ТИЛЕКМАТ АКЕНИН АДИЛЕТ, КАЛЫС БИЙЛИГИ

Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздардын ар бир уруусунун — бугу, дөөлөс, саяк, коңурат, катаган, мундуз, моңолдор, саруу, басыз ж.б., башкаруучу бийлери болгону менен, жалпысынан аларга Боронбай манап өмүрүнүн акырына чейин жетекчилик кылган. Ал абдан калыс, бардык урууларды тең санаган адам болгондуктан, бугуларга тиешелүү Ысык-Көл өрөөнүнө ооп келген элге жер берип, аларды кодулабай бооруна тартып, бардыгын бир жерде жашаган адамдар деп… Кененирээк »

ТИЛЕКМАТ АКЕНИН ТЕК-НАСИЛИ

Тилекмат акенин тек-дареги жөнүндөгү маалыматтар оозеки айтылып келе жаткан санжыраларда гана кездешет. Ал тууралуу (тек-дареги тууралуу) өз мезгилинде жазылып калган юридикалык документтер жок. Санжыра демекчи, ал — кыргыз элинде оозеки тарых. Оозеки тарыхта кыргыз элинин байыртан бери башынан өткөргөн жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адаты, башка элдер менен карым-катышы, эл ичинен чыккан өнөрпоздор — манасчылар, жомокчулар, акындар, ойчулдар, акылмандар, баатырлар, билермандар,… Кененирээк »

ТИЛЕКМАТ АКЕ

  Тилекмат Аке жөнүндө 1950-жылдарда айылыбыздагы карыялардан чоң санжырачы, кошунам Садык атадан укчумун. 1972-жылы Шалба (азыркы Тилекмат) айылына барып, Акенин жаткан жайын көргөм. Бейити, коргону түзгө айланып, жалпак бышкан кирпичтердин сыныктары жер менен жер болуптур. Карыялар: «Коргондун кирпичтерин сарттар Акдөбөнүн тушунан көлдү кечип барып алышканын аталарыбыз айтчу эле» — деп кеп салышты.

САДЫР АКЕ

Макалада инсандын теги, XIX кылымдын жарымынан XX кылымдын башында коомго аралашып, чындыкты түз беке айткан фактылары, калыс болуп элдик инсан болгону далилдүү даректер менен берилет. Ошондой эле Мамлекеттик чегара бөлүшүүдөгү дипломаттык багытта барандуу кызмат өтөгөнү белгиленет.

КЫДЫР АКЕНИН ОСУЯТЫ

Ысык-Көлдүн Акелеринин кичүүсү Кыдыр Аке эки доордо өмүр сүрүп, экөөндө тең эл-журтуна кадыр-барктуу болгону менен айырмаланат. Кыдыр Кылжырдын Орозбактысынын беш мырзасынын Сейитказысынын бешинчи мууну. Түлөберди бабасынан Эренче аттуу колго түшкөн калмак кыздан Олжобай төрөлгөн [1, 8-б]. Олжобайдан Байсары, Токсоба. Токсобанын Миңжылкы аттуу баласы аттан жыгылып, каза таап, күйүттөн аялы Каным кийин төрөбөй калат. Кайнагасы Байсарыдан Кыдырды багып алышкандыгы… Кененирээк »

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

 Кыргыз эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы Токомбаевдин (1904—1988) чыгармачылыгы кыргыз элинин улуттук жаңы маданиятын, адабиятын түзүүдө, басма сөзүн өстүрүүдө баа жеткис салым кошту. Ал эл жүрөгүнөн түнөк тапкан сандаган лирика, повесть, ангеме, пьеса, сатира-мыскыл, публицистикалардын автору.

АБДРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ

Улуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев (1912-1995) да басып өткөн. Жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай жүргөн. Кайыр тилеген, көрбөгөнү көр болгон.

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

Поэзиянын ири чеберлеринин бири, ойчул, жаңычыл акын Алыкул Осмоновдун (1915—1950) чыгармачылык тагдыры жашоо, эмгектенүү, күрөшүү жолуна өз өмүрүн багыштаган адамдар үчүн өрнөк, сабак боло тургандай жөнөкөйлүгү, татаалдыгы, мазмундуулугу менен айырмаланып турат.

ЖАЛИЛ САДЫКОВ

Жыйырмадан ашуун ыр китептерин жарыялап, жыйырмадай көп актылуу пьесаларды театрларга койдуруп, элдин алкоосуна ээ болгон Жалил Садыковдун поэтикалык жана драмалык чыгармалары идеялык-эстетикалык салмактуулугу менен бүгүнкү күндө кыргыз адабиятынын, театр искусствосунун тарыхына кошулган маанилүү салым болуп калды.

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

Акын жана драматург катары элдин урматтоосуна арзыган Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944) кыска, бирок жемиштүү чыгармачылык жолду басып өткөн. Жаштайынан энеси Алтынайдын жомокторун, кошокторун көп угуп, тестиер кезинде эле элдик поэзияга аябай кызыгып, бара-бара Токтогул башында турган Кетмен-Төбөдөгү ырчылар мектебинен кандайдыр бир деңгээлде таалим алып, анан 1924-жылы Жалал-Абадга окуу издеп келген кезде Жоомарт он төрт жашар өспүрүм эле.