АЛДАР КӨСӨӨ

АЛДАР КӨСӨӨ –  кыска аңгеме, уламыш, жөө жомок жүзүндө  айтылып, фольклор б-ча Жаныбек хандын заманында жашап, Асан Кайгы, Жээренче Чечендердин замандашы делет. Айрым окуялары мазмундук окшоштукта казак, каракалмак, түркмөндөрдө да айтылат. Бирок анын тарыхый адам экендигин далилдей турган эч кандай маалымат жок. Чыгарманын окуялары ар түрдүү, калктын турмушундагы ар кандай кезеңдерди, учурларды камтыган. Ошондуктан чыгармалар окуянын туундусу катарында баалоо реалдуу. Бардык элдердин фольклорунда… Кененирээк »

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА” ЭПОСУ

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА” –  эпос. Ал баатырдык эпостордун арасында  өзгөчө  орун ээлейт. Бул чыгарма баатыр кыз Жаңылдын тагдырына арналган. КРУИАнын Манастаануу борборунун кол жазма фондуна «Жаңыл Мырза” эпосунун төрт варианты: Тоголок Молдонун, Ы. Абдракмановдун, А. Чоробаевдин, М. Мусулманкуловдун варианттары сакталган. 1957-ж. өзүнчө китеп болуп да чыккан. Ы. Абдрамановдун варианты «Илим” басмасынан жарык көргөн.  » Жаңыл Мырза” эпосу калмактардын кыргызга каршы жүргүзгөн баскынчылык чабуулун көркөм баяндалган.… Кененирээк »

«КАРАГУЛ БОТОМ” ДАСТАНЫ

«КАРАГУЛ БОТОМ” – дастан. Турмушта болуп өткөн окуя. «Карагул ботом” элге таасирдүүлүгү, өзөктү өрттөгөн оор жоготууну элестүү сөздөр менен кошокко айландырган ыры, муун-жүндү бошоткон кайгылуу обону аркылуу ого бетер артылган. » Карагул ботомдун” эл ичинде айтылып жүргөн 5–6 варианты бар. Башка жанрларга окшоп, уламыштардын деле эпизоддон эпизодго чубап айта берүүгө ылайыктуусу (окуялары кызыктуу болсо) тескерисинче алымча-кошумча кошууга муктаж эместери болот.  »… Кененирээк »

«КАРАЧ ДӨӨ” ДАСТАНЫ

«КАРАЧ ДӨӨ”  –  дастан. «Карач дөө”  –  жөө  жомоктун нугунда 1939-ж. К. Акиев тарабынан ырга айландырылган дастан. Аны акын  өзү  да эскерет. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Чыгарманын негизинде «Болот” сыяктуу жөө жомоктун жаткандыгы мазмун жагынан салыштырууда ачык көрүнөт. Жомок боюнча  байдын кенжеси «балапан жүнү түшө элек, балтыр эти толо электигинен” пайдаланып, Кара дөө, Көк дөө, Кызыл дөө атасынын кара шаарын талкалап, калың малын айдап кетет.… Кененирээк »

«КЕДЕЙКАН” ЭПОСУ

«КЕДЕЙКАН” – эпос. Кыргыздын эчен жолку оош-кыйыштуу күндөрдү башынан өткөргөн узак тарыхынын опурталдуу бир учурун  камтыган эң  көрүнүктүү эпостордун бири. «Кедейкандын” эки варианты бар. Бири 1938-ж. чыккан Калыктын айтуусундагы Токтогулдун варианты. Экинчиси, К. Мифтаков жазып алган А. Үсөнбаевдики. Эпос катары алда канча жогору турганы Калык айткан варианты. «Кедейкандын” композициялык түзүлүшү татаал, эпостун көркөмдүгү жогору, берчү идеясынын философиясы терең, сюжети абдан кызык.… Кененирээк »

«КОЖОЖАШ” ЭПОСУ

«КОЖОЖАШ” – эпос. Кожожаш мерген жөнүндөгү окуянын эл арасына таралышы жөнүндө легенда-аңыздарды жараткан. Анткени, аңыз-легендалардын мазмунуна караганда, айылдан чыккан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учурда жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып,  өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз легендадан «Кожожаш” эпосу пайда болгон. КРУИУАнын кол жазмалар фондунда сакталган «Кожожаштын” Алымкул Үсөнбаевден, Сулайман Конокбаев менен Төлөмүш Жээнтаевден жазылган варианттары бар. Акындык… Кененирээк »

«КУРМАНБЕК” ЭПОСУ

«КУРМАНБЕК”  эпосу Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак доору” аталып, эл эсинде, оозеки чынармалыгында катаал кезең  катарында бааланган 16–18-кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу  өмүр-баянына негизделип түзүлгөн көркөм чыгарма. Окуянын  өткөн орду да реалдуу, ага Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Кара Шаар-Камбыл, Орто Азия аймагындагы Анжыян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) сыяктуу шаарлардын жана  жер, суу аттары… Кененирээк »

«КЫЗ САЙКАЛ» ПОЭМАСЫ

«КЫЗ САЙКАЛ” –  баатырдык поэма. Кыргыздын нукура элдик эпикалык чыгармаларынын ичинен «Кыз Сайкалды” окуясынын көп тармактуулугу, кенендиги, эпикалык мүнөздө берилиши, каармандардын эпикалык образдарынын сүрөттөлүшү, көптүгү (102 каарман катышат), көркөмдүк өзгөчөлүгү жагынан кенже эпос деп айтууга да толук негиз бар. «Кыз Сайкалдын” жанрдык мүнөзүн аныктоодо айрым  окумуштуулар кенже эпос (К. Артыкбаев, С. Кайыпов) деп жүрүшөт. Чындыгында бул типтеги чыгарма болгон «Жаңыл Мырза” эпос… Кененирээк »

«САРИНЖИ  –  БӨКӨЙ” ЭПОСУ

«САРИНЖИ  –  БӨКӨЙ”  –  социалдык турмуш эпосторунун түрүнө  кирет. Бул эпос эл акыны А. Үсөнбаевдин айтуусунда жазылып алынып, 1938-ж. биринчи жолу М. Элебаев редакциялаган варианты жарык көргөн ж-а эл арасына кеңири таралып кеткен. Ушул эле вариантта редакциялык тактоолор киргизилип, андан кийин «Эл адабияты” сериясынын 6 томунда  өйдөдө  көр-гөзүлгөн вариант жана  С. Конокбаевдин айтуусу боюнча  (А. Жайнакованын түзүүсүндө) дагы бир жолу жарыяланды. А.  Үсөнбаевдин варианты  үч жолу жарык көргөнүнүн… Кененирээк »

«CЕЙИТБЕК» ТАРЫХЫЙ ПОЭМАСЫ

«CЕЙИТБЕК» –  тарыхый поэма. Эки вариант аркылуу белгилүү. Бири  – Орузбай Урмамбетовго, экинчиси  — Нурдин Адиевге таандык. Эки варианттын тең  айтуучулары  өзүлөрү  кагаз бетине түшүрүшкөн. О.Урмамбетовдун варианты мурда жарык көргөн. «Сейитбек” – сюжети анча татаал эмес чыгарма. Атасынын досу Аккандын колунда өскөн башкы каарман Сейитбек эр жеткенде элине кайтып келиши, кырк жигит курап атасы Курманбекти өлтүргөн Дөлөндөн өч алышы жана  Вазилкандын кызы Мөл сулууга ашык… Кененирээк »