
Физика сабагы боюнча экзаменде мугалим менен студент кызуу талашка түшөт. Мугалим студентке «2» баасы ылайык десе, студент өзүн жогору баага ылайык билими бар экенин айтат. Экөө тең талаша берип акыры бир чечимге келишет: алар эки тарапты тең караган, адилеттүү үчүнчү адамды табышат да, экзаменде 2 мугалим жана студент болушат.
Студентке «Барометрдин жардамы менен имараттын бийиктигин кантип ченөөгө болот?» деген суроо берилет.
Студенттин жообу төмөндөгүдөй болгон: «Имараттын чатырына чыгып, барометрди арканга байлап, барометр жерге тийгенге чейин арканды түшүргөн соң кайра тартып алып аркандын узундугун өлчөп коюуу керек».
Калыс мугалим үчүн чечим чыгаруу оор болот. Анткени, бир жагынан мындай жооп туура болчу, бирок, экинчи жагынан, экзамен физика сабагынан болгондуктан жооптун физикага эч кандай тиешеси жок эле.
Ал студентке дагы бир мүмкүнчүлүк берет. Даярданууга алты мүнөт берип, берген жообу физикага жана физикалык закондорго тиешелүү болуу керектигин эскертет. Беш мүнөт өткөн соң, студент барагына эч нерсе жазбаганын көрүп «Жеңилдиңби” деп сураганда, студент бул суроого 5-6 жообу бар экенин, бирок, кайсынысын тандаарын билбей жатканын айтып жообун баштайт:
«Барометр менен чатырга чыгып, барометрди ылдый таштап, жерге түшкүчөктү убактысын ченөө зарыл. Анан L = (a*t^2)/2 формуласын колдонуп имараттын бийиктигин таап алабыз».
Калыс кызыгуу менен угуп, мугалимди бул жооп канааттандырдыбы деп сурайт. Ал акыры жеңилип, канааттандырганын айтат. Бирок, студент, мындан башка дагы жооптору бар экенин белгилеп, четинен айтып кирет:
«Барометрдин жардамы менен имараттын бийиктигин өлчөөнүн жолдору көп. Анын бир жолу: күн тийип турган маалда, барометрдин бийиктигин жана анын көлөкөсүн өлчөйсүз. Анан, имараттын көлөкөсүн өлчөп, оор эмес пропорцияны чыгарып койсоңуз имараттын бийиктиги келип чыгат.»
«Жаман эмес. Башка дагы варианттары барбы?»
«Албетте. Эң жөнөкөй жолу бар. Сиздерге дагы жагат деп ойлойм. Барометрди кармайсыз дагы тепкич менен өйдө имараттын дубалына барометрди биринин үстүнө бирди коюп, чийип кете бересиз. Акырында канча белгиленген чийин болсо барометрдин бийиктигине көбөйтүп коесуз. Оп-оңой. »
«Эгер мындан оорураагын десеңиз анда мындай кыласыз” студент жообун улайт, «барометрге жипти байлап, имараттын түбүнөн маятник сыяктуу айлантып гравитациянын өлчөмүн табасыз. Анан ушул эле процессти имараттын чатырынан кылып, акырында келип чыккан эки өлчөмдүн айырмачылыгынан анын бийиктигин таап алсаңыз болот.»
«Акырында» дейт студент «көп варианттардын ичинен эң мыктысы бул – барометрди алып, имараттын жетекчисине барасыз да айтасыз «Таксыр, менде укмуштудай барометр бар. Эгер, имараттын бийиктигин айтсаңыз барометр сиздики болот.»
Калыс мындай жооптордон кийин, чындыгында эле бул эсептин так чыгарылышын билбейсиңби деп сураганда, студент билээрин айткан. Бирок, мугалимдер өздөрүнүн оюндагысын гана студенттерге таңуулай бергендигин жактырбасын билдирген.
Бул студент 1922 жылы Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон Нильс Бор болчу.