АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ

Добавил | 27.07.2017

Бул көтөрүлүш XIX к. аягындагы Орто Азиядагы эн ири көтөрүлүш катары тарыхка кирген. Көтөрүлүштүн негизги себеби падышачылыктын колониялык саясаты, орус администрациясынын эзүүсүнүн, улуттук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү болгон.

Көтөрүлүшкө кыргыз, өзбек, тажик улутунун өкүлдөрү, калктын ар түрдүү социалдык катмарлары катышышкан. Кыймылга дин кызматкеринин жетекчилик кылышы, диний ураан, чакырыктарынын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Анткени бул чөлкөмдүн негизги калкы көп кылымдардан бери эле ислам динин тутуп, бул дин калктын калың катмарынын аң-сезимине терёң сингеи. Көтөрүлүшкө катышкандардын бардыгы өздөрүн мусулманмын деп эсептешкен. Бул үчүн көтөрүлүштү реакциячыл кыймыл катары кароого эч негиз жок. Көтөрүлүш көпчүлүк элдин мүдөөсүн, кызыкчылыктарын коргогон. Улуттук эзүүгө, тенсиздикке каршы багытталып, элдик, улуттук-боштондук мүнөздө болгон.

Анжиян көтөрүлүшү 1898-ж. май айында башталган. 17май күнү кечке маал Тажик (Мин-Дөбө) кыштагына 200дөй өзбектер, кыргыздар чогулган. Бул көтөрүлүшчүлөргө ушул кыштактын эшени Мадали Дүкчи (ийикчи) эшен жана Кыргыздын Дөөлөс уруусунан чыккан Зиядин Максым уулу жолбашчылык кылышкан.

Көтөрүлүшчүлөр эки топко бөлүнүп, Анжиянга бет алышып, калааны бөлөк аймактар менен байланыштырган телеграф зымдарын кыркып салышкан. Жолдон аларга Кутчу, Кара-Коргон кыштактарынын калкы да кошулат. Аз убакыттын ичинде көтөрүлүшкө чыккандардын саны 2000ге жеткен. Көтөрүлүшчүлөрдүн биринчи тобуна Мадали эшен, экинчнсине 80 жаштагы молдо Зиядин жетекчилик кылышкан. Түнкү саат үчкө жакын көтөрүлүшчүлөр Анжиянга келищип, 20-Түркстан линиялык батальонунун эки ротасы турган лагерге кол салышкан. Бирок күчтөр тең эмес эле. Курал жарагы начар көтөрүлүшчүлөр мыкты даярдыгы бар, жакшы куралданган орус аскерлеринен жеңилип, чегинүүгө мажбур болушкан. Айыгышкан кармашта 20дан ашуун падыша солдаттары жана офицерлери өлтүрүлгөн. Көтөрүлүшчүлөр да көп жоготууларга учурап, Кара-Дарыядан өтүп, Хаким-Абадга чегинншкен. 20-майда Анжияндан 90 чакырым алыстыктагы Чарбак кыштагында көтөрүлүштүн жолбашчысы Мадали колго түшүрүлүп, 12-июнда даргага асылган.

Көтөрүлүш токтобостон Фергана өрөөнүнө жайылган. Ага Анжиян, Маргалаң, Ош жана Наманган уезддеринин калкы активдүү катышкан. Миң-Дөбөлүктөр толкундай баштаган күнү Ноокат аймагындагы Ак-Терек деген жерге Ош уездине караштуу Каракол-Сай, Тамчы-Булак, Жапалак айылдарынан ЗООдөй кишн жыйналган. Бир дагы мылтыгы жок, жалаң союл, таяк, бычак менен куралданган алар Оштогу аскер гарнизонуна кол салмак болушкан. Буларга Оморбек Алым уулу жетекчилик кылган. Көтөрүлүштүн башында мурдагы болуш Карабек Ош уездинин начальнигине бул жөнүндө кабарлап койгон. Көп убакыт өтпөй Оморбек Алимов жана анын жардамчысы Сатыбай Ракымбаев кармалган. Бардыгы болуп 53 адам камакка алынган.

Суусамыр болушундагы Кетмен-Төбөдө да падышачылык бийликке каршы күрөштү баштоо үчүн эл чогула баштаган.

Алардын башында Шадыбек Шергазы уулу турган. Алар Анжиян тарапта башталган көтөрүлүшкө кошулууга камынышкан. Буларга каршы жүздөн ашуун куралдуу отряд жиберилип, алар Шадыбек баштаган 50 ашык адамды кармал Наманганга айдап келишкен. Шадыбек Шергазы уулу адегенде өлүм жазасына тартылмай болуп, кийин өмүр бою сүргүнгө айдалган. Анын жардамчылары Үмөталы Багышбек уулу жана Төлөбай Бешкемпир уулу жыйырма жылдык мөөнөткө сүргүнгө кесилет. Булардан тышкары дагы 54 адам жети жылга Сибирге айдалган. Алардын ичинде касташкан душмандарынын жалаасы менен кармалган атактуу акын Токтогул Сатылганов да болгон.

Ошентип, көрүнүктүү жетекчиси жана биримдиги жок көтөрүлүш майда топторго бөлүнүп, кеңири кулач жая албай, тез эле басылып калган.

Көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстандын аскер күчтөрүнүн атайын отряддары арбын жөнөтүлгөн. Бардыгы болуп 777 киши камалып, 415и сот жообуна тартылган. 18 киши дарга асылып, 362 адам өлүм жазасынын ордуна узак убакытка сүргүнгө айдалган. Сүргүнгө айдалгандардын Юбсы кыргыздар болгон.

Жеңилип калганына карабастан бул көтөрүлүш падышачылыктын Түркстандагы колониялык, улутчул саясатына каршы багытталган алгачкы күрөш болгон. Көтөрүлгөн эл көз карандысыздык үчүн күрөшкөн. Жеңилгенине карабастан элдин эркиндикке болгон умтулуусу күчөгөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор