Акын Шайлобек Дүйшеев Кыргызстандын Нарын облусундагы Борбордук Теңир-Тоо койнунда, Ат-Башы районундагы Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган. 1968-жылы айылындагы орто мектепти аяктаган. 1968–1970-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1970–1975-жж. куруучу мекемелерде жумушчу, бетончу, Ат-Башы райондук гезитинде кабарчы болуп иштейт. 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин (ал кезде — филология факултетинин журналистика бөлүмүн) аяктаган. Ошол эле 1980-жылдан тартып Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы, облустук телерадио уктуруу комитетинде редактор болгон.
1983–1990-жж. Кыргыз филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы, 1990–1996-жж. «Ала-Тоо» журналынын бөлүм редактору, «Кыргызстан маданияты» гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеди.
1996-жылдан «Асаба» гезитинде кабарчы, редактордун орунбасары, биринчи орунбасары, «Агым» гезитинин кызматкери болуп иштеди.
2011-жылы акындын чыгармачылыгына арналган «Отко чуркаган бала» даректуу тасмасы тартылган (Режиссеру — Бакытбек Турдубаев) Учурда «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги кабарчысы.
Ш. Дүйшеевдин чыгармалары 1968-жылдан бери жарыяланып келе жатат.
1985-жылы «Аптап» аттуу биринчи поэзиялык жыйнагы чыккан. 1987-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү.
Сыйлыктары
2006-жылы «Кыргыз Эл акыны» наамын жана башка бир катар сыйлыктарды алган.
2010-жылы декабрда III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
Байдылда Сарногоев атындагы Эларалык сыйлыктын ээси.
2012-жылы «Эки дөөнүн күрөшү» чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган
Чыгармалары
«Аптап» ырлар жыйнагы. Фрунзе, 1985.
Сүйлөшкөнгө чейин сөз: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. –72 б.
Кайдыгерлик: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 80 б.
Тайгүлүк: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 16 б.
Арабадагы ыр: Публицистикалар, пародия, айтыш, тамаша, обондуу ырлар, поэмалар жана кара сөздөр. – Б.: Шам, 1999. – 384 б.
Арабадагы ыр 2.– Б.: Педагогика, 1999. – 430 б.
«Эки дөөнүн күрөшү”. Бишкек, 2010.