ГЕНДЕР – ар башка жыныстагы адамдардын калыптанган, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму.
ГЕНДЕРДИК МАМИЛЕЛЕР – карым –катнаш процессинде же биргелешкен иш-аракеттин ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашырууда түзүлүүчү ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы жүрүм-турумдун жана мамилелердин мүнөзү.
ГЕНДЕРДИК САЯСАТ – ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерде теңчиликти орнотууга багытталган мамлекеттик, коомдук иш.
ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК – ар башка жыныстагы адамдардын коомдогу бирдей социалдык абалы. Г. Т-ти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери болуп төмөнкүлөр саналат: 1. гендердик тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, жакшыртуу жана өр-күндөтүү; 2. Г. Т-ке жетишүүгө багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 3. коомду Г. Т-ти бузууга багытталган маалыматтан, үгүт жана насыяттан коргоо; 4. Г. Т-тин маданиятына тарбиялоо жана аны пропагандалоо; 5. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле КР гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.
ГЕНДЕРДИК ТЕҢ УКУКТУУЛУК – ар башка жыныстагы адамдардын мыйзам алдындагы, жумшартылуучу жагдайлардан башка укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин теңдиги.