Monthly Archives: Сентябрь 2019

«АСАБА» – улуттук кайра жаралуу партиясы.

«АСАБА» – улуттук кайра жаралуу партиясы. Уюштуруу съезди 1991-ж. 2-ноябрда болуп, официалдуу каттооодон 1991-ж. 30-декабрда өткөн. «А». улуттук-демократтык саясий уюмун түзүү жөнүндөгү идея кыргыз жаштарынын 1990-ж. февралдагы чыгууларынан улам келип чыккан. Социалдык базасын кыргыз улутундагы жаштар түзгөн, жети жүздөн ашуун мүчөлөрү бар партия. 1990-ж. ноябрда официалдуу каттооодон өткөн, отуз беш пункттан турган программасы жана Уставы бар. Программадан кээ бир үзүндүлөрдү келтирели: 1-пункт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана суверенитетин калыбына келтирүү. 8-пункт. Кыргыз Республикасынын аймагында 15 жыл жашаганда гана анын гражданини боло алат. 13-пункт. Көп партиялуу системаны түзгөнгө аракеттенет. 17-пункт. Бүткүл бийликти шайланма органдарга берүү, КПССтин бардык мүлкүн элге берүү. Сот, прокуратура жана согуштук диктатураны орнотууну өз максаты кылып алган бардык партияларды жоюу. 18-пункт. Ишканалардагы парткомдорду жоюу. 28-пункт. Рынок экономикасына өтүү, туташ приватташтыруу негативдүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн, ошондуктан атайын программаны иштеп чыгуу зарыл. Мына ушундан кийин гана жерди, ж. б. объекттилерди жеке
менчикке сатууга болот. Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) түзүүдө «Ашар» сыяктуу эле «А». да маанилүү ролду ойногон жана анын коллективдүү мүчөсү болуп келген. Ал кездеги «А». кыймылын саясий партия деп шарттуу түрдө гана айтса болот. Негизги ишмердүүлүк формасы митингдерге, демонстрацияларга чыгуу, ар кандай жүрүштөрдү жасоо болгон. 1990-ж. 22–30-октябрда болуп өткөн он экинчи шайланган Кыргыз ССР Жогорку Советинин экинчи
кезексиз сессиясындагы Президентти шайлоо учурунда коммунисттик режимге каршы чыккан. Өкмөт үйүнүн алдындагы ачарчылык уюштуруунун демилгечилеринин бири «А». кыймылы болгон. Биринчи күнү ачарчылыкка чыгышкан 9 кишинин алтоо «Асабадан» эле. 1991-ж. июль айында 1916-ж. кыргыздардын көтөрүлүшүнөн 75 жылдыгына арналган Бишкек – Каракол багытындагы 13 күнгө созулган жөө жүрүш акциясын өткөрүүнүн демилгечиси да «Асаба» кыймылы болгон. 1994-ж. сентябрда «А». партиясы тарабынан «1916-ж. кыргыздардын жана казактардын көтөрүлүшү» – деген китеп жарык көрдү. 1994-ж. 8-октябрда «А». улуттук кайра жаралуу партиясы өзүнүн жаңы программасын кабыл алган. Анда рынокко өтүүгө багытталган Президенттик стратегиялык курсун колдоп тургандыктары ачык белгиленет.
«Партиянын программасынын негизинде ар бир адамга инсан катары мамиле жасоо принциби жатат. Ар бир адам – инсан, кайталангыс дүйнө, ал гүлгө окшош. Мамлекет – көп гүлдүү килемдей. Гүлдөр канчалык көп ачылса, анда мамлекет ошончолук күчтүү гүлдөйт. «А». партиясы өзүнүн программасын «ГҮЛ» деп атаган. «Гүл» программасында партиянын милдеттери төмөнкүчө аныкталат: «Биздин коом – бир чоң үй-бүлө. Адам өз үй-бүлөсүндө жүргөндөй сезип, өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачкандай шарттарды түзүп берүүнү өзүбүздөн негизги милдетибиз деп эсептейбиз.

Адамдын гүлдөшү үчүн 5 шарттын болушу зарыл: материалдык жыргалчылык, руханий жыргалчылык, улуттар аралык ынтымак, ички саясий стабилдүүлүк, тышкы коопсуздук». «Аз болсо да, саз болсун» – деген принцип менен партияга кабыл алууда катуу талаптар коюлары «А-нын» программасынын корутундусунда айтылган. Бүгүнкү күндө «А». партиясынын, негизинен кыргыз, казак, дунган жаштарынан турган, эки миңден ашык мүчөсү бар. Эки палаталуу
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо (1995-ж., 5-февраль) «А». партиясынан 32 талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө эл депутуты болуп шайланышты: Ө. Мамаюсупов жана Д. Садырбаев. «А». партиясынын Борборбук Кеңешинин төрагасы Базарбаев Чапырашты.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

АРСТАНБЕК Буйлаш уулу

АРСТАНБЕК Буйлаш уулу (1824–1878) – ойчул, төкмө, заманачы акын. Калыгул, Молдо Кылыч ж. б. менен бир катарда турат. 1941-ж. окумуштуу Тазабек Саманчин алгачкы жолу «Арстанбек» аттуу жыйнак чыгарган. Коммунисттик идеология мезгилинде А-тин ырлары, ойлору «эскичил», «реакциячыл» деп, аларды басып чыгарууга жана окуп үйрөнүүгө тыюу салынган. А-тин негизги ырлары эл ичинде айтылып, сакталып келген. 1994-ж. А-тин туулганынын 170 жылдык салтанатына карата «Арстанбек» аттуу китеби чыгып, ага «Керээз», «Тар заман», «Кокон бийлиги жөнүндө ыр» ж. б. ырлары кирген. XIX к. орто ченинде, орус падышачылыгы Түндүк Кыргызстанды өзүнө карата баштаган мезгилде бирдиктүү кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгү жок болуп, ошондон улам кыргыз улуттук саясаты уруулук кызыкчылыктарга көз каранды эле. Айрым кыргыз уруулары орус аскерлеринин жардамы менен экинчи кыргыз урууларынан «өч алууга» да үлгүрүшкөн. А. өз учурунун түрүн байкап, «азуулуга бар заман, кедейлерге тар заман» – деп, бирок түбү жакшылык болоор деп, келечектен үмүт кылган.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

«АР-НАМЫС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

«АР-НАМЫС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ 1999-ж. 9-июлда түзүлүп, каттоодон 1999-ж. 19-августта өткөн Оппозициялык багыттагы партия. Эки жолу съезд өткөрүшкөн: 1–5-январь 2000-ж., 2–2-апрель 2000-ж. Партиянын 2-съездинде баштапкы уюмдарга иштөөнүн жашыруун шарттарына өтүүгө чечим кабыл алынган. 2001-ж. 3-ноябрда Кыргызстан элдик Конгресси түзүлгөн. Ага «Ар-Намыс» (Алиев Э. А.), «Эркиндик» (Тургуналиев Т. Т.), «Ата-Мекен» (Текебаев Ө. Ч.) жана Эл (Бей-бечаралар) (Эшимканов М.) партиялары киришкен. Конгресстин төрагалыгына Ф. Кулов шайланган. 2002-ж. Конгресстин курамына «Социал-демократиялык партия» (Атамбаев А.) кошулуп, ал эми «Эркиндик» анын составынан чыгып кеткен. 2000-ж. президенттик шайлоодо «Ар-Намыс» партиясы Ө. Текебаевди президенттикке, Ф. Куловду- премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн. Партиянын негизги максаты – чыныгы укуктук, демократтык мамлекетти түзүү жолу менен калкка татыктуу жашоону камсыз кылуу. Урааны- ар-намыс,
тартип,жыргалчылык. Саясий кенешинин төрагасы Кулов Ф. Ш., штаб жетекчиси Алиев Э. А.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

АРИСТОТЕЛЬ Стагрит

АРИСТОТЕЛЬ Стагрит (б. з. ч. 384–322) саясат проблемаларын өзүнүн эки китебинде «Саясат», «Афиндик полития» (саясат) караган. Өзүнүн саясий изилдөөлөрүндө А. адамзат коомдук турмушунда теңсиздик бар экенин делилдеп, анын негизинде кулчулук жатат деп жазган. Жаратылыш өзү бирөөн бийликчил, өкүмчүл, башкаларын бийликке баш ийдирип, кул кылып жараткан. Кулчулук бул фундамент, мамлекеттин пайда болушуна негизги шарт. Зериктирип жиберүүчү эмгек жашоонун жардамчысы болгону менен эркин граждандарды мамлекеттик ишке катышуусуна тоскоол болот. Мамлекет адамдардын ортосунда кандайдыр бир келишүүнүн жемиши эмес, алардын эркин бириктирип туруучу база эмес. Ал табигый жол менен пайда болгон тарыхый түзүлүш. Мамлекет үй-бүлөдөн жана отурукташуудан өнүгүп чыкты.
Адамдардын байланышынын эң жогорку такталган формасы катары жыргалдуу жашоого жетиш максатында биримдикке биригишкен ички максат катары пайда болду. А. – мамлекеттин маңызы укукта жатат деп көрсөткөн. Себеби укукта граждандардын жалпы биргелешкен кызыкчылыгы бекемделет жана бекитилет. Ошондуктан укуктун милдети – индивиддердин укук байланышында болгон өзүн канааттандырылышына жардам бериши, укуксуз бардыгы өзгөрүлөт,
бардык жерде адамдардын бирдей укугу жок деген. Укук да ар түркүн ченем менен өлчөнөт, бай адамдардыкы бир башка, жардылардыкы бир башка. А. мыйзамды эки категорияга ар бир элдин түзгөнүнө жараша бүлгүн: жалпы – табигый жана жекече. Жалпы мыйзам жекече мыйзамдан жогору турат. Ал теңештирүү үчүн күрөшкөн. Эквивалент принциби менен жетектелет. Грециялык мамлекеттүүлүктөн саясат, укук институттарында үзгүлтүксүз өзгөрүүлөр болуп
турганын көрсөттү. Бул өзгөрүүлөр менчикти бөлүштүрүүлөр менен тыгыз байланышта.Толуктоолор көңтөрүшкө өсүп өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү аны коркутту. Эгерде революция болсо кул ээлөөчүлүк түзүлүштү талкалап салмак. Анан ал бардык эски мыйзамдын өзгөрүшүнүн коркот, өзгөрүүлөрдөн пайдасынан зыяны көп. Кандай гана өзгөрүүлөр болбосун
мыйзамды күчтөн тайытат жана бийликти укпай калат. Ал жеке менчик принцибин колдогон, ошонун негизинде топтошкула, бириккиле деп үндөгөн. Кандай гана мамлекет болбосун граждандар үчкө: байлар, орточо абалдагылар, колунда жокторго бөлүнөт. Кул ээлөөчүлөрдүн ортоңку катмарына, өзгөчө жер-чарбагерлик демосторго социалдык саясий жактан баш ийсе, аларды кадырласа мамлекетте жыргалчылык түзүлөт деп ишендирген.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору

Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

АНТИСЕМИТИЗМ

АНТИСЕМИТИЗМ – расисттик, улутчулдук идеологиянын бир түрү. Семит элин – еврейлерди куугунтуктоо жана жек көрүү. А. – библиялык мезгилде Жакынкы Чыгышта уруулардын, мамлекеттердин өз ара карама-каршылыктарынан улам келип чыгат. Израилдиктердин дүйнөгө тарашы менен тил, салты, адаттары менен айырмаланып, геттодо жашашкан. ХХ к. А. 1905–07-ж. 1918–20-ж. еврейлерди куугунтуктоо, кыйратуу күч алып, гитлердик фашизм 6 млн. еврейди – Бабий-Ярда, Освенцимдеги лагерлерде өлтүрүшкөн. Азыр А. – идеясын Россияда түзүлгөн оңчул радикалдык топ «Память» көтөрүүдө. А-ге каршы Э. Золя, Л. Толстой, М. Горький ж. б. көптөгөн жазуучулар күрөшүшкөн.

АНТИМИЛИТАРИЗМ

АНТИМИЛИТАРИЗМ (гр. anti- каршы, militaris – согуш) – улуттук, регионалдык, дүйнөлүк масштабда, мамлекеттердин ортосундагы ички жана тышкы карама-каршылыктарды чечүүдө зордук-зомбулук жоболорун колдонууга каршы идеянын тегерегинде бириккен ар түрдүү социалдык -күчтөрдүн саясий кыймылы. Э. Роттердамский өзүнүн «Жалобы мира» трактатында, И. Кант «О вечном мире» трактатында согуш жана милитаризмди ашкерелешкен.
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде, өзгөчө «кансыз согуштун аякташы» менен А. күч алып, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. СССРдин жоюлушу, социалисттик жана капиталисттик согуш системаларынын атаандаштыгы, жарыша куралдануусу токтогондон баштап, дүйнөлүк масштабда согушту болтурбай коюу аракети күч алып, А-дин өнүгүшүнүн жаңы этабы башталды.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

АНАРХИЗМ

АНАРХИЗМ (гр. anarchia – бийликсиз) – мамлекетсиз коомдук түзүлүш жөнүндөгү идея. А. – мамлекетти эркин граждандардын ассоцияциясы менен алмаштырууну максат кылган саясий багыт. 1793-ж. анг. жазуучу У. Годвин «Исследование о политической справедливости» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген. ХIХ к. 40–70-ж. саясий кыймыл катары пайда болгон. А. – бир идеологиялык доктрина эмес, анын төрт негизги багыты бар:
1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. 1. ндивидуалисттик теорияны 1845-ж. М. Штернер «Единственный и его собственность» китебинде жазган. Теориянын негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт. 2. Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социалдык теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын ою боюнча соода системасында реформа кылуу зарыл. Бул реформа инсандын мамлекетте көз каранды эместигине алып келет, мамлекет керексиз, өзү жоголот. 3. ХIХ к. 60-ж. М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик А. теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. М. А. Бакуниндин ою боюнча мамлекет элди эзүү куралы болгондуктан, аны революциячыл жол менен жок кылуу зарыл деген. 4. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды негиздеген. Адамдар бири менен бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамлекеттик бийликти, жеке менчикти жок кылуу менен гана эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

АМАНАТ

1. кыргыздардын элдик же уруулук өкүлү, элчиси катары кандайдыр бир максат үчүн бир коңшулаш элде, урууда же мамлекетте, белгилүү бир мөөнөткө убактылуу кармалган киши. А-ка таасирдүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, урук-туугандарынан тапшырылган. А. жасалгалуу ак боз өйдө жашагандыктан «ак үйлүү» деп коюшкан. Кыргыз эли орус падышачылыгына бириктирилгенден кийин А-ка киши калтыруу акырындык менен жоюлган
жана анын ордуна мыйзамдык-укуктук эрежелер киргизиле баштаган.

2. элдин акчасын сактык кассалары менен мамлекеттик жана коммерциялык банктарда сактоонун негизги түрү. Элдин А. акчанын айлануусунун күчөшүнө жардам берип, өндүрүш ж. б. башка пайда берүүчү муктаждыктарына керектелет. Сактык кассалары жана банктар жашырындуулукту камсыз кылууга, аманатчылардын биринчи талабы боюнча акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү ж. б.
Сактык кассалардын жана мамлекеттик, коммерциялык, жеке банктардын ишмердиктери Кыргыз Республикасы бекиткен мыйзамдык-укуктук эрежелердин алкагында ишке ашырылат.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

АЛЬТЕРНАТИВДИК КЫЙМЫЛДАР

АЛЬТЕРНАТИВДИК КЫЙМЫЛДАР. Жаңы коомдук кыймылдар, азыркы доордун глобалдык, курч маселелерин, экология, согуш жана тынчтык, жашоо сапатын чечүүдө традициялык жол менен эмес, жаңы жол табуу. ХХ к. 70-ж. Франция, ФРГда пайда болгон. Кийинчерээк Батыш Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Японияда, Австралияда, Жаңы Зеландияда, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө пайда болгон. Бул кыймылдардын пайда болушунун негизги себеби –
цивилизациянын кризиси. А. к. социалдык составы, чечүүчү маселелери боюнча ар түрдүү. Бардык социалдык топтор негизги күч катары катышат. Башкы роль ортоңку социалдык топторго таандык: а) Уюшулган, өнүккөн кыймыл – экологиялык багыттагылар, көп өлкөлөрдөн партиялары Европарламентте бир фракцияны түзүштү; б) Тынчтыкты коргоого, тынчтыкка умтулган массалык кыймылдар; в) Граждандык укукту коргоо кыймылы; г) Граждандык демилге
кыймылы: конкреттүү долбоорду ишке ашыруу. Батышта А. к-дын теоретиктери: И. Ильич, А. Горц, Т. Эберман, Р. Трамперт, Э. Дамман, И. Штрассер, К. Амери, К. Траубе, И. Хубер, И. Хирш, К. Оффе, П. Кеми. Т. Эберт; КМШда В. Ц. Худаверден, А . Н. Вдовиченко, В. Д. Грандов, В. Г. Васин, Б. С. Орлов, Я. Г. Фогелер ж. б.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети

АЛЬТЕРНАТИВА

АЛЬТЕРНАТИВА (саясатта)- (фр. alternative, лат. аlter – экөөнүн бири) эки же бир нече өз ара бирин-бири танган мүмкүнчүлүктөрдүн ортосунда тандоо зарылчылыгынын келип чыгышы, саясатта жана саясий ишмердүүлүктө да бирин-бири танган мүмкүнчүлүктүн пайда болушу. А. тарыхый көз караштан улам келип чыккан, бирок убакытка социалдык ишке ашпаган мүмкүндүк (абстрактуу жана конкреттүү, формалдык жана чыныгы, түздөн-түз жана перспективалуу) катары чыгат. Демек, убакыт факторунун көз карашында А. динамикалык субстанция катары каралышы
керек. Альтернативдүүлүк менен бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле, анын айрым региондору менен өлкөлөрүнүн, түрдүү социалдык-саясий институттарынын, коомдук уюмдар жана кыймылдардын, ошондой эле саясаттын субъекттеринин: мамлекеттердин, таптардын, саясий партиялардын жана саясий ишмерлердин өнүгүүсү байланышкан. А-нын чыгуусу коомдук процессте солчул радикалдыктан ультра оңчулдарга чейинки карама-каршы күчтөрдүн катышуусу менен байланышкан. Себеби, алардын бардыгы өзүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү, башка тараптар үчүн дал келбеген саясий максаттар, программалар жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн каражаттары менен чыгышат. А. барыдан мурда социалдык өнүгүүнүн бурулуш мезгилдеринде, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктүн ишке ашыруу процессинде альтернативдүүлүктө камтуунун зарылчылыгы сезилген кыйын учурларда пайда болот. Мындай мезгилдерде коомдун социалдык бир типтүүлүгү жогорулайт; анда түрдүү, кээде карама-каршы максаттарга жетүүгө умтулган фракциялар, страттар, партиялар жана кыймылдар өсөт. Түрдүү багыттагы эл массаларынын, адамзат биримдиктеринин жана индивиддердин альтернативдик издөөгө айландырган социалдык-экономикалык жана саясий механизмдердин болушун шарттаган мыйзамдардын коомдо аракет кылуусу саясий турмушта альтернативдүүлүктүн түп-тамырынан берки объективдүү себептери болуп саналат. А. – коомдук өнүгүүнүн көп варианттуулугу.
Альтернативдүүлүк – прогрессивдүү, алдыңкы катары, же регрессивдүү, артта калган, же радикалдуу багыттоо сапатында сунуш кылынат. Учурдагы саясаттын альтернативдик талаасы ар тараптан анализдөө жана түрдүү деңгээлдеги чечимдерди талап кылган маселелерди өзүнө камтыйт. Дүйнөлүк саясатта А. топтору өзгөчө мааниге ээ болууда. Алардын пайда болушу учурдун башкы коркунучтары: ядролук согуш жана курал-жарактардын атаандааштыгы менен
байлашышкан. Аларга тынчтыкта өнүгүү, жалпы коопсуздук, ядросуз, зордук-зомбулуксуз тынчтыкты куруу А. болуп чыгат. Коомдук прогресстин, адамзатгын цивилизациялык жана формациялык өнүгүүсүнүн карама-каршылыктары менен пайда болгон А. зор мааниге ээ болууда. Экологиялык саясатта тийиштүү А. топтору, адамзаттын курчаган табигый чөйрөсүнөн бузулуусунун катастрофалык натыйжалары менен шартталган. Улуттук мамлекеттердин чегинде А. маанилүү даражада глобалдык жана регионалдык проблемалардын чечилиши менен байланышкан. Бирок алар түздөн-түз берилген өлкөнүн шарттарынын жана өзгөчөлүктөрүнүн жыйындысын чагылдырат. А-ны колдонуу илимий негиздөөнү жана саясий иштерди чебер алып барууну, анын ичинен жалпы макулдукка же саясий компромисске жетишүү үчүн диалогдун жардамын талап кылууда.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети