БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ООН) – эл аралык уюм, башкы максаты – эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо жана коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. БУУнун уставынын алгачкы долбоору 1944-ж. август–октябрь айларында Думбартон-Окс (АКШ) конференциясында иштелип чыккан. БУУнун Уставы күчүнө кирген 24-октябрь (1945-ж.) жыл сайын белгиленет. БУУнун Уставы кириш бөлүмдөн жана II статьядан турат, анда БУУнун Эл аралык сотунун Статусу да көрсөтүлгөн.