VI кылымда Орто Азияда жаңы көчмөн империя пайда болгон. Жаңы баскынчылар, Алтайдан чыккан түрктөр, кыска мезгилдин ичинде Улуу океандан Кара деңизге чейинки бардык элдерди өзүнө баш ийдирген. Империянын негиздөөчүсү Или-хан Тумынь 553-ж. өлгөн; Тобо хан (581-ж.) өлгөндөн кийин империя эки мамлекетке — чыгыш жана батышка ажыраган; акыркысынын борбору Орто Азиянын батыш бөлүгүндөгү кийинки көпчүлүк көчмөн мамлекеттер сыяктуу эле, усундардын баштагы жерлеринде, б.а. Жети-Сууда болгон.