«КОЖОЖАШ” ЭПОСУ

Добавил | 27.07.2017

«КОЖОЖАШ” – эпос. Кожожаш мерген жөнүндөгү окуянын эл арасына таралышы жөнүндө легенда-аңыздарды жараткан. Анткени, аңыз-легендалардын мазмунуна караганда, айылдан чыккан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып,  өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз легендадан «Кожожаш” эпосу пайда болгон. КРУИУАнын кол жазмалар фондунда сакталган «Кожожаштын” Алымкул Үсөнбаевден, Сулайман Конокбаев менен Төлөмүш Жээнтаевден жазылган варианттары бар. Акындык чеберчиликтин эң бийик чокусуна жеткен А.  Үсөнбаевдин айтуусундагы «Кожожаш” сюжет куруму, мотивдердин берилиши, композициялык түзүлүшү  жана  мазмуну боюнча  алганда толук кандуу, көлөмдүү турмуштук эпос.  Кыргыз оозеки чыгарманын  үлгүлөрүн жыйноочулардын эң  алгачкыларынын бири К. Мифтаков. Ал 1923-ж. «Кожожаш” эпосун С. Конокбаевден Таластын Кең-Кол болушунда жүрүп жазып алган. С. Конокбаев «Кожожаш” эпосун таластык акын Жаныштан уккан. Жаныш  өз учурунда жалаң  гана кыргыздар арасында аты чыккан акын болбостон, ал казактар арасында да белгилүү  акындардан болгон. Ошондой эле К.Мифтаковдун жазганына караганда, Сулаймандын атасы Конокбай да ырга шыктуу, сөзгө устат адам болгон. Эскерилген үч варианттын экөө Таластан жазылып алынган болсо, бирөө Ысык-Көлдөн Төлөмүш Жээнтаевден филология илимдеринин кандидаты З. Мамытбеков 1949-ж. жазып келген. Жазылып алынган варианттардын көркөмдүк өзгөчөлүгү жана  айтуучулук манералары ар түрдүү деңгээлде. «Кожожаш” эпосунун мазмуну тапсыз коомдо жашап, алгачкы коомдук түзүлүштүн учурундагы элдин жашоосу, дүйнөгө болгон көз карашы, жашоо үчүн күрөшү баяндалган. Элдин жашоо-тиричилигинин өрчүшүнө жана  табият сырлары менен күрөшүүгө бирден бир куралы – бул мергенчилик кесип болгон. Бир айылдын элине таанылып аты чыккан К. өз башына жана  үй-бүлөсүнө түшө турган трагедиялык конфликт-ситуацияга карабастан, Сур эчки менен айыгышкан кармаш жүргүзөт. Бул каардуу күрөштү элдин  тотемдик ишеними да токтото алган жок. Анткени, Сур эчки менен Кожожаштын ортосунда болгон күрөшүн ачып берип жатат. Сур эчки элдик түшүнүк боюнча  кайберендердин ээси катары берилет да, ал адам катары сүйлөйт. Кожожаштан Алабаштын чымындай жанын калтыруусун суранып  өтүнөт. Мергенчилик кесиптин кызыгына берилген мерген Сур эчкинин өтүнүчүн кабыл албайт. Адамдык гумандуулукту көрсөтпөстөн, тукумун кырып салат.  С. Конокбаев менен Т. Жээнтаевдин варианттары деле  өзүнүн сюжеттик куруму менен композициялык түзүлүшү жактан Алымкулдун айткан вариантынын деңгээлинде болбосо да, ар бири  өзүнүн ырчылык чеберчилигинин күчүнө жараша «Кожожаш” эпосунун поэтикалык формасына жеткирүүгө  аракет жасашкан. Анткени, чыгарманын жомоктук-мифтик мазмунунун оозеки түрүндө  айтылышынан бөлүнүп, ыр формасына  өтүп, окуялардын ырааттуулугу менен поэмалык формага жеткирилген. Бирок, окуянын берилиши  өтө  чектелип, Кожожаштын түшү  менен башталып,  өлүмү  менен аяктайт. Бул варианттарда деле сюжеттик өзөктү башкы каармандар Кожожаш, Зулайка, Сур эчкинин арман монологдору түзгөн. Кожожаш мерген жөнүндөгү  варианттардын бардыгы тең  образ системасынын  өрчүтүлүшүнө  жараша жана  идеялык багыты жагынан элдик идеалды чагылдыра алган варианттардан болуп эсептелет. «Кожожаш” эпосу кыргыз элинин байыркы замандагы алгачкы көз карашын,  үрп-адатын, элдин жаратылыш кубулуштары менен болгон байланышын, алардын эртеңки күнгө болгон умтулуусунун үмүт-тилегинин элдик идеалы экендигин айтууга болот.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ