Monthly Archives: Август 2017

Оригиналдуу окуу жай

Банкок университетинин жетекчилиги студенттин окууга болгон мамилесин, жана окуу процесстерин өзгөртүүнү карап чыгышкан. Студенттин сабактан качпашы үчүн, «Supermachine Studio” дизайн студиясы окуу имараттарын түстүү креативдик стилде жасалгалап чыгышкан.

Жетекчилик, мындай кооз имараттан эң жалкоо жана качкын студенттер да качпайт, деп үмүттөнүүдө.

Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү

Гарварддын беш студенти биринчи жолу космоско гамбургер жөнөтүшүп, мурда эч качан болуп көрбөгөн эксперимент кылышты. Алар бул «Скайфолл» деген аталыштагы экспериментти баштан аяк камерага тартып алышып Интернетке жүктөшкөн.
Студенттер кадимки эле гамбургерди Массачюсетс штатынан бир канча күн мурда сатып алышкан жана эксперимент болгонго чейин гамбургер катуу абалга келген. Гамбургер шамалга туруштук берүү үчүн спрей чачып, процессти чагылдыруу үчүн видеокамера жана GPS орнотушкан. Баардыгы даяр болгон соң буларды гелий толтурулган шарга бекитип космоско учурушкан.
Бутерброд стратосферага чейин көтөрүлүп, болжол менен 30 километр бийиктикке жеткен соң шар жарылып гамбургер кайра жерге кулаган. Көптү көрүп калган бул бутерброд Бостондун жанындагы токойдо, учурулган жерден 200 км алыстыкта бактын башында табылган. Бактын башындагы «космонавтты» бир канча күндөн кийин гана алышкан.

Студенттер бул гамбургерди биринчи «космонавт-гамбургер» деп аташууда.

Дүйнөдөгү эң жаш студент

2012 жылдын ортосуна карата дүйнөдөгү эң жаш студент болуп Танишк Абраам саналат. Танишк 2 жылдан бери (2010)  American River College дин  «Палеонтология жана астрология» факультетинде ийгиликтүү илим алып, бакалавр даражасын алууга ишенимдүү бара жаткан кези. Университетке 7 жашында, жалпы-федералдык интеллектуалдык тестти «мыкты» деген баага берген соң кабыл алынган.

АКШнын мыйзамы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн мектептик аттестатты жана жашы 16 жеткендигин талап кылбайт. Ошондуктан Танишкке студент болууга эч нерсе жолтоо болгон эмес. Ата-энесинин сөзү боюнча, эки жашка чыкканда эле мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөтө баштаган, ал эми бешке толгондо Стэндфорд университетинин (Stanford University) экинчи курсунун студенттери чыгарчу  эсепти чыгарып калган. Төрт жашында тесттик тапшырмаларды ийгиликтүү чыгарып «Менса” коммерциялык эмес уюмунун мүчөсү болуп калган. Бул уюмга IQ су абдан жокорку деңгээлде болгон адамдар гана мүчө боло алган.

Вундеркинддин атасы – Бижу Абраамдын сөзү боюнча, баласы жети жашында эле мектептик программаларды билип алгандыктан, ата-энеси ошол замат колледжге берүүнү чечишкен. Ага чейин Грегори Смит аттуу жаш бала  10 жашында университеттин босогосун аттаган. Кийинки ишмердигин ал саясат менен байланыштырып, балдардын коомдук кыймылынын негиздөөчүсү да болгон. Эки жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн.

 

Кичине  балдардын университетке тапшыруусу боюнча тарыхта бир канча окуялар болгон: андай жаш студенттердин бири Кембридж университетин бүтүргөн 14 жаштагы Уильям Питт. Уильям 1773 жылы тапшырган. Мындан эки кылым өткөндөн кийин ушул эле университетке 15 жаштагы Арран Фернандес тапшырган.

 

 


Сорбонна — Франциянын эң беделдүү университети

Бир канча кылымдардан бери Франциянын эң кадыр-барктуу, беделдүү университети болуп Сорбонна саналат. Бул мыкты окуу жайда Мария жана Пьер Кюри, Андре Бретон жана Марина Цветаева ж.б. белгилүү адамдар билим алышкан. Университеттин тарыхы 800 жылды чапчыйт, алгач жөн гана колледж катары иш алып барган. Тез убакыттын ичинде университеттин факультетине айланган. Так ушул жерде Париждеги алгачкы типография жана атайын ылайыкташтырылган китепкана ачылган.


XVII кылымда университет Франциялык төңкөрүшкө байланыштуу аз убакытка жабылган. Бир канча кылымдардан кийин Сорбоннанын имаратын жаңылап жана кеңейтип куруп чыгышкан. Азыр болсо көптөгөн аудиторияларды, лабораторияларды камтыган чоң окуу жайы. Жанында эки музей жана эң көп жыйнагы бар китепкана орун алган.

Бүгүн Сорбонна (la Sorbonne) башка европалык университеттерден окутууну орто кылымдык стандарттарга максималдуу  түрдө жакын  алып баруусу менен айырмаланат. Студенттер негизги убактысын илимий жана алгачкы булактардан алынган адабияттарды окуу менен өткөрүшүп, калган убактыларын лабораторияда иш алып барышат. Окутууда негизги басым студенттин өз алдынча иш алып баруусуна көңүл бурулат.

Сорбоннада чет өлкөлүк студенттер үчүн да орундар каралган. Бул окуу жайда окуу көпчүлүктүн чөнтөгүнө дал келет, себеби бул жердин студенттери жылына 250-1000 евро төлөшөт. Чет өлкөдөн келген студенттерге стипендиялар жана жеңилдиктер каралган. Бирок бул окуу жайда окуу үчүн бир топ аракет кылыш керек, анткени, каалоочулардын көптүгүнөн француздарга-өзүлөрүнө да орун жетпей калат.

Бул жака кантип тапшырса болот? Алгач, бакалавр боюнча аттестат же орто билим тууралуу аттестат талап кылынат. Тең шарттарда, ким француз тилин жакшы билген болсо ошол адамга артыкчылык берилет. Бул үчүн оозеки аңгемелешүү жүрөт, жана мунун жыйынтыгында кандидаттардын саны кескин түрдө азаят.  Андан кийин окуу үчүн билдирме, студенттик визаны жасалгалоо, жана Франция өкмөтүнөн стипендия алууга документтерди өткөрүү гана калат.

Кызык ачылыш

Агнляилык увниерситетитн излидөөчлүөрү кыкызтуу алычыш жашасты. Аладырн излдиөөсү бюноча сөзөдгү тагмаладрын оурн ашылы сөгзөкөп деле тааиср эптейт. Бакышсы, бининрчи жана акыкры тамлагар орндуда касла бодлу. Ал эми каглан тагмалар каагаландай жайшага бесре боолт жана бул сөрдөздү оуукда токсоодлуктадры жараптайт. Муунн себбеи, көсрө биз ар бир тагманы өзүчнөокбуатсан сөдзү тогулу мнеен окуагнызыбда экен. Мныа кзыык!

ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР

Кыргызстандын герпетофаунасы жалпысынан алганда жупунураак келет, бул аймактын физикалык жана климаттык өзгөчөлүктөрү (климаты катаал, бийик тоолуу), ошондой эле омурткалууларклассындагы жылуулукту сүйүүчү жерде–сууда жашоочулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн жашоо тиричилиги менен түшүндүрүлөт.

Continue reading

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ СИСТЕМА. САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ЖАНА АЛАРДЫН ТИПТЕРИ

Саясый система түшүнүгү – саясатты аныкталган бир жалпылык катары түшүнүүгө жана анын мүмкүнчүлүктөрүн, формаларын коомдун башка тармактарынан айырмалап кароого жардам берет. Тактап айтканда саясый система түшүнүгү – саясый жашоонун динамикасын мезгилге жана мейкиндикке жараша салыштырып изилдөөгө, ар түрдүү коомдордун саясый өзгөчөлүктөрүн салыштырууга мүмкүндүк берет. Коомдук саясый системада саясый режим мазмундуу мүнөзгө ээ. Режимдин өзгөрүшү саясый системанын өзгөрүүсүнө алып келет.

Continue reading

АК-СУУ РАЙОНУНУН ТОПОНИМДЕРИ

Ар нерсенин түзүлүлүшүнѳ жана онүгүшүнѳ  жаратылыштынкоомдунсаясийѳзгѳрүүлѳрдүн мыйзам ченемдүүлүгү зор таасир этерии белгилүүАндыктан кол башынан орун алган Ак-Суу аймагынын түптѳлүшүнѳ, калыптанышына да бир нече тарыхый маалыматтар, орчундуу себептер түрткү бологон.

Continue reading