Кыргызстандагы 60-жж. экинчи, 80-жж. биринчи жарымындагы айыл чарбасы жөнүндөгү сөздү КПСС БКнын март (1965-ж.) Пленумунан баштаганыбыз туура. Анткени бул пленумда «СССРдин. айыл чарбасын андан ары өнүктурүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө» токтом кабыл алынган.
Айыл чарбасын көтөрүүнүн комплекстүү программасын турмушка ашыруу үчүн бул жылдары айыл чарба өндүрүшүнө улуттук кирешеден акча каражаттар көбүрөөк бөлүнгөн. Бүтүндөй өлкө сыяктуу эле, Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүн каржылоого да көп көңүл бурулган. Алсак, 1966-1975-жж. республиканын айыл чарбасы үчүн мамлекеттик жана колхоздук каражаттардан 2 млрд 586 млн сом, ал эми, кийинки он жылда (1976-1985-жж.) 4 млрд 33 млн сом суммасындагы капиталдык салым жумшалган.
1985-ж. Кыргызстанда бир чарбага орто эсеп менен 72 трактор, 36 жүк ташуучу автомобиль, 20 комбайн туура келип, айыл чарбасынын энергия кубаттуулугу 1965-ж. салыштырганда 5 эсеге өскөн. Айыл чарбасы өзгөчө техника менен мурдагы мезгилде мынчалык денгээлде жабдылган эмес эле.
Өндүрүштү механизациялаштыруу менен катар, айыл чарбасында электр кубатын көбүрөөк пайдаланууга мүмкүнчүлүк болгон. Анткени ушул жылдары кубаттуу ГЭСтердин курулуп, ишке киргизилишинин натыйжасында Кыргызстанда электр кубатын иштеп чыгуу бир кыйла көбөйгөн. 1965— 1985-жж. республикада ГЭСтердин кубаттуулугу 249,3 миң кВт сааттан, 2416 миң кВт саатка, т. а. 9 эсеге жакын, ал эми электр кубатын өндүрүү 999,3 млн кВт сааттан 6063,5 млн кВт саатка же 6 эседен көбүрөөк өскөн. Мунун натыйжасында бардык райондор, колхоздор менен совхоздор, айыл-кыштактар борбордоштурулган мамлекеттик энергия системасына туташтырылган.
Кыргызстандын шартында жерди мелиорациялоо маанилүү экендиги эске алынып, 20 жылда республикада жерди мелиорациялоо ишине 1,3 млрд сом мамлекеттин, 130 млн сом колхоздордун эсебинен бөлүнгөн. Бул каражат ушул максатка буга чейинки кырк жылда бөлүнгөн каражаттан 5 эсеге көп эле. Натыйжада жаңы сугат системалары, сууну сактоого, үнөмдүү пайдаланууга ылайыкташтырылган ири курулуштар ишке киргизилген. 224 миң га айдоо жерге, 1789 миң га жайыттарга суу чыгарылган. Сугат жерлеринин аянты 1 млн гектардан ашкан. Өлкөдө биринчи болуп Кыргызстанда сугат ишинде сууну бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган система иштей баштаган.
60-жж. ортосунда өлкөдө калыптанган субъективдүү, баш аламан, зордук менен башкаруудан баш тартууга, өндүрүштүк мамилелерди өркүндөтүүгө бир катар аракеттер болгон. Бул үчүн айыл чарбасына акчалай каржылоо, өндүрүштүк пландоо, баа саясатын жакшыртуу багытында көп аракеттер жасалган. Колхоздор менен совхоздор, чарба аралык ишканалар менен мекемелер, атайын аныкталган пландар боюнча мамлекетке продуктуларды сатууга милдеттендирилген. Дыйканчылык жана мал чарба продуктуларынын баалары бир нече жолу жогорулатылган.
Айыл чарбасында өндүрүштүк мамилелерди өркүндөтүүдө сегизинчи беш жылдыкта колхозчуларга гарантияланган эмгек акы төлөө тартиби, тогузунчу беш жылдыкта республиканын айыл чарбасында чарба жүргүзүүнүн жаңы формасы катарында чарбалык эсептин киргизилиши да маанилүү роль ойногон.
Айыл чарба өндүрүшүнө жумшалган капиталдык салымдар, өндүрүш мамилелерин өркүндөтүүгө кылган аракеттердин натыйжасында республиканын айыл чарбасында продуктулардын дүң жыйымы беш жылдыктан беш жылдыкка карай өскөн. Пландуу экономиканын шартында айыл чарбасынын экстенсивдүү мүнөздө болушу, өндүрүштү уюштурууда жаңы экономикалык ыкмалардын административдик-буйрукчул бийлик тарабынан чектелиши, негизгиси материалдык өндүрүштүн өнүгүшүнө эмгекчилердинкызыгууларынын жетишсиздиги айыл чарба өндүрүшүн өзгөчө соңку он жылдыкта солгундаткан. Натыйжада айыл чарба продуктуларынын өзүнө турган наркы анынбардык негизги түрлөрү боюнча жогорулоонун гана үстүндө болгон.
1985-жж. аралыгында республиканын чарбаларында бир центнер буудайдын, пахтанын, картөшкөнүн, тамекинин өзүнө турган наркы эки эсеге, жашылча-жемиштердики болсо беш эсеге жогорулаган. Бул сыяктуу көрүнүш мал чарба продуктуларына да мүнөздүү болгон. Буйрукчул экономиканын шартында, өзгөчө он биринчи беш жылдыктын жылдарында айыл чарба өндүрүшүндөгү кризис өзгөчө тереңдеген. 1985-ж. Кыргызстандагы колхоздор менен совхоздордун 60,6 пайызы зыян тартып иштеп калган. Чарбалардын мамлекетке карызы жылдан жылга көбөйгөн.
Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор