Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздардын ар бир уруусунун — бугу, дөөлөс, саяк, коңурат, катаган, мундуз, моңолдор, саруу, басыз ж.б., башкаруучу бийлери болгону менен, жалпысынан аларга Боронбай манап өмүрүнүн акырына чейин жетекчилик кылган. Ал абдан калыс, бардык урууларды тең санаган адам болгондуктан, бугуларга тиешелүү Ысык-Көл өрөөнүнө ооп келген элге жер берип, аларды кодулабай бооруна тартып, бардыгын бир жерде жашаган адамдар деп эсептеп, биримдикте, ынтымакта кармап келген. Ошондуктан аны көл өрөөнүндөгү эл башкы манабыбыз (хан, султан, төрө даражасы менен барабар бийлик даражасы) деп эсептешкен.
Monthly Archives: Октябрь 2017
ТИЛЕКМАТ АКЕНИН ТЕК-НАСИЛИ
Тилекмат акенин тек-дареги жөнүндөгү маалыматтар оозеки айтылып келе жаткан санжыраларда гана кездешет. Ал тууралуу (тек-дареги тууралуу) өз мезгилинде жазылып калган юридикалык документтер жок.
Санжыра демекчи, ал — кыргыз элинде оозеки тарых. Оозеки тарыхта кыргыз элинин байыртан бери башынан өткөргөн жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адаты, башка элдер менен карым-катышы, эл ичинен чыккан өнөрпоздор — манасчылар, жомокчулар, акындар, ойчулдар, акылмандар, баатырлар, билермандар, эл башкаруучулар ж.б. жөнүндө айтылып келе жаткан өтө эле көп маалыматтар, уламыштар кездешет. Continue reading
ТИЛЕКМАТ АКЕ
Тилекмат Аке жөнүндө 1950-жылдарда айылыбыздагы карыялардан чоң санжырачы, кошунам Садык атадан укчумун. 1972-жылы Шалба (азыркы Тилекмат) айылына барып, Акенин жаткан жайын көргөм. Бейити, коргону түзгө айланып, жалпак бышкан кирпичтердин сыныктары жер менен жер болуптур. Карыялар: «Коргондун кирпичтерин сарттар Акдөбөнүн тушунан көлдү кечип барып алышканын аталарыбыз айтчу эле» — деп кеп салышты. Continue reading
САДЫР АКЕ
Макалада инсандын теги, XIX кылымдын жарымынан XX кылымдын башында коомго аралашып, чындыкты түз беке айткан фактылары, калыс болуп элдик инсан болгону далилдүү даректер менен берилет. Ошондой эле Мамлекеттик чегара бөлүшүүдөгү дипломаттык багытта барандуу кызмат өтөгөнү белгиленет. Continue reading
КЫДЫР АКЕНИН ОСУЯТЫ
Ысык-Көлдүн Акелеринин кичүүсү Кыдыр Аке эки доордо өмүр сүрүп, экөөндө тең эл-журтуна кадыр-барктуу болгону менен айырмаланат. Кыдыр Кылжырдын Орозбактысынын беш мырзасынын Сейитказысынын бешинчи мууну. Түлөберди бабасынан Эренче аттуу колго түшкөн калмак кыздан Олжобай төрөлгөн [1, 8-б]. Олжобайдан Байсары, Токсоба. Токсобанын Миңжылкы аттуу баласы аттан жыгылып, каза таап, күйүттөн аялы Каным кийин төрөбөй калат. Кайнагасы Байсарыдан Кыдырды багып алышкандыгы — жеңеси Даананын сабырдуулугу, айкөлдүгү, ата-бабабыздан калган аялзатынын бир өзгөчө айтылчу салты. Continue reading
ЧАЧЫК
ЧАЧЫК — элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Ал эки ыкма менен жүзөгө ашат. Түймө чачыны керип алып, бир баштан түйүүнү бир эле уз аткарат. «Төкмө чачыга» эки же андан ашуун адамдын колу тиет. Бирөө чачыктын эришин эпилдетип өткөрсө, беркиси катуу чыйратылган жипти калыбынан жылдырбай өткөрүп турат. Ошентип, чыйратуусу келишкен жип тегиз селкилдеп, төкмө чачысы көңүлгө тойгондой элести тартуулайт. Төкмө чачыда «чок» болбойт.
Түймө чачыны да кылдырооч «тегирич» үчүн пайдаланабыз. Муну колу билгендер түрлөнтүп жиберишет. Албетте, мында түймөчүлөрдүн ыкмалары бири- биринен айырмаланат. Мурунку уздардын уздануу ыкмаларынын бөтөнчөлүктөрүнүн бири саймаланган түймө чачыга шуру да өткөрүшкөн. Андай кооз буюмдарды айыл арасынан азыр да кездештиребиз. Түймө чачыны жасоодо түймөчүлөр ар бири үчтөн тал жипти он төрт жолу чалып, кырк эки тал жипти жаңылбай түйүп, анын торчосуна сегиз тал жип колдонушат.
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА-САЛТТАРЫ
Кыргыз элинин калыптануу процесси өтө татаал жана эки миң жылдан ашуун убакытка созулган. Кыргыз эли этнос болуп калыптангандан бери тарыхтын татаал жолунан басып өтсө да, улут катары өзүнчө өзгөчөлүктөрүн сактап, бүгүнкү күндө өз маданиятына, руханий байлыгына ээ көз карандысыз эгемендүү мамлекетке айланды.
Өзгөчөлүктөр дегенибиз эле ошол улуттун тили, дини, каада-салты эмеспи. Башка элдерден кыргыздар бай маданий мурасы жана өзүнө гана тиешелүү каада-салты менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз илгертен өзүнүн турмуштук түшүнүктөрүн, дүйнө таанымын билдирген элдик каада-салттарды, үрп-адат, ырым-жырымдарды жаратты. Бирок эгемендүүлүккө ээ болгонго чейин учурунда айрым саясий көз караштардын таасирине кабылып, бир топ өзгөрүүлөргө, жаңыланууга дуушар болду. Continue reading
ЧАЧПАПИК
«Эңкейсе эрке чайпалган, күбөңдү сагындым» (Аалы).
Бул — азем буюмунун бир түрү. Бапик анын коюу төкмө чачыларынан улам айтылат. Чолпунун бир түрү. «Күбөк» деп да аталат. Ал да кол жеткиздей кооз жасалат. Күбөктү кармоонун өзүнчө таасын ыкмасы бар. Чачта анын өтө эле келишимдүү көрүнө турган кооздуктары өзү эле баамдалат. Бул азем буюм Талас, Кетмен-Төбө, Ала-Бука, Чаткал, Аксы тараптагы жашаган элдерде көп кездешет. Күбөктүн күмүштөн болгон түрү конустай, же көмкөрүлгөн калпакчадай көрүнөт да, мунун бетине чийим түшөт. Ага сөзсүз себет жугузат. Ал оюмдар «карга тырмактанат» «кыялданып» кетет. Кебезден, жүндөн ийрилген жип чыйрак чыйратылып, челденип, топ чачыланып, зердин көңдөйүнө бекитилет. Анын сыртынан шуруларды, мончокторду сеңселтип коюуга болот.
ЧАЧКАП
«Чачкап таккан чачыңан.
Үргүлөйүн ай тамак» (эл ыры).
Бул — азем буюмдардын бири. Ал чолпу менен чач учтукту жаап, чачты чаңдан сактап, кооздук үчүн тагылат. Анын жердиги, кара, кызыл, жашыл, көк өңдөгү тас баркуттан тандалат да, эки өрүм чачка чакталып жасалган. Мунун бетине түшкөн көркөм шөкөттөр да ар кандай болот. Түшкөн көрчөгөлөрдүн формасы түрдөнүп, сайма көчөтү сымал алмаша чегеленет. Чач кептин учу төкмө чачыланат. Анан бой тумар сыяктуу төрт чарчы чач кептин туура эниндей күмүш тактача кадалат. Анын бети оймо-чиймеленип кетет. Андан өйдө көркөм калыптан чыккан, же кайчыланып жасалган жука жана майда шөкөттөр үч-төрт катар аземделе чөгөрүлөт. Чач кептин башына кайрадан жазы тактача күмүштөр бекитилет да, анын өзүнчө кооздугу бар. Орточо чачкаптын узундугу — 40—50 см дей, туурасы 15 см дей келет да, «аркалык» деп күмүштөн чабылган көркөмдүктү аягына тагат. Анын өйдө жагы төрт каттала узунунан шуруланат. Андан өйдөсүнө чегеленген («чеге» деген «чегелөө» дегенден чыккан) кооздук менен седептер орун алат да, өйдө жагы чачка тагылат. Чач каптын үч чогунун узундугу беш см дей келип, шурулана чачыланат.
ЧАЧПАК
«Күмүштөн чачпак сооруңда,
Күлгөнүң турат оюмда» (Боогачы).
Бул — зер буюму. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн тагынган кооз жасалгасы, чолпунун бир түрү. Ал үч бөлүктөн турат: башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кооздуктар тагылган тарабы) жана учу (чачы). Азем көркөмдүктөр кадалган жагы. Чачпактын жасалышы боюнча ар бир элдин жекече маданий өзгөчөлүктөрү байкалып турат