Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган. Анын жетекчилери көрүнүктүү этнограф, түркологдор А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон. Саул Матвеевич студенттик жылдары өз демилгеси менен эки жолу этнографиялык саякатка барган. 1924-жылы Ярославль губерниясынын Пошехоно-Володар
Саул Матвеевичтин изилдөө ишинде басымдуу орунду кыргыз элинин этникалык тарыхы ээлейт. Бул проблема маалыматтардын аздыгына байланыштуу жана «кыргыз» этноними тарыхый булактарда Минуса ойдуңунда жана Тянь-Шань аймагында кездешкендиктен окумуштуулардын ичинде бир нече ой-пикирлерди пайда кылды- Ушуга байланыштуу 1953—1955-жылдар
Бул жерде айта кете турган бир нерсе, ошол кездеги Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т. У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж.) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К. К. Орозалиев, С. И. Ильясов жана А. Г. Зималар С. Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан. Алардын пикири боюнча С. Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт имиш. Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этникалык структурасын иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгы
Албетте, С. М. Абрамзондун бул эмгеги эч кынтыксыз дештен алыспыз. Китепке автордун 1970-жылга чейин ар кайсы мезгилдерде жарыяланган эмгектери киргизилгенин жана алар ошол кездеги партиялык идеологиянын таасири астында саясатташтырылып жазылганын эске алышыбыз керек. Алсак, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын эмгектери «реакциячыл» деп мүнөздөлгөн ж. б. Эгер автор тирүү болгондо бул өңдүү айрым маселелерди кайра оңдомок.
С. М. Абрамзондун Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы зор. Бирок ал көрүнүктүү илимпоздун көзү барында анын сиңирген эмгеги, тилекке каршы, калыс бааланбай, жогоруда айтылгандай, кайра сынга алынган. Так ошол учурда улуу жазуучубуз Ч. Айтматов ал кишиге 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, анда: «…Кош болуңуз, Саул Матвеевич, Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!» — деп жалпы коомчулуктун пикирин билдирген. Бул катты окуганда Саул Матвеевич төбөсү көккө жеткендей кубаныптыр. Сөз жок, Ч. Айтматовдун бул пикирине окурмандар да кошулаары шексиз.
КУУ, Тарых жана чөлкөм таануу факультети