1760-ж. башында Орто жүз казактарынын султандары кыргыздарга жортуул уюштуруп, көп олжолуу болушкан. Буга жооп кылып 1764-ж. кыргыз феодалдары Улуу жана Кичи жүз казактарынын Иле өрөөнүндөгү урууларына үч жолу бүлгүн салган. Ошол эле жылы Орто жүздүк султандар Чүй этегиндеги жана Талас тараптагы кыргыздарга жортуул уюштурган.
XVIII к. 70-жж. казак, кыргыз кагылыштары өтө күчөп кетет. Ошол кезде Аблай хан Орто жүэдө өз бийлигин орнотуп, Улуу жүздүн казактарын да баш ийдирүүгө умтулуп турган. Анын кыргыздарга каршы уюштурган алгачкы жортуулун кыргыздын кытай уруусунан чыккан касиеттүү баатыр Каработо (Капар) бий баштаган Таластыктар токтоткон.
1770-ж. Аблай көп аскер топтоп (болжолу 30 мин), таластык жана чүйлүк кыргыздарга кол салат. Ошондо солто, сарыбагыш, саяк, саруу, кушчу, кытай жана башка уруулардан кыргыз колу топтолгон. Бул колго Садыр хан (саяк) жана ошол кезде солто элин бийлеген Кебек бий жетекчилик кылган. Чабышууда Жайыл баатыр (1705—1770-жж.) башчылык кылган кол жан аябай салгылашкан. Бул кармаш жөнүндө эл арасында «Жайыл кыргыны» деген аныз кеп айтылып калган. Аблай адегенде Таластын башы аркылуу кыргыздарга кол салып, Кара-Балта, Сокулуктагы солто менен саяктардан айылдарын талап тонойт. Чечүүчү салгылашуу Ак-Суу жана Кыз тууган өзөндөрү Чүй суусуна куйган түзөндө өткөн. Кан суудай аккан бул салгылашта солто уруусунун колбашчысы Жайыл баатыр жана анын уулдары Үсөн менен Теке баатырларча курман болушкан. Бул жортуулда Аблайдын колу Чүйдү, Кеминди, Ысык-Көлдүн этегин, Кочкорду чаап, Сон-Көлгө чейин жеткен.
Аблайдын аскерлери менен болгон салгылашууда сарыбагыш уруусунун колбашчысы Абайылда баатыр, Жайыл баатырдын күйөө баласы Атаке баатыр да активдүү катышкан. Кармаш казактардын жеңиши менен аякташына карабастан, алар кыргыздарды биротоло басып ала алышпады. Аблайдын аскерлери менен болгон салгылашууларда солто уруусунун ичиндеги бөлөкбай, талкан уруктарынын түпкү атасы Чаанын урпагы Бишкек баатыр эрдик менен кармашкан.
Аблай хан өлгөндөн кийин анын колбашчыларынын бири Бердикожо жетекчилик кылган кол, таластык кыргыз айылдарын кыйратып, миндеген малды, дүнүйө-мүлктү олжо кылат. Бирок кыргыздарга каршы бир жортуулда Бердикожо жеңилип, туткунга түшүп өлтүрүлгөн.
XVIII к. аягынан XIX к. ортосуна чейин кыргыз-казактын ортосунда салыштырмалуу тынчтык орногон. 1841-ж. кузүндө казактын бирдиктүү мамлекетин түзүү ниетинде Кичүү жана Орто жүздүн таасирдүү адамдары Кененсарыны хан көтөрөт. 1846-ж. Кененсары хан улам жакындап басып келе жаткан орустарга каршы биргелешип согушалы деген сунуш менен Ормон ханга элчи жиберет. Ормон бнйлеген түндүк уруулары кенешип, Кененсарынын орустарга каршы чакырыгына макул болууга мүмкүн эместнгин чечишет. Муну уккан Кененсары 1846-ж. жазында Норузбай, Эржан, Агыбай өңдүү баатырлары менен кыргыздарга жортуул баштап, солто, сарыбагыш урууларын канга бөлөйт. Жаманкара баатырлын туткундап, кыйнал өлтүрөт. Боюнда бар аялдардын ичин жарып, кемпир-чалдарды, жаш балдарды өлтүрөт.
1847-ж. жазында Кененсары 20 мнндей колу менен Чүй өрөөнүнүн этегин түрө чаап баштайт. Баскынчыларды сарбагыш уруусунан биринчи болуп Калпак баатыр Бишкектин чыгыш жагынан тосуп, кармашып атып курман болот. Кененсары азыркы Токмок шаарынын түндүк жагындагы Текеликтин сеңирине жакын, азыркы Шор-Дөбө, Май-Дөбө деген кыштактар турган жерде жайланышып, жаңы чабуулга даярдана баштайт.
Кененсары чабуулун жүргүзүп атканда Бишкек, Токмок чектериндеги Кокон хандыгынын аскерлери өздөрүнүн букаралары болгон кыргыз элин баскынчылардан коргоо, чабышты токтотуу үчүн эч кандай аракет кылбай, чептерине бекинип жатып алган.
Кыргыз билермандары кол курап Кененсарынын чабуулун тосот. Бул согушта кыргыз колун Ормон хан, Жантай, Жаңгарач жетектейт. Бул согушта Ормон хан колбашчы катары айлакердигин көрсөтөт, Жоонун үшүн алыш үчүн ал жигиттерди он-он бештен топ-топко бөлүп, Шамшы, ОнбирЖылга тоолоруна жиберип, күндүзү чычырканак, карагайтал сүйрөтүп, чанды асманга буратат. Түн кире ар бир жоокерге өз-өзүнчө алоолонтуп от жактырат. Мунусу түмөндөгөн аскер тоо атаып келип, өргүп жаткандай таасир калтырат.
Ормондун бул айласы казак колун катуу сестентет. Казак колу түн жамынып четинен кача баштайт. Ушундан кийин кыргыздар чабуулга өтөт. Кан суудай аккан бул кармашта кыргыздар жоону сүрүп отуруп Мыкандын Кара-Суусундагы сазга (азыркы Кең-Булун кыштагынын түндүк жагы) маташат. Душмандын көбү сазга тыгылып өлөт. Аман калгандары колго түшүп беришет. Кененсары менен Норузбайды сарыбагыштын чечей уругунан Дайырбек, жарбан уругунан Калча, Ак сакал деген жигиттер колго түшүрүшөт. Ошентип, өзү келип катылып, тынч жаткан элди ырайымсыздык менен кырган Кененсары жакын адамдары менен кошо өлтүрүлөт.
Кененсарынын колун талкалагандыгы үчүн орус өкмөтү Ормон хан менен Жантайды алтын медаль, алтын жип менен саймаланган чепкен менен сыйлаган. Бул согушта көрсөткөн эрдиги жана Кененсарыны туткундагандыгы үчүн Дайырбек баатыр, Калча баатыр, Ак сакал баатыр баштаган он үч жигит алтын медаль менен сыйланышкан. Согуш бүткөндөн алты ай өткөндөн кийин 1847-ж. 22-августта казактардын Копал чебинде (азыркы Талды-Коргон шаары) орус өкмөтүнүн ортомчулугу менен кыргыз-казак калкынын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Кыргыз-казак чабыштары боордош эки элдин башына каран түн түшүргөн кайгылуу окуя катары тарыхта калды.
Бул чабышта сабак алган эки элдин мыктылары кыргызказак мамилелерин бекемдөө үчүн көп аракеттерди жасашкан. Натыйжада, XIX к. ортосунан Совет бийлиги орногонго чейин кыргыздар менен казактардын ортосунда боордоштук мамиле, ынтымак арткан. Бул иште кыргыздын казак элине канаатташ жашаган сарыбагыш уруусунан Шабдан баатыр, Сооронбай уулу Дүр, Солто элинен Байтик баатыр, Бошкой уулу Өзүбек, Таластагы кушчу уруусунун билерманы Бөлөкбай бий ж. б. көп эмгек сиңиришкен.
Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор