1944, 1945 жана 1947-жылдардагы иштер объективдүү себептерден улам бизге бир кыйла фундаменталдуу корутундуга келүү үчүн мүмкүндүк бере турган ири көлөмдөгү казуулар менен аяктаган эмес. Ошондой болсо да чогулган материалдар тарыхый жагдайдагы айрым бир маселелерди коюу үчүн жетишерлик деп айтсак болот, азыр биз ошол маселелерге токтолмокчубуз. Бул баарынан мурда, Шырдакбек чеби жана анын тарыхый аты жөнүндөгү маселе.