Кыргыз Республикасынын Конституциясында (36-статья) гарантияланган саясий эркиндиктердин бири. Ал мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана чыгармачыл союздардын жеке адамдардын өз басма мекемелерин жана органдарын түзүүгө, ар кандай басмаларды чыгарууга, таркатууга, элдин таламдарына ылайык келген коомдук түзүлүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн чыгармаларды жарыялоого укуктуулукту билдирет. Б. с. э. – граждандардын өлкөнү башкарууга, чарбалык жана мамлекеттик аппараттын бардык звенолорунун ишинин так, натыйжалуу болушун камсыз кылууга катышуусунун маанилүү формасы катары чыгат. Өнүккөн демократтык саясий режимдеги өлкөлөрдө массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик бийликтин төртүнчү бутагы деп аташат. Чынында эле башкаруучу элитанын бийлигин көзөмөлдөө, коомдун алдында маалымдоо багытында Б. с. э. чоң мааниге
ээ. «Республика», «Асаба», «Каттама», «Үркөр» ж. б. ондогон эркин газета, тиркеме, журналдар бар. Алардын ишмердиги мыйзамга негизделген укуктук-эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. 1994-ж. «Свободные горы» газетасы жабылгандан кийин, басма сөз менен иштөө боюнча Президенттик аппараттын алдында атайын бөлүм – Коомдук палата уюштурулган.
Monthly Archives: Октябрь 2019
БАЙТИК баатыр
БАЙТИК баатыр Канай уулу (1817–20, Аларча капчыгайы, – 5.3.1886) – солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик калк арасында зор урмат-сыйга бөлөнгөн, эл башчысы, акылман жетекчи, баатыр болгон. Кыргыз жергесин Кокон хандыгынын эзүүсүнүн куткарыш үчүн күрөшкөндөрдүн катарында болуу менен, ушул жердеги башчы Рахматулла датканы жок кылууну уюштургандардын башында турган. Ал өз мезгилинин алысты даана көрө билген саясатчы катары, татаалдашкан кырдаалды так баамдап өз табынын, элинин кызыкчылыгын коргогон. 1860-жылдары Кокон хандыгына каршы күрөшкө көтөрүлгөн солто элин баштап 1862-ж. Пишпек сепилин алууга жана талкалоого активдүү катышкан. 1863-ж. Верныйдагы (Алматы) полковник Калпаковскийге кайрылган: «Биз Кокон хандыгынын эзүүсүнөн тажап бүттүк, Россияга кошулууну туура таптык». 1863–65-ж. генерал Черняевдин жүрүшүнө катышып, анын
жигиттери Мерке, Олуя-Ата, Чымкент сепилдерин алууга зор көмөк көрсөтүшкөн. падышачылыкка берилгендиги үчүн Байтик Анна тасмасына тагылган Чоң алтын медалга, III даражадагы Станислав орденине татыктуу болгон. Өз элинин үрп-адаттары, салт-санаасына таянуу менен түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө аракет жазаган. Бул максатта Талас,
Чүй жана Кемин өрөөндөрүндө болуп уруу башчылары менен келишим жүргүзгөн.
БАЙ
БАЙ – кыргыз коомунун узак мезгилден бери өнүгүшүндөгү социалдык жана материалдык бөлүнүүлөрдүн бирин түшүндүрүүчү термин. Элдин материалдык жактан көбүрөөк камсыз болгон бөлүгүн көрсөтүүдө «Б». термини «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж. б. эпостордо өтө көп кездешет. Кыргыз коому, бай-манап жана кедей-кембагал болуп бөлүнүп келгени жалпыга маалым. Элдин мындайча бөлүнүшү табигый көрүнүш. Табият адамдарды күч-кубат, акыл-эс жагынан бирдей жаратпаган сыяктуу эле, алардын материалдык жана руханий байлыктары да бирдей болбойт, ушундан улам, алардын коомдон, анын социалдык тепкичтеринен ээлеген орундары да ар түрдүүчө болот. Тек гана, байлардын байлыгын күнөөлөп, кедейлердин кедейлигин жактоонун эч зарылчылыгы жок, мындай «күнөөлөө» жана «жактоо» өтө
оор кесепеттерге алып келээрин «социализмдин тарыхы», биздин аталарыбыздын өмүр баяны далилдеп турат. Бай-манаптардын активдүү бөлүгүн 1917–25-ж. басмачылар катары кырып-жоюп, калганын 1926–30-ж. Кыргызстандан башка аймактарга, Украинага ж. б. жактарга көчүрүп жиберген. Социализм мезгилинде Б-лар негизинен тап катары жоюлган. Бирок жеке менчикке негизделген азыркы коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында Б-дын жаңы түрү пайда болду.
«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети
«БАБУР-НААМА»
«БАБУР-НААМА» («Бабур-намэ») – султан Бабурдун өмүр баянын жана 1493–29-ж. Борбордук Азия, Афганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган китеп. «Б-Н-нин» автору Бабур Захиреддин Мухаммед (1483–1530) Ал Улуу Моголдор мамлекетинин негиздөөчүсү, кадимки Темир-аксак тукумунан болгон. Анын мамлекети азыркы Кабулдан Бенгалияга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Чыгармалары орус тилинде «Б-Н». (1958) жана «Лирика» (1957)
жарык көргөн. Буга чейин 1948–49-ж. чыгармалар өзбек тилинде жарык көргөн. Өзүнүн көркөмдүк деңгээли боюнча да айырмаланган бул мемуардык эмгекте Бабурдун замандаштары жөнүндөгү чындык жымсалданбай, бурмаланбай ачык жазылган. «Б-Н-да» Кыргызстандын саясий тарыхына жана тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалыматтар арбын кезигет. Андан Ош шаарынын коомдук-саясий турмушу жөнүндө кеңири маалымат алууга болот.
Бул китепте Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген кыргыздын чогорок уруусу тууралуу да айтылган.
«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети
«АШАР» – коомдук-саясий кыймыл.
«АШАР» – коомдук-саясий кыймыл. 1989-ж. 15-июлда уюштуруу конференциясы болуп, ага 32 баштапкы уюмдан 250 делегат катышкан. «А-дын» уставы каттооодон 1991-ж. 20-декабрда өткөн. 1989-ж. май-июнь айларында батирлерде жашап жүрүшкөн миңдеген кыргыз жаштарынын Фрунзе шаарынын тегерегиндеги жерлерди үй куруу үчүн өз алдынча басып ала башташы «А-дын» түзүлүшүнө себеп болгон. Кыймылдын уюштуруу конференциясын даярдоо учурунда жана
уставын каттооодон өткөрүүгө бийлик тарабынан бут тосуулар болгон. Бийликтегилердин максаты бул жаңыдан пайда болуп жаткан кыймылга саясий мүнөз бербей, аны жалаң гана экономикалык ишмердүүлүк менен чектеп кыймылдын ордуна чакан кооператив түзүп коюу эле. Бирок, райондук эле каттоодон өткүндөгүнө карабастан «А». кыймылы тез арада күч алып, кийинки айларда жалпы улуттук кыймылга айланды. Кыймылдын составына коллективдүү мүчө болуп киргендердин саны күн санап көбөйүп, анын эсебине чоң суммадагы акча которулган. 1999-ж. август-сентябрь айларында үй куруучуларды курулуш материалдары менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө келгенде «А». кыймылынын активисттери менен бийликтегилердин оргосунда кагылышуулар башталган. Ушул мезгилден баштап «А-ды» саясий кыймылга айландырууну жактоочулар менен саясатка кийлигишүүнү каалабагандардын ортосунда пикир
келишпөөчүлүктөр күч алып, бул кыймылда эки агымдын, эки канаттын пайда болушуна алып келген. Уюштуруу конференциясы «А-дын» Кеңешин (төрагасы – Усупов Жумагазы (Жумагазы Усуп – чоң аюу)) жана аткаруу комитеттин төрагасы – Ж. Жекшеев шайланган. «А». кыймылынын саясатташкан бөлүгүн Ж. Жекшеев жетектеген. Бул багыттын саясий ишине каршы болгон Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү, б. а. «десаясатташкан» бөлүгү аткаруу комитетин таркатуу жөнүндө чечим кабыл алып, анын ордуна «убакылуу уюштуруу комитетин» түзүшкөн. Бул чечим 1990-ж. январдагы жаштардын толкундоолору учурунда кабыл алынгандыктан, «А». кыймылынын көптөгөн катардагы мүчөлөрү таркатылган аткаруу комитети тарабында кала беришкен. 1990-ж. февралдын башында Ж. Жекшеев жана кыймылдын дагы бир катар лидерлери бийликтин кысымы астында Фрунзе шаарынан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. 1990-ж. жазынан «А-дын» саясатташкан канаты улуттук саясий оппозициянын борборуна айланган. «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» составына киришкен. Жер участокторун (тилкелерин) бөлүп берүү жана «А». коомун түзүү менен жаштардын үйгө болгон муктаждыктары чечилген жок. Бишкектин айланасынан улам жаңы жерлерди
басып алуулар улантыла берди. Ошентип, 1990-ж. сентябрда үй куруучулардын «Көк-Жар», 1991-ж. июнда «Бишкек» ыктыярдуулар, «Келечек» коомдору түзүлгөн. 1990-ж. апрелде Ош шаарында да беш миңден ашык (үй-бүлө башчылары) мүчөлөрү бар үй куруучулардын «Ош аймагы» бирикмеси уюшулган. Буга чейин, 1989-ж. Ош шаарында кыргыздардын «элдик демократтык фронту» жана өзбектердин «Адолат» бирикмелери бар эле. «А». жана башка коомдордун негизги максаттары өздөрүнүн мүчөлөрүн жеке менчик үй куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу, архитектурадагы улуттук стилди кайра жаратуу жана өнүктүрүү, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, тилин, салтын жана үрп-адатын үйрөнүү ж. б. болгон. Кыргыздардын улуттук сезиминин, саясий жигердүүлүгүнүн жана жалпы саясий маданиятынын өсүшүнө А. коомдук-саясий кыймылы чоң таасир тийгизген.
АТКАРУУЧУ БИЙЛИК
АТКАРУУЧУ БИЙЛИК – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун жана эркиндигинин корголушун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы ишмердигин уюштуруп жана багыттап турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрлик, мамлекеттик комитет, админстрациялык ведомстволор, мамлекеттик жергиликтүү админстрациялар А. б. жүргүзөт. А. б-тин формалары ар башка өлкөлөрдө ар түрдүүчө. АКШда жана көпчүлүк латын-америкалык өлкөлөрдө жогорку А. б. бир адамдын колуна топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт жана ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы жана толук жоопкерчилик милдети жүктөлөт. АКШнын Президенти мамлекет башчысы болуу менен бирге А. б. да жетектейт жана анын ишмердиги үчүн жооп берет. Швейцарияда федералдык Кеңеш Мыйзам чыгаруучу жыйын тарабынан төрт жылдык мөөнүткө шайланган жети Мүчөдөн турат. Ал эми Сан-Марино ж. б. башка бир катар өлкөлөрдө «коллегиалдуу президентчилик» бар. Өтө кеңири тараган А. б-тин формасы, бул – министрлер кабинети. Парламенттик Республика системасында мыйзам чыгаруу бийлик өз ичинен А. б-ти түзөт. Өкмөттүн жетекчилери жана мүчөлөрү парламентке киришет, ал эми Улуу Британия, Германия, Япония, Израиль өлкөлөрүндө премьер-министрлер жалаң гана парламенттин
мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат. Министрлер парламенттин алдында отчет берип турушат жана алар өздөрү да депутат экендигин эске алсак, анда министрлер кабинети парламенттик комитетке жана комиссияга окшошуп кетет. Бирок парламенттик комитеттер эч качан министрлердин иштерине кийлигишпейт жана тоскоолдук кылбайт, алардын ишмердигине көзөмөлдүк кылат. Европа өлкөлөрүндө өкмөт башчысынын же кээ бир министрлердин кызматтан кетиши
министрлер кабинетинин калган бөлүгү алмашылбайт. Анткени А. б. саясий кармаштардан формалдуу четте турган жана анын таасири менен күчү министрлердин профессионалдык дэң гээлине жараша болот. Өкмөт башчысы парламентти (же төмөнкү палатасын) таркатып жиберүүгө жана чукул шайлоолорду белгилөөгө укуктуу. Ушундан улам А. б. мыйзам
чыгаруучу бийликке күчтүү таасир тийгизип турат. Эгерде партиялык тартипти да эске алсак, анда АКШ менен Россияга караганда Европа өлкөлөрү менен Японияда кандай саясий чечимдер кабылданаарын алдын ала айтса болот. Башкаруусу көп партиялуулук негизде болгон өлкөлөрдө, адатта коалициялык өкмөттөр түзүлөт. Эң ири партиялык фракция – өкмөт башчысы кызматын, андан кийинкиси – тышкы иштер жана финансы министрлиги ж. б. ээлешет. Бул өкмөттүн күчүн, ийкемдүүлүгүн жана тез убакытта чечимди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн азайтат. Башкаруучу партия өтө күчтүү жана таасирдүү болгондо гана жогорудагыдай мүчүлүштөргө жол бербейт. Булардын катарына Улуу Британия, Германия, Япония, Швеция, Испания ж. б. кирет. Өкмөттүн туруктуулугу бул өлкөлөрдөгү майда партиялардын колдоосунан да көбүн эсе көз каранды болот. Парламенттик республика системасында өкмөт мыйзам чыгаруу демилгесине, мыйзамдын кабылдашына вето коюу укуктарына ээ. Ал эми Президенттик республикада А. б. мыйзам чыгаруучу бийликтен тышкары өз алдынча түзүлөт. АКШ Конгресси иш жүзүндө президент сунуш кылган өкмөт составын бекитпей кое албайт, ошондой эле Конгрессти таркатып жиберүүгө Президенттин укугу жок. АКШда өкмөт мүчөлөрү депутат боло алышпайт. Бир гана АКШ вице-президенти депутат болот, анткени ал Сенаттын төрагасы. Президенттин ветосу
өкүлчүлүк бийлигинин үчтөн эки бөлүгүнөн добушу менен гана четке кагылат. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө А. б. жогоруда айтылган башкаруунун эки системасынын тең белгилерин, элементтерин камтыйт. Бул жарым-президенттик башкаруунун формасы. Францияда президенттин бийлиги, эгерде анын партиясы Улуттук жыйында көпчүлүктү түзсө күчтүү болот. Тескерисинче чыныгы бийлик премьер-министрге өтөт. Кыргыз Республикасында Конституциянын 70-статьясына ылайык өкмөттүн составын премьер-министрдин сунушу боюнча Президент аныктайт. Иш жүзүндө өкмөт башчысын жана анын мүчөлөрүн Президент өзү түзөт, бирок алардын ишине тикелей жооп бербейт, жоопкерчилик Премьер-министрге жүктөлгөн. Мындан тышкары Президентке парламентти таркатып жиберүү укугу берилген. Саясий
өнүгүүнүн мындай багыты авторитардык саясий режимге алып келиши мүмкүн. Солчул же оңчул радикалдык оппозиция күчтүү болгон учурда жарым президенттик башкаруу системасы (биздин өлкөдө ушундай) тигил же бул диктатуралык режимдин орношуна дуушар болоору дүйнөлүк практикада далилденген (Мис., Веймар республикасынын кулашы жана
Германияда фашисттик диктатурага өтүү ж. б.)
«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети
АТКА МИНЕР
АТКА МИНЕР – Октябрь революциясына чейинки мезгилде өзүндө бийлиги жок, бий-болуштун жан-жөкөрү. Ал күч эмгегинен качып, ат үстүндө жүрүп оокат кылган кошоматчы, мансапкор деген мааниде айтылат. Көбүнчө болушту, бийди жана старчындарды шайлоону уюштурууда өзүн бийлеген талапкерлерге жагынып, анын жеңип чыгышы үчүн көмөк көрсөткөн. Өз тарабы жеңип чыкса А. м-дин кадыр-баркы да өскөн. Бүгүнкү күндө, коммунисттик режим учурундагы «атка минерлерге» караганда демократтык саясий режимдин А. м. формасы жагынан да, мааниси жагынан да айырмаланып турат. Эми А. м-лер ачыкка чыгышып, өздөрүнүн коомдогу ээлеген ушундай абалына ыраазы болушкандай болуп, экинчи жагынан, кыргыз коомчулугу да мурдагыдай «жерибей», А. м-ди толук таануу жана кабылдоо толкуну башталды».
«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети
«АТА-МЕКЕН» партиясы
«АТА-МЕКЕН» партиясы. Уюштуруу съезди 1992-ж. 7-ноябрда болуп, каттооодон ошол эле жылдын 16-декабрында өткөн. «А-М». партиясы «Эркин Кыргызстан» партиясынан бөлүнүп чыккан. «ЭрК» партиясы менен биригип «А-М». партиясын түзүшкөн. Партиянын төрагалыгына Камиля Кененбаева, анын орун басарларына Өмүрбек Текебаев, Улан Орозалиев, Кубан Бердалиев шайланышкан. Бул партиянын либералдык-центристтик принциптери төмөндөгүдөй: – коомдук турмушта компромисс жана консенсус жолу; – коомду эволюциялык реформалоо; – «эски» жана «жаңыны» оптималдуу айкалыштыруу; – мамлекеттик күчтүү социалдык саясат (Байларга-эркиндик, кедейлерге – камкордук). «А-М». партиясынын программалык максаттары уюштуруу съездинде кабыл алынган декларацияда берилген. Анда демократтык идеялдар: мыйзамдуулукту жактоо, адамдардын жана азчылык этностук топтордун укуктарын сыйлоо
менен биз реформаны активдүү колдойбуз жана рыноктук экономиканын базасын түзүүнү кубаттайбыз – деп белгилешет. Партиянын Уставында адамдын укугу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турган граждандык коомду түзүү, менчиктин бардык түрлөрүнүн тең укуктуулугун, жеке демилгенин эркиндигин камсыз кылуу максаттары коюлган. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу – «А-М». партиясынын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири. Жогорку Кеңештин кароосуна бул партия тарабынан 6дан ашык мыйзам долбоорлору коюлган: Конституциянын долбоору, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын долбоорлору ж. б. Өткөн парламентте «А-М». партиясынын фракциясы болгон. Бүгүнкү күндө «А-М». партиясы социалдык-либералдык принципти колдошууда, б. а. калктын социалдык жана экономикалык турмушунда мамлекеттин ролу күчтүү болууга тийиш. Өнүгүүнүн мындай жолу
либерализм менен социализмдин принциптеринин өз ара айкалышын билдирет. Алардын ою боюнча социал-либерализм менен социал-демократия бирине-бири өтө жакын агымдар. Бирок, социал-демократиядан айырмаланып, «А-М». партиясы таптык да, этностук да, диндик да эмес. Алар өздөрүн элдик партия, компромисстердин, социалдык консенсустун жана ортокчулуктун партиясы деп эсептешет. Ысык-Көл областынан башка бардык областтарда «А-М».
партиясынын баштапкы уюмдары бар. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо кампаниясына активдүү катышкан партиялардын бири. «Эмгек, Тартип, Адилеттүүлүк», «Кедейлерге мамлекеттик камкордук жана жеке демилгеге эркиндик» ж. б. ураандары бар. «А-М». партиясынан депутаттыкка 45 талапкер көрсөтүлүп, алардын жетөө депутат болуп калышты: Мыйзам чыгаруу жыйынына: Ө. Текебаев, А. Кадырбеков, Ж. Жоробеков, Р. Ачылова; Эл өкүлдөр жыйынына: М. Айбалаев; Ж. Орозбаев, В. Диль. Партиянын II съездинде (1994-ж. 19-ноябрь) анын кеңешинин төрагалыгына Өмүрбек Текебаев, орун басарлары болуп К. Кененбаева, У. Орозалиев жана А. Адаханов шайланышты.
«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети