ПАРАДИГМА

ПАРАДИГМА (гр. paradeigma)– саясий реалдуулукту чагылдырган ыкмалар жана маалымат берүүчү принциптердин  жыйындысы. Социалдык кубулуштардын берилген тобун түшүндүрүү модели. Бул же тигил П-ны иштеп чыгуу жолу  менен изилдөөдө саясий кубулуштарды түшүнүүнүн баштапкы критерийлери, көрсөтмөлөр, ага ылайык фактылардын  жыйыны жана интерпретациясы, маалыматты жалпылаштыруу жана системага келтирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. П.  термини ХХ к. 20-жылдарында америкалык философ жана тарыхчы Кун тарабынан… Кененирээк »

ПАБЛИК РИЛЕЙШНЗ

«ПАБЛИК РИЛЕЙШНЗ» (англ. рublic relations – көпчүлүк менен келишүү) – тенденцияларды анализдөө, алардын  натыйжасын алдын-ала айтып берүү, уюмдардын жетекчилерине сунуш кылуу жана коомдун кызыкчылыгына жараша  иш-аракеттердин программасын ишке ашыруучу искусство жана илим. «П. р-дин» максаты – жалпы ой-пикирлерди жана  жалпы кызыкчылыктарды табуу, билимге жана кеңири маалымдуулукка негизделген өз ара түшүнүүгө жетишүү үчүн эки  тараптык мамилени орнотуу, ишенич атмосферасын… Кененирээк »

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨРДҮН КАРЫЗДАРЫ анын ичинде, тышкы карыздарынын жалпы жыйындысы,  1986-ж. карата карыздардын суммасы 1 трлн. доллардан ашкан. Бүгүнкү күнгө бул сумма алда канча көп экени шексиз  жана ал күн санап өсүп көбөйүү тенденциясына ээ. Карыз болуу өнүгүп келеаткан өлкөлөрдүн экономикасына терс  таасирин тийгизип, кризистен чыгууга тоскоолдук кылат. Карыздардын 40%ке жакыны Латын Америкасы өлкөлөрүнө  туура келет (Бразилия… Кененирээк »

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨР

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨР – өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн алдында колониялык же жарым колониялык  абалда болуп келген, бүгүнкү күндө өз алдынчалыкка жана көз карандысыздыкка жетишкен Азия, Африка, Латын  Америкасы жана Океаниядагы өлкөлөрдүн тобу. Бул өлкөлөр эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө өнөр жайы өнүккөн  мамлекеттер үчүн агрардык-чийки заттарды жана эң арзан жумушчу күчүн берип турушкан. Өндүргүч күчтөрдүн  Өнүгүшүнүн салыштырмалуу төмөнкү… Кененирээк »

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН ПРОПОРЦИЯЛАШ СИСТЕМАСЫ

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН ПРОПОРЦИЯЛАШ СИСТЕМАСЫ – шайлоо системасы. Анын негизи катары партия үчүн  берилген шайлоочулардын добушу менен добуш алган мандаттардын ортосундагы пропорциялаш принциби алынган.  Бул системада чоң-чоң шайлоо округдары түзүлөт. Алардын ар биринен бир нече депутат шайланат (округдун чоңдугуна  жараша өкүлчүлүктүн мажоритардык системасына караганда Ө. п. с-нын артыкчылыктары даана белгиленет). Ө. п. с-ы  боюнча жүргүзүлгөн шайлоолордо өкүлчүлүк органдарына талапкерлер жалаң… Кененирээк »

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН МАЖОРИТАРДЫК СИСТЕМАСЫ

ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮН МАЖОРИТАРДЫК СИСТЕМАСЫ (фр. magorite – көпчүлүк) – көп мамлекеттерде (АКШ, Улуу  Британия, Франция ж. б.) пайдалануучу борбордук жана жергиликтүү өкүлчүлүк бийлик органдарын, президентти жана  бир катар жогорку кызмат адамдарын – шайлоодо добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо системасы. Ө. м. с. учурунда  мыйзам тарабынан бекитилген шайлоо округу боюнча добуштардын көбүн алган талапкер (же талапкерлердин тизмеси)  шайланган деп эсептелет. Практикада… Кененирээк »

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ

ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ – бийликтин жогорку аткаруучу органынын жетекчиси. Башкаруунун парламенттик  формасындагы өлкөлөрдө Ө. б. мамлекет башчысынын кызматына дайындалат. Эреже катары же парламенттик  шайлоолордо жеңишке жетишкен саясий партиянын лидери, же өкмөттүк коалицияны түзгөн партиялардын  лидерлеринин бирөө Ө. б. боло алат. Формалдуу түрдө премьер-министр жана ал жетектеген өкмөт парламенттин  алдында саясий жоопкерчиликке ээ. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттердеги Ө. б. кеңири укуктарга… Кененирээк »

ӨКМӨТ

ӨКМӨТ – аткаруу бийлигинин жогорку органы. Премьер-министр (канцлер, Кеңештин же министрлер кабинетинин  төрагасы), айрым өлкөлөрдө мамлекет башчысы (АКШ) тарабынан башкарылат. Ө-түн мүчөлөрү (министрлер,  мамлекеттик катчылар ж. б.) мамлекеттик башкаруунун мекемелерин жетектешет. Ө. парламент тарабынан түзүлөт же  мамлекет башчысы (монарх же президент тарабынан дайындалат. Өзүнүн составы боюнча Ө. бир партиялуу,  коалициялуу боло алат. Унитардык жана конфедерациялык мамлекеттен айырмаланып, федерациялык… Кененирээк »

ОХЛОКРАТИЯ

ОХЛОКРАТИЯ (Гр. <oshlos – топтошкон эл + kratos – бийлик) – топтошкон элдин (толпанын) бийлиги. Топтошкон эл –  кандайдыр бир кыска убакытка чогулган, уюшулбаган адамдар. Белгилүү тышкы стимулдардын жана эмоциялык  факторлордун таасири менен жөн гана биригишкен. Белгилүү шарттарда топтошкон эл иррационалдуу, сокур,  кыйраткыч жана башкарылбаган күчкө айланып кетиши мүмкүн. Илимге О. түшүнүгү байыркы грек тарыхчысы  Полибийден улам кирген.… Кененирээк »

ОСМОНААЛЫ Сыдык уулу

ОСМОНААЛЫ Сыдык уулу (1879–1942-ж.) – кыргыз тарыхчысы. Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун  Кызылдөбө айылында туулган. Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) болгон киши. О. да  өз айылындагы мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. Бир катар жылдары  Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Чыгыш Түркстанда каза болгон. 1913-ж. Уфа шаарында «Мухтасар тарых-и  кыргызийа» («Кыргыздардын кыскача… Кененирээк »