Monthly Archives: Декабрь 2017

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСЫЛДЫК

АСЫЛДЫК — эстетикалык баалуулукка ээ көрүнүштөрдү мүнөздөөчү түшүнүк (категория). Бул түшүнүк «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылып, анда реалдуу чындыкка, 6. а. жаратылыштагы, социалдык чөйрөдөгү, адамдардын өз ара мамилелериндеги түрдүү көрүнүштөргө элдин оң баасы камтылган. В. Г. Чернышевскийдин сөзү менен айтканда: «Асылдык — бул турмуш» (Эстетика, М., 1958, 55-б.) жана оомалуу-төкмөлүү бул жашоонун өзүн адамдар асыл нерсе катары баалашат. А. реалдуу, бирок, ар бир тарыхый конкреттүү турмуштук шарттарда ар башкача кабылданат, башкача айтканда ошол шарттардын өзү тигил же бул кубулушту эстетикалык же эстетикалык эмес, асыл же асыл эмес деп аныктайт. Эгерде предмет, кубулуш биздин түшүнүгүбүздү көрсөтсө жана алар чыныгы турмушту, анын кандайча болуу керек экендигинин образдык чагылышын билдирсе, демек, ал — асыл. «Манас» эпосу күбөлөп тургандай өткөн мезгилдердеги жашоонун, турмуштун оор шарттары, социалдык эзүү, тынымсыз согуштардагы бүлгүндөр кыргыз элинин асылдыкка, сулуулукка умтулушун, аларга болгон кызыгуусун басып коё алган эмес. Муну эпостун текстинде учураган А. түшүнүгү негизин түзгөн сонун, сулуу, асем, кооз, көркөм деген сөздөр да ырастайт. А. түшүнүгү предметтердин жана кубулуштардын маңыздык ички курулушун жана касиеттерин, алардагы мыйзам ченемдүү байланыштарды ачьш көрсөтөт. Маселен, эпостогу каармандардын мүнөздөрү, эрдиги, эл-жерине болгон сүйүүсү, чыныгы достук, таза махабаты жан дүйнөнү тазартып, жаркыратып турушу, алардын асыл көрүнүштөр экендигинин белгиси. Ошондой эле акыйкаттык, эркиндик, жакшылык сыяктуу рухий жактан бөтөнчө мазмунга ээ түшүнүктөр да А-ка жатат. Эпосто элдин өсүп-өнгөн, туулган жерине, ата-журттун ажайып кооздугуна, аны мекендеген жан-жаныбарларга түрдүү оюн-зоокторго, жоо-жарактарга болгон эстетикалык мамилесинде элдин А. тууралуу түшүнүктөрү иштелип чыккан. Эпосто Манас баатырдын төрөлүшү да асыл көрүнүш катары кабылданат. Мунун себеби, биринчиден, чачылган элди баш коштуруп бириктире турган, душманга намыс алдырбаган эр-азаматтардын туулушун эңсеген элдин тилегинин ишке ашкандыгында. Экинчиден, Манас, Семетей, Сейтектин укмуштуудай сырдуу жышаан менен жаралып, жарык дүйнөгө келиши, бала чагынан баатырдык ишке ынтызарлыгы, кудуреттүү колдоочуларга ээ болушу да алардагы асыл сапаттар катары мүнөздөлөт. Үчүнчүдөн кырчылдашкан кандуу кармашта мертиниши же сырдуу себептер менен кайып болуп кетиши А-тын баалуулугун, түбөлүктүүлүгүн көрсөтөт. Эпосто Манас айкөл, кабылан, арстан, асыл деп сыпатталып, анын артыкча асыл сапаттарга ээ экендиги айгинеленет. Манастын өзүнө ылайык жоо кийими, курал- жарагы бар. Эпосто баяндалгандай жоокерчилик доордогу согуштарда, салгылашууларда, негизинен, найза, кылыч, чокмор жана башкалар куралдар колдонулуп, аны пайдаланууда эптүүлүк жана зор кара күч талап кылынган. Мында найза канчалык узун, жоон, кылыч канчалык оор болсо душманга ошончолук коркунучтуу болгон. Ал куралды алып жүргөн каарман ошончолук сүрдүү көрүнгөн. Мына ушулардын бардыгы тарыхый жактан шартталып, элдин түшүнүгүндө А-ты туюнтуучу мааниге ээ болуп калган. Эпостун оң каармандарынын адамдык мыкты сапаттары (айкөлдүк, берешендик, кең пейилдик, ак санатайлык, ишмердүүлүк, чеберчилик жана башкалар) дээрлик асыл көрүнүштөр катары сүрөттөлөт. Илгертен бери эле кыргыздардын түшүнүгүндө Ай менен Күн, Асман менен Жер өтө ыйык нерсе катары аздектелип, асыл көрүнүш катары орун алган. Бул асыресе, элдин фетиштик, магиялык, мифтик түшүнүктөрү менен да белгилүү даражада байланышып турат. Эпикалык чыгармаларда бул түшүнүктөр поэтикалык планда туюнтулуп, өзүнүн башкы каарманын элестүү сыпаттап сүрөттөө элдин идеалына туура келген, башкача айтканда өз түшүнүмдөрүндө сүйүктүү баатырларын (Манас, Алмамбет, Семетей) асылдардын асылы, мыктылардын мыктысы катары көрсөтүүгө умтулушкан. Ошондуктан, Манас сыяктуу эле Семетей да «Ай менен Күндүн жаркынынан», «Ай алдында булуттун салкынынан», «Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн», «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн» жаралат. Алтын менен күмүштүн өзү асыл, Ай менен Күндүн өзү асыл, асман менен жер асыл, ушундай асыл нерседен жаралган нерсе да — асыл. Эпосто аял затынын асылдыгы жөнүндө да «сулуу», «көркөм», «асем» деген сыпаттоолор негизинен элдик идеалдарды алып жүрүүчү аял каармандарга колдонулат. Эпосто Каныкейдин руханий сулуулугу (аял заттын нурдуусу, ыктуусу, мыктысы) өңү-түсүнүн сулуулугу, керме кашы, узун чачы, келишимдүү өңүнө, сымбаттуу тулку боюна адамгерчилиги, иш билгилиги, уздугу, керек болсо баатырдыгы да шайкеш келип, эстетикалык таасирдүүлүктү, сулуулукту жараткан. Эпосто аялдардын сулуулугу «ак», «кызыл» деген эпитеттер аркылуу да берилет. «Ак» деген сөз белгилүү даражада таза, тунук, нукура дегендикти туюнтуу менен негизинен А-ты билгизип турат. Эпосто аял каармандардын келбетин сүрөттөөдө «кызыл» деген сөз да арбын колдонулат. Элдин кылымдар бою калыптанган түшүнүгүндө беттин кызылы — кан, адамдардын оору-сыркоодон, илдеттен алыс экендигинин белгиси катары кабылдангандыктан, аялдын көңүлү куунак болуп, жамалын кызыл нур чалып турса, ал бөтөнчө сүйкүм, сулуу көрүнгөн. Адатта аялзатынын сулуулугун сүрөттөөдө боёк жаратылыш көрүнүштөрүнөн алынган. Мисалы, Айчүрөктү сыпаттоодо актыгын көбүк карга, чачы, тиши берметке салыштырылат. Өндүрүш каражаттарынын, эмгек куралдарынын өтө эле жөнөкөйлүгү адамдардын жаратылыштын даяр беренелерин пайдаланууга, жашоого ыңгайлуу жер издөөгө мажбурлаган. Малга жай, жер-жемиши төгүлгөн, кайберен-илбээсиндерге бай жерлер жашоо үчүн өтө ыңгайлуу келип, адамдарды өзүнө тартып турат. «Манас» эпосунда деги эле жаратылыштын байлыктары менен табияттын кооз көрүнүштөрү ажырагыс биримдикте каралып, мындай жерлерде жашоо жыргал катары белгиленет. Мисалы, Таластын көркү сүрөттөлгөн жерде аны туура эле «жыргалдуу Кең-Кол, кең Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы», болбосо Талас «бөтөнчө бейиш жер келет», — деп мүнөздөлөт. Мындай асыл көрүнүштөр адамдардын материалдык гана эмес, алардын рухий таламдарын да канааттандырат:

Кермеге күлүк сергитип,

Байлап жатчу жер экен,

Күн тамаша, түн оюн,

Жайлап жатчу жер экен,

Коштоп кийип суусар бөрк,

Ыргап жатчу жер экен,

Кунан минип, куш салып

Жыргап жатчу жер экен (Курама варианты, 2, 52). Демек, жердин асылдыгы, кооздугу жалаң гана материалдык кенчинде эмес, ал жерде жашоонун көңүлдүү, шаттуу, эркин, бакыбат экендигине да байланыштуу. Мындайча алганда, эпостогу кеңири сүрөттөлгөн оюн-зоок, таң-тамашалар (Көкөтөйдүн ашындагы түркүн мелдештер) элдин бакыбат жашоосунан, бактылуу турмушунан кабар берүү менен элдин түшүнүгүндө өзүнө А-ты да камтыйт. Элдин эмгек ишмердүүлүгүн таасын айгинелеген мүнүшкөрдүк, мергенчилик, саяпкерлик, аңчылык жан багуунун амалы, көңүлдүү жашоонун ыңгайы катары өтө маанилүү. Эпосто жаратылыш кооздугу туурасында кеп болгондо анда элдин жаныбарлар дүйнөсүнө мамилеси да көрүнөт. Аялдардын сулуулугун сыпаттоодо да аларды өздөрү асыл, сулуу деп эсептеген жаныбарларга салыштырат (бото көз, кой көз, аркардай, ак куудай, чүрөктөй, кундуздай, калтардай жана башкалар). Жаныбарлардын ичинен кыргыздар жылкы баласын бөтөнчө кастарлап келишкен. Жылкы минерине унаа, ичерине кымыз, жээрине тамак болуп, жоокерчилик доордогу жашоонун маанилүү өбөлгөсү болгон. Жылкынын пири Камбар атаны ыйык тутуп, чыгаан күлүктөрдү Камбар атанын тукуму дешкен. Эпосто ар бир каармандын өзүнө ылайык тулпары бар: Манастыкы — Аккула, Алмамбеттики — Сарала, Коңурбайдыкы — Алгара, Жолойдуку — Ачбуудан жана башкалар Өз тулпарын минип жүргөн баатыр жоого тартынбай кирет, душманды кууса жетип, качса кутулат. Бекеринен Аккула окко учканда жөө калган Манас Таластан Тайбуурул келгенче башына «мээнеттүү канча күн түшүп, бек кейип» турбайт. Эпосто тулпарлардын өзгөчө касиеттерин — чаалыгып-чарчабастыгы, жел жетпеген күлүктүгү, ар тулпардын өзүнө гана таандык көркөм келбети зор ынтаа менен сүрөттөлүп, асыл сапат катары бааланат. Элдин эпостон орун алган эстетикалык түшүнүктөрү жаратылышка, тууган жерге болгон сүйүүсү, турмуштагы, жүрүш-туруштарындагы, өз ара мамилелериндеги аздектелген А., сулуулук жөнүндөгү түшүнүктөрү материалдык жана рухий турмушунун практикалык натыйжасы болуп саналат.

О. Исмаилов

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСТРОНОМИЯ

АСТРОНОМИЯ — асман телолору, жалпы эле ааламдын түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндө илим. Байыртан баштап эле кыргыздарды көмкөрүлүп турган көк асмандын сулуулугу дайыма суктантып келген. Мында бөтөнчө асмандын түнкү көрүнүшү адамдын, айрыкча, акындардын назарын өзүнө буруп, өзгөчө

шыктануунун булагына, эстетикалык предметке айланган. «Манас» эпосундагы эл сүйгөн баатыр Манас асмандагы Айга, Күнгө теңештирилип сүрөттөлөт:

Асман менен Жериңдин,

Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Айың менен Күнүңдүн,

Бир өзүнөн бүткөндөй.

Асмандагы Ай-Күндүн,

Жаркынынан бүткөндөй (Сагымбай Орозбаков, 2. 148). Манастын сымбатына карата салыштыруунун эң элестүү үлгүлөрү берилет да, анын элеси Аалам Жер менен ажырагыс экендигин айгинелеп турат. Аалам түзүлүшү менен кооз. «Манас» эпосунда Каныкейдин келбети:

Ай чырайлуу, бото көз, Кызыл жүзү нурданган. Кыпча бели буралган, Кырк бир кыздын ичинен Артык турат жылдызы (Сагымбай Орозбаков, 23. 54), —деп ааламдын атрибуту болгон Айга салыштырылат. Жылдыздар сыйкырдуу, асманда канча жылдыз болсо, жер жүзүндө ошончо адам жашайт; ар бир адамдын өзүнө гана таандык жылдызы бар, нак ошол жылдыздан пайда болгон учурунда жанды алып келип денеге киргизип кетет имиш; көктөн учуп түшкөн жылдыз, жердеги кишинин өлгөнүн билдирет деген ишенчээк түшүнүк «Манас» эпосунда туусун колдон алдырып, жеңилип, баш ийген душмандарын: «Капырлардын бу күндө Башынан качып сыймыгы Жерге түштү жылдызы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 291),— деп кулаган жылдыздарга теңешкен.

А. Байбосунов

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

«Манас» эпосу бир эле кылымдын же бир эле доордун көркөм эстелиги эмес. Эпосто кыргыз элинин басып өткөн узак жана татаал тарыхый жолу көркөм чагылдырылып, көптөгөн доорлордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кеңири баяндалган. Анын татаал тутумунда А. д. мезгилинин олуттуу белгилеринин орун алышы талашсыз далил. А. д. доору уруулук-аталык түзүлүш ыдырай баштаган мезгилге туура келет. Бул доорго мүнөздүү салттар жөнүндөгү даректер көптөгөн тарыхый эстеликтерде бар. Ошондой эле элдик оозеки адабиятта баатырдык эпостон да кеңири орун алган. Ф. Энгельс байыркы гректердин баатырдык эпосунун гүлдөгөн мезгили варвардыктын жогорку баскычына туура келерин көрсөтөт. Ал эми К. Маркс болсо жоокерлик мезгилде афиналыктарда бийликтин үч органы: 1) жолбашчылардын кеңеши; 2) элдик чогулуш (агора); 3) аскердик жолбашчы (басилевс) болгондугун далилдейт. «Манас» эпосунда да А. днын бир катар белгилеринин бар экендигин ачык көрөбүз. «Манас» эпосунун идеялык мазмунун аныктаган негизги маанилүү бөлүк болуп саналган «Чоң казат» бөлүмүнөн К. Маркс белгилеген бийликтин үч органын жолуктурабыз. 1. Уруу башчыларынын же аскердик аксакалдардын кеңеши. Эпосто көптөгөн уруулар аталып ар бир уруунун уруу башчысы бар. Мисалы, Манас өзү ногой уруусунан, Акбалта — нойгут, Кошой — катаган жана башкалар. Олуттуу маселелер алгач уруу башчыларынын же аксакалдардын кеңешинде каралып, анан бир чечимге келишет. Мисалы, Манас уруу башчылары менен кеңешип, алар макул болгондон кийин Бээжинге казат жасайт. 2. Элдик жыйын. Уруу башчыларынын бүтүмү жалпы элге, кошунга (колго) салынат. Эпосто ар бир уруу башчысынын өзүнүн эли, уруусу, кошуну (колу) бар. Бээжинге казат жасоо жөнүндөгү бүтүм жалпы элге же кошундарга жарыяланат. Алардын каалоосу, эрки менен эсептешет. Зордоо, күчкө салуу жок экени Манастын Бээжинге казат жасар алдындагы колго кайрылуусунан көрүнөт:

Атым арык дегениң

Азыр кайткын үйүңө,

Өзүм жалгыз дегениң

Эми кеткин үйүңө (Саякбай Каралаев,2.80).

  1. Аскердик жол башчы. Жортуулга аттанар алдында согуштук колбашчы же аскер башчы дайындалат. Аскер башчынын бардык буйругун жортуулга катышкан ар бир жоокер аткарууга милдеттүү. Аскер башчынын бийлиги бекем, чексиз. «Манас» эпосунда адегенде Бакай аскер башчы болуп шайланат. Бирок, аскердик тартипти бекем кармай албагандыктан, кийин аскер башчылыкты Алмамбетке ыйгарышат. Аскер башчы өтө жөндөмдүү, кошундар арасына барктуу, согуштук стратегияны жана тактиканы мыкты билген адам болууга тийиш. Алмамбет ушул сапаттардын баарына ээ. А. д-га мүнөздүү болгон согуштук стратегиянын жана тактиканын айрым белгилерин «Манас» эпосунан учуратабыз. Эпосто кошунду онго, жүзгө, миңге, түмөнгө бөлүү салты да баяндалат:

Онун санап өтүптүр,

Он кишиге бир киши,

Он башы коюп кетиптир…

Жүзүн санап алганы

Жүз адамга бир адам

Жүз башы коюп салганы (Сагымбай Орозбаков, 4.

124).

Манас баатыр өзү да он башы Тазбайматка баш ийип келет. Элдин зсебин алган кезде Байматтын бир кишиси жок болуп чыгат. Алмамбет каарданып Байматты жазаламак болот. Көрсө Баймат Манасты унутуп калыптыр. Ушундан улам «Манасты унуткандай» деген ылакап сөз тараган. А. д. мезгилинде согуш жан багуунун, «элдик турмуштун кадыресе функциясы болуп калат» (Ф. Энгельс). Бытыранды майда уруулар аргасыз биригип, өзүнчө эл болуп түзүлүүгө мүмкүнчүлүк алат. «Манас» эпосунда «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген ыр саптары өтө арбын жолугат. Майда, бытыранды урууларды бириктирүү эпостун негизги темаларынын бири. А. д-нын дагы бир белгиси — Манас баатырдын кан шайланышы. Уруу башчылары адегенде кеңешип Манасты кан көтөрүшөт да, анан бүтүмдү жалпы элге салат:

Кары-жашы күңгүрлөп,

Каныбыз Манас болду деп,

Калктын баары дүңгүрлөп,

Көпчүлүк топук алганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 285).

«Айкөл эрди ошондо, Ай талаада калайык Кан көтөрүп салды эми» (Саякбай Каралаев, 1. 215). Эпосто жоокерчилик доор, ошол кездеги стратегия менен тактика, адамдардын согуш учурундагы карым-катнаш мамилелери да реалдуу көркөм баяндалган.

С. Бегалиев

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ — аскердик демократия учурунда уруу союздарынын бийлик жүргүзүүчү уюму. Жоокерчилик доорлордун мүнөздүү салттары тарыхта гана сакталбастан, элдин оозеки чыгармачылыгында, айрыкча баатырдык эпосторунда кеңири сакталган. Элдик эпостордо бийликти жол башчылардын кеңеши — элдик чогулуш, аскердик жол башчы жүргүзгөндүгү чагылдырылган. К. Маркс баатырдык мезгилде афиналык грек урууларында бийликтин координацияланган үч органы: 1) жолбашчылардын кеңеши, 2) элдик чогулуш (агора), 3) аскердик жолбашчы (басилевс) болгондугун белгилейт. Афиналыктардай америкалык ирокез урууларында да бийликтин үч органы мүнөздүү болгондугун Ф. Энгельс аныктайт. «Манас» эпопеясынын сюжеттик системасынан да жоокерчилик доорго мүнөздүү болгон бийликтин координацияланган үч органын жолуктурабыз: 1) Уруу башчыларынын же аксакалдарынын кеңеши, 2) Элдик жыйын, 3) Аскердик жол башчы, к. Аскеодик демократия.

С. Алиев

АСКЕР

АСКЕР — эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштар эле эмес, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген адамдар катышат да:

Найзанын учу жылтылдап,

Аскердин башы кылкылдап,

Асаба, туусу жалпылдап,

Аргымак аттар алкылдап,

Алтындуу тондор жаркылдап

Жер жайнаган көпчүлүк…

Калкандын баары калкылдап

Каруу-жарак жаркылдап (Сагымбай Орозбаков, 4.160), шаңдуу көрүнгөн кыргыз жоокерлеринин эл таламын коргоп күрөшкөн иш-аракети элестүү сүрөттөлөт, к. Кошун.

С. Алиев

АСА, АСА ТАЯК

АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак чыккан (Куран, 2-, 20-, 26-сүрөөлөр) сопу дербиштердин, думаналардын, эшендердин «касиеттүү» таягы. А. таяк абели бадалынан жасалып, шалдырак-шулдурактар тагылат. Элдин түшүнүгүндө А. таяк аруу, касиеттүү, аскеттик (такыба) жашоо мүнөзүнүн заттык белгиси, аяны катары элестетилген. Элдик оозеки чыгармачылыкта, анын ичинде «Манаста» А. таяк думана болуп жер кезгендердин ажырагыс буюму катары кызмат кылат. Эпосто мусулман мифологиясынын кеңири белгилүү кейипкери Кызыр дайыма «аса таяк колунда» (Саякбай Каралаев, 1. 222) жүрөт. Элдин азаттык ой чабыты чагылдырылган эпизоддордун биринде сегиз жашар Манастын тентек чыкканы: «Дубана көрсө уруптур, Асасын тартып алыптыр, Азапка бөөдө салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90),— деп баяндалат.

Т. Чороев

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек (1928, Фрунзе, Сокулук району, Саз айылы) — адабиятчы, адабий сынчы, филология илимдеринин доктору (1991), «Манас» эпосунун китебин түзүүчү. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1950). 1953жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кенже илимий, 1955-жылдан улук илимий кызматкер, 1956-жылдан директордун орун басары, 1963-жылдан улук илимий кызматкер, 1981-жылдан сектордун башчысы, 1988-жылдан жетектөөнү илимий кызматкер, 1991-жылдан башкы илимий кызматкер болуп эмгектенүүдө.

Кыргыз прозасынын проблемалары жөнүндөгү изилдөөлөрү менен бирге «Манас» эпосун чыгарууга да үлүш кошкон. Эпостун Курама вариантынын редколлегиясынын мүчөсү жана «Сейтек» бөлүмүнүн «Кириш сөзүн» жазган.

АСАНБАЕВ Мамбет

АСАНБАЕВ Мамбет (1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРннин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун ойногон жана бир нече кинофильмге тартылган. Ж. Садыковдун үчилтик драмасында Нескаранын («Айкөл Манас», 1990), Кыргылчалдын («Манастын уулу Семетей»; 1982), Чалдын («Сейтек»; 1987) образын түзгөн.

АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ — кейипкер. Мамбет Чокморовдун вариантында Манастын эң түпкү чоң аталарынын бири, жер кезип жүргөн көзү ачык олуя. Ал Манас туула электен алда качан мурун анын келечектеги тагдыры жөнүндө алдын ала айтат. Өз уулу Ногойдун турмушунда да көзү ачык олуя катары көрүнүктүү роль ойнойт. А. к. кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринин оозеки чыгармаларында легендарлуу ойчул, сынчы, акылман. Ал өзүнүн элинин бейпил, жыргал турмушта жашашы үчүн кереметтүү өлкө Жер-Уюкту издеп жер кезет. Дүйнөдөгү мүлдө жан-жаныбар жөнүндө:

Боорунда буту жок,

Жылан байкуш кантти экен?

Куйругу жок, жалы жок

Кулан байкуш кантти экен? (МЧВ, Кол жазмалар фондусу, 5116-инв., 2-б.),— деп боору ооруп, ойго батат. Ушундан улам элде өзүнөк-өзү санаага баткан адамдарга карата А. к-чы деген ылакап айтылат. Тарыхта А. к. 14 — 15-к-дын аралыгында Алтын-Ордонун тегерегинде жашаганы болжолдонот. Өз мезгилинин белгилүү инсаны болуп, ишмердиги эл ичинде аңыз сөзгө айланышы, анын «Манаска» да кейипкер катары катышышын шарттаган.

С.Алиев