  жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде” олуттуулук м-н баяндаган.
    Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө  ээ, типтештирилген каармандардын тобун жараткан. Алгачкы пьесалары: «Кумдуу чап” (1946), «Замандаштар” (1948), «Курман” (1950) ж. б. Ал 50-жылдары жазган «Борбаш”, «Тар капчыгай”, «Атабектин кызы”, «Ашырбай” пьесалары автордун орус ж-а дүйнөлүк драматургия  өнөрүнүн жетишкендиктерин  өздөштүргөнүн айкындап, турмуштук материалды көркөм чагылтуунун ул. салттарын жаңылоо, жаңы формалар м-н ыкмаларды издөө  б-ча белгилүү  ийгиликке жеткенин көрсөттү. «Абийир кечирбейт” (1962), «Каркыралар кайтканда” (1965), «Сүйүү  жана  үмүт”, «Бюро жүрүп  жатат” (1968), «Жыгылган ооганга күлөт” (1968). «Жарыктык карыларым” (1980) ж. б. пьесаларында актуалдуу моралдык маселелер көтөрүлгөн. «Жүкөш” (1940, 1959, 1974), «Сүйүү жана үмүт” (1966), «Тандалган чыгармалар” (1973), «Ашырбай” (1980), «Пьесалар” (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан.
     Т. Абдумомунов комедия жанрынын да чебери. Анын калеминен «Эч кимге айтпа”, «Машырбек үйлөнөт”, «Алдар көсөө” ж. б. комедиялар жаралган. Анын «Атабектин кызы” драмасында инсандын моралдык этикалык жактан жетилиши, адеп ахлагынын өркүндөшү, индивидуалдуу калыптанышы сүрөттөлгөн. Драмада тышкы кагылыштар м-н бирге каармандын ички дүйнөсүндө  өтүп жаткан психологиялык процесстер ишенимдүү  берилген. «Атабектин кызынын” жарыкка келиши кыргыз драматургиясында тарыхый көркөм өнүгүүнүн бийиктөөсүнүн законченемдүүлүгүн мүнөздөйт.
«Абийир кечирбейтте” каарман  өзүнүн рухий интелектуалдык, моралдык активдүү  изденүүлөрү  м-н кызыктуу. Драмада жеке адамдын керт башындагы кемчиликтердин мотивдери биринчи жолу көркөм көзөмөлгө  алынган. Анда бийиктик м-н пастык, жолдошчулуктун табияты, ишенчээктик м-н амалкөйлүк, абийирдүүлүк м-н абийирсиздиктин карама-каршылыгы тууралуу сөз болот.
     Т. А. художник катары курч моралдык, атуулдук маселелерди көтөрө билгендиги чыг-лыгынын тематикасынын ж-а жанрдык чегин кеңейтүүгө, жаңылоого тынымсыз умтулуп жүрүп отурган. «Сүйүү жана үмүт” – улуу акын Токтогулдун каардуу замандагы адамдык татаал тагдырын, кишичилик сапаттарын, эркиндик, адилеттик  үчүн болгон азаптуу күрөшүн, таптык сезиминин ойгонуш, этикалык, филос. көз караштарынын калыптаныш процессин  өз мезгилинин коомдук-тарыхый контекстинен, учурдун соц.-психологиялык шарттарынан ажыратпай, реалдуу сүрөттөп көрсөтө алган тарыхый-биографиялык драма.

     Т. А. тарыхый революциялык темадагы чоң  ийгиликке «Ашырбай”  драмасында жетишкен. Бул драма ул. драматургиябызга алгачкылардан болуп кыргыздын ак сөөк манабынан калыптанган сахналык канондорго сыйбаган, адаттан тыш татаал образын алып чыккан. Көрүүчүлөрдүн көз алдына бирде күлүп, бирде кайгырган, кээде жаңылып бармагын тиштеп  өкүнгөн, көл алдындагы букара элге боорукер болуп көрүнгөн, түлкүдөй амалдуу, о. эле учурда каардуу, текебер, кекчил, мансапкор адамдын татаал образын жараткан.
 
 
Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ