Monthly Archives: Сентябрь 2017

ҮЗҮК

«Үзүгүн аппак бордоткон,
Этегин чачы тордоткон» («Манас»)

«Үзүгүнүн жээгине,
Үч эли кундуз койдурган». (Жеңижок).

Бул — боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана арткы үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо, үзүк баш жагынан узундугу 180—200—190—210 см дей, этек жагынан (ылдый) узундугу 730—825—750—850 см дей, жандарынын бийиктиги 180—230— 200—250 см дей келет. Үзүктүн чети бүйрүлүп калбасы үчүн жылкынын жал- куйругунан, топоз менен эчкинин кылтагынан чыйрак эшилип жээктелет. Эки үзүккө алтыдан он эки боо тагылат. Үзүк боолор өрмөктө эни 5—6 см дей терилип согулуп, ар биринин учу чачыкталат. Эни жыйырма см дей болгон ак кийиз менен кызыл кийиз оюмдары «милтеленет». Ал «үзүк жээги» деп аталат. Ага бекитилген «төтөгөнүн» этеги тегерете чачыланат. Мунун экиден төрт жерине «карга канат», «карга тырмак» өңдүү түр түшөт.

Абалы алдыңкы үзүк жабылат. Анын үстүнө кайчылашып түшкөн төркү үзүктүн алты боосу керегелерге байланат. Кийиздин агын жана калыңын арткы үзүк үчүн пайдаланат. Аянты жагынан эки үзүк бирдей болот. Үзүктүн этеги кең болуп, түндүк жаккы башы өтө кууш келет. Себеби, үзүк түндүктүн алкагы менен төп келип туруусу тийиш.

Үзүктүн жалпы аянты үйдүн чоң жана кичинесине карай аныкталат. Алдыңкы үзүктүн башкы жана ортоңку боолорун туурдуктукундай сызмадан да, термеден да жасайт. Ал эми этек боосу эшилген жиптен тагылат. Үйдүн аянтына карай боочуларды төрттөн-бештен да тагууга болот. Арткы үзүктүкү эшмеден, термеден, сызмадан тагылат да, этек боосу эшме жиптен келет. Арткы жана алдыңкы үзүктүн үстүнө жана кырка этектерине кызыл кийизден же кызыл таза кездемеден оюмдан «төтөгө» болот. «Үзгүнүн баарысын, Ак манта менен тышташат» («Манас») деп айтылат.

ҮЗӨҢГҮ

«Алтындан куйган үзөңгү,
Аягын төрө салбады» («Манас»)

Ал — ат жабдыгынын бир бөлүгү. Унаа үстүндө тыкан, түз жана тең салмакта жүрүүдө, аттанып түшүүдө бутка таканч болуп, теминүүгө ылайыкташат да, ээрдин эки капталына тагылат. «Коло үзөңгү», «жез үзөңгү», «күмүш үзөңгү» (күмүш жалаткан) деп аталат. Үзөңгү жыгачтан да, мүйүздөн да жасалган. Мунун бутка таканч таманы (теминчеги), эки жак капталы (жаактары), боо өткөрүүчү тешикчеси таралгасы болот. Үзөңгүнүн ээрдин оң жак жана сол жак капталына кайыштан каттай боосу (үзөңгү боо) болот. Үзөңгү көбүнчө калыпка куюлат.

Үзөңгү куюу үчүн жасалуучу калып негизинен беш бөлүктөн турат. Аны усталар үч күндө куюп бүтөт. Ошол бир нече бөлүк темир кайра жик-жиги менен куралып кепшерленет. Калып жасалгандан кийин усталар аны 400—500° та ысытат. Жезди чопо чөйчөктө эритет. Эгер үзөңгү калып муздак болсо, эритилип куюлуп жаткан суюктук анча чуркай албайт. Калыптагы («жатак») суюктук куюлуп жатканда буга илгери сорпо куюшчу. Мунун калыптан чыгарууга оңойлугуна карап, азыркы усталар автолинди колдонот.

Үзөңгү колодон да эритилет. Бирок, куюлуп жаткан колонун суюктугу муздап келе жатканда да сынбасы үчүн буюм эки бөлөк куюлат. Үзөңгүгө сары жездин жана колонун тазасы керек. Таза жез тунук келет. Үзөңгүнү туюк куйбоо керек. Мында жез муздаганда кысылып, үзөңгү сынып да калат. Усталар үзөңгү куюлуучу металлдардын ич ара айырмачылыктарын айра таанып, иштетүү сырларын таасын өздөштүрүшкөн.

Үзөңгү да түрдүүчө кооздолот. Мунун ар кандай формалары кездешет. Күмүш жалатылган үзөңгүлөргө кадимкидей көркөм оюм-чийимдер түшүрүлөт. Үзөңгү таманы жазыраак келип, өзүнчө сызыкча болуп, үстүнкү бут кое турган жагы «араа тиштении», асемделе келтирилип, бул да өзүнүн жекече көркөмдүгүн тартуулайт. Анын жаагы мүмкүн болушунча ичке келет. Үзөңгүнүн кайыш аркылуу бириккен жери төрт чарчыланып, ага да «сыя төгүү» өңдүү кооздуктар берилет. Элдик оюм- чийимдин түрлөрүн элестеткен көркөмдүктөр кесилип, жабыштырылып да шөкөттөлөт. Үзөңгү таманынын алды тегерек тешиктүү, жалпак тешиктүү болот.

Колдо куюлган үзөңгүгө күмүш жана башка түстүү металлдарды жалатууга, анын бетин торчолоого болот. Мында үзөңгүнүн кайыш өткөрө турган көзү менен таманына өзүнчө форма беришкен.

Чеберлер заттарды эритүүдөгү алардын ич ара айырмачылыктарын мыктап билишет. Мисалы, кызыл жез коюу келгендиктен ысыкка өтө чыдамдуу келет. Ал көптө барып эририн зергерлер туят. Коло ысыкты анча сүйбөйт, бат эле мөлт эте түшөт. Болжолдо, коло 400—500° та (жыйырма минутада), сары жез 600° та (жыйырма беш минутада), ал эми кызыл жез 800—900°та (отуз минутада) эрийт. Минтип, заттарды таасын эритүү чоктонуучу көмүргө, көөрүктүн басымына байланышат. Үзөңгүнү чоюп, жезден сомдоп туруп, никелдештирип кооздоого да болот. Буга күмүш жалатып, анын үстүнө күмүш зым аркылуу кооз оюм түшүрүү салты да болгон.

Үзөңгүнү «теминги» деп айтабыз. Ал теминүүдөн, унааны айдоодон айтылышы мүмкүн.

УСТАРА

«Мурундарын карасаң,
Айбалтанын сабындай.
Муруттарын карасаң,
Устаранын кабындай» («Манас»)

Бул — атайын чач алуучу бычактын бир түрү. Муну жасоодо усталар курч темирден (ак курч, кара курч) жердигин тандап, чоктонтуп табы менен сугарып, аны бүлөөгө бүлөп курчутуп алышкан. Кыргыз устарасынын сабы катуу жыгачтан тандалат да, түп уңгусу иймейиңки болот. Мунун мизи менен сырты балык сымал эндүү келет да, темири жана сабы үшкүлөнүп, астына жука темир коюлуп, эки тарабы биротоло бекитилип, бүктөп коюуга, мизин ачууга шартташкан. Кээде устаранын уңгусундагы илмекейи өзүнчө шакекчеге чыйратылган жиптен же кайыштан боо тагылат да, ал кереге башына же мыкка илинген.

Чеберлер устарага көндөн (кол булгаары), кап (тыш), же жыгачтан куту жасашкан.

УСТА, УЗАНУУ, УСТАЧЫЛЫК

«Кулукедей уста бол,
Кыргыз элдин ичинде,
Өлбөй турган нуска бол» (Токтогул).

Бул — жердиги катуу буюмдарга узануучу чебер. Буга кара уста (темирчи), зергер (күмүш уста) (ат жабдыктарынын чебери: өрүмчү, кайыкчы, кайышчы, анан жыгаччы, кырмаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүз уста (мүйүзчү), тери буюмдарынын чебери (көн, шири, көөкөр, көнөк, көнөчөк, көңдөөл, чыны кап жасоочу) өңдүүлөр кирет.

УЗАНУУ — зергерчилик, темирчилик, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, терини иштетүүчүлүк, таш чегүүчүлүк. Тактап айтканда, көбүнчө эркектердин металлдан, жыгачтан, мүйүздөн, сөөктөн, таштан, териден жана башка жердиктерден кооз буюмдарды жасоо аракеттери.

УСТАЧЫЛЫК — темир, жез, миз, мүйүз, сөөк, жыгач, тери, кайыш, таш жана башка жердиктерден кооз буюм тайымдарды кармоочулук. Элдик кооз кол өнөрчүлүктүн мерчемдүү түрү. Күндөлүк жашоо шартын көздөп, салттуу, аземдүү жана ашкана буюм-тайымдарын жасоо үчүн чеберден-чебер чыккан. Төтөн, күмүштү кармоо доору күн тартибине келип, үй буюмдарына, ат жабдыктарын, азем жасалгаларын, аруулата кармоо өзүнчө маданий төңкөрүштү түзгөн. Албетте, мында устакерчилик элдик салтты дагы дааналап айкындаган таптык мүнөздү да көздөгөн. Кийинки муундарга легендарлуу катары айтылган Дөөтүнүн устакерчилик «кан жолун» улаган, анын «демөөрү колдогон» усталар чыккан. Алар кара темирди камырдай жуурушкан. Алтын-күмүштү күндө күлдүрүшкөн.

Көркөм кол өнөрчүлүктүн табиятында уста болуп калыш көчмөндүү турмушубузда көбүнчө тукум куучулукка шартташкан. Демек, жалаң гана усталарды эле айтпайлы, колдонмо-жасалга өнөрүнүн бүтүндөй түрүн көз алдыбызга келтирсек чеберлердин алгачкы шыктарын ата-энелери жана ага-туугандары, айылдаштары көбүрөөк ойготкону, тутанткандыгын даана баамдайбыз. Албетте, мында чебердин жекече шыгы, идиректиги, өнөргө кыялдануусу, баса отуруп күндүр-түндүр талбай узануусу зор роль ойнойт.

Ошондой эле айтылган уламыштар, айрым атактуу усталардын алыстан угулган атак-даңкы, алардын эл ичинде сейрек кездешүүсү, азем буюмдары устанын узануусунун андан аркы өөрчүшүнө ичтен тымызын шык берген кездери да арбын болот.

Элдик усталардын бөтөнчөлүгү — алардын уздануулары терең сырдуулугу, көп кырдуулугу, Акыйкатта, уста — өнөрдүн ата башы. Көпчүлүк усталар ага дейре эле өнөрдүн калган мындай түрлөрүн: жыгаччылыкты, мүйүзчүлүктү, ташчылыкты, теричиликти, өрүмчүлүктү, кайыкчылыкты, айтор, булардын баарын тең тизгинде кармоого дасыгышат.

Мурунку усталардын узануу шарты ар кандай болгон. Алардын чакан өнөрканалары-дүкөндөрү боз үйдүн ыпта жагына жайланышкан. Айрымдарынын устаканалары үңкүрдө же жер кепеде болгон. Элибиздин көчмөндүү турмушуна байланыштуу усталар жайдыр-кыштыр эле бир жайга жалпак олтуруп узанышкан эмес. Буюм жасатуучулар үйүнө атайын чакырып барып узантуучу. Анда усталар керектүү аспап-куралдарын куржунуна артына барышкан. Демек, кардар түшкөндөр өз шартына ылайык устага обочороок өзүнчө боз үй тигип, көмүрүн өчүрүүгө: көөрүгүн басууга атайын киши дайындаган. Мындай шартта усталар көбүнчө кыз себин кармаган. Жумуштун көлөмүнө карата узануу айлап, жылдап кеткен.

Азыр усталардын көбүнүн узануу шарты өзгөрдү. Булар ичи кенен жана жарык, туруктуу узана турган дүкөндөрү бар. Анда бүгүнкү техникабызга ылайыктуу ар түрдүү аспап-куралдары ирээттүү жайлашкан. Илгери алаа көөрүк болсо, ага караганда күжүнү үйлөтүү жеңил болгондуктан асма көөрүк колдонулууда. Бүгүнкү зергерлер жыгач көмүрдү анча өчүрүшпөй, көбүнчө таш көмүрдү жана «көгүлтүр отту» (газды) пайдаланышат.

Илгери устанын өнөр акысы күн мурунтан эле бычылуучу. Алардын айлакердигин баалагандар, албетте, эч нерселерин аяшпай, ат мингизишкен, тон кийгизишкен, алдына мал айдатышкан. Элибиздин салтында аруу буюмдарды «балдарга ыроолошкон», «бирөөлөргө тартуулашкан», «бала жентектеген», «белекке беришкен». Ушинтип, «Темене тартып төө алган» учурлар устачылыктын санжыргалуу салты жана наркы болгон. Мындай жөрөлгөбүз журтчулугубуздун атам-замандан берки жоомарттыгын айгинелейт. Бирок, уста «Өнөрүн сатпайт, кардар бергенин алат» — бул да устачылыктын наркы болот.

Устанын накта белгиси темирди төрт кырдап таамайтаасын чаба билүүсүнөн көрүнөт. Балканы кармай жана темирди чаба билүүнүн өзү эле анын устакерчилигин аныктап турат. Кара темирди таптоодон устанын кимдиги көрүнөт. Айталык, чалгыны, керкини, балтаны таптоо менен мизин текши чыгара билүүдөн баамдалат.

Устанын айлакерлиги ошол темирдин ар кандайын сугаруудан көрүнөт. Бул — ар бир курал-аспапта «тапка келтирүү» деген түшүнүктү берет. Ар түркүн темирлерди кесүүгө-өгөөгө жарактуу кылуу. Чынында жашык темир аспап-курал боло албайт. Натыйжада, аспап-курал ийине келтире сугарылып алуу аркылуу алмаздай курч болот. Зирек усталар муну сугаруудан тап жылдырышат. Чоктонгон кызыл темирди улам кичине сууга сунуп, улам четинен ширетип, кайрадан тартып алып, көрүп- баамдап, темирдин курчтугун же мококтугун көз өлчөм, ой таразасынан өткөрүп турушат. Муну сугатына даана көзү жетпеген усталар темирди өгөө менен сынайт. Курч темирге өгөө жолобой, тайгаланып турат. Мунун курчтары гана ал темирди өгөөлөй алат. Ушинтип, градус жок болгондуктан усталар ой-болжоо аркылуу гана сугарышат. Мындай даана чеберлер турмушта сейрек кездешет. Алардын арасында да ич ара сөздөр козголот. Маселен, кескич жасатсаң, «бир күндүк кылып берейинби», «үч күндүк кылып коеюнбу», «беш күндүк…» Ал сугарууга тыгыз байланышат. Эгерде усталар керектүү темирди катуу сугарса, ал акыры сынбай койбойт. Усталар «орточо сугардым», «кичине сугардым» дешет. Демек, мунун орточо сугаруусу түзүк көрүнөт. Катуу сугарылган аспаптарды кышта абайлап урунбаса, чорт сынат. Суукта катуу муздаган темирдин чыдамы анча болбойт.

Сынган-бүлүнгөн буюмдарды жиксиз кадоодон — бүтөөдөн уста көрүнөт. Уста жоктон бар кылып, үзүлгөндү улашы тийиш. Таштандыда жаткан темирди алып, өзүнө аруу буюм жасап алуучу усталар өзүбүздүн уюткулуу кыргыз элинен көп чыккан. Алар да ич ара «Мен кыйынмын» деп мактанышы мүмкүн. Бирок, алардын кармаган буюмдарын эл баалайт. Акыйкатта, эл айгак, элдей улуу, элдей кара кылды как жарган калыс эчтеке жок.

Металлды иштетүүнүн сырларын усталар билет. Чалгы, орок, жуушан, бычак, устара, керки, балта сыяктуу күндөлүк керектүү тиричилик шаймандарын жана буюмдары үчүн ак курч темир, кара курч темир жаны жашык темир деген үч түрү болот. Ак курчтан кесүүчү аспап-курал, керки, кескич, өгөө, балта, бычак, капкан өңдүүлөр жасалат да, ал эң эле өткүр, бирок, муңайымыраак келип, чорт сынбайт. Кара курч болсо катуу, бирок, морт болот да, буга өгөө өтпөйт. Мындан буюм жасоо үчүн көбүнчө чарыкты колдонуубуз керек. Эгер кара курчтан миздүү, өткүр буюмду кармоого туура келсе, анын сугаты өтө муңайым, жеңил сугарылат. Терс сугарса, ал чорт ыргып кетет. Ошентип, анын сугатынын ички кереметтерин усталар таба билишет.

Сугатын талаптагыдай таап сугарса, ак курч да өтө өтүмдүү келет. Илгерки баатырлардын жоо жарагы Наркескен мына ушундай сугарылган. Ушинтип, кадимки алгыр куштардай «тапталган» устара, жуушан өңдүүлөр мокобогон да, көпкө барып анан курчутулган. Жашык темирден көбүнчө така жасалат. Ал таштак жайларда жүрсө, эки-үч айдан анча ашпай түшүп калат. Ал эми кара курчтан ат такаланса, така көпкө чейин чыдайт. Албетте, кара курчка узанууда аны ийип- чоюуда колго аябай күч келет. Ошондуктан, айрым усталар муну кармоодон жадайт да, анын артында «анын такасы беш эле күндүк» — деген уяттуу сөз калат. Чынында, жашык темир коргошундай ийкемдүү жумшак келип, башталган иш бат бүтөт.

Илгери мындай жашык темирден калак, кычкач, кыпчуур, аткуур, депкир, үзөңгү жана ат жабдыктарынын башка шөкөттөрү, түндүктүн чулгууру (түндүктүн көздөрүн төрт чарчы кылып көзөй турган аспап) өңдүүлөр жасалган. «Темирдин уузун тапкыча, суусун тап» деген макал бар. Булар менен айыл чарба шаймандары: трактор, араба, тырмоо сыяктуулардын бузулган тетиктери оңдолот. Ак курчту темирдин учун сууга дароо малат. Ошондо ал тез чыйралып, өңү бордой агарып, курчтукка айланат. Анан беш-он мүнөт тышка кармап, күжүдөн чыккан кызыл темир бат эле жашылга айланып, миздеги ак бордой курчту сарыкер түзгө алганда гана сугарылган темир табына келген кези болот. Демек, темирдин мизи сүрүлүп отуруп, сарала сагызган канатына айланат. Так ошондо темир миздин таасын курчуган учуру билинет. Ушундан кийин сууга кайрадан малып, курчун ошол бойдон калтырат. Ак курч темир эки курдай эле сугарылат.

Айткандай, кара курч темир өтө катуу, ак курчтай дароо сууга малынбайт. Мунун учун этиет тийгизип, өлчөөсүн уста баамдайт да, кара өң жашыл болгон тапта же кара күрөң өңгө келген кезде темир курчуган учуру болот. Ошондо муну менен усталар молоташ, тегирмен, жаргылчак өңдүү катуу нерселерди көзөгөн. Аны үйдөй таштарга коюп, барскан менен чапканда канжара бөлүнгөн. Мындан аттыш жана кескич да жасалган.

Усталардын баамдоосунда незильберь күмүштү мүмкүн катар алмаштырат. Ал эми мельхиор болсо көгүлтүр өңдөнүп, күмүшкө анча окшобойт. Незильберди созууда балканы так ортосуна түз чабуу керек. Мында балканын кыры тийбөөсү керек. Аны согуунун-чоюунун өзүнчө жатагы бар. Ошондо гана незильберь таасын ийине келет. Чаап жатканда затты кармаган кол менен балка кармаган кол буралбашы зарыл, кичине эле кылт дедирсе, буюм бузулат. Билерик, шакек, оймок өңдүүлөрдүн ортосу домпок чабылса, буюм көркөм көрүнөт.

УУК, УУК БОО, УУК УЧТУК

УУК — «Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей келет. Боз үйдүн башкы босогосунан (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.

Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 75 баштуу үй болсо ууктун узундугу үч метр, 65 баштуусунуку 2,8 метр, 55 баштуунуку, 2,6 метр болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынын жоондугу — 16 см ге, баш жагы 8 см ге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учуна  кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.

Илгери уукту билегине карата чуңкур казып, ошого коюп, үстүнө таш бастыруучу. Керегелик жыгачты да жерге казып жөлөөчү. Ал көптө барып кургаган. Кургагандан кийин аны бирден алып, кыргыга койгон. (Ат-Башыда ченөөчү жыгачты «бакшы жыгач» — дейт. Ошо менен өлчөп, кереге көктөлөт. Көктөн чыкканда бир аз карайып калган жыгач тарткы аркылуу агартылат.)

УУК БОО — кереге баштардын кайчы чалып, уук менен тыкан байлап беките турган эшилген жип, же аркак салынып, түрдүү жиптен чалынган ичке сызма. Ал уук башындагы көзөнөккө бекитилет, мунун узуну бир метрдей (кулач) келет да, көчкөндө жыйналган ууктардын баштары ушул уук боо менен имере чалына байланат. Уук боого түшүрүлгөн кооздуктар сызмага окшошот.

УУК УЧТУК (уук кап) «Ууктарын учтатып, учу сайын ууктун, учуна манат тыштатып» («Манас»), Топ ууктун учуна кийгизилүүчү кийиз менен таардан ичтелип жасалган баштык (кап). Чечилип жүктөөгө даярдалган боз үйдүн тепетең экиге бөлүнгөн ууктары «уук боо» аркылуу ороло байланат. Көчкөндө уук учтары сынбасы үчүн атайын уук кап тигилген. Мунун узуну бир метрдей, оозунун диаметри… см дей келип, аны беките байлоочу башында топ чачыланган боосу болот. Уздар муну да адими буюмдай кештелеп, бетине кооз оюмдарды жана көчөттөрдү түшүрүшкөн. Ал көчкөндө көч үстүндө көркөм көрүнгөн.

УЗ, УЗЧУЛУК

«Карасам тиктеп алыстан,
Калпагы окшош тоосуна.
Кандай уз тикти болду экен,
Карегим түштү коозуна» (Байдылда).

Бул — көбүнчө аялдардын көркөм буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы, бычмачы, токуучу, өрмөкчү жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын толук сактап кармагандар кирет. Ал кооздолуучу буюм-кечеге аздыр көптүр жаңылыктарды жана толуктоолорду киргизүү менен чебер-аткаруучуларга (шакирттерине) насаатчылык кылат. «Оңунан келген иш эле, Оймоктуудан уз эле» («Манас») деп айтылат.

УЗЧУЛУК — көбүнчө кыз-келиндерибиздин жумшак нерселерди кармоодогу көркөм чеберчилиги. Аларга: оймокчулук, саймачылык, түймөчүлүк, чырмачылык, бычмачылык-тикмечилик, эшмечилик, токуучулук, өрмөкчүлүк өңдүүлөр кирет. Көркөмдүк адамдын бир гана тышкы келбетине же кийимге, таарга, териге кездемеге эле эмес, буюмга да, үй жасалгаларына да тиешелүү касиет. Натыйжада, ар бир адам көркөмдүктү түрдүүчө кабыл алып, ирээттүү жашоого дилгирленет. Элибиздин үрп-адатын, салт-санаасын чагылдырган не бир сонун кооздуктарды жаратууда эзелтен чеберлерибиз карек отун чачыратып келген.

ТҮШКҮН

«Кой башындай коргошун,
Кошо түйгөн түшкүнгө» (Манас).

Бул камчы өрүм. Анын узуну 34— 36 см болуп, муну өрүүдө өрүмчүлөр чеберчиликтен — чеберчиликке көтөрүлөт. Түшкүндү бекитүү өтө жооптуулукту талап кылат. Түшкүндүн чачысынын алдынан, ортосунан жана учунан өрүмү жанбас үчүн чеберлер өзүнчө түйүм берет. Анын узуну 2,5—3 см болот. Мындай камчылар абдан карылуу, камчыланууга да бышык келет. Аны камчынын «сокмогу» деп да атайт. Сокмокко койдун корголундай коргошун түйүп бекиткен усталар да бар.

Мыкты камчыны «булдурсун» деп коет. Аны көбүнчө жоокерчиликте камчылана турган. Ал берки камчыларга караганда түшкүнү да чоң болот. Элик сап, тобулгу сап камчылары кол жеткиздей шөкөттөө менен бирге ага «кош түшкүн» чыгарган чеберлер да жолугат. Айрым жерлерде булдурсун үчүн торпоктун же койдун боор терисинен көк кылып тилип, бекем тартып алып, бир көктү эки тал көктүн арасынан өткөрүп отурат. Анда оң тарабынан да, сол тарабынан да бир көк эки көктүн арасынан өтүп отурат. Түшкүндү кидергиге (сыдыргыга) самындап тартканда тегиз төрт кыр көрүнүп, ал эч качан жанбайт. Түшкүндүн өрүмү өзгөрбөйт. Айтымында, жердеги тебетейин камчы менен илип алганда түшкүнү (өрүмү) ийилип коюучу эмес экен, көк канчалык ипичке тилинсе, көк ошончолук сыйда көрүнөт. Кылдат чеберлер түшкүндүн жанбашы үчүн камчы чачысынын түбүнөн, ортосунан жана учунан түйүм чыгарышкан.

ТҮНДҮК ЖАБУУ

ТҮНДҮК ЖАБУУ — Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2×2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың тумарча кийиз тигилет. Тастар боо түндүктү жаап жана ачып турат. Түндүк жабууну чүпүрөк менен ичтеп, ага кооз шырдак оюму да берилген.

Түндүк жабуунун төрт бурчунун ички тарабына үч бурчтуу кийиз тигилет. Ал «Калтача» деп аталат. Күн жааган чакта үйдүн ичинен бакандын учун киргизип, түндүк жабууну көтөрүүгө шартташкан.

Ак өргөөлөрдүн түндүк жабуусунун ичи адими кездемелерден астарланып, ага да шырдак оюмдарын түшүрүүгө көңүл бурулган. Алсак төрт «табак» же «капкан» оюмдары берилип, мунун ичи төрт «жүрөкчөдөн» турат. Оюмдун төрт жеринен «мүйүз оюму» чыгат да, төрт оюм бири-бирине төрт тарабынан төп жана так тутумдашат. Буга ак-кара, кызыл-көк, кызыл-кара өңдөр мүнөздүү болот.

ТҮНДҮК

«Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, татаалдыгын, сыпаалыгын, жана оордугун аныктайт.

Айрым чеберлердин түндүк узануу дүкөнү — тегерек дөңгөлөк. Оболу, талды, же теректи кыйып келет. Жогоруда айтылгандай, корго салып кызытып алат. Түндүк жыгачы жоон болгондуктан, кызытууга эки-үч саат убакыт кетет. Тигил дөңгөлөк дүкөнүн төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Жаактык жыгачты кызыткандан кийин дөңгөлөккө алып келип чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай кылып, керип бекитилет. Ал бир ай бою жаткан жеринде кургатылат. Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушул ыкма дал өзүндөй кайталанат. Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу ыктымал. Ошентип, түндүктүн тегерегин (айланасын) бүткөндөн кийин анын чамгарагы салынат. Түндүк чамгарагы үч-төрт чыбыктан турат. Анын уук көздөрү тегерете көзөлөт.

Түндүктү жасоодо чеберлер бутагы жок кайыңды да тандашат. Мурун мунун ички бети чабылат. Жай мезгилде отуз күндө жыгач табына келе кургайт да, өзүнүн тезине салынат. Түндүк тези да кайыңдан жасалат. Аны беш-алты киши араң ийип, аркан-кендир менен байлап, башын куушуруп бириктирет. Анан анын сырткы кабыгына аарчып, дагы он беш күнчө кургатылууга коюлат. Көзү да үшкү аркылуу көзөлөт.

Кээ бир түндүкчүлөр буга турпан талды пайдаланат. Аны кыркып келип, жара чаап узундугу 3 метр, кыкка көөмп койсо, жыгач эки күндө былкылдап жибийт. Аны тезге коет. Ага эки-үч адамдын колу керек. Тезден чыккан түндүктү жер казыкка кагып, ошого жатак алдырат. Андан кийин тегиздеп чаап, бурама аркылуу карматып көзөйт. Муну ычытып көзөөчү курал «чулгуур» деп аталат. Уук-кереге жана түндүк кармоо үчүн усталардын дүкөнү болот. Түндүк кармаган адам боз үй жасай алат. Абалы цемент куюп, жаа кылып, чебер аны 180 ошого айлантып коет. Түндүктүк жыгач жарым айда кургатылат. Түндүктүн жарым үлгүсү үч метр болушу керек. Түндүктүн талдын ичке башы сегиз-он см ге барабар. Аны 5—6—8-см кылып, төрт бурчтуу чаап сүрүп, анан «кызытуу» дүкөнүнө салат. Ошондо он алты талды бир салып, эки саат кайнатабыз да, четинен тезге коёбуз.

Түндүктүн жоондугу 28—30 см болушу керек. Чамгарагы үч жарым см, тегереги (диаметри) 11 — 13 см ге барабар келет. Мында алты чамгарак үч-үчтөн кайчыланат. Мунун ар биринин аралыктары 10—13 см болушу тийиш. Ушул түндүк 55—65—75 баш үйлөргө шартташат. Түндүктө эки жарым үлүш жаа бар. Мунун ар бир жаасы үч метрден ченелет. Андагы эки жаанын биригишинде бир метрдей жыгачтын учу эки жаанын катталышы үчүн пайдаланылат. Ошондо эки биригиштин ортосу он см болот. Мында баарын эсептегенде 30 см ичинен биригип турат. Түндүк көздөрүнүн тактыгы жана төптүгү болот. Ар бир көзөнөктүн сырты эки чарчы см, ичи болсо эки жарым чарчы метр, көзөнөктөрдүн арасы, мисалы, 75 баштуу үйдө жети см, 65 баштуусунда сегиз см, 55 баштуусунда 9 см болуп өлчөнүп алынат. Чамгарактары жылдырбай кармашы жана байлашы үчүн үчөөнү бириктирип турган жазы кооз жыгач жаткырылат. Анын узундугу чамгарактын үчөөсүнүн жазысынан бир аз ашып турушу тийиш. Ал 40 см дей келет. Түндүк көзөнөгүнүн ички бетине дат баспас үчүн ортосунан зым уруп да коюшат. Ал уук учунун ичине чыгып кетпейт да, уук учу жакшы көрүнөт.

Көпчүлүк жерлерде түндүктүн негизги жердигин талдан, теректен тандашат. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим түшүрүү нускасы да бар. Түндүктүн чамгарагына кулжанын мүйүзүн, же күмүш чегеленген шакек койгон усталар да элибизге таандык. Түндүк көздөрүнүн ууктун башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө жасалгандар кездешет.

Түндүк жасоонун дагы башкараак мына мындай ыкмасын да айта кетебиз. Муну жасоо үчүн айрым чеберлер кара жыгачты керектөөдө. Анткени, ал абдан катуу келет. Тең жара бөлүнгөн түндүктүн жыгачты узун бочкага төрт сааттай кайнатат. Мында балпылдап жумшарган жыгач кадимки чөп тырмоочу машинанын дөңгөлөгүнө бекитилет. Шамалдуу жайда бир нече күнчө как кургаган соң эки жаак эми үйдүн формасына карай ортосунан кыйыштыра ашталат. Бул жерден чаткалдык түндүк жасоочулар тууралуу да айта кетүү зарыл. Алар ийри кайыңдан кыркып келип, анын кабыгын аарчып, бир жылча эски саманга көөмп, табы келген чакта чабат. Мында беш-алты бөлүктөн турган чабакты бири-бирине жиксиз кынаштыра алып, түндүк жасаганын көрөбүз.

Илгерки чеберлер көлөмүнө карата түз жайга төрт алты балбан казык кагып, түндүктүн жаасын ошого жатак алдырган. Жаа аябай кынапталышы үчүн анын айрым жерлерине жыгач шынаа урулган да, түндүк жаткан жайында кургатылган. Ашталган түндүктүн эки жаасын шакекче аркылуу экиден төрт бурама менен карматылат. Түндүк көзүнүн аралыгы төрт см ден болот. Ал 22—23 мм болгон кол бургу аркылуу көзөлөт. Төрт чарчы болуп, уук учтары сайылат. Мында уук имерилбейт. Шамалда түндүк айланбай, бири-бирине тирешип, туруктуу абалды сактоо үчүн мунун беш көзүн оңго, бешөөн солго бурай көзөйт. Мурда азыркыдай техникалык жарак-жабдыктар дээрлик жок кезде түндүктүн бөлүктөрүн кумдуу кийиз менен жылмалоочу. Азыркы чеберлер кагаз өгөөнү пайдаланышат. Түндүккө да кол жеткиздей көркөм көрчөгөрлөр урулат.

Усталар түндүккө түбүнөн түз чыккан жоон талдарды тандашат. Мында да жерден килемче болуп чыккан тал табылгыс жердик болот. Түндүктү усталар эки-үч бөлүккө бөлүп ийип жүрөт. Муну антип кургатып олтурбайт. Илгери түндүктүн айланасын жерге чийип алып, аркы-терки казык урулган. Түндүктүн жыгачты «корго» алып, казыктардын арасында ийилип, ошол жактан жайында кургатылган. Эми болсо түндүктүн додей жер казып алып, ороо кылып, айланага ийип коюп, ошол бойдон кургатат. Ийине келе кургаган эки-үч жааны алып туруп, бири-бирине кынап, кадоо аркылуу бекитилет. Илгерки чеберлер шири коюп, чылгый көк менен таңганда, ал катып, укмуштай бек болгон. («Катуулугу ширидей» деген сөз бар.)

Темирден жасалган төрт кырдуу, учу учтуу, жыгачты көзөй турган курал «чулгуур» менен түндүк тешиктери көзөлөт. Мунун эки-үч түрү болот, биринчиси, из, кичине тешик салып кетет; экинчиси, ал изди чоңойтот; кеңейтип кетет, үчүнчүсү, ууктун учу баткандай көзөйт. Буларды биринен сала бирин отто ысытып туруу керек. Мында түндүктүн тешиктери уук сайылган тараптан баштап, ички бетине чейинки жантаймалуулугу 45° га барабар болот.

Түндүктүн жыгачы кайыңдан да, кара талдан да, өрүктөн да тандалат. Мунун жоондугу бирдей болот. Ал эки кыйыктан (бөлүк) турат. Талдан жасалган түндүк жеңил көрүнөт. Кайыңдын түндүгү, кара жыгачтын түндүгү салмактуу келет. Ошол түндүктү «тепме түндүк» дейбиз. Ага уук да жакшы сайылат. Муну кыйып келээри менен аарчый коюп, сомдоп кургатып алып, он күндөй сууга салсаң ным араң өтөт. Корго салаарың менен чөп тырмоонун дөңгөлөгүнө жатак алдырат. Ал бир айда барып кургайт. Түндүк боз үйдүн өлчөмүнө карата аныкталат. 80 баш үйдүн түндүгүнүн айланасы 4 метр 80 см, 60 баш үйдүн түндүгү 4 метр 20 см болот. Мунсуз үйдүн сыны чыкпайт.

ТҮЙМӨ

ТҮЙМӨ — боелгон түркүн жүн жиптен жасалган чачы, кооздук. Түймө (чачык өнөрү) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Чачык — боелгон жүн жиптен жасалган буюмдар. Мунун «чаян түйүш», «кылыч байлоо», «өрмө чачы», «түймө чачы», «төкмө чачы», «иймек чачы», «илмек чачы» сыяктуу ыкмалар бар. Боз үйдүн «тегиричине», «аяк капка», «күзгү капка» жана «секичекке», «чыгданга» жана ушул өңдүү буюмдарга да таандык чачыктын өзүнчө түрлөрү болот. Элдик өнөрдүн бул түрүндө «түйүү», «тордоо», «чачылоо» жана «чалуу» деген терминдер алмак салмак айтылат. Түймөчүлүктүн жүзөгө ашкан түрүн элибизде «чачык» деп аташат. Ал «төкмө чачы», «түймө чачы» болуп экиге бөлүнөт. Мунун негизги жери жүн.