МОГОЛСТАН

Добавил | 27.07.2017

Түрк эмирлеринин, б.а мусулман партияларынын батыштагы толук жеңиши моңгол эмирлерин мамлекеттин чыгыш бөлүгүндө өзүлөрүнүн ханын тактыга көтөрүүгө түрткөн. Бул эмирлердин ичинен эң кубаттуусу Пуладчи болуп, анын аймагы түздөн-түз түрк эмирлеринин ээлиги менен чектешкен жана азыр Манглай-Субе деген атты алган (сөзмө-сөз ‘Алдыңкы аймак’); анын курамына Чыгыш Түркстандын Кашкардан Кучага чейинки бөлүгү жана Жети- Суунун Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү бөлүгү кирген.

1348-ж. эмир Пуладчи Куллса аймагынан Музарт ашуусу аркылуу он сегиз жашар ханзаада Туклук-Тимурду Ак-Сууга алып келип, аны Туванын небереси деп жарыялаган жана баарысын аны хан деп таанууга мажбурлаган. Башта Туклук-Тимурду моңгол эмирлеринин биринин уулу деп эсептешкен; эми анын энеси Туванын уулу Эмил-кожонун аялы болгон, ханзаада өлгөндө боюнда калган жана Туклук-Тимурду экинчи күйөөсүнүн үйүндө төрөгөн деп жарыяланган. Андыктан аны акыркысынын уулу деп келишкен. Пуладчи хан тукумунун урпагын кантип таап алгандыгы тууралуу башка да уламыш айтылат.

Ошентип, моңголдор тарабынан тактыга көтөрүлгөн ханзааданын ата-теги өтө күмөндүү: ошентсе да дайындоо өтө ийгиликтүү болуп чыккан. Ал түгүл 1360-ж. Туклук-Тимур түрк эмирлерин баш ийдирген; 764/1362-63-ж. анын өлүмүнөн кийин гана анын уулу Ильяс-Кожонун аскери Мавераннахрдан сүрүлүп чыгарылган. Туклук-Тимур Алмалыкка коюлган; азыркы мезгилге чейин сакталып калган анын күмбөзү Алимтудан 8 верста жана таранчы кыштагы Хорин-Мазардан 1 верста аралыкта жайгашкан.

Пуладчи жана Туклук-Тимур негиздеген мамлекеттин курамына Чыгыш Түркстандын башынан өнүккөн жерлеринен башка, көчмөндөр жашаган кеңири өлкө кирип, түндүктөн түштүккө жана чыгыштан батышка жети же сегиз айлык жол болгон412, ал Иртыш жана Эмилден Тянь-Шанга чейин жана Баркөлдөн Фергана менен Балхашка чейин созулган; Балхаш Кукча-тенгиз деген атты алып жүргөн жана Моголстан менен Өзбекстандын, б.а. Жучу ээликтеринин чек арасы деп эсептелген. Бул өлкө этнографиялык жагынан баштагы чагатай ээликтеринин батыш бөлүгүнөн канчалык айырмаланаарын, б.а. бул жерде моңголдор түрк элементтеринин таасирине канчалык баш ийгенин айтуу кыйын, жашоо-турмушу жагынан көчмөн чыгыш менен мусулмандар отурукташкан батыштын ортосундагы айырма өтө чоң болгон жана Чагатай мамлекетинин биримдигин ал түгүл Темир да калыбына келтире алган эмес. Исламга жана мусулман маданиятына болгон жактырбоочулук башкаруучуларга караганда элде алда канча күчтүү болгон; Туклук-Тимур исламды кабыл алган жана анын ордун басуучулар мусулманча ысымдарды алып жүрүшкөн; ошону менен бирге анын букараларынын көпчүлүгү динсиз болуп кала берген, XV кылымдын экинчи жарымында гана алардын батыштагы кошуналары аларды мусулман деп таанууну туура табышкан413. Темирдин жана Темир тукумунун мамлекетинде Моголстандын жашоочуларын тилдөө сөзү менен джете414 (‘каракчылар’)415 деп аташкан; тарыхчылар «джете өлкөсү» деген терминди Моголстан маанисинде көп колдонушат.

Пуладчи Туклук-Тимурдан да эрте өлгөн; анын мураскору анын жашы жете элек уулу Худайдад болгон. Пуладчинин бир тууганы Камар ад-дин Туклук- Тимурдун ордун басуучу Ильяс-кожого каршы нааразылык билдирген; Ильяс өлтүрүлгөн; анын бийлик жүргүзүүсү ушунчалык кыска болгондуктан, моңгол уламыштарында ал түк эскерилбейт416. Камар ад-дин бийликти өз колуна алган жана Туклук-Тимурдун бардык туугандарын жок кылууга аракеттенген. Бул коогалаңдуу мезгилден пайдаланып, бул учурда Чагатайлардын батыштагы мамлекетин багындырып алган эмир Темир Моголстанга каршы бир нече жортуул уюштурган. Мусевинин сөздөрү боюнча, Темир 772/1370—71-ж. эле Кочкорго чейин жеткен. 1375-жылдын башында417 ал Сайрамдан чыгып Чарынга чейин барган. Камар ад-диндин лагери Кок-тепе тоолорунда болгон; ал барууга татаал Берке-и Гуриян418 өрөөнүнө чегинген, ал үч чоң дарыя агып өткөн үч тар капчыгайдан турган. Бирок Темир ага бул жерден да жеткен жана талкалаган, андан кийин Байтакка жөнөгөн; үч эмир анын буйругу боюнча душмандарды Иленин жээгин бойлото куугунтуктаган. Темир Байтакта 53 күн болгон; бул мезгилде анын уулу Джехангир Камар ад-динди тоолордо куутунтуктаган жана Уч-Ферман деген жерде (Чыгыш Түркстанда) моңгол отряддарын талкалаган; ал Камар ад-диндин аялы менен кызын туткундап ала алган. Байтактан Темир Кара-Касмак (Кастек) ашуусу аркылуу Ат-Башыга, андан Арпа өрөөнүнө келип, ал жерде Камар ад-диндин кызы менен өзүнүн үйлөнүү тоюн тойлогон жана Ясы (Жазы) ашуусу аркылуу Өзгөнгө кайтып келген.

Кийинки, 1376-ж.419 Темирдин Хорезмге жортуулу учурунда Камар ад-дин Ферганага кирген, бирок Темирдин жакындаганын билээри менен Ат-Башыга чегинип кеткен. Темир анын артынан жөнөгөн; Камар ад-дин жолдон ага буктурма уюштурган, бирок жеңилип калган жана Секиз-Игачтын420 алдында экинчи жолу жеңилип, жарадар болгон. Темир Ата-Кум аркылуу Сыр- Дарыянын жээгине, андан Самарканга кайтып кеткен.

1377-ж.421 Темир кайрадан Камар ад-динге каршы аскер жөнөткөн, алар ага Курату талаасында жетип, талкалашкан. Ошол эле жылы Темир башка аскери менен өзү Жети-Сууга жүрүш жасаган; алдыңкы топ Камар ад-динди Боом капчыгайында талкалаган; Темир Кочкорго чейин жеткен жана Ойнагу деген жер аркылуу Өзгөнгө кайтып кеткен.

 

Темирдин жаңы жортуулу 1383-ж. болгон422. Жети-Сууга бир нече отряд жөнөтүлгөн; качан башка отряддар Ата-Кумга келгенде, алдыңкы топ душмандарды талкалап, бул жерге кайтып келген. Бириккен отряддар Ысык- Көлдүн жанынан Көк-тепе тоолоруна өткөн, бирок Камар ад-динди таба алышкан эмес жана Самарканга кайтып кетишкен.

Бул ийгиликсиз иштердин бардыгы Камар ад-динди алсыратышы керек болчу. Анын бул мезгилде Кашкарда бийлик жүргүзгөн тууганы Худайдад, Туклук-Тимурдун уулу ханзаада Хизр-кожону Камар ад-динден сактап калган, ал атасы өлгөн жылы эмчектеги бала болгон; Камар ад-дин кубаттуу мезгилде ханзаада Кашкар менен Бадахшандын ортосундагы тоолордо жашырын тарбияланган жана андан кийин 12 жыл бою мамлекеттин эң алыскы түштүк- чыгышында, Лоб-Нор көлүнүн жанында жашаган. Бул маалыматтар чындыкка канчалык жакын экенднгин423 жана ханзааданы Худайдад анын атасы Туклук-Тимурду тапкан сыяктуу тапкан эмеспи, айтуу кыйын; ошентсе да, ал 1389-ж. хан деп таанылган.

Ошол эле 1389-ж.424 Темир Моголстанга жаңы жортуул жасаган. Ал, Ал- Кошундан Бурибаши жана Тюпелик-Карак аркылуу Орнак (же Ознак, Ортак) деген тоо өткөөлүнө жеткен; анын андан аркы жолунда Аткан425-Сури деген жер (бул жерде жай мезгили экендигине карабастан, али муз жана кар жаткан), Тогра-Отлаг, Айгыр-Ялы (Айгыр жалы’) түздүгү, Улан-Чарлыг түздүгү, Чапар-Айгыр (‘Чабуудагы айгыр’) эскерилет; бул жерде Хизр-кожонун аскер башчыларынын бири Анга-төрө жетектеген моңгол атчандары талкаланган. Анга-төрө бул мезгилде Уренг-Ярда болгон; ага каршы алдыңкы топ жиберилген. Кийинки күнү Темирдин аскерлери адашып калгандыгын байкашкан, бирок Каян (же Кыян)-Казы аркылуу жолго кайтып келишкен, кечинде Көк-Салиге, эртеси Аягузга келишкен426. Темир жолду издеп үч күн жоготкондугуна байланыштуу, душмандар анын жакындаганын билип калып, чачырап кетишти деп чечкен; андыктан өз аскерлерин эки отрядга бөлгөн. Өзү Шире, Шиберту427, Кой-Мараг, Кураган жана Буюрлагу аркылуу Кара- Гучурга (Ренаттын картасында бул аталышты Тарбагатай кырка тоолорунун батыш бөлүгү алып жүрөт) жөнөгөн; Темирдин уулу Омар-шейх башка отряд менен Кобуктун жээгинен Анга-төрөгө жеткен жана аны талкалаган; Анга- төрө Какма-бурджиге качкан; Омар-шейх Темирге кайткан жана аны менен Ахта-Диктур деген жерде кездешкен; андан кийин ал Ит-Ичмес (‘Ит ичпес’) деп да аталган Ала-көл түздүгү аркылуу өтүп, Кара-Гучурга кайтып кеткен. Темир Кара-Гучурда өзүнүн аскерлерине эс алуу берген жана бир отрядын Иртышка жөнөткөн; туткундар Самарканга жөнөтүлгөн, Темир өзү Эмил- Гучурга кеткен жана Сарай-Ордам хан ордосуна токтогон. Эмилде туруп Темир Моголстандын түштүк бөлүгүн бүлүндүрүү үчүн анын мамлекетинин ар кайсы жерлеринен аскер отряддарын жөнөтүүгө буйрук берген; бардык отряддар Юлдузда биригиши керек болгон, ал жакка Темир өзү да жөнөгөн. Анын үстүнө, Түркстанда, моңголдор менен өзбектердин чегинде турган эмирлер Ур-Дарбан, Иле дарыясы аркылуу, Сүт-Кол (Сайрам) көлүнүн жанынан жана Чичеклик (‘Гүлзар’) менен Балай-Каз аркылуу өтүүгө тийиш эле; ал жактан Юлдузга келе жаткан жолдо алар Хизр-кожонун аскерлерин кездештирген; эки күндүк чала- чарпыт салгылаштан кийин аскерлер келишимге келишип, тарап кетишкен. Темир Эмилден Улуг Кул (‘Башкы аскер’; кыязы, мында моңголдордун башкы аскер күчтөрү турган), Сычкан-Дабан (‘Чычкан дарбаза’) өткөөлү жана Кунгез дарыясы аркылуу Юлдузга келген, андан Чалыштан (Карашар) ары бир топ жерге Хизр-кожону куугунтуктаган, Омар-шейхти428 Чыгыш Түркстан аркылуу Ферганага жөнөткөн, а өзү болсо 1389-ж. 8-августта Чоң Юлдуздан кайра артка кыска жол менен тез жөнөгөн жана 30-августта эле Самарканда болгон; кербендер бул жолду эки айда өтчү.

1390-ж.429 Темир кайрадан Моголстанды талап-тоноо жана Иртышка качкан Камар ад-динди куугунтуктоо үчүн аскерлерин жиберген. Аскерлер Ташкенден Ысык-Көлгө, андан Көк-тепе тоолоруна, Арджату430 тоо өткөөлү аркылуу Алмалыкка (балким, Алматы, азыркы Верный болсо керек)431, Иле жана Каратал дарыялары аркылуу жана Ични-Бучнижана Укер-Китчи түздүктөрү аркылуу өткөн; алар Иртышка келгенде Камар ад-дин эми ал жактан түндүккө Тюлес өлкөсүнө, киштер менен арс чычкандар көп жакка качкан. Аскерлер кайра кайткан жолунда Алтун-Кюрге коктусу аркылуу Атрак-көл деген (Балхаш) чоң көлдүн жанынан өткөн.

Камар ад-дин мындан кийин, болжолу, Моголстанга кайрылган эмес; Та’рих-и Рашидиде432 айтылган моңгол уламышы боюнча, ал өмүрүнүн аягында суу шишик (водянка) менен ооруп калган жана Темирдин жортуулдарынын бири учурунда токойдо дайынсыз жоголгон. Темир батыштагы согуштар менен алектенип, Хизр-кожонун Моголстанда өз бийлигин орнотушуна жолтоо кылган эмес. Хизр-кожо 1397-ж.433 Темирге элчиликке өзүнүн улуу уулу Шами Джеханды (‘Дүйнө жарыгы’) жөнөткөн; Темир ал аркылуу анын карындашы Тевеккель-аганын колун сураган, ал Темирге жөнөтүлгөн жана хандын ак сарайында «кичүү ханыша» деген титул алган.