АДАМ УКУГУНУН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ 1948-ж. 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (ООН) Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Расасы, жынысы, тили, динине карабай адам укуктарын, эркиндигин урматтоо, сыйлоо керек деп чечмеленет. Декларацияда инсандын элементардык укуктарынын ичинен эң оболу ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестигине укуктуу (3-статья), эч ким кулчулукта же эрксиз абалда болбоого (4-статья), бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого (5-статья), зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого (9-статья) тийиш. Инсандын элементардык укугуна, ошондой эле адамдын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна, турак жайына, кат жазышуунун жашырындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар-намысы менен беделин коргоого (12-статья) укуктуу. Декларацияда адамдын саясий, граждандык укуктары,
эркиндиги жөнүндө да айтылган. Алар: ой-пикирдин эркиндиги, динге ишенүү-ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркиндиги жана аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө укуктуулук (18–20-статьялар); ар бир адамдын жалпыга тең, жашыруун добуш менен шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга укуктуулугу (21-статья); бир жактан экинчи жакка көчүп барууга жана жашоо үчүн өзүнө тургун жер тандоого укуктуулугу (13-статья); баш калкалоого укуктуулук (14-статья); граждандуулукка укуктуулук (15-статья); мүлк күтүүгө укуктуулук (17-статья). Анда экономикалык, социалдык жана маданий жактан укукту ишке ашыруу үчүн инсандын эркин өнүгүшүн, беделин коргоо зарыл (22-статья) деп көрсөтүлгөн. Буга төмөнкүлөр кирет: эмгекке укуктуулук, тең эмгекке тең акы төлөө, профсоюздарды түзүүгө укуктуулук (23-статья), дем алууга укуктуулук (24-статья) социалдык камсыздоого, эне менен баланы бөтөнчө коргоого укуктуулук (25-статья), билим алууга жана маданий турмушка
катышууга укуктуулук (26–27-статьялар). Декларацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын бардыгынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. Бардык адамдар мыйзам алдында тең жана мыйзамдын коргоосунан эч кандай айырмасыз тең пайдаланууга укуктуу (7-статья). Мындан тышкары ага граждандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык Пакт
(1966-ж. кабыл алынган) кирет. Адам укугу жөнүндө Эл аралык Биллден тышкары БУУ тарабынан бир катар башка документтер да кабыл алынган (Баланын укугу Декларациясы (1959-ж.) ж. б.). Адам укугу концепциясынын өнү-гүшү улантылууда.