ЖУСУП БАЛАСАГУНИ, Йусуф Хасс Хажиб (Хасс – а) бир, б) атактуу, даңктуу; Хажиб – даанышман, ойчул), (болжол менен 1015/1018 – 1070-ж. кийин) – түркий элдердин акыны, ойчул жана мамлекеттик ишмер. Чүй боорундагы Баласагуни шаарында туулган. 1068–1070-ж. Баласагуни шаарында «Кутадгу билиг» («Кут билим» же «Куттуу бийлик») поэмасын жазган, Кашкардагы Чыгыш Караханийлер каганы Сулайман Арслан Кара Хакандын уулу Тавгач Буура Кара хакан Абу Али Хасанга (1056-1103-ж. бийлеген) тартуу кылган. Бул эмгек түркий тилде жазылган көөнүргүс философиялык-дидактикалык дастан.
Бийликтин адилетүүлүгүнүн символу катары Күнчыктыны (Күн тууду) эсептейт.
Айтолду – бийлик ээсинин жардамчысы, увазири.
Акдилмиш – акыл ой ээси.
Өткүрмүш – колунда барга каниет кылуунун ээси.
Биз Ж. Б-нин дастанындагы саясатка түздөн-түз тиешеси бар ой-жүгүртүүлөргө гана бир аз токтолдук:
Эгер сен эл башкарган улук болсоң.
Көңүл, сөздө эң сылык тутканың оң.
Сак болгунуң, жаңылба туура жолдон,
Кут табасың терс жолго баспай койсоң!
Көңүл бур акылмандын айтканына,
Кеңешин туура тутуп, ишиңди ула.
Кирешеге жараша чыгаша кыл,
Чыгашаңды эсептеп, так кылып тур.
Алыш-бериш ишиңде так болгунуң,
Так болсоң дайым таза басар жолуң.
А кокус кыйындык иш түшсө башка,
Жүгүңдү өзүң көтөр, бирөөгө артпа.
Мындайда жакын дос да жардам бербейт,
А жатың, шылдың кылып күлүп сүйлөйт.
Сенден дос, тууган дагы четтеп калат,
Жүрөгүң кайгы-муңдан алат жарат.
Пайда күтпө, байлыкты көздөбөгүн,
Өкүнүчтө өмүрдү өткөрөсүң.
Билим, илими бар акылманды,
Жоомарт болуп сый тартып кадырлачы.
Жаман зулум, көөдөндү көтөрбөгүн,
Жол бербегин чоң кырсык табат элиң.
Мактаанчакка башкадай олжо бербе,
Андайлардан азап-шор келет элге.
Өзүңө, элиңе да камкор болуп,
Бирөөдөн жардам күтпө, аның кордук.
Талап кылба өзүңө элден байлык,
Адат кылып кетесиң өзүң айнып.
Акыреттүү адамды баалай билгин,
Ар дайым иш тапшырып кармай жүргөн.
Билип ал, алдыңда үч парзың бар,
Кармоо болбойт күч менен, аткарып кал.
Биринчиден – эң таза болсун көмөш,
Казганда тазалыктан болот бул иш.
Экинчиси – заң бергин элге адилет,
Бири-бирин эл тебелеп.
Үчүнчүсү – жолдорду коопсуз кыл,
Каракчы, талоончууну тек тыйып тур.
Бийлик берген өзүңдө үч укук бар,
Не сурарды элиңден түшүнүп ал.
Элиңдин бир милдети – жарлыгыңды,
Ыйык тутуп, ар бирин так аткаруу.
Экинчиси – так төлөө казына акы,
Учурдан өткөзбөй турса жакшы.
Үчүнчүсү жек көрүп душманыңды.
Жакшылап урмат кылуу досторуңду.
Эгер сен өз милдетиң так аткарсаң.
Анда болот элиңден талап кылсаң…
Ж. Б-дун «Кут алчу билим» кыргыз тилинде Т. Козубековдун котормосу менен 1993-ж. жарыкка чыккан. Анын кириш сөзүн академик, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков жазган. Куттуу билимди кыргыз тилине биринчи которгондордун жана пропагандалагандардын катарында проф. Артыкбаев Качкынбай турат.