ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

Добавил | 17.06.2022

ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

Тарыхый-этнографиялык өңүттөгү маселелерди чечүүдө маанилүү булак болуп саналган тарыхый фольклорду иликтеп үйрөнүү бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Фольклордун ар түрдүү жанрларындагы историзм бир кылка эмес. Кеңири мааниде алганда, бул тарыхый башатты ар түркүн жанрлардан издөөгө болот. Буга дүйнөлүк фольклор изилдөө илиминин корифейлери В. М. Жирмунскийдин, Е. М. Мелетинскийдин, В. Я. Пропптун жана башкалардын фундаменталдуу эмгектери ачык мисал боло алат. Эгерде баяндалып жаткан окуялардын чындык даражасы анын жанрына байланыштуу болсо, анда, адистердин пикири боюнча андагы «историзмдин» көбүрөөк бөлүгүн элдин тарыхый илим-билимин өзүндө сактап келген эпикалык жанрлар — мифтер, жомоктор, уламыштар түзөт. XX к. баш чендеринде тарыхчы В. А. Вагин бүгүнкү хакастардын келип чыгышы жана алардын эне-сайлык кыргыздар менен этногенетикалык байланыштары жөнүндө жергиликтүү край таануучулар менен болгон пикир келишпестиктеринде тарыхый фольклордун маалыматтарына таянууга мажбур болгон. «Бирок — деп жазат ал, эгер минусиндик (хак. Мөңүсү) түпкүлүктүү калктын фольклоруна кайрылсак, биз андан Кузнецов менен Ландарм мырзалар талашып-тартышып жаткан пикирлерди ырастаган, тарыхый документтердеги маалыматтар менен дал келген далилдерди кезиктире алабыз». Мифтерди, уламыштарды, жомокторду, болмуштарды камтыган тарыхый фольклор элдин руханий маданиятынын өтө бай, калың катмарын түзөт. Тубөлүктүүдөй болуп көрүнгөн идеологиялык негиздер бүгүн талкаланып, жаңы идеалдар менен багыттарды издеп жаткан мезгилибизде тарыхый фольклордогу баалуулуктарды изилдеп-үйрөнүүнүн маанилүүлүгү улам артып бара жатат. Көптөгөн элдер мындай изденүүдө өзүлөрүнүн түпкү башатына, ата-бабаларынын кылымдар бою жыйнап-топтогон руханий мурасына кайрылыша турганы мыйзамченемдүү көрүнүш. Өткөндөгү татаал тарыхый доорлордо салттуу жазма маданияты өнүкпөй калган элдердин этникалык тарыхынын жана этногенезисинин татаал маселелерине жооп табууда фольклордук булактардын баалуулугу талашсыз. Негизги белгилөөчү маселе, хакастардын теги, келип чыгышы боюнча илимде бир пикир жок. Бул маселеде кунт коюп, терең иликтөөнү талап кылган талаш-тартыш проблемалар али арбын. Фольклордук уламыштарга тарыхый өңүттөн талдоо жүргүзүү жаңы ачылыштарды алып келе турган маалыматтарды табууга, а мүмкүн, өткөн тарыхыбыздагы айрым «ак тактарды» толтурууга көмөк берер. Белгилей кетчү маселе, илимий адабияттардагы белгилүү болгон хакастардын тарыхый фольклору боюнча маалыматтар бир илимий негиздүү нукка салынмак турсун, өз алдынча маселе катары да каралбай келди. Бүгүнкү хакас этносунун өкүлдөрү (качиндер, сагайлар, кызылдар, шорлор) оозеки баарлашууда өздөрүн «тадар», б.а. «татарлар» деп аташат. «Хакас» деген жасалма термин 1923-жылы Хакас уездин түзүүдө бул элге жогортодон расмий түрдө ыйгарылган болучу. «Хакас» термини байыркы түрк доорундагы «кыргыз» этнониминин кытай тилиндеги айтылышы болуп саналат. 1928-жылы Хакас аймактык Кеңешинин аткаруу комитетинин отчетунда: «Хакас деген атты калк   кыргыз китептеринин эл. китепканасы кабыл алган жок; ал эми Хакасия деген түшүнүктү аймактын борбору Усть-Абакан менен гана байланыштырышат», — деп айтылат.6 Совет бийлиги учурунда жасалма түрдө «кайтарылып берилген» этноним адабий тилдин, улуттук гезиттин жана радионун таасири, паспорттук режимдин кысымына карабастан элдин энчилүү аты боло албады. Бүгүнкү хакас элинин ичиндеги орус тилдүү калк гана бул жасалма этнонимди аймактын түпкүлүктүү калкын өздөрүнөн айырмалоо үчүн кабыл алышты. Тилекке каршы, илимий адабиятта зарыл болгон тиешелүү маалыматтардын жоктугунан улам, хакас Совет бийлиги тарабынан ата теги ар түрдүү уруулардан жасалма түрдө бириктирилген эл деген туура эмес пикир калыптанды. Академик В. В. Бартольд Ортоңку Эне-Сай өрөөнүнүн түрктөрү «улуттук автономия алганда» ал элдин мурда аты (этноними) болбогондуктан жана мурда мындай аталыштын зарылдыгы да жок болгондуктан, эми жаңыдан ат коюуга туура келгенин белгилейт. Советтик тарых энциклопедиясы Октябрь революциясына чейин хакастар «жалпы энчилүү атка ээ болушкан эмес; алар кайсы урууга таандык экендигине карата аталышкан» — деп жазат. «XX к. башы ченде алтай, хакас, шор деген элдер болгон эмес, — деп жазат В. И. Козлов, — революцияга чейинки илимий адабияттарда алар «минусин» же «абакан» татарлары деген жалпы ат менен белгилүү болгон. Минусин ойдуңундагы качин, сагай, белтир жана кой-балдардын «уруулук» топтору Совет бийлиги тушунда «улуттук автономиясын» алганда, алар өзүлөрүн байыркы эне-сайлык кыргыздардын — хакастардын атын кабыл алышып, бир эл болуп калыптана башташкан». Томскилик этнограф Л. И. Шерстованын бүгүнкү хакастарды өткөөл этносторго кошушу чындыкка дегеле жакын эмес: «Абакандык татарларда, — деп белгилейт ал, — орус оторлоштуруусунун өзгөчөлүгүнөн, ассимиляциялык татаал процесстерден ж.б. себептерден улам, бул элдерде эл болуп калыптануу доору узакка созулуп, XX к. башы ченде өзүн белгилүү бир этноско таандык кылуу сыяктуу өздүк аң-сезими калыптана элек болучу. Тоолуу алтайлыктардан айырмаланып, бул эл өздөрүн кыргыздарга жана алардын бир кездеги кубаттуу мамлекетине эч кандай тиешеси жок деп эсептешет»10. «А түгүл, деп жазат автор, Хакасиянын бүгүнкү калкы өздөрүн кыргыздар калтырган археологиялык эстеликтердин мураскорлору катары эсептешпейт». Л. И. Шерстова хакас тилин билбей туруп, элдин маданиятынын өзгөчөлүгүн толук билбей туруп, Ширинск районуна бир нече жолу барып келүүнүн негизинде гана Хакасия XX к. башы ченде жергиликтүү түрктөр тарабынан «ата-бабаларынын жери» катары кабыл алынган эмес; «хакастарда жалпы бирдей этникалык өздүк аң-сезим да болгон эмес, бирдиктүү тили да, ушундай этноним да болгон эмес» деген тыянак чыгарат. Биздин тарыхый фольклордун үлгүлөрүнө кунт коюп жүргүзгөн иликтөөлөрүбүздүн жыйынтыктары жогорудагы эскерилген изилдөөчүлөрдүн көз караштарына, айтылган ой-пикирлерине түп тамырынан карама-каршы келет. Хакастардын бардык этникалык топтору өздөрүнүн бир эл экендигин сезүү менен, өздөрүн «тадар» деп аташат. Ошону менен бирге, хакастардын фольклордук чыгармаларында алардын эски атын чагылдырган «хоорай» этноними жөнүндө да эскерилет. Тарыхый фольклордун маалыматтарына таянган профессор В. Я. Бутанаев бүгүнкү хакастардын бабалары болгон эне-сайлык кыргыздар Хакасия Россияга кошулганга чейин эле өздөрүн жогорудагыдай ат менен аташкан деген оюн айтат.   кыргыз китептеринин эл. китепканасы  Биздин эмгегибиздин негизги максаты — тарыхый фольклордун үлгүлөрүнө тарыхый-этнографиялык талдоо жүргүзүү менен, алардын элдин өткөндөгү тарыхын канчалык даражада чагылдыра аларын аныктоо болуп саналат. Изилдөөлөрүбүздө тарыхый, ретроспективдүү, баяндап жазуу усулдары, этногенез жана этникалык тарых боюнча этнография илиминин теориялык жоболору колдонулду. Китепти жазууда авторлор башка изилдөөчүлөрдүн фольклор, мифология, дин боюнча теориялык эмгектерине да таянды. Биз тараптан аткарылган иликтөөлөр этнография жана фольклор таануу илимдеринин тогошкон жеринде аткарылды. Ириде, эмгектин максаты жана аны ишке ашыруу талап кылгандай изилдөө негизинен этнографиялык өңүттө жүргүзүлдү; анткени фольклор, баарынан мурда, тарыхый этнографиялык булак катары каралат эмеспи. Тарыхый фольклорду иликтөөгө киришип жатып, алгач хакас тарыхый фольклору дегенде биз эмнени түшүнөрүбүздү аныктап алууга, анын жанрдык классификациясына токтолууга тийишпис. Бул маселеге өтүүдөн мурда фольклор таануудагы биздин түшүнүгүбүзгө көбүрөөк жакын турган аныктоолорго кайрылабыз. Алсак, В. К. Соколова өзүнүн эмгегинде уламышка төмөндөгүдөй аныктама берет: «бул атадан балага, муундан муунга өткөрүп берилүүчү элдик оозеки санжыра; анын негизги максаты тарыхтагы белгилүү окуялар жана инсандар жөнүндөгү эскерүүлөрдү элдин эс-акылында сактоо, аларга баа берүү». С. Н. Абзелованын аныктоосунда легенда дегенибиз оозеки эпикалык проза түрүндөгү баян; уламыштардан айырмаланып, легенда чындыкка негизденген менен, негизги мазмуну кандайдыр бир фантастикалык түрдө баяндалат. Ал эми миф болсо легендадан айырмаланып, байыркы элдердин ааламдын пайда болушу, жаратылыштын кубулуштарынын (себептери), кудайлар жана легендарлуу баатырлар жөнүндөгү түшүнүк-ишенимдерин синкреттүү түрдө байланыштырган жомок. Бирок, жалпысынан элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн жанрдык бутактарга ажыратуу татаал, ары толук такталып бүтө элек маселе. Эгерде хакастардын тарыхый фольклорун жанрдык жактан классификациялоого түздөн-түз аракет жасай турган болсок, анда биз жанрдык чектердин ачык эместигине жана терминологиялык түшүнүктөрдүн так эместиги сыяктуу татаалдыктарга жолугабыз. Ошондой болсо да, колдо болгон түшүнүктөрдү бир нукка келтирип, хакас тарыхый фольклорунун жанрларын тактоого аракет жасообуз керек. Баарынан мурда биз хакас тарыхый фольклору деп фольклордогу элдин өткөн тарыхы жөнүндөгү эскерүүлөрүн чагылдырган жанрлардын жыйындысын түшүнөрүбүздү белгилеп кетебиз. Анткени ошол мифтер, легендалар, уламыштар аркылуу эл өзүнүн келип чыккан тегин, этникалык аймакты өздөштүрүүсүн, калктын миграциясын, башка элдер менен болгон өз ара байланыштарын баяндайт. Хакас тарыхый фольклору эл арасында «кип-чоох» деп аталчу жомок эмес прозаны∗ түзөт. Ал элдик прозанын башка түрлөрүнөн, атап айтканда, ойдон чыгарылган окуяларды баяндаган жомоктон айырмаланган өз алдынча көрүнүш. ∗ Жомок эмес проза — кара сөз менен баяндалган тарыхый легендалар, уламыштар.   кыргыз китептеринин эл. китепканасы Эл арасында кип-чоохтор өткөн тарыхый доорлордогу чыныгы болгон окуяларды, элдин эсинде сакталып келген эл башчылары, согуштар жөнүндө, укмуштуу баатырлар жана алардын эрдиктери жөнүндө баяндайт. Кип-чоохтун негизинде айткандардын өздөрү да, угуп отургандар да ишенген чыныгы окуялар жатат. Хакас тилинде тарыхый фольклорду аныктоодо, анын кип-чоох деген универсалдуу аталышынан башка да бир катар түшүнүктөрдү бир кыйла шарттуу түрдө болсо да, бир нукка салууга болот. Биз сунуш кылып отурган классификация элдик терминология менен дал келет, ал төмөндөгүдөй: 

1.Иргi-чоох элдин эсинде сакталып келген олуттуу тарыхый окуялар жана өткөн доордогу даңкка бөлөнгөн эл башчылары менен баатырлар жөнүндөгү уламыштар. Булар кыргыздардын акыркы башкаруучусу болгон Көтен-хан, Өжен-бег, Татым-Ирке сыяктуу кашкалар (бектер); кыргыз доорундагы согуштар; ойрот, моңгол хандары тарабынан Жунгарияга күч менен көчүрүлгөн кыргыздар жөнүндө баяндар айтылат.

2. Ибеке-чоох — санжыралык баяндар. В. Я. Бутанаевдин калеминен жарык көргөн «Хакас-орус тарыхый-этнографиялык сөздүктө» Ибеке — эзелки бир болуп өткөн мезгил, Обеке — ата тек, түп ата деген аныктамаларды берет. Оболу, «Ибеке» жана «Обеке» терминдери бир эле сөздүн фонетикалык өзгөргөн түрлөрү болгон; мезгилдин өтүшү менен бөтөн маанилерди туюнтуп калган терминдердин тегинин жалпы экендиги азыр да ачык эле байкалып турат. Эгерде ушундай болсо, анда, «ибеке-чоох» — байыркы доорлордо хакастардын этникалык аймагында жашап өтүшкөн эзелки бир элдердин санжыралык баяны десе болчудай. Баарынан мурда, «Ибеке-чоох» — хакастардын курамындагы белтир, качин, сагай, кызыл ж.б. уруулук топтордун келип чыгышын жана «хыргыс», «хоорай» элдери жөнүндө баяндаган санжыралык уламыштар.

3.Чайзан-чоох — «кереметтүү баатыр-чайзан» катышкан курч сюжеттүү легенда.17 Чайзан-чоох үлгүсүндөгү легендаларга «ИрТохчын», «Паян-Хыс», «Абахай-Пахта», «Көбiрчiн-Хыс», «Апрей-Чайзан» ж.б. кирет. Бул каармандарды конкреттүү тарыхый инсандар менен салыштырууга мүмкүн эмес; алардын белгилүү бир тарыхый шарттардагы жашоо-турмушун, баштарынан кечирген окуяларын ошол тарыхый доорлордогу коомдун негиздерине, идеологиясына, көз караштарына ылайык таризде кароо зарыл, ошондуктан бул өзгөчөлүү тарыхый булакты түшүнүү үчүн алгач аны чечмелөө абзел.

4. Хара-чоох — оозеки айтылчу баян, болгон окуя. Хакасиянын Орусияга каратылышынан, Октябрь төңкөрүшүнө чейинки доордогу урунттуу окуялар жана баатырлар жөнүндө баяндарды камтыган санжыра. Хара-чоохтор фантастикалык элементтерден алыс, анткени бул баяндардын каармандарынын укум-тукумдары, айрым болгон окуялардын күбөлөрү бар. Хара-чоохторго «Хасхы Хучас», «Пай-Апун», «Пиг Точак» ж.б. аңгеме-жомоктор кирет. Хакас тарыхый фольклорунун жанрларын талдоодо тарыхый ырлар жөнүндө азыноолак айта кетүү абзел. Биз иликтөөлөрүбүздө тарыхый ьфлардын өз алдынча жашоосун байкай албадык. Тарыхый мазмундагы ырлар кездеше калса, алар көбүнэсе кип-чоох тексттерине кошулуп айтылат. Хакастардын арасында айтылган тарыхый фольклордо сүйүктүү каармандар жөнүндөгү ырлар айтылып жүрөт. Мисалы, Ханза-бегдин ыры, Өжен-бегдин аялынын кошогу, Силиг-оолдун аялынын кошогу ж.б. Деген менен, хакастардын тарыхый фольклорунун өзгөчөлүгүнө жараша тарыхый ырларды өз алдынча   кыргыз китептеринин эл. китепканасы жанр катарында кароого болбойт. Тарыхый ырлар кара сөз менен ырдын айкалышуусунан келип чыккан. Маселенин тарыхнаамасы (историография). Хакас тарыхый фольклорун иликтеп-үйрөнүүнүн тарыхын шарттуу түрдө эки мезгилге бөлүп караса болот. Биринчиси, падышалык Орусия мезгили (ХУШ-ХХ к. башы), экинчиси, Хакас уездинин түзүлгөн мезгилинен (1923-ж.) бүгүнкү күнгө чейинки мезгилди камтыйт. Хакасия Орусиянын курамына каратылгандан кийин дароо эле крайды максаттуу түрдө иликтеп-үйрөнүү иштери башталган. Сибирди, өзгөчө Түштүк Сибирь аймагын изилдөөдө II академиялык экспедициянын (1733-1743-жж.) катышуучулары: И. Г. Гмелин, Я. И. Линденау, Г. Ф. Миллер, И. Э. Фишер чоң салымдарын кошушкан. Алардын Сибирь аймагын комплекстүү изилдөөсүндө хакастардын тарыхый фольклору боюнча да маалыматтар кездешет. Маселен, Красноярскиде Г. Ф. Миллер тарабынан арин уругунан чыккан «кары абышкадан» ариндер жөнүндө миф жазылып алынган. Г. ф. Миллер өзүнүн эмгегинде ариндер уругу жөнүндө жана алардын жыландар менен болгон согушта кыргынга учурашын ынтаа коюп баяндаган. Ошол эле учурда Г. Ф. Миллер «эч ким бүтүндөй бир элдин келип чыгышын баяндаган бул жомоктун мазмунуна макул боло албайт» деп жазат. «Калыс жана сак тарыхчынын» бул концепциясынан элдин эзелки бир тарыхына байланышкан окуяларды баяндап жазууда «негиздүү далилдер болбогон соң туура эмес жазуудан көрө, анын мурдагыдай эле түшүндүрүүсүз бойдон калганы артык» деген үлгү болорлук сактык бар. Биз мындан «өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана көздөп» түшүнүк берүүдөн качып, элдик оозеки чыгармаларга өтө этиет мамиле жасоонун үлгүсүн көрө алабыз. Ириде, ошол мезгилдеги арин тилин билген жана байыркы уламыштардан кабары бар адамдан жазылып алынган фольклордун үлгүсү чоң илимий баалуулукка ээ. Кийинчерээк, бул уламыш Н. Ф. Катанов тарабынан да жазылып алынып, орусча котормосу менен жарык көргөн. Бактыбызга жараша, 1975-жылы биз да бул уламышты Сарлин Бико деген адамдан жазып алып, «Хоорай чоннын төреллерi» аттуу китебибизге киргизгенбиз. Экспедициянын дагы бир катышуучусу И. Г. Гмелин да эки ырдын текстин жазып алып, обонун нотага түшүргөн. Анын бири Хакасияда белгилүү болгон «Чанар-Хус» легендасындагы Чанар-Хустун аялынын кошогу болгон. Бул кошоктун түп нускасы немис тилиндеги котормо аркылуу берилген. Ырдын тексти толук эмес, үзүндүлөр түрүндө жазылган. Ошентип И. Г. Гмелин аркылуу илимий адабиятта хакастардын музыкалык маданиятынын алгачкы үлгүсү белгилүү болуп калган. 1840-жылы М. А. Кастрендин Сибирге илимий экспедициясы уюштурулат. Финн окумуштуусу хакастарда баатырдык эпостун бар экенин биринчи жолу белгилеген. Бул баатырдык эпостун үлгүсү кара сөз түрүндө жазылып алынгандыгына карабастан, изилдөөнүн жыйынтыктары илимдеги олуттуу жаңылык болуп калды. Хакас тарыхый фольклордук чыгармаларынын ичинен М. А. Кастрен Ханза-бег жөнүндө уламышты жазып алган. Фольклордук чыгарманын негизги сюжети төмөнкүчө: «ак сөөк уруудан чыккан баатыр Ханза-бег орус басып алуучуларына каршы ачык күрөшкө чыгып жеңилип калат да, жашырынып жүрүүгө аргасыз болот. Өзүнүн чөйрөсүндөгү бир адамдын чыккынчылыгынан улам орус воеводасынын колуна түшүп, кабыргасынан асылып, каза табат. Азыркы хакас айылдарында алигиче абышкалар унутпай ырдап жүрүшкөн Ханза-бег жөнүндөгү ырлар келтирилет. Совет доорунда бул элдик ыр орустарга   кыргыз китептеринин эл. китепканасы каршы багытталган делип, аткарууга тыюу салынган эле. Адегенде М. А. Кастрен тарабынан жазылып алынган бул баалуу булак ошол учурдагы сюжеттик негизин, өзгөчөлүгүн сактап, бүгүнкү күнгө келип жетти. Падышалык чиновниктер өзүлөрүнүн аткарган кызматтарына байланыштуу жергиликтүү калктын каада-салты менен аздыр-көптүр тааныш болушкан. Алардын арасынан Г. И. Спасский, А. П. Степанов, Н. С. Щукин, Н. А. Костров ж.б. бараандуу этнографиялык эмгектерин калтырышкан. Минусин округунун башкаруучусу князь Н. А Костровдун «Кызыл татарлары», «Минусин татарларынын жашоо-турмушу жөнүндө очерктер» аттуу эмгектеринде Ханза-бег, Таганах Матыр∗ жөнүндөгү тарыхый баяндар кыскартылып берилген. XIX кылымдын экинчи жарымындагы илимий-изилдөөлөр атактуу окумуштуу-этнограф, тилчи жана түрколог В. В. Радловдун ысмы менен байланышкан. Анын Сибирь аймагын изилдөөгө кошкон салымы баа жеткис. Окумуштуу-энциклопедист өзүнүн эмгектеринде түрк элдеринин салттуу чарбасын, кийим-кечесин, тамак-ашын, үй-бүлөлүк мамилелерин, диний ишенимдерин, этникалык курамын изилдөө менен катар, бул түрк элдеринин бай фольклордук мурастарына да өзгөчө көңүл бурган. В. В. Радлов тарабынан аталган элдердин тилиндеги баатырдык баяндар автор иштеп чыккан транскрипциянын негизинде адабий-көркөм стилдери сакталып жазылып алынган. Автор баатырдык дастандарга өзгөчө көңүл бөлгөн. Топтолгон жана жарыяланган фольклордук маалыматтардын ичинде хакастардын тарыхый фольклоруна таандык жанрлар да кездешет. Ал тарыхый уламыштардын маалыматтарын В. В. Радлов элдин келип чыгышын этнографиялык жактан изилдөөсүндө булак катары пайдаланган. Сагайлардын ичиндеги «кыргыз» уруусунан жазылып алынган эне-сай кыргыздарынын Манжурияга сүрүлүшүнө арналган баяндар жазылган бөлүккө көңүл буруп көрөлү. Анда сүргүндөн качып аман калган эки бир тууган кыргыз, үч бир тууган сагай, чода, иргит уруктарынын бирден өкүлдөрү жөнүндө айтылат. «Жогоруда айтылган уламышка караганда кыргыс, иргиттер Абаканда калган кыргыз уруктары болуу керек» деген жыйынтыкка келет. 1863-жылы Хакасияны кыдырып чыгуунун натыйжасында өтө бай фольклордук маалыматтар жыйналып, В. В. Радловдун «Образцы народной литературы тюркских племен, живущих в Южной Сибири Джунгарской степи» (СПб.1868.Ч. II) аттуу фундаменталдуу эмгеги жарык көргөн. Изилдөөчү хакастарда «ыр түрүндөгү жомоктор, баатырдык эпостор сыяктуу эпикалык поэзия өтө жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн» белгилейт. Автор түрк тилдүү элдердин арасынан жыйналып алынган эбегейсиз зор фольклорлорду1с материалдардын негизинде салыштырма иликтөөлөрдү жүргүзүп, абакан татарлары менен кыргыздардын элдик эпикалык поэзиясынын жакындыгы жөнүндөгү жыйынтыкка келет: «Абакан татарлары өз жомоктору аркылуу руханий турмушунда идеалдуу. таза дүйнөнү түзө алышкан; мындай көрүнүштү башка түрк тилдүү элден — кара кыргыздардан гана көрө алдым». Улуу түрколог фольклордук маалыматтардын негизинде Эне-Сай кыргыздарынын урпактары болгон Саян-Алтай менен, Теңир-Тоо түрктөрүнүн (кыргыздардын — котормочу О.К.) жакындыгы жөнүндөгү пикирди биринчи жолу айткан. Илимдер академиясынын жана Географиялык коомдун тапшырмасы боюнча В. В. Радловдун татыктуу шакирти, Санкт-Петербург университетинен базалык ∗ Таганах Матыр — Таганак Баатыр   кыргыз китептеринин эл. китепканасы мыкты илимий даярдык алган, жаш хакас окумуштуусу Н. Ф. Катанов Сибирь аймагын жана Чыгыш Туркстанды изилдеп-үйрөнүүгө жөнөтүлөт. Төрт жылга созулган (1889—1892-жж.) эбегейсиз чымырканып эмгектенүүнүн натыйжасында Н. Ф. Катанов Сибирь жана Чыгыш Түркстандын түрк тилдүү элдеринин арасынан тилдик, этнографиялык, фольклордук маалыматтарды жыйнайт. Кийинчерээк, Казан университетинин профессору болуп турган мезгилинде жай айларда Енисей губерниясындагы Минусин аймагына (1886—1889-жж.) маалымат жыйнаганы барат. Н. Ф. Катановдун илимий мурасына хакас фольклорунун бардык жанрлары кирет.Бүгүнкү хакас фольклор таануу илимин тунгуч хакас окумуштуусу, түрколог Н. Ф. Катановдун эмгектерисиз элестетүү мүмкүн эмес. Фольклордун элдин тарыхын изилдөөдөгү ролун баатырдык поэмалар жөнүндөгү кыскача билдирүүсүндө белгилей келип: «Баатырлар жана алардын эрдиктери жөнүндөгү дастандардан элдин тарыхы, диний ишенимдери, адеп-ахлагы, каада-салттары боюнча көптөгөн кызыктуу фактыларды табууга болот» деп жазган.1890-жылы Н. Ф. Катанов сагайлардын ичинен алгач ирет Өжен-бег жөнүндө кыскача эки кип-чоох жазып алган. Өжен-бег жана анын нөкөрү Тасха-Матыр∗ тууралуу кип-чоохтор хакастарда кеңири таралган сүйүктүү чыгармалар катары белгилүү. Өжен-бегти өзгөчө кызыл жана качиндер кадырлашып, улуттук баатырдын жашаган аймагын сыймыктануу менен көрсөтүшөт; бирок бул дастан сагай жана белтирлерде азыраак тараган. Саян-Алтайдын башка түрк тилдүү элдеринде мындай мазмундуу чыгармалар кездешпейт. Болжолу, Өжен-бег жөнүндөгү уламыш — хакастардын этникалык жалпылыгынын өткөн эзелки тарыхы менен байланыштуу болсо керек. Өткөн кылымдардагы хакас легендалары менен уламыштары жөнүндө маалыматтар 1884-жылы Минусин крайында болуп кайткан П. Е. Островскихтин отчетунда да чагылдырылат. Жомокчу Агола Добровадан жазылып алынган уламышта качиндердин теги, сибирдик татарлар жана Күчүм хан менен байланышта экендиги айтылган. Бүгүнкү тарых жана этнография илиминде качиндердин Кач жерине Эртиш тараптан келишкендиктери ырасталбайт. Ошондуктан, жомокчунун айткан маалыматтарына сын көз менен кароо зарыл окшойт. Изилдөөчү бул маселе боюнча өзүнүн оюн айткан эмес. Кызыктуусу, бул уламыштын башында изилдөөчү төмөндөгүдөй шилтеме берет: «Качиндик А. Доможаковдун билдиргенине караганда, жомоктордо «Канза-Бих» биринчи, «Ожян-Бих» акыркы князь катары баяндалат».30 Албетте, хакас тарыхый фольклорунун чыныгы каармандары «Канза-Бих» менен «Ожян-Бих» изилдөөчүнү кызыктырбаганы өкүнүчтүү. П. Е. Островскихдин эмгегинде ариндер жөнүндө да миф бар. Бул маалымат Г. Миллердин жазганына салыштырмалуу кыскача берилген. «Бюрют жана Каксат» (хасха — Б.И.)31 уруктары тууралуу санжыранын мазмуну оригиналдуу. Анда аталган уруктардын тектүү уруктар экендиги жөнүндө жана шартка ылайык теги боюнча үстөмдүк бир уруктан экинчисине өтүп турушу баяндалган. Ушул эле санжыра биз тараптан Сыган Доможаковдон жазылып алынып, 1996-жылы жарык көргөн «Хоорай чоннын тореллерi» деген жыйнакта басылып чыкты.32 Болжолу, хаска жана бурут уруктары кыргыздардын мурдагы башкаруучу тобуна таандык болушса керек. Бул санжыралык маалымат байыркы мезгилдерде аталган уруктардын өз ара үстөмдүк үчүн болгон күрөштөрүнөн кабар бериши мүмкүн. ∗ Тасха-Матыр — Тасха-Баатыр   кыргыз китептеринин эл. китепканасы 10 Сибирь элдерин иликтеп-изилдөөдө народниктер менен саясый сүргүндө жүргөндөр да өз үлүштөрүн кошушкан. Хакас маданиятынын ар кыл тармактарын Д. А. Клеменц, Ф. Я. Кон, Е. К. Яковлев иликтешкен. Е. К. Яковлев «Бывальщины минусинских инородцев» деген эмгегинде Ханза-бег, Өжен-бег жана башкалар жөнүндөгү уламыштардын айрым варианттарын келтирет.33 Маалыматтар орус тилинде, үзүндү түрүндө жазылганы анын илимий баалуулугун төмөндөткөн. Ошол эле учурда, Е. К Яковлев фольклордук материалдар менен иштөөдө, айрым жанрлар маалымат берүүчүдөн «ырдын бир да сабын, сөзүн калтырбаган стенографиялык тактыкты» талап кылса; айрым маалымат берүүчүлөр мындай пуризм менен айырмаланбайт» деген баалуу байкоосун айтат.34 Октябрь төңкөрүшүнө чейинки тарыхнааманы хакастын таланттуу окумуштуу-түркологу С. Д. Майнагашевдин эмгектерине талдоо жасоо менен аяктайбыз. С. Д. Майнагашев окумуштуу, этнограф, укук коргоочу, коомдук ишмер сыяктуу көп кырдуу таланттын ээси болгон. Орто жана Чыгыш Азия аймактарын изилдөө боюнча Орус комитетинин тапшырмасы менен этнографиялык маалыматтарды жыйноо максатында 1913жана 1914-жылдары Хакасияга эки ирет келет.35 Бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, өтө кызыктуу этнографиялык жана тилдик материалдар жыйналат. Кыргыздар жөнүндө ырлар, койбал уругунун келип чыгышы тууралуу санжыра-маалыматтар жазылып алынат. Койбалдардын ичинен мурда башка тилде сүйлөгөн «кистим» деген уруктун (Чалкиндер тукуму) бар экенин алгач ирет аныктап чыккан. Уламышта койбалдардын «чоңмай» деп аталган башка бир уругу токойлуу жерлерден келгендиги, бул уруктун өкүлдөрү уйду алгач көрүшкөндө коркуп, даракка чыга качканы жөнүндө айтылат. Автордун «Записка о собирании устных литературных произведений у минусинских инородцев» деп аталган эмгегинде фольклордук чыгармалардын көркөмдүк наркын аныктап, айрым жанрлардын тарыхый мүнөздө экендигин жазат: «Минусиндик элдердин өз тарыхы бар, бирок ал тарых туман сыяктуу бүдөмүк, … Ар түрдүү булактар мезгилдин койнунда катылып калган сырларды ачып берер. Эски дастандардагы өткөн доорлор жөнүндө маалыматтар бул маселеде маанилүү роль ойной аларында шек жок».36 Сөзүбүздүн аягында окумуштуунун фольклордук материалдарды тарыхый өңүттөн иликтеп-үйрөнүүнүн актуалдуулугу жөнүндөгү чыныгы илимий позициясын баса белгилегибиз келет. Бул концепция азыр да өз маанисин жогото элек. С. Д. Майнагашевдин илимий өмүрүнө жолдомо берген жана ал аркылуу хакастардын фольклордук бай мурасынан кабардар болгон тарыхчы, профессор Н. Н. Козьмин уламыштар менен легендаларды тарыхый булак катары пайдалануунун зарылдыгы жөнүндө айтып келип, «Мында туземдик фольклорду жыйнап жана сактоо боюнча зор эмгек күтүп турат. Бул багытка минусиндик калктын жаңы калыптанып жаткан жаш интеллигенциясынын көңүлүн буруу зарыл» — деп белгилеген.37 Экинчи мезгил Хакас уездинде Совет бийлиги орношу (1923-ж) менен башталат. Бул мезгилдин өзгөчөлүгү Хакасияда жергиликтүү интеллигенциянын катышуусу менен хакас адабий тилинде фольклордук эстеликтердин басып чыгарыла баштаганы. Кип-чоохтун тексттери өз алдынча китеп болуп биринчи жолу 1940-жылдары жарык көргөн. Саян-Алтай түрктөрүнүн этнографиясы, тили жана фольклору боюнча эбегейсиз көп маалыматтар 1920—1923-жж. таланттуу изилдөөчү Н. П. Дыренкова тарабынан жыйналган. Анын фольклор таануу боюнча эмгектеринде   кыргыз китептеринин эл. китепканасы 11 негизги көңүл шорлордун элдик чыгармачылыгына бурулган, бирок окумуштуунун илимий мурастарынан хакас фольклорунун үлгүлөрүн да көрө алабыз. Бизди кызыктырган маселелер боюнча автор тарабынан кыргыздар жөнүндө уламыштар, сагай уруусунун келип чыгышы, хобый уругунун тоого курмандык чалуусу ж.б. маалыматтар жазылып алынган. «Шор фольклору» деген фундаменталдуу эмгегинин баш сөзүндө автор аны тарыхый булак катары кызыктырарына токтолот: «Шорлордун өткөн тарыхын, социалдык түзүлүшүн, идеологиясын иликтеп-үйрөнүүдө элдик чыгармачылыктын, өзгөчө санжыра, уламыш, дастандардын мааниси зор».38 Ошентип, Н. П. Дыренкова элдин өткөн тарыхын изилдөөнүн бир булагы катары фольклордук материалга чоң маани берет. 1944-жылы Хакас тили, адабияты, тарыхы илимий-изилдөө институтунун ачылышы менен хакас фольклорун изилдөөнүн жаңы этабы башталып, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн атайын жана максаттуу түрдө изилдөөгө киришилет. Жаңы маалыматтарды жыйноо максатында фольклордук экспедициялар уюштурулат, таланттуу жомокчуларды табуу иштери жүргүзүлөт, чатханчылардын, жомокчулардын слёттору уюштурулат. Хакас НИИЯЛИнин илимий кызматкерлери, өз иштеринин энтузиасттары В. И. Доможаков, М. И. Боргояков, Д. С. Чанков, Т. Г. Тачеева, УН. Кирбижекова, К. М. Патачаков, В. Е. Майнагашева, П. А. Трояков, В. Я. Бутанаев ат көтөргүс иштерди аткарышкан. Адабият бөлүмүн жетектеген В. И. Доможаковдун жазып алган маалыматтары өзгөчө сапаттуулугу менен айырмаланат. Ал «Алыптыг нымахтар» («Баатырдык дастандар») жана «Хакас чоннын нымахтары» («Хакас эл дастандары») деген эки жыйнак басып чыгарып, мындан башка да хакастардын ондогон элдик оозеки чыгырмаларын жазып алган, алар учурда ХакНИИЯЛИнин кол жазмалар фондунда сакталып турат.39 1950—1960-жж. фольклорчу Т. Г. Тачеева тарабынан бир кыйла көлөмдүү маалыматтар жыйналган. Автор тарабынан баатырдык дастандар менен катар, хакас жомоктору, мифтери, уламыштары, легендалары жыйналып, айрымдары жарык көргөн.40 ХакНИИЯЛИнин адабият секторунун кызматкери, адабият таануучу у. Н. Кирбижекова сыйкырдуу жомоктор менен бирге хакас фольклорунун кенже жанрларына изилдөөлөр жүргүзгөн. Автор жомоктордон башка да моңгол доорундагы чыгармалардын циклине кирген Арыхпай-тайжинин уулу жөнүндөгү уламышты жазып алып жарыкка чыгарган.41 Хакас уруктарынын жана уруу бирикмелеринин келип чыгышын жазган хакас этнографы К. М. Патачаковдун изилдөөлөрүндө тарыхый санжыралар кеңири пайдаланылган.42 Болжолу, автор өзүнүн илимий жетекчиси профессор Л. П. Потаповдун таасири астында өзүнүн ата-теги таандык болгон «белтир» уругунун атын ошол урук (белтирлер) мекендеп келген Матур дарыясынын куймасына (пилтирге) байланыштырышы ыктымал. Чындыгында, белтирлердин санжыралык маалыматтарында «пилтир» метис (аргындашкан) дегенди, тагыраак айтканда, моңголдор менен аргындашкан деген маанини туюндурат.43 Түрколог М. И. Боргояков өзүнүн илимий иликтөөлөрүндө фольклордук материалдарды кеңири пайдаланган44. «Вопросы этногенеза хакасов XVI—XVIII вв. и исторические предания» деп аталган эмгегине Хакас-Минусин ойдуңунун жергиликтүү калкынын турмушундагы тарыхый окуялар кирген, тарыхый уламыштарда (кип-чоохтордо) бай хакас фольклорунда кыргыздардын күч менен Манжурияга сүрүлүшү, кайра качуу, чет элдик баскынчылар менен болгон күрөштөр ж.б. чагылдырылат.45 Фольклор жана тилдик булактарга таянып   кыргыз китептеринин эл. китепканасы 12 жазылган эмгектеринде автор хакастардын маданий мурасынын түпкүлүктүүлүгүн белгилеп, анын орто кылымдардагы кыргыздар жана алардын бай маданияты менен ажырагыс байланышы бар деген тыянакка келген. Фольклордук бай мурасты жыйноодо илимий кызматкерлер менен бирге, окутуучулар, жазуучулар, мугалимдер, журналисттер катышышкан. Булар, таланттуу жаш жазуучу В. Е. Угдыжеков, мугалимдер Н. С. Тенешев, Н. В. Амзараков, Н. М. Ултургашев, журналист И. Ф. Спирин, Абакан мамлекеттик университетинин окутуучусу И. В. Коков ж.б. Эл чыгармачылыгын чыныгы баалоочулар ХакНИИЯЛИнин кол жазмалар фондунун жаралышына зор үлүштөрүн кошушкан. Жыйналган булактардын негизинде олуттуу илимий эмгектер жаралды. Биринчи кезекте, 1972-ж. жарык көргөн М. А. Унгвицкая менен В. Е. Майнагашеванын «Хакасское народное поэтическое творчество» деген монографиясын белгилөө зарыл.46 Хакас фольклору боюнча ыраатталган биринчи эмгектин жаралышы хакас фольклор таануу илиминин чоң ийгилиги болуу менен бирге, жергиликтүү студенттер үчүн табылгыс булак болуп калды. Изилдөөчүлөр тарабынан тарыхый чыгармалар менен катар, хакас фольклорунун бардык жанрлары камтылган илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. М. А. Унгвицкаянын калеминен жаралып, бизди кызыктырган бөлүм «Героико-исторический эпос кип-чоох периода монгольско-жунгарских завоеваний (XIII—XVII вв.)» деп аталат. Колдо болгон материалдардын негизинде фольклорчулар Тасха-Матыр (Ожен-бег), Сибдей жана Сибе, Көтен-хан, Абахай-Пахта, Ир-Тохчын сыяктуу каармандар жөнүндөгү кип-чоохторго талдоо жүргүзүшкөн. Тарыхый баяндардын түрдүү циклдерин изилдөөлөрдөн соң, М. А. Унгвицкая бүгүнкү хакастардын эне-сайлык кыргыздар менен этногенетикалык жалпылыгы бар деген тыянакка келет. Фольклор таануудагы бир кыйла татаал маселелердин бири элдик оозеки чыгармачылыктын жанрларын аныктоо жана аларды классификациялоо болуп саналат. Бөлүмдүн автору М. А. Унгвицкая хакас тарыхый фольклорунун жанрларына өзүнүн классификациясын жана аныктамасын берген. Ал «кип-чоох» термини аркылуу хакас дастанчылары тарыхый санжыралар менен ырларды,… миф-жомокторду түшүнүшөрүн белгилейт.47 Чындыгында эле, биз жогоруда буларды классификациялоого жасаган аракетибизде кип-чоохтор уламыштарды, мифтерди, жалпы эле бүткүл жомок эмес прозаны билдирерин белгилеген элек. М. А. Унгвицкая мындай деп жазат: «Моңгол-жунгар басып алуу доорунда фольклордо жаңы жанр калыптанган; алардын бири ыр түрүндөгү уламыштар кип-чоохтор, муну баатырдык-тарыхый эпостор деп атаса болот, экинчиси проза түрүндөгү уламыштар, булар да кип-чоохтор деп аталат».48 Жаңы жанрды белгилөөдөн соң, автор тарыхый уламыштарга өзүнүн классификациясын берет: «Тарыхый уламыштар (кип-чоохтор) бир тектеш эмес. Алар эки түргө бүлүнөт: баатырдык-тарыхый уламыштар (ыр жана кара сөз түрүндөгүлөр) жана кыскача тарыхый уламыштар (булар дээрлик кара сөз менен айтылат). Эл арасында булар бири-биринен айырмаланбайт. Экөө тең эле кип-чоохтор, б.а. уламыштар деп аталат».45 Андан ары эмгекте жогоруда көрсөтүлгөн түрлөрдүн өзгөчөлүгү жана жалпылыктары каралат. Буга толук токтолуп отуруунун зарылчылыгы жок. Бирок автор сунуш эткен жаңы жанр баатырдык-тарыхый эпос жөнүндөгү пикирине жана анын экинчи бир түрү болгон кыскача тарыхый уламыштарга тагыраак түшүнүк берүү зарыл. Биздин пикирибизче, «ыр түрүндөгү уламышты» өз алдынча бөлүп караганга жетишерлик негиз жок. Анткени, алар болгону экөө гана; биринчиси,   кыргыз китептеринин эл. китепканасы 13 «Тасха-Матыр» — жомокчу П. В. Курбижековдон,50 экинчиси, «Ир-Тохчын» С. П. Кадышевден 51 жазылып алынган. Булардын ыр түрүндөгү варианттары менен катар, кара сөз түрүндөгү тексттери да бар. Аталган жомокчуларга катардагы даетанчылар сыңары мамиле жасоого болбойт. Бул инсандар өз элине кеңири таанымал, чебер аткаруучулар, хакас ишенимдери боюнча алар — «ээлиг хайчылар», б.а. көмөкөй менен аткарылуучу (горловое пение) ырлардын духтары колдогондор. Таланттуу жомокчулардын чыгармачылык чеберчиликтеринин натыйжасында бул уламыштардын кара сөз түрүндөгү тексттери ырга салынып калышы ыктымал. Ыр түрүндөгү бул эки уламыш сыяктуу көрүнүш ушул эки чыгарма менен аяктайт. Бул уламыштарды талдап көргөндө алар классикалык баатырдык эпостон көп жагынан айырмаланары аныкталды, муну изилдөөчү да белгилеген.52 Балким, ошондон улам, М. А. Унгвицкая фольклордогу бул көрүнүштү жаңы түр катарында карап, аны баатырдык-тарыхый эпос катарында эсептесе керек. Бул жанрдын чындыгында да, кээ бир башка элдердин фольклордук элдик чыгармаларында кездешери маалым. Буларга украин думасы, түштүк славяндардын гайдук ырлары, Түндүк Кавказ элдеринин баатырдык-тарыхый дастандары ж.б. кирет. Бирок бул элдерде да хакастардагыдай эле эпостун соңку формасы өнүгө алган эмес. Биздин оюбузча, хакастарда тарыхый-баатырдык эпос жанры болгон деген пикир туура эмес. Ушул корутундуга негизденсек, анда монографиядагы тарыхый уламыштарды классификациялоо өзүнүн маанисин жоготот, анткени, автор тарабынан жикке ажыратылган эки түр — «баатырдык-тарыхый» жана «кыскача тарыхый уламыштар» ошол эле жомок эмес проза жанрынын бир эле түрү болуп эсептелет. Фольклорчу П. А. Трояковдун эмгектеринде негизги көңүл сыйкырдуу жомоктор жана баатырдык эпосторго бөлүнсө да, бир азыраак хакастардын кип-чоохторуна да кайрылган.33 Фольклорчу «мифтер, уламыштар, легендалар жана жомоктор элдин эсинде, оозеки сөздүн чеберлеринин чыгармаларында сакталып келет» — деп жазат.54 «ХУ-ХУШ кк. тарыхый окуялар хакас фольклорунда, баарынан мурда анын уламыштарында чагылдырылат; бул уламыштар мамлекеттик бирикмелер, таптык жиктелүүлөрдүн учурунда пайда болгон жаңы эпикалык чыгармалардын түйүлдүгү болгон».55 Бирок, изилдөөчү хакас кип-чоохторунун тарыхый мазмунуна терең үңүлө алган эмес. Ал гана түгүл, П. А. Трояковдун эмгектеринде ойрот өкүмдары Амур-сана тууралуу уламыш (варианттары: «Халдама», «Ир-Сулан», «Сора», «Хан-Суна») жомок контекстинде каралышы бизди тан калтырбай койбойт.56 Буга ылайык, автор «хан уулунун өлтүрүлүшүнүн», андан соң, «куткарылып, аман калгандыгынын» тарыхый тамырын табууга аракеттенет. Андан ары, изилдөөчү В. Я. Пропптун «Сыйкырдуу жомоктун тарыхый тамырлары» деген эмгегиндеги «хан балдарын башкалардан окчундатып асыроонун көптөгөн мисалдарына» салыштыруу жасайт.57 Тилекке каршы, фольклордук чыгарманын жанрын так ажырата билбеген изилдөөчү иликтөөнүн башталышында эле адашып калган. Бул уламыштын XVIII к. биринчи жарымындагы чыныгы болгон тарыхый окуяларга негизденгени, анын каармандары жалпыга белгилүү тарыхый инсандар экендиги биз тараптан аныкталды. Хакастардын фольклордук мурасы «Түштүк Сибирдин түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармалары менен байыркы мезгилдерден бери эле бирдиктүү Саян-Алтай зоналдык системасын түзөт».58 Ошентип, XVIII к. биринчи жарымынан бүгүнкү күнгө чейин хакастардын фольклордук мурасын иликтеп-үйрөнүү изилдөөчүлөрдүн үзүрлүү аракеттери менен ишке ашты. Көптөгөн фольклордук булактар жарык көрдү, хакас   кыргыз китептеринин эл. китепканасы 14 фольклорунун жанрларынын айрым багыттары иликтенди. Ошондой болсо да, жогорудагы ийгиликтер менен катар хакас тарыхый фольклорун изилдөөлөрдү жыйынтыктаган эмгек буга чейин жок эле. Булактардын негизи. Изилдөөбүздүн негизги булагын отуз жылдан ашуун убакыттын ичинде Хакас Республикасынын аймагында жашаган жомокчулардын оозунан биз тараптан жазылып алынган этнографиялык талаа материалдары түздү. Биздин өздүк архивибизде тарыхый фольклордун ар түрдүү варианттарындагы 300 дөн ашуун чыгармалары бар. Мурда айтылгандай маанилүү, таасирлүү деп эсептелген 136 кип-чоох хакас тилиндеги «Чирiм тамырлары» жана «Хоорай чоннын төреллери» деген эки жыйнакта жарык көрдү. Алардын көпчүлүгү республикалык «Ленин чолы» гезитинде 1991—1996-жж.. жарыяланган. Бирок, аталган кип-чоохтордун бирөө да орусчага которулган эмес болучу, ошондуктан бул чыгармалар орус тилинде алгач ирет сунуш этилип отурат. «Чанар-хус» жана «Абахай-Пахта» аттуу чыгармалар «Колчан сердечных стрел» деген китепке киргизилип биз тараптан сөзмө-сөз которулган тексттин негизинде, акын А. В. Преловский тарабынан ырга салынып, басылып чыккан.59 XX к. башына чейин хакас этносунун өз жазуусу болгон эмес Ошондон улам, жомокчулар, хайчылар бул тарыхый элдик эстеликтердин бирден-бир сактоочулары болушкан. Илимий сапар учурларында хакас фольклорунун өтө мыкты билермандарын жолуктуруп, алардын өз оозунан баалуу маалыматтарды жазып алуунун сейрек кездешүүчү кубанычтуу учурлары болду. Алар: С. П. Кадышев, Уста-Прок Янгулов, П. А. Доможаков, П. Чебодаев, Н. Е. Чустеев, Е. Н. Кулагашева ж.б. көптөгөн жомокчулар. Биз бул таланттуу инсандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.60 Тилекке каршы, ысмы аталган жомокчулардын көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетти; ошондуктан, хакас айылдарында фольклорду аткаруу салттары дээрлик унутулуп бара жаткан мезгилде биз жыйнаган маалыматтардын уникалдуулугу дагы артат деп ойлойбуз. Биз бул эмгекти жаратуудан мурда талаа материалдарынан сырткары, хакас фольклору боюнча материалдар камтылган адабияттардын бизге белгилүүлөрүн толук кунт коюп карап чыктык. Дастандар менен уламыштардын хакас тилиндеги тексттери түрколог В. В. Радлов тарабынан 1863-1864-жж. жазылып алынган.61 Тилекке каршы, В. В. Радловдун басмадан жарык көргөн томдугуна кип-чоохтон жалгыз «Суна-Матыр» гана киргизилип, аны айткан жомокчунун аты-жөнү жазылбай калган. В. Я. Бутанаевдин изденүүсүндө бул жомокчу Катунча Кыжинаев экендиги аныкталды. Анын небереси В. Я. Кыжинаеванын билдирүүсүндө хайчы Катунча (1810-ж. туулган) В. В. Радловго «Торонтой-хан» дастанын жана жападан-жалгыз белгилүү тарыхый баян «Суна-Матырды» айтып берген. Ал өзүнүн чеберчилиги үчүн бир таңгак баркыт менен сыйланып, хомысын (комузун) колго алып, сүрөткө тартылган экен.62 Кыжинаевдердин тукуму кыргыз уругуна кирет, ошондуктан болсо керек «Суна-Матырдын» В. В. Радлов жазып алган вариантында Эне-Сай кыргыздарынын ойрот башкаруучулары менен өз ара мамилелерине, кыргыздардын зордук менен Жунгарияга көчүрүлүшүнүн себептерине көбүрөөк басым жасалган. Башка бир белгилүү түрколог, В. А. Радловдун шакирти, профессор Н. ф. Катанов Хакасия боюнча жүргүзүлгөн көп жылдык изилдөөлөрүндө «абакан татарларынын» элдик адабияты боюнча эбегейсиз көп материалдарды жазып алып, ал материалдар 1907-ж. Санкт-Петербургда басылып чыккан.63 Китепте Ханза-бегтин падышалык бийликтерге каршы күрөшүн чагылдырган   кыргыз китептеринин эл. китепканасы 15 кип-чоохтун түрдүү варианттары бар; Өжен-бег жөнүндө кыскача баяндар, Көтен-хан жана Ах-Көбөк деген башкаруучулар жөнүндө, XVII к. ойрот окуялары жөнүндө айтылат. Тарыхый фольклордун көпчүлүк бөлүгүн хакас урууларынын (негизинен белтир уруусу) теги жөнүндөгү санжыралар түзгөн. 1963-ж. Н. Ф. Катановдун фольклордук материалдары Хакас НИИЯЛИ тарабынан өзүнчө китеп болуп кайрадан басылып чыккан.64 XX к. башында Хакас-Минусин аймагынын этнографиясын изилдеген Б. К. Яковлев өз эмгегинде ханза-бегтин эрдиги жана баатыр «Южене жана анын уулу Чапа» жөнүндө чакан сюжетти киргизген.65 Совет доорунда хакас жазмасы пайда болгондон соң, фольклордук тексттер кирген бир нече жыйнактар жарыкка чыкты. Булардын ичинен «Хакас фольклорунун»66 эки чыгарылышын белгилөө зарыл; бул жыйнактарда «Ханза-бег жөнүндө баян», «Ир-Тохчын», «Чанар-Хус» уламыштары, Өжен-бег жөнүндө жомок, анын уулдары Сибечек жана Сибдейек, Сыба жана Сыгда ж.б. киргизилген. 1955-ж. «Хакас эл жомоктору» деген китепте Б. Балтер тарабынан адабий жактан кайра иштеп чыгып, Өжен-бег жөнүндө тарыхый дастандын бөлүкчөлөрү биринчи жолу орус тилинде жарыяланган эле.67 Бирок, фольклордун элдүүлүгү жөнүндөгү ошол учурдагы партиялык талаптардын, чектөөлөрдүн кысымы менен редакция Ожен-бегтин социалдык статусун өзгөртүп, Ожен-Батыр деп өзгөртүп коюшкан. Натыйжада, улуттук баатыр бектер сословиесинен эмес, катардагы аскер сословиесинен чыккан баатырга айланып калган. Китептин илимий апараттарында көрсөтүлгөн атайын шилтемелерден Ожен-бег жөнүндөгү фольклордук чыгарма көзү азиз жомокчу П. А. Доможаковдон (калк арасында — Мартил-Сыган) жазылып алынгандыгын байкоого болот. Кийинчерээк, 1973-ж. бул жомокчудан Ожен-бег жөнүндө кип-чоохту жана башка бир катар дастандарды жазып алдык. Хакас тарыхый фольклорунун чыгармаларынын басымдуу көпчүлүгү П. А. Трояков менен Т. Г. Тачееванын жалпы редакторлугу астында хакас тилинде жарыяланган «Хакас уламыштары жана жомоктору» деген китепке кирген.68 Бул жыйнакка санжыралар, Көтен-хан жана Ах-Көбөк дастандарынын бир нече варианты, Хакасияны моңголдордун каратып алуусун баяндаган «Арыхпай-тайжи», «Сурхуюх» ж.б. кипчооктор кирген. Фольклорчу П. А. Трояков бул чыгармаларды өзүнүн бир канча жыйнактарында айрым жаңы маалыматтарды кошуп, бир нече жолу кайра басып чыгарган, айрым учурда өзү жазып алгандарды жана башка изилдөөчүлөрдүн эмгектерин да киргизгени маалым.69 1962-ж. П. А. Трояков Ожен-бег жөнүндө ыр түрүндөгү дастанын жарыкка чыгарат, ал Ожен-бегтин баатыр кол башчысы болгон Тасха-Матырдын ысмы менен «Тасха-Матыр» деп аталган.70 Акыркы жылдары аталган фольклорчу уламыштар менен легендалардын тексттерин өзүнүн күчү менен орус тилине которууга далалаттанып жүрөт.71 Бирок, автор адабий кайра иштеп чыгууга көбүрөөк ооп кеткендиктен көпчүлүк уламыштар менен дастандар кыскарып, үзүл-кесил абалда болуп калган, ал эми ал ырга салып жазган маалыматтар контекстке дал келе бербейт. Биздин изилдөөлөрүбүздө «Чанар-Хустун аялынын кошогу», «Ожен-бегтин аялынын кошогу» киргизилген. «Хакас поэзиясынын антологиясы» жана «Хакастардын музыкалык чыгармачылыгы» деген эки жыйнак кошумча булак болду. 72 Хакастардын тарыхый фольклору өтө узак мезгил бою, ар түрдүү доорлордо, түрдүү локалдык варианттарда жаралды. Алардын бир кыйла бөлүгү изилденип,   кыргыз китептеринин эл. китепканасы 16 жазылбай калды, ал эми аларды текшерүү да, мезгил-убактысын аныктоо да мүмкүн эмес. Бирок, бул татаалдыктарга карабастан, биз алдыбызга койгон милдеттерди жалпы жонунан аткара алдык десек болот.