ГРАЖДАНДЫК УКУК ЖАНА ЭРКИНДИК

Добавил | 05.03.2020

ГРАЖДАНДЫК УКУК ЖАНА ЭРКИНДИК – коомдун саясий, социалдык, маданий турмушуна катышууга  граждандардын конституциялык негиздеги статусу, дайыма БУУнун көзөмөлүндө турат. 1948-ж. 10-декабрда БУУнун  Генералдык Ассамблеясы «Адам укугунун жалпы декларациясын» кабыл алган. Бул укуктарга: инсанга кол тийгизбөө,  жеке, үй-бүлөлүк турмушуна кийлигишпөө ж. б. баштап, коомдук турмушка таасир көрсөтүү ж. б. кирет. 1976-ж. 3-  январында БУУда «Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө пакт» кабыл алган. Бул декларацияда адам, анын  абийири, «коомдук, мамлекеттик эң жогорку баалуулук» деп белгиленет. Кыргыз Республикасынын Конституциясында  Г. у. ж. э. белгиленген. Анын 26- статьясында «Үй-бүлө – коомдун эң алгачкы очогу; балага кам көрүү, аны тарбиялоо  ата-эненин милдети жана граждандык парзы. Эмгекке жарамдуу жашы жетилген балдары ата-энелерине камкордук  көрүүгө милдеттүү», 32-статьясында: «Ар бир гражданин мамлекеттик окуу жайлардан акысыз билим алууга укуктуу,  негизги билим – милдеттүү жана акысыз» – деп көрсөтүлөт.