ЭНЕ-САЙ КЫРГЫЗДАРЫ: ФОЛЬКЛОР ЖАНА ТАРЫХ.

Тарыхый-этнографиялык өңүттөгү маселелерди чечүүдө маанилүү булак болуп саналган тарыхый фольклорду иликтеп үйрөнүү бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Фольклордун ар түрдүү жанрларындагы историзм бир кылка эмес. Кеңири мааниде алганда, бул тарыхый башатты ар түркүн жанрлардан издөөгө болот. Буга дүйнөлүк фольклор изилдөө илиминин корифейлери В. М. Жирмунскийдин, Е. М. Мелетинскийдин, В. Я. Пропптун жана башкалардын фундаменталдуу эмгектери ачык… Кененирээк »

“1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШТҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖАНА КЫРГЫЗ МАНАПТАРЫНЫН ОРДУ”

Кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири — 1916-жылы болуп өткөн “Улуу Үркүн” эсептелинет. Орус баскынчыларынын колониялык саясатына каршы көтөрүлгөн кыргыз элинин бул көтөрүлүшү жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишет. Албетте, орус… Кененирээк »

XIX КЫЛЫМДЫН ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ — XX КЫЛЫМДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАЗУУЛАРЫ

XIX кылымдын экинчи жарымы — XX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз жазуулары дегенде биз негизинен ошол мезгилге туура келген кыргыздын белгилүү тарыхый адамдарына коюлган эстелик таштарга чегилген жазуулар жөнүндо айталы деген ойдобуз.

XVI-ХVII КЫЛЫМДАРДАГЫ ТЯНЬ-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ

Тянь—Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети—Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети—Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Та‘рйх—и Рашиди» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда1541—1544-жж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат.

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЯТЫ

Тянь-Шань деп аталган «асман тиреген» тоолордун кыйыры чексиз. Анын түбөлүк кар менен мөңгү баскан бийик чокулары тоолордун этек-жакаларын байырлаган элдердин миңдеген жылдарга созулган тарыхынын күбөсү. Тянь-Шань өзүнүн өрөөндөрү менен капчыгайларында өткөндүн даңазалуу маданияты жөнүндө эскерүүлөрдү сактап турат. Мында миңдеген жылдар бою ар түрдүү элдер жашап, турмуш-тиричилигин өркүндөтүшкөн, бул жерде чыгармачыл маданий турмуш булактай оргуштап кайнап турган.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ X КЫЛЫМДАН КИЙИН

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет103. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок.

ЭНЕСАЙ КЫРГЫЗДАРЫ ХVII КЫЛЫМДА

Сибирди, анын ичинде Энесай кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу.

ЭНЕСАЙДА МАЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА ДИНЛИН ЭТНОГЕНЕЗИ

Кыргыз урууларынын тарыхын биздин заманга чейинки 201-жылдан бери тарта эсептөө кабыл алынган, анткени ошол жылы кытай булактарында биринчи жолу кыргыз аты кытай формасында цзянь-кунь же гэгунь деген транскрипцияда пайда болот. Уруунун аты тарыхый аренада уруу түзүлгөндөн кийин гана пайда болору шексиз нерсе. Бул жобо толугу менен кыргыздарга да тийиштүү. Биздин заманга чейинки үчүнчү кылымдын акыры — кыргыздардын биринчи… Кененирээк »

КОШОЙ-КОРГОН — БАЙЫРКЫ ОРДО-ШААР АТБАШЫ

Эгерде биз Кочкор өрөөнүндөгү шаар чалдыбарын XI—XII кк. таандык кылсак, Тянь-Шанда, жогоруда баяндалгандардан көрүнүп тургандай, VI—VIII кк. да, XI— XII кк. да дыйканчылык конуштар көп санда болгон эмес. Кошой-Коргон шаар чалдыбары отурукташкан типтеги бир кыйла эски эстелик. Жергиликтүү кыргыз калкы ал жерде Манастын легендарлуу жан-жөкөрү Кошойдун кенчи катылган деп эсептешет. Бул шаарча эң сонун сакталган, ал тик бурчтуу келип,… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЖАЗУУЛАРЫ

Байыркы мезгилде кыргыздардын байыркы түрк руна (Орхон-Енисей) жазуусунун кыргыз вариантында жазылган адабияты болгону кеңири белгилүү эместир. Сөз Минусин ойдуңунда, Тува Республикасында, Абакан, Уйбат, Юса ж.б. дарыялардын бойлорунда табылган кыргыз ак сөөктөрүнүн бейиттериндеги көп сандаган эстелик жазуулар жөнүндө болуп жатат. Бул эстеликтеги жазуулардын котормосун биринчи жолу В. Радлов басып чыгарган, кийинки басылмалар С. Маловго таандык. «Вестник древней истории» басылмасында жарыяланган… Кененирээк »