Согуштан кийинки мезгилде маданияттын өнүгүшүндө сталиндик административдик-буйрукчул система идеологиялык көзөмөлдөөнү күчөткөн. Ал үчүн калктын бир бөлүгүндө капиталисттик, феодалдык-уруучулук көз караш сакталган, интеллигенциянын катмарларында буржуазиялык маданиятка жүгүнүү, коммунисттик саясатты түшүнбөстүк маанай күчөп кеткен деген шылтоо ойлонулуп табылган. Партиялык жетекчи төбөлдөр өздөрүнүн бул пикирин ВКП(б) БКнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндө, «Чоңтурмуш» кино тасмасы жөнүндө» деген токтомдорунда негиздешкен. Бул токтомдор чыгармачыл интеллигенциянын кеңири чөйрөсүндө талкууланып, идеологиялык ишти күчөтүү боюнча конкреттүү чаралар көрүлө баштаган. Натыйжада интеллигенциянын айрым өкүлдөрү кайрадан куугунтуктала баштаган.
XIX к. экинчи жарымы XX к. башындагы белгилүү акын Молдо Кылычтын эмгектери «буржуазиялык улутчул» делип аныкталып, аны изилдеген Т. Саманчин, Т. Байжиев, З.Бектенов репрессияга кабылган. Окумуштуулар Ж. Шүкүров, К. Сооронбаев, X. Карасаев кызматтарынан бошотулган. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы, К. Маликовдун «Балбай» деген поэмасы катуу сынга алынып, аларды окууга тыюу салынган.
1951-ж. партия менен Совет өкмөтүнүн башкы жетекчилигинин көрсөтмөсү менен элдердин улуттук эпостору сынга алына баштаган. Кыргыз элинин руханий турмушунун туу чокусу болгон «Манас» эпосуна да «элге каршы багытталган, динчил, эзүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн, согушту жактаган» чыгарма катары тыюу салынат. Бирок Кыргыз интеллигенциясы өздөрүнүн эпосу жөнүндөгү бул чечимге макул болгон эмес. Басма сөз бетиндеги көп айларга созулган талаш-тартыштардан кийин 1952-ж. июнь айында Фрунзе шаарында «Манас» эпосунун элдүүлүгү» деген темада илимий конференция өткөрүлүп, «Манас» эпосу репрессиядан куткарылган. Эпосту коргоодо М. Ауэзов, А. Токомбаев, К. Маликов, Т. Сыдыкбеков, А. Бериштам, Б. Юнусалиев, Б. Керимжанова ж. б. чоң эмгек сиңиришкен.
Согуштан кийинки жылдарда элге билим берүү ишинде алгылыктуу бир катар иштер жасалган. 1947-ж. баштап жети жылдык билим берүү жалпыга милдеттүү болуп калган. Согуш мезгилинде чыкпай калган окуу китептери кайрадан чыга баштаган. Кыргыз тилинде окуу китептерин чыгаруу колго алынган. 1950-ж. мектеп окуучулары үчүн 89 аталыштагы окуу китеби чыгарылган. Бул мезгилде атайын орто жана жогорку билим берүү жакшырган. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайы ачылып, аны 1948-ж. 5 адис бүтүрүп чыккан. Пржевальск, Ош, Жалал-Абад эки жылдык мугалимдер институттары, индустриялык, зооветеринардык тамак-аш техникумдары, көркөм сүрөт окуу жайы, республикалык маданий-агартуу, жана музыкалык-хореографиялык окуу жайлары да алгачкы адистерин чыгара башташат.
СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалында 500 илимдин кызматкерлери, анын ичинен 13 илимдин докторлору, жана 83 илимдин кандидаттары үзүрлүү эмгектенишкен.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жана илим-изилдөө институттарында 46 профессор, илимдин докторлору, 350 доценттер, илимдин кандидаттары эмгектенген. Алардын 60 кыргыздар болгон. 1950-ж. республикада медициналык, айыл чарба, 4 педагогикалык институттары, 29 атайын орто окуу жайы иштеп, аларда 19,2 миң студент билим алган.
Совет бийлиги орногондон баштап эле өлкөдө башталгыч жана толук эмес орто билим берүү акысыз жүргүзүлгөн. 1956-ж. баштап мектептин жогорку класстарында, атайын орто билим берүү системасында жана жогорку окуу жайларында окугандыгы үчүн акы төлөө жоюлган. 1958-ж. толук эмес орто билим берүү баскычы жетинчи класстан сегизинчи класска көтөрүлгөн. Бул совет бийлигинин билим берүү тармагындагы чоң жетишкендиги катары бааланган.
Басма сөз иши жолго коюлуп, Кыргызстанда 5 республикалык, 10 областтык, 70 райондук жана шаардык газеталар 160 миң нуска менен чыгарылган. Булардан тышкары «Коммунист», «Агитатордун жана пропагандисттин блокноту» журналдары кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылган.
Кыргыз адабияты өнүгүп, Т. Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. К. Баялиновдук, К. Жантөшевдин, Т. Үмөталиевдин, А. Осмоновдун чыгармачылыктары жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Согуштан кийинки мезгилде кыргыз музыкасы, драмасы, көркөм сүрөт искусствосу да жаңы бийиктиктерге көтөрүлгөн.
50-жж. жана 60-жж. башында республиканын маданияты жаңы баскычка өскөн. Бул жылдары Кыргызстандын көркөм адабияты Ч. Айтматов, Т, Үмөталиев, У. Абдукаимов, С. Эралиев, К. Каимов, А. Токтомушев сыяктуу таланттуу акын, жазуучулардын жаңы чыгармалары менен толукталган. 1963-ж. Ч. Айтматов «Тоолор жана талаалар» аттуу повесттер жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.
Кыргызстандын көркөм өнөрүнүн ишмерлери өздөрүнүн жетишкендиктерин 1958-ж. Москва шаарында өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи он күндүгундө ийгиликтүү даңазалашкан. Республиканын алты артисти С. Кийизбаева, Б. Бейшеналиева, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, А. Мырзабаев, Д. Күйүкова СССРдин эл артисттери болушкан. Искусствонун 300 өкүлү орден, медалдар менен сыйланышкан. Алардын 9 Ленин орденин алышкан.
Ушул мезгилде билим берүү тармагында да кыйла жетишкендиктер камсыз болгон. 1953-1954-окуу жылынан баштап республиканын шаарларында милдеттүү орто билим берүү киргизиле баштаган. Бирок 1955-ж. республикада 20 миңден ашуун бала мектептеги окууга тартылбай калган. 1958-ж. баштап жети жылдык билим берүүнүн ордуна милдеттүү сегиз жылдык билим берүү киргизилген. Орто мектептерде окутуу мөөнөтү 11 жылга созулган.
1960—1961-окуу жылында республикада 1763 күндүзгү жалпы билим берүүчү мектептер иштеп, аларда 397,5 миң окуучу билим алган. Бирок, мектептерде иштеген 22 миң мугалимдин 33,1 пайызы гана жогорку билимдүү болушкан. Калган мугалимдерди атайын орто билимдүүлөр же жөн гана мектепти бүтүргөндөр түзгөн. Бул мектептерде өтүлгөн сабактардын сапатына тескери таасир тийгизген.
50-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Кесипчилик-техникалык билим берүүнүн Башкы башкармасы тарабынан активдүү иштер жүргүзүлгөн. 60-жж. баштап сегиз жылдык билимдин негизинде шаардык жана айылдык кесиптик-техникалык окуу жайлары түзүлүп, аларда 8,7 миң адис даярдала баштаган.
50-жж. чейин республика үчүн жогорку билимдүү адистер негизинен өлкөнүн борбордук шаарларынан даярдалып келген. Эми жогорку квалификациядагы адистер көп тармактар боюнча республиканын өзүндө даярдала баштайт. 1951ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин ачылышы тоолуу крайыбыздагы мааиилүү окуя болгон. 1954-ж. анын геологиялык жана техникалык факультеттеринин базасында Фрунзе политехникалык институту ачылган.
1951-ж. Ош, 1952-ж. Кыргыз кыз-келиндер институту, 1953-ж. Пржевальск педагогикалык институту ачылып республикада педагогикалык кадрларды төрт жылдык мөөнөт менен даярдоо иши жолго коюлган. 1955-ж. Кыргыз денетарбия институту ачылган. Жогорку окуу жайлары менен катар эле атайын орто окуу жайларынын тармактары кенейген. 1954-ж. Фрунзеде жеңил өнөр жай, советтик соода, 1956-ж. Нарында айыл чарба, 1957-ж. автожол техникумдары ачылган. 1960-1961-окуу жылында Кыргызстандын 8 жогорку жана 27 атайын орто окуу жайларында 22,2 миң студент окуган, алардын 10,8 миңи жогорку окуу жайларынын студенттери болгон.
1954-ж. СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы ачылган. Анын биринчи Президенти болуп Иса Ахунбаев шайланган. Академиянын биринчи курамына окумуштуулар Б. Жамгырчинов, И. Ахунбаев, И. Батманов, К. Юдахин, Б. Юнусалиев, жазуучулардан А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков ж. б. 27 адам кирген. Академияга 203 илимий кызматкер иштеген 10 илимий мекеме караган. Анда илимдин 12 докторлору жана 83 кандидаттары эмгектенишкен. Республиканын өз алдынча Илимдер академиясынын ачылышы республикада илим-изилдөө ишинин өнүгүшүн тездеткен.
Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор