Шайыр мугалим

Көп жыл мурда, Новосибирск университетинде окуп жүргөн учурум. Бизде сыйлуу, көптөгөн наамдары бар агай бар эле. Бирок канчалык кадыр-барктуу, канчалык «чоң адам» болбосун, ал ошончолук шайыр, ошончолук көңүлдүү жүргөн мугалим болчу. Ал агай жөнүндө студенттер көп күлкүлүү учурларды айта турган. Бир жолу мен дагы андай учурга күбө болдум. Баардыгыбыз экзаменде отурганбыз. Шпаргалкадан көчүрүү эч мүмкүн эмес эле, анткени… Кененирээк »

Экзаменде «Морзе алиппеси»

Биздин универде ушундай окуя болгон. Экзамен… Баардыгыбыз билет алып, жазып, даярданып отурабыз. Мугалим болсо отуруп алып эле ручка  менен партаны тыкылдатып аткан. Бир топко чейин ушинтип тыкылдатып отурду. Бир маалда 3 студент ордуларынан туруп, мугалимге зачеткасы менен барышты. Мугалим аларга «5» коюп, студенттер аудиториядан чыгып кетишет. Көрсө, мугалим партаны тыкылдатып «Морзе алиппеси» менен «Ким 5 алгысы келсе, зачеткасы… Кененирээк »

«Көзү жок, буту жок»

Бул окуя 60-жж. Ленинград университетинин механика-математика факультетинде болгон. Эки мугалим, биринин бир буту протез, экинчисинин бир көзү жасалма, экзамен алып отурушкан. Бир маалда буту протез мугалим жумуштар менен сыртка чыгып бара жатса, экинчи мугалим тамашалап «Бол батырак барып кел. Бир бутуң бул жерде, экинчи бутуң тигил жерде болсун», деп күлсө, анда буту жок мугалим «Макул. Сен да бул… Кененирээк »

«Силерде боор барбы?»

Досум айтып берген окуя. Алардын университетинде чооң аудиториялар бар. Ал жерде парталар тепкич-тепкич болуп көтөрүлүп, аягы парталар бийик жерде болуп калат. Мындай аудиторияларда эки эшик жайгашкан, бири алдында — жапыз жеринде, экинчиси артында — бийик жеринде, жана бул эшиктер эки башка кабатка чыгат. Бир күнү лекция убагында бир студент эң артта уктап жаткан. Ошол убакта мугалимдин боору түгөнүп… Кененирээк »

«Декан түшкө кирип…»

Владивосток университетинин физика факультетинин жатаканасында болгон окуя. 8 ноябрь. Эртең менен. (7 ноябрь – Жаштар күнү белгиленген.) Бөлмөлөрдүн эшиктери чыгуучу узун коридордо, комиссия менен чогуу декан, жатакана боюнча экскурсия кылып келе жаткан. Бир убакта коридордун ортосунда уктап жаткан студенттин башы көрүнөт (денеси бөлмөдө, башы коридорго чыгып калган экен).  Декан комиссия менен чогуу басып келип, бутунун учу менен студентти ойготот.… Кененирээк »

Татаал суроо

Бир топ жашка барып калган профессор лекция окуганы бара жатып, өзүндөй чамалуу айдоочусуна айтат: «Мен бүгүн мени эч ким тааныбаган университетте алгачкы лекциямды окушум керек. Сен мени ташып жүргөнүңө 20 жылдын жүзү болду. 20 жыл бою сен менин лекциямды угуп, дайыма эшиктин жанында мени күтүп тураар элең. Бүгүн лекцияны сен оку, мен болсо машинаны айдап, сенин айдоочуң болоюн… Кененирээк »

Жатаканадагы «үч тамга»

Бир окуу жайга текшерүү менен комиссия келип калат. Ал убакта кеч күз болгондуктан эрте эле кеч кире турган. Бул окуу жайдын жатаканасы, вокзалдан университетке өтчү жолдо болчу. Ошол жатакананын шок студенттери сүйлөшүп алышып, комиссия өтүп бараткан убакта, баардык терезелердин жарыктарын өчүрүп, уят сөздү камтыган үч тамга көрүнүп калгандай кылып кээ бир терезелерди күйгүзүп коюууну чечишет. Комиссия декан менен келе… Кененирээк »

Жаңы закон

Биринчи семестр. Физика сабагы боюнча сессияны убагында бере албайкалгандыктан, кийин кайтадан берип жатканбыз.  Чоң лабораториялык аудиторияда «Т» тамгасында отургучтар коюлуп, бир нече мугалимдер өз студенттеринин «карыз сессияларын» алып жаткан. Кечке сүйрөлүп, чала-була жооп берип «үч»  ала албай жатканыбызда бир студент эч жооп бере албай аябай жүдөдү. Аны сураса билбейт, муну сураса билбейт. Дөңгөч болуп отуруп берди. Акырында мугалим «зачёткасын» кучактатып кетирээрде… Кененирээк »

Мугалимдин шпаргалкасы

Бул мугалимди баардыгы эле сыйлачу эмес. Сабактары эриктирме, жадатма болбогону менен мугалимдин «душмандарынын» сыйлабаганга шылтоосу бар эле. Ал шылтоо — мугалим ар бир сабагында кафедрага барак коюп алып,  сабактын жүрүшүндө тез-тезден очкисин кийе калып «шпаргалкасын» карап, кайра сабагын улантчу. — Баракты карап ар бир адам сабак өтө алат, — деп айрымдары тыңсынса, айрымдары — Мугалим болгондон кийин барагы… Кененирээк »

Физикадан экзамен

Физика сабагы боюнча экзаменде мугалим менен студент кызуу талашка түшөт. Мугалим студентке «2» баасы ылайык десе, студент өзүн жогору баага ылайык билими бар экенин айтат. Экөө тең талаша берип акыры бир чечимге келишет: алар эки тарапты тең караган, адилеттүү үчүнчү адамды табышат да, экзаменде 2 мугалим жана студент болушат. Студентке «Барометрдин жардамы менен имараттын бийиктигин кантип ченөөгө болот?»… Кененирээк »