БОРОМБАЙ Меңмурат уулу

БОРОМБАЙ Меңмурат уулу (1789–90-ж. чен – 1858) – Ысыккөл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-ж. Жууку суусунун боюнда Кызылүңкүр деген жерде өз чебин курдурган. 1844-жылдан өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү м-н Батыш Сибирь генералгубернаторлугуна элчилерин жиберип, кат м-н кайрылган (1844, 1848, 1853–55-ж). Анын элчилери 1855-ж. 17- январда Омск ш-нда Россияга өтүү антын… Кененирээк »

БАРТОЛЬД Василий Владимирович

БАРТОЛЬД Василий Владимирович (1869, Петербург ш. – 1930, Ленинград ш.) – чыгыш таануучу түрколог; асыресе Орто Азия м-н Борб. Азиядагы элдердин тарыхын изилдөөчү; академик (1913), проф. (1901). 1891-ж. Петербург ун-тин (чыгыш тилдери факультетин) бүтүргөн. Эки бөлүктөн турган «Моңгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан» аттуу эмгеги (1898–1900) үчүн ага «Чыгыш тарыхынын доктору» деген ил. наам берилген. Түрк элдеринин тарыхын жалпылаштырып жазган… Кененирээк »

БАРПЫ Алыкул уулу

БАРПЫ Алыкул уулу (1884, Сузак р-ну, Ачы кыштагы –9. 11. 1949, Бишкек) – кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын. Кедей үй-бүлөдөн. Сегиз жашынан жергиликтүү кыргыз байларынын малын карашып, он бирге чыкканда өзбектердин бадасын багып, Мадалы ажынын үй жумушун аткарып, он төртүндө Азирети Эшендин колунда кызмат кылууга өткөн. Андан Макаторпоктогу тайы-журтуна качып барып, он бешинен эл алдына… Кененирээк »

МАДАМИН БЕК

МАДАМИН БЕК, Мухаммед Аминбек – 1918–20-ж. Фергана өрөөнүндө Совет бийлигин орнотууга каршы чыккан корбашы. 1919-ж. март айында Ташкендеги революцияга каршы козголоңдон кийин Ферганага качып келген орус козголоңчулары м-н бирге Наманган ш-н камаган. Май айында негизги күчүн Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактарына топтогон. Июль айында ага кулактардын «Дыйкандар армиясын» жетектеген Монстровдун күчү кошулган. Ош, Жалалабатты ээлеп, Анжиянды камалашкан. Сентябрдын акырында… Кененирээк »

СЫДЫКОВ Абдыкерим

СЫДЫКОВ Абдыкерим (1889–1938) – саясий ишмер; тарыхчы жана экономист, бир катар илимий эмгектердин автору:  «Кыргыз элинин өнүгүү тарыхынын кыскача очерки» (1925), «Кыргыздардын урууларга бөлүнүшү» (1927),  «Отуздардын билдирүүсү» (1925) ж. б. Кыргыз элинин социалдык жашоосу, көп кылымдардан бери салт болуп калган  уруулук бөлүнүүчүлүгү жөнүндө С-дун илимий эмгектери негизинен аны республиканын саясий турмуштан четтетип  койгондон кийин жазылган. Бул эмгектер кыргыз… Кененирээк »

ТОКТОГУЛ Сатылганов

ТОКТОГУЛ Сатылганов (1864, Кетментөбө өрөөнү, Сасыкжийде кыштагы – 1933, ошол эле жер) – кыргыз акыны, ойчул, композитор, комузчу. Кедейдин үй-бүлөсүнөн. Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган. Революцияга чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», «Жүргөнүм Кабак жер болду») эмгекчи элди эзүүчүлөрдүн бетин ачып, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген. Ал эл тарабында туруп, алардын таламын талышкан,… Кененирээк »

ТОГОЛОК МОЛДО

ТОГОЛОК МОЛДО (өз аты-жөнү – Байымбет Абдрахманов; 1860, Нарын өрөөнү, Куртка деген жер, азыркы Акталаа р-ну – 1942, ошол эле жер) – жазма акын, манасчы. Байымбет 14 жашка чейин атасынын тар-биясында өсүп, айткан жомокторун, ырларын үйрөнгөн. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин аталаш чоң абасы атактуу Музооке ырчынын тарбиясында жүрүп эр жеткен. Молдодон кат тааныган. Эл дарылап, бала окуткан. Низами,… Кененирээк »

МАХМУД КАШГАРИ

МАХМУД КАШГАРИ (Барскани), М а х м у д и б н Х у с е й н и б н М у х а м м е д – 11-к-дагы энциклопедиячы-аалым. 1029–1038-ж. аралыгында көл кылаасында Барскан (азыркы Барскоон) ш-нда туулган. Анын атасы Хусейн ибн Мухаммед ибн Юсуф Кадыр хан Ысыккөлдүн тескейиндеги Барскан ш-н ж-а Узбанды бийлеген бек… Кененирээк »

МОЛДОБАСАНОВ Калый

МОЛДОБАСАНОВ Калый (1929-ж. т., Акталаа р-ну, Терек айылы) – композитор ж-а дирижёр, Кыргыз Респнын эл артисти (1974), СССРдин эл артисти (1979), Соц. Эмгектин Баатыры (1991). 1946-ж. М. Кү-рөңкөев атн. музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1954-ж. Чайковский атн. Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн, 1973-ж. Кыргыз мамл. искусство ин-тун бүтүргөн. Мусулманкулов Молдобасандын уулу. 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси П. Ф.… Кененирээк »

ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары В. В. Бартольд үчүн көбү басыла элек нечендеген түп нуска даректердин үстүндө чындап талыкпай иштөөнүн жылдары болуп калды, аларды үйрөнүүнүн негизинде ошол жылдары өзүнүн негизги «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң маанилүү эмгегин жараткан. Бул эмгекти 1900-ж. күзүндө ал чыгыш тилдери факультетине магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары берген. Бирок диссертация жактагандан кийин… Кененирээк »