XIV к. орто чегинде Орто Азиянын чыгышында жаны мамлекет Моголстан, т. а. «моголдор өлкөсү» (түрк элдери моголдор деп монголдорду аташкан) түзүлгөн. Моголдордун эн ири уруулары түркчө да, монголчо да аталыштарын алып жүрүшкөн. Алардын ичинен дуглаттар, каңгылар, аргынуттар, баариндер, барластар, жаяа башкалар өзгөчөлөнүшкөн. Алардын баары тең эчак але түрк тилинде сүйлөшүп, түрк салттарын кабыл алышкая жана өз мекени деп Монголияны эмес, Теңир-Тоону эсентешкен. Алар ислам динин кабыл алышкан. Бул уруулардын көбү кийинчерээк «моңолдор» ж. б. аталыштар менен кыргыз элинин курамына кирген.
Моголстан мамлекети чыгыштагы Бар-Көлдөн баштап батыштагы Сыр-Дарыяга чейинки аймакты ээлеген. Анын түндүк чек арасы Балхаш көлү, түштүктө Чыгыш Түркстан болгон. Мамлекеттин чыгыш чет-жакаларында кыргыздар жашаган.
Моголстан мамлекетинин саясий турмушунда башкы ролду дуглат уруусунун ири феодалдары ойношкон. Алар Чыгыш Түркстанды, Фергананын бир бөлүгүн, Алайды, Ысык-Көлгө чейин бүткүл Борбордук Теңир-Тоону камтыган кеңири аймакты ээлешкен. Уруунун эң күчтүү феодалы Пуладчы болгон. Борбору Ак-Суу шаарына жайгашкан.
Талас, Чүй өрөөндөрү, Ысык-Көл жана алардан түндүктөгү Балкашка чейинки аймак, чыгышта — Иртышка чейин эмир Пуладчьгаын кичүү бир тууганы Камар ад-Динге караган.
Пуладчы Чынгыз хандын тукумунан болбогондуктан хандын тактысына олтура алган эмес. Ошону үчүн жашы толо элек чыңгызид Тоглук-Темирди таап алып, аны 1348-ж. хандыкка көтөрүп, анын аты менен башкарууну чечкен. Өзү хандын алдындагы жогорку бийлик болгон Улусбек деген кызматты ээлеп, аны мурастаган. Моголстандын биринчи ханы Тоглук-Темир мамлекеттик ишке шыктуу чыкты. Ал көчмөн элдер менен тил табыша алган. 1354-ж. өзү ислам динин кабыл алып, аны мамлекеттик динге айланткан. Мусулман болуу менен Тоглук-Темир бүткүл Орто Азиядагы бийликке атаандашууга укук алган.
1360-1361-жж. Тоглук-Темир Мавераннахрга жортуул жасайт. (Мавераннахр — арабча «дарыянын өйүзүндөгү жер», Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын ортосунда жайгашкан жер). Акыркы жортуулда моголдордун аскер күчү Сыр-Дарыяны кечип өтүп Кундузга чейин жетишип, олуттуу каршылыкты жолуктурушкан эмес. Тоглук-Темир Самаркандга өзүнүн уулу Илияс-Кожону наместник кылып калтырып, өзү чон олжо менен Моголстанга кайткан.
Моголдор Мавераннахрда талоончулук, каракчылык иштерин жасашкан. Аларга каршы элдик көтөрүлүштөр башталып, ага кээ бир жергиликтүү феодалдар да кошулушкан. Илияс-Кожонун абалы өтө оор болгон. 1364-ж. Тоглук-Темир ооруп өлөт. Мавераннахрдын аскерлеринин башында Хусейин жана Темир деген эмирлер турган. Темир учурунда Тоглук-Темирден көп жакшылык көргөн, ошону үчүн көтөрүлүпгчүлөр тарабынан туткунга түшкөн Илияс-Кожону бошотуп, Моголстанга жөнөтүп жиберген.
Илияс-Кожо Моголстандын ханы болгондон кийин атасынын тышкы саясатын улантып, Мавераннахрды басып алууну чечет. 1365-ж. моголдор Мавераннахрдын Эмир Темир башында турган аскери менен Ташкенттин жанында беттешет, Салгылашуу учурунда катуу бороон, нөшөрлөнгөн жаан башталат. Жоокерлер улуган бороондон буйрукту укпай, көз ачырбаган жаандан улам бирин-бири ажырата албай ылайда кармашты. Акыры Эмир Темирдин аскерлери качып жөнөйт. Баш аламан качып баратканда көпчүлүк кишилер ылайда тепселнп өлөт. ♦Баткак салгылашуусу» деп аталган бул салгылашууда он миңге жакын адам өлгөн. Жеңишке ээ болгон моголдор Самаркандга жакын келишип, аны курчоого алышкан. Эмирлер
Темир жана Хусейин шаарды таштап качып кетишкен. Коргоосуз калган Самарканддын калкы шаарды коргоону өз колуна алышат. Аны баскынчыларга багынууну каалабаган карапайым адамдар жетектеген. Коргоочулар шаарга кирүүчү негизги жолдон башкаларынын баарын казышьш, айланта тосмолошкон. Моголдордун атчандары тар көчө менен жыльш киргенде аларга жебелер, таштар, таяктар мөндүрдөй жааган. Моголдор шаарды алалбай көпчүлүк кишисинен ажыраган. Ошондон улам Илияс-Кожо аскерин Моголстанга алып кетүүгө мажбур болгон. Алар кеткенден кийин эмирлер Темир менен Хусейин Самаркандга келишип, өздөрүнүн бийликтерин чыңдаш үчүн шаарды коргоочулардын жетекчилерин өлтүрүшкөн. Ошентип, жоону карапайым элдер жецгени менен анын жемиштерин феодалдар пайдаланышкан.
Илияс-Кожонун жеңилип келиши Моголстандын ирн феодалдарын нааразы кылган. Дуглат уруусунун эмири Камар ад-Дин Илияс-Кожону үй-бүлөсү менен өлтүрүп салат. Ошондон кийин Моголстанда узакка созулган ич ара согуш башталып, мамлекет начарлаган.
Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор