АТА МЕКЕНДИ КОРГОО

Медициналык же башка атайын даярдыгы бар 19 жаштан 40 жашка чейинки кыз-келиндер тынчтык мезгилинде аскердик каттоого алынышып, аскердик жыйындарга тартылышы мүмкүн. Согуш мезгилинде кыз-келиндер республиканын Президентинин чечими менен Куралдуу Күчтөрдүн көмөкчү жана атайын бөлүктөрүнө чакырылышы мүмкүн.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ

Дүйнөлүк экинчи согуш аяктагандан кийин дүйнө элдери Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) түзүшкөн, анын башкы максаты эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо жана чыңдоо, мамлекеттер ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү болуп эсептелет. Бир нече өлкөлөрдө эле адам укуктары одоно түрдө бузулса, бүткүл дүйнө кандуу согушка тартылып калышы мүмкүн экендигин фашизмдин мисалы ачыкайкын көрсөттү. Ал эми жер жүзүндөгү тынчтык кырдаал айрым өлкөлөрдө… Кененирээк »

АТКАРУУ БИЙЛИГИ. ӨКМӨТ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ СОТ БИЙЛИГИ. СОТТОР ЖАНА СОТ АДИЛЕТТИГИ

Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат. Өкмөт Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

БИЛИМ АЛУУ ЖАНА ДЕН СООЛУКТУ САКТОО УКУГУ

Билим алуу укугу. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын билим алууга укуктуу экендигин белгилеген. Алар жынысына, улутуна, тилине, социалдык же мүлктүк абалына, ишинин түрүнө, жашына, мүнөзүнө, динине, саясий жана диний ишенимдерине, жашаган жерине же башка жагдайларга карабастан, билим алууга укуктуу.

ЭМГЕКТЕНҮҮГӨ УКУК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эмгек жөнүндөгү мыйзамдары эмгектенүү укугун кеңири баяндап жана анын аткарылышын камсыз кылат. Эмгектенүү укугу бул иштөөгө жана иштеп каражат табууга гана укуктуулук эмес, ошондой эле жарандык жөндөмдүүлүгү мөнен таланттын өнүктүрүүгө да укуктуулук болот. Көптөгөн мамлекеттерде бул укук Конституцияларда жазылган. Бирок бул укукту жарыялоо аздык кылат, аны ишке ашыруу керек. Кыргызстанда бул укукту ишке ашыруу төмөндөгү… Кененирээк »

ЖАРАНДАРДЫН УКУГУН ЖАНА ЭРКИНДИГИН КОРГОО — МАМЛЕКЕТТИН МИЛДЕТИ

Жарандардын укуктары менен эркиндиктери Конституцияда жөн гана жарыяланып калбастан, ошол эле Конституция жана башка мыйзамдар тарабынан корголот жана алардын аткарылышы камсыз кылынат. Жарандардын укуктары жана эркиндиктери, биринчиден, мыйзамда бекемделиши менен, экинчиден, ошол жоболордун аткарылышын камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын түзүлүшү менен кепилдикке алынган.

ЖАРАНДЫК УКУК

Жарандык укук жана жарандык укук мамилелеринин катышуучулары. Укуктун бул тармагын маанилүүлүгү боюнча экинчи конституция деп коюшат. Анткени, жарандык укук жашоодо боло турган көптөгөн мамилелерди жөнгө салат. Кандай гана адам болбосун, бул укуктун катышуучусу болот жана андан четтеп кетүү мүмкүн эмес.

ЖАЗЫК УКУГУ

Кылмыш деген эмне?   Кылмыштардын түрлөрү. Инсанга каршы кылмыштар. Мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар. Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар. Жаза жана анын максаты. Айып төлөм. Үч айып.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген. Жарандык бул адамдын кандайдыр бир мамлекетке таандык экендиги. Укуктар менен милдеттердин жыйындысы мамлекетте жарандык укук абалын түзөт да, ошол аркылуу алар чет өлкөлүк жарандардан айырмаланат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ — МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИН ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАН

Кыргыз Республикасында мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши эсептелет. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.