Monthly Archives: Октябрь 2018

«Көк бөрүнүн» экинчи бөлүгү тартылышы мүмкүн. «Көк бөрү» тасмасы тууралуу фактылар.

Азыркы тапта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлүп жаткан Көк бөрү кинотасмасы тууралуу фактыларды сунуштайбыз.

  • Тасманын бюджети 30 млн сомду түзгөн.  Мынча каражатты тартуучу топ өзүлөрү табышкан.  Салыштыра кетсек мамлекет кино тартуу үчүн жылына 20 млн сом бөлөт. 
  • Сценарийин тасманын режиссёру Руслан Акун 9 айдын ичинде жазып бүткөн. Чындыкка жакын болуш үчүн атайын топ түзүлүп көк бөрү оюну боюнча иликтөө жүргүзүлгөн. 
  • Тасманын даярдалышына баш аягы 1,5 жыл сарпталып, тартуу процесси 37 күндө аяктаган. 
  • Тасма Ысык-Көл, Сары-Челек, Суусамыр өрөөндөрүндө тартылып, ага 50дөй актер катышкан 
  • Бул фильм Спорт-драма жанрындагы эң алгачкы тасма болуп эсептелет. Буга чейин кыргыз киносунда спорт тууралуу кино тартылган эмес. 
  • Тасмада башка ролдорду казак актёрлору Асылхан Төлепов жана Гульназ Жолановалар ойношкон.
  • Тасмадан кыргыздын сынчысы атка конгон Толубай сынчынын  ат тандап жатканын көрүүгө болот 
  • АЗыркы мезгилде “Көк Бөрү” тасмасы Кыргызстандан тышкары Казакстанда көрсөтүлүүдө. Алдыда Өзбекстан жана Туркия мамлекеттеринде алардын тилине которулуп көрсөтүлүшү мүмкүн. 
  • Тасмадагы кооптуу учурларды эл аралык Номад каскадёрлор тобу ойноп беришкен. Каскадёрлор казак тасмасынын үстүндө иштеп жатышканда чакыруу келип, өздөрүнүн кесипкөйлүгүнөн улам тасмага экшн кошуп беришкен. Тасмада ойноо аларга оорчулук жараткан эмес, себеби, ат жалында ойной билген кыргыз жигиттери үчүн бул иш биринчи эмес. 
  • Көрүнүктүү ролдордун бирин ойногон Эмиль Эсеналиев атка сүйрөлгөн жерин каскадёрсуз өзү ойногон. 
  • Тасма учурунда Руслан Акунду ат тээп жиберген. Анын себебинен режиссер жатып алып иш алып барууга аргасыз болгон. 
  • Трейлерде көрсөтүлгөндөй оюнчунун бетин ат чынында эле кокусунан тебелеп кеткен, бирок, ал эч кандай жаракат алган эмес. 
  • Тасмага таластын Ынтымак командасынын Ахилесс аттуу аргымагы тартылган 
  • Көк-Бөрү тасмасынын 2чи бөлүгү тартылышы мүмкүн 
  • Тасманын саундтрегин Кайрат Примбердиев аткарган 

Биз тандап алган фактылар ушулар. Ал эми толук тасманы көргөн соң мындан дагы кызыктуу фактыларды таба аласыз. 

 

Макаланын мындан дагы кызыктуу болгон видеоверсиясын төмөндө көрө аласыз

Кыргызстан эмнеси менен дүйнөдө биринчи

Бүгүн Сиздер менен Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн артыкчылыктары тууралуу бөлүшкүм келди. Андыктан ыңгайлуу отуруңуз дагы сыймыктана бериңиз.

Кыргызстан көлөмү боюнча 194 мамлекеттин ичинен 86 орунда турат. Сап башында турган Россиядан 86 эсе, ал эми Канада жана Кытай мамлекеттеринен 50 эсе кичинекей.  Ал эми Ямайка, Катар өлкөлөрүнөн 18 эсе,  Бахрейнден 298 эсе чоң.

Элдин саны боюнча 110чу орунда турат. Эң көп сандагы кошуна кытай элине салыштырсак 1 кыргызга 224 кытай туура келет. Бирок, Лихтенштейн, Монако элдеринин бир адамына 162 кыргыз туура келет.

Кыргызстан демократия, сөз эркиндиги жагынан Орто Азия өлкөлөрүнүн  ичинен эч бир өлкөнү алдыга чыгарбай келет. Кошуна өлкөлөрдү 27 жылдан бери карай бир же эки президент башкарып келсе, Кыргызстанды 5чи президент башкарууда.

Кыргызстандын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор түзөт. Б.а. жеке эле нарындыктар гана эмес көпчүлүк кыргыздар тоодо жашайбыз. Тоолук болгон себептен эт жеген боюнча бардык калкты гана ашып кетпестен карышкырларды д агы ашканы аз эле калабыз. Эгерде карышкырлар дагы тоолук эмес балким чөлдө жашаганда анда биз шексиз аларды дагы ашып кетмекпиз.

180 миңден ашык саптан турган Манас эпосубуз менен биринчиликти эч кимге бербей келебиз. Эпосубуз башка эпостордой болуп кагаз жүзүндө гана калбастан оозеки түрүндө дагы жүздөгөн балким миңдеген манасчылардын оозунда дагы сакталып келет.

Кыргызстандыктар тууганчылык жагынан дагы алдыңкы орунда. Тааныбаган адам менен сураша келсең же таякең, же жээниң, же кудаң, такыр болбой баратса аяш атаң болуп чыга келет. Ошол себептен Бизнес баштагандардын көпчүлүгү башында эле банкрот болот.

Камарабагандык жагынан дагы алдыда экенибизди барыбыз эле билсек керек. Саат 6 чакырган конокко камарабай 7 жарымда барган адам биринчи конок болуп калышы мүмкүн. Карызыбыз 3 млрд ашса деле, капталыбыздан кытайлар басса деле, элдин бары кризис деп жатса деле биз кыргыздар камарабай жата беребиз.

Үй тургузуу жагынан кыргыздарга эч бир калк жетпейт. Себеби биз жашаган үйүбүздү бир айда эмес, бир аптада эмес, жада калса бир күндө эмес, бир саатта деле  тургуза алабыз. Эгерде өтө эле шашып жатсак анда мындан дагы тез тургузсак болот. Боз үй тигүү сынагына катышкан жигиттер боз үйдү 7 мүнөт 44 секундда тигип салып дүйнөлүк рекорд коюшкан.

Ошондой эле кыргыз калкы меймандостук жагынан дагы көптү таң калтыра алды. Улуттук баалуулуктарды баалай билип, тарыхы кенен байыркы эл экенин даңазалоо менен дүйнө элинин башын бириктирип дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын татыктуу өткөрө алганын  бардыгыбыз баамдай алдык. Келген меймандардын барысы кыргыздын меймандос, конок күткөндү билген калк экенин, кайсы гана боз үйгө баш бакбасын дасторконго отургузуп тамагын берип жатышкандарын айтып өтүштү.

Кыргызстаныбыз албетте бул артыкчылыктар менен гана чектелип калбайт. Дагы кандай жактарыбыз менен дүйнө чемпиону экенибиз тууралуу билдирүү таштаңыз. Эмки чыгарылышта аларды дагы атай кетебиз.

Төмөндө макаланын кызыктуурак болгон видеоверсиясын көрө аласыз:

Дүйнөдөгү 10 таң калыштуу кесип

Дүйнө жүзүндө баш аягы 40 миңдей кесиптин түрү бар. Алардын айрымдары жоголуп бара жатса, айрымдары жаңыдан гана пайда болууда. Ал эми кээ бир кесиптер өзү өзгөрбөсө дагы заманга жараша супервайзер, мерчендайзер деген сыяктуу аттары өзгөргөн. Булардын ичинде Сизди таң калтыра турган, балким ичиңизди күйгүзө турган кесиптер дагы бар. Анда эмесе ушундай таң калыштуу кесиптер менен таанышыңыз.

1. Ажааткана көрсөтүүчү.
Кытай — элге бай, жерге бай болгон чоң мамлекет. Шаарларында кыжылдаган элдин көптүгүнөн адашып кетүү оңой. Ушундай жерлерден капысынан турмуш кыстап, бошонуу — жашооңуздагы биринчи маселеге айланса Сизге ажааткана көрсөтүүчүлөр жардамга келет. Алардын иши — Эл көп чогулган жерде туруп алышып аргасыздан бийлеп бара жаткан адамдарга «туура жол» көрсөтүү. Социализм байыр алган бул өлкөдө аталган жумуш расмий деп эсептелет. Алардын эмгек китепчесинде «мамлекеттик кызматкер» деген жазууну көрүүгө болот.

2. Жүргүнчүлөрдү пресстөө.
Жогорудагы элге бай мамлекеттеги дагы бир кызыктай кесип бул — жүргүнчүлөрдү престөө.
Кытай метросунда кымгуут маалда эл кескин түрдө көбөйөт. Алардын бардыгын вагондорго батыруу алардын негизги жумушу. Өз кызматын алар жүргүнчүлөр былчыйып же аба жетпей демигип калбагандай аткарышы зарыл.

3. Маймыл адам.
Индия дагы элге гана бай өлкө болбостон маймылдарга дагы бай. Адамдардан коркпогон, тамагын талаша турган, бекеттерде поездерге жолтоо боло турган маймылдын балдары адамдарды чоң убарага салат. Мындай убарадан арылтуу үчүн айрым бекеттерде маймылдын кийиминдеги адам ары-бери басып, кичинекей маймылдарды коркутуу менен бирге эле кичинекей балдарга кубаныч тартуулап дагы иштейт.

4. Пингвиндерди тургузуучу.
Бул иш менен алек болуу үчүн Антарктидага баруу зарыл. Негизинен, пингвиндер чалкасына кулашпайт, бирок, ал жердеги аба майданынан көтөрүлгөн учактарды карап жатып, чалкаларынан түшүп калышат. Ал эми пингвин андай абалынан өзү туруп кете албайт. Ар бир учуудан же конуудан кийин пингвин тургузуучу адам аэродромдун тегерегин кыдырып, өйдөлөнгөн байкуштарды тургузуп чыгат.

5. Кезекте туруучу.
Кезек күтүп көп убакыт текке кетирген учурларыбыз көп болот. Ал эми британияда башкалар үчүн кезеке туруу кызматы бар. Бул кызмат саатына 40 баксты түзүп арзан эмес иштердин катарына кирет. Бирок, англичандар үчүн аларды жалдоо арзанга турат, анткени кезекте тура берип жашоосунун бир жылдай убактысын коротушат.

6. Каалоолорду аткаруучу
Балким Сиз киного тартылууну каалайсыз. Же учак башкарып, парашют менен секирүүнү каалайсыз. Же болбосо Сиз менен бир күнү төрөлгөн 20 ар кайсы өлкөлөрдүн адамдары менен таанышууну каалайсыз. Кыялыңыз кандай болсо дагы ага жетүү үчүн чикагодогу кыялдарды аткаруучу компаниясына кайрылыңыз. Алар Сизди жетпей жүргөн кыялыңызга жеткирүүнү убада кылышат. Баса, алардын кызматына бери дегенде 150 миң доллар төлөөгө туура келет. Эгер алгач мынчалык акча табууну кыялдансаңыз Сизге алар жардам бере албайт.

7. Укмуштуудай үйлөрдө жашоочулар.
Бизнес класстагы үйлөрдө жашап, ал аз келгенсип жашаганыңыз үчүн дагы акча алууну кааласаңыз керек. Ушундай жыргал жашоо менен акча тапкандар дагы бар. Бирок, алар, ал жерде жашап жаткан үй-бүлөөнүн сүрөтүн көрсөтүшүп, алуучу адам келгенде башка бизнес класстагы үйгө көчүп кетишет. Мындай көрүнүш бош турган үйгө караганда алуучу үчүн көбүрөөк таасир берет.

8. Дүйнөдөгү эң мыкты жумуш
Эң мыкты жумуш кимдиги деп ойлойсуз? Бейиштей аралда курулган укмуштуудай виллада жашоо үчүн 35 миң талапкердин ичинен Бен Саусхол аттуу адам тандалып алынган. Анын милдети: таш-бакаларды багуу, аралга көз салуу жана интернетте блог алып баруу болгон. Бул конкурс «Дүйнөдөгү эң мыкты жумуш» деп аталган. Максаты аралды жарнама кылуу эле.

9. Кесипкөй уйкучу
Иштеп жатып уктап калган болсоңуз башчыңыздан тил угуп акыңыздан ажырап калышыңыз мүмкүн. Ал эми Нью-Йорктогу заманбап искусство музейиндеги уйкучулар ойго жатса акысынан ажырап калуу коркунучу бар. Музейдин кесипкөй уйкучулары жууркан жамынып уйкуга кетүү менен кызматына киришет анткени алар көргөзмө экспонаты болуп иштешет. Заманбап искусствонун мындай чыгармасы жөн гана «Бул Кейт» деп аталышы мүмкүн.

10. Эстелик адам.
Айрым өлкөлөрдө кеңири таралган бул кесиптин ээлерин эс-алуу жайларда, компаниялар уюштурган иш-чараларда, о.э. шаардын көчөлөрүндө кезиктирүүгө болот. Бир топ убакыт бир кыймылда катыган бойдон эстеликтей туруу жеңил иш эмес. Бирок, бул адамдар кыймылы жок сааттап тура алгандыктан көргөндөр аларды чыныгы эстелик катары кабыл алышат. Ошентип, эч бир кыймыл кылбастан саатына 25 $ 200 долларга чейин акча табууга болот

Ар бир кесип. ардактуу демекчи кайсы кесипти тандабайлы ырыскыбызды адал иш ак мээнет менен табалы.

Төмөндө макаланын кызыктуурак болгон видеоверсиясын көрө аласыз: