Чыңгыз Айтматов «КАССАНДРА ТАМГАСЫ»

Бул сапар да баягыдай иш айтылган Сөздөн, Сөздүн өзүнөн башталды. Ооба, баягы качандыр бир болуп кеткен дүйнөгө маалым түбөлүктүү сюжеттегидей болду. Анан кийинки окуялардын бардыгы ошол айтылган Сөздөн келип чыкпадыбы… Антсе да бул күтүүсүз жагдайга биринчи кабылган адамдардын көпчүлүгү кийин жүрүп дал ошол окуяны өмүрүндөгү эң укмуштуу окуя катары мемуарларында жазышарын эч качан ойлошкон эмес. Анан калса бир… Кененирээк »

«АЖАР» Касымалы Баялинов

     Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу- түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот.

«АЗАМАТ АЛТАЙ» Бексултан Жакиев (повесть-эссе)

   «… чыккынчылыктын жолуна түшкөн Азамат Алтайдын жийиркеничтүү иштери кыжырланууну, жек көрүү сезимин жаратууда». Советбек Байгазиев. «Тупкүрдү карай томолонуу». «Кыргызстан маданияты», 25-март 1982-жыл.    «Изменник киргизского народа Кожомбердиев спустя несколько месяцев после победы советского народа над фашистской Германией сбежал на Запад» ст. «Презрение народа » . «Советская Киргизия», 29 октября 1982 года.

«ЖҮРӨЛҮЧҮ ЖҮРӨК ООРУТПАЙ» Бексултан Жакиев (драма)

Бул үйдө эртеден кечке тышка чыкпаган бир карыя бар.  Өзү жалгыз зериккенде сенделип бөлмөдөн бөлмөнү кыдырат, туш келди телефон чалат. Ошентип телефон терип отуруп, бирөөгө туш кел ди. Телефондон аялдын үнү угулду.

«ЖОРТУУЛ» Асанбек Стамов (тарыхый роман)

Кыргыз элинин Орус мамлекетинин көзөмөлүнө өтүү  жөнүндөгү алгачкы кадамы 1785-жылга туура келет. Тынай бийдин уулу Атаке баатырдын элчилери жогоруда айтылган жылдын жай мезгилинин башында Чүйдөн чыгып, ошол эле жылдын аяк ченинде Омск шаары аркылуу Петербургга жетишкен. Россия империясынын падышасы Екатерина II эки жылга жакын создуктуруп болсо да, кыргыз элчилерин кабыл алганы тарыхта белгилүү. Атаке баатырдын бүтүндөй кыргыз журтчулугунун… Кененирээк »

«КЫСКАЧА ИСЛАМ НЕГИЗДЕРИ» Абдуррахман Хачкалы

Кыргыз элинин Ислам дини менен жашаганына миң жылдан ашуун убакыт өттү.  Акыркы жүз жыл аралыгы казак, өзбек элдери сыяктуу кыргыз эли үчүн да руханий дөөлөттөрүнөн ажыроо өңүтүнөн оор жылдар болду. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнү кыргыз эли үчүн кайрадан Ислам дини менен жакындан таанышууга бир топ илгери мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул абдан кубанаарлык көрүнүш. Себеби ыймандуулук, абийирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, биримдик бар… Кененирээк »

«АБИЙИР КЕЧИРБЕЙТ» Токтоболот Абдымомунов

Күүгум. Тоо баштарында булуттар көчүп, ызгаардуу шамал жол боюндагы жалгыз дарактын жылаңач бутактарын сабалайт. Пальтосунун жакасын көтөрүп,- даракка сүйөнгөн Нурдин алыс бир жакты тиктеп ойлуу. Андан обочороокто карыя олтурат.. берген суросуна жооп күткөндөй Нурдинди карап, куржунун чыканактайт, Нурдин карыяга назар салбайт, папиросун үстөмөндөтө соруп, мурдагы калыбында тилсиз.

«АШЫРБАЙ» Токтоболот Абдымомунов

Капчыгайдын оозу. Аска беттеринде куу арчалардын бутактары ирийип-муйруят. Алыскы элечек тоолордун чокуларында батып бараткан күндүн жошолуу нуру. Суу боюндагы бадал арасында — Матай, Куркут. Унчукпас үчөө.

«ТАР КАПЧЫГАЙ» Токтоболот Абдымомунов

Инженер Бекеттин жаңы квартирасы, Тамак ичуүчү бөлмө. Кече кыэып калган маал. Абагы жарган шаңдуу күлку. Көшөгө ачылат. Кечеде Керкибашев, Майсалбубү, Шагыя, Муктар, Анаргүл, Медетов, Түлкүбаев жана дагы бир топ меймандар менен уй ээси Бекет.