Махмуд Кашгари XI к. окумуштуу-түрколог. 1029-1038жж. аралыгында Барскон шаарында туулган. Анын атасы Хусейин ибн Мухаммед Ысык-Көлдүн тескейиндеги Барскон шаарын жана дубанды бийлеген бек болгон. Махмуд Кашгари, Багдад, Бухара шаарларынан билим алган. XI к. 50-жж. экинчи жарымынан тарып түрк элдери мекендеген жерлерди кыдырып, алардын тилинин диалектилик өзгөчөлүктөрүн жана жалпылыктарын иликтей баштаган. Анын «Китаб жавахир ан-нахв филугат ат түрк» («Түркий тилдер тууралуу синтаксистин маныздары») китеби жана «Китаб диван лугат ат-түрк» («Түркий тилдер сөз жыйнагы китеби) аттуу эмгектери белгилүү. Мунун экинчиси («Диван лугат ат-түрк») бизге жеткен. Махмуд Кашгаринин качан жана кайсы жерде өлгөндүгү белгисиз.
«Диван лугат ат-түрк” (Түркий тилдер сөз жыйнагы) – Махмуд Кашкари 1072-1077 жж. жазган энциклопедиялык эмгек. Мында түрк элдеринин тилдериндеги 7500д«й сез камтыяып, арабчага которулган, ЗООгө жакын макал-лакап, 100 чамалуу ыр, этнографиялык ж. б. маалыматтар берипген. Бизгө анын 1266-ж. Абу Бекр ас Сави ад-Думашкы кечүргөн нускасы гана жөткен. Көчурмө нуска Стамбул шаарындагы улуттук китепканада сактапууда. Аны мугалим Рифат Билге 19151917-жж. Стамбулда үч томдук кылып жарыяпаган. Түркчв, өзбекче, англисче, уйгурча котормолору, немецче сездүгу басмадан жарык көрдү. Кыргыз тилинде айрым үэүндүлөрү жарыяланган.
Ата Журтунда ич ара саясий күрөш курчуган кырдаалда Махмуд Кашгари жер кезип илимпоздук кылган. Ал мындай деп жазат:
«Мен өзүм алардын (түркгөрдүн авт.) тили өткүр чеченинен, айтаары ачык жетигинен, көөдөнү кең тетигинен, эң ак сөөк тектүүсүнөн, найэасы таамай эптүүсүнөн болуум менен бирге, түрк, түркмөн-огуэ, чигил, йагма, хыргыздардын талааларын жана калааларын изиддедим, алардын тилдерин жана накыл сөздөрүн зээнге туттум. Акыры алардын ар бир уруусунун тилин өтө кылдат жат кылдым, (жыйнагымдын) тартибин татынакай өтө сымбат кат кылдым».
Чыгышында Саян-Алтай жана Гань-чжоу, батышында Итил өреөнүнөн бери жашаган ар кыл түрк калктарынын айрым бир өкүлдөрү Карахандар бийлеген аймакка ТенирТоонун чордонуна өтө жакын конуш таап келген Махмуд аларды өэү аралап изилдеп, алар тууралуу маанилүү маалыматтарды топтогон.
Махмуд Кашгаринин эмгеги боюнча кыргыздардын Чыгыш Тенир-Тоону байыркы замандарда мекендегенин жана орто кылымдардын эрте мезгилинде алардыя айрым топторунун Чыгыш Түркстан аймагында жашагандыгын билебиз.
Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз топтору карахандар доорунда эле ислам динине өткөндүгүн, кыргыз тили нукура түрк тили катары сыпатталгаидыгы жөнүндөгү маанилүү маалыматтар да «Диванда» баяндалат. Махмуд «Кыркыз турктөрдүн бир уруусу» деп жазган. Мында ал «кыргыз» этнонимин кыркыз түрүндө берип, орхон-енисейлик жазуу маданиятынын эстеликтеринин салтыя уланткан. «Диванда» кыргыздар бардыгы болуп беш жолу эскертилген. Бул эмгек карахандар доорунда Теңир-Тоодо жашаган кыргыздардын топторун изилдөөдө маанилүү булактардын катарына кирет.
Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор