Monthly Archives: Январь 2022

Илеп белгиси

Илеп белгиси, күчтүү сезим менен айтылып, адамдын ар түрдүү ички сезимин (кубануу,

таң калуу, коркуу, чочуу, капалануу ж.б.) билдирген сүйлөмдөрдүн аягына коюлат.

Илеп белгиси сүйлөмдүн аягына коюлуп, биринчиден, аны кийинки сүйлөмдөн чектеп

ажыратып турат, экинчиден, ал сүйлөмдүн ар түрдүү эмоционалдык мүнөзүн

туюндурат.

Илептүү сүйлөмдөр өзүнүн лексикалык-структуралык өзгөчөлүктөрүнө жана ички

маанисине карай сүйүнүү, ыраазы болуу, таң калуу, кайгыруу, бушайман болуу,

жактыруу, сыймыктануу ж.б. сыяктуу адамдын ар түрдүү ички сезимдерин билдирет.

Оозеки сүйлөөдө илептүү сүйлөмдөргө ар түрдүү эмоционалдык түс берип турган

сөздөр, сөз айкаштары, адатта, көтөрүңкү үн менен, өзгөчө интонация менен айтылат.

(Төмөнкү мисалдарда андай маанидеги сөздөрдүн асты сызылып, атайын белгиленип

көрсөтүлдү.)

Мисалы: Мен кеңеш өкмөтүнүн кызматчысымын! (Т.С.) (Сыймыктануу маанисинде).

Ай, менин балалыгым ай! Муну ойлоп чыгарган шойком мен эмес белем! (Ч.А.)

(Өкүнүү.) Жамийланын ошондогу сулуулугу ай! (Ч.А.) (Толкундануу.) Ыракмат сага,

Дүйшөн! Сенин бардык кылган жакшылыгыңа, мени унутпай жүргөнүңө ыракмат!

Жаным курман сага, мугалимим! (Ч.А.) (Ыраазы болуу.) Баса, көп кечикпей келиндүү

да болдук! (Ч.А.) (Сүйүнүү.)

Айрым илептүү сүйлөмдөрдө эмоционалдык маанинин бар экендиги ал сүйлөм менен

байланышып турган контексттен да белгилүү болуп турат жана андай кырдаал сүйлөм

аягына илеп белгисин коюу зарыл экендигин билдирет.

Мисалы: — Түшүндүм эми, түшүндүм! — деди кубанып чоң эне. (Т.С.) «Билип

койгула! Мен эми сөзсүз мектепте окуйм»! — деп, көңүлүм көтөрүлүп,

сыймыктанып келе жаттым. (Ч.А.) — Ташта! Ташта капты! — деп кыйкырып

жиберди Жамийла. (Ч.А.)

Мында төл сөздөрдүн тутумундагы кубанып, көңүлүм көтөрүлүп, сыймыктанып;

кыйкырып жиберди деген ички сезимди билдирген сөздөр алды жагындагы сүйлөмдөр

эмоционалдык маанидеги илептүү сүйлөмдөр экендигин билдирип турат.

Кээ бир илептүү сүйлөмдөрдөгү ар түрдүү эмоционалдык маани сүйлөм ичинде келген

атайын сөздөрдүн жардамы менен берилет.

  1. Сырдык сөздөр дайыма сүйлөмгө ар түрдүү эмоциялык маани берет (кубануу,

таң калуу, ыраазы болуу, чочуу, кайгыруу ж.б.). Ошол себептүү сырдык сөз

катышкан сүйлөмдөрдүн аягына дайыма илеп белгиси коюлат:

Гүлдүн көрктүүсү кызгалдак эмеспи, чиркин! (Ч.А.) Баракелде, булардын эрте

келгенин карачы! (Т.С.) Унчукпа, кокуй, акырын! (Ч.А.) Ой, шумдук оой, кандай чебер

жандар! (Газетадан.)

Эгерде сүйлөм башына келген сырдык сөздүн өзү күчтүү сезим менен айтылса, сырдык

сөздөн кийин да илеп белгиси коюлат:

Баракелде! Күндүн ысыганын кара! (К.Б.) О, чиркин! Ушундай да жер болобу! (К.М.)

Бах! Кандай эркиндик! (Т.С.)

  1. Жалаң сырдык сөздөрдөн түзүлүп, өзүнөн мурунку же кийинки сүйлөмдөгү

ойго карата болгон эмоциялык сезимди билдирген сөз-сүйлөмдөрдүн аягына да

илеп белгиси коюлат:

Осмонбек ырчы комузга кошуп ырдап жиберди.

−  Бали!

−  Рахмат!

−  Көп жаша, Осоке! — деген үндөр туш-туш жактан жаңырды. (К.Б.)

−  Агай, биз бүгүнкү планды ашыгы менен орундаттык!

−  Бали!

−  Баракелде, иничек, баракелде! (К.Б.)

  1. Илептүү сүйлөмдөр эмоционалдуу-күчөтүү маанисинде колдонулуучу кандай,

ушунчалык, эмне деген ж.б. сыяктуу сөздөрдүн катышуусу менен да уюшулат:

Бүгүн дүйнө жүзү кандай аппак, кандай таза! (Т.С.) Бетме-бет жолугушуу ушунчалык

кыйын белем! (Ч.А.) Бул эмне деген шумдук! (Ч.А.) Баланын кыялы кандай кызык!

(А.Т.)

  1. Сүйлөм тутумуна эмоциялуу боёгу бар айрым сөздөрдүн же эмоциялуу

маанидеги кээ бир каратма сөздөрдүн катышып айтылышы менен да илептүү

сүйлөмдөр уюшулат:

Ала-Тоонун булагы тунуксуң да, муздаксың! (ТС.) Журтум, балдар үчүн кара баш

курман! Сага эки дүйнөдө ыраазымын, жаным! Энең сенин маңдайыңда турат,

жылдызым! (Т.С.)

  1. Күчтүү сезим менен айтылган буйруу маанисиндеги сүйлөмдөрдүн аягына

коюлат. Мындай сүйлөмдөрдүн баяндоочу буйрук ыңгайдагы этиштерден

болот; оозеки речте сүйлөм ичиндеги тиешелүү сөзү көтөрүңкү үн менен

айтылат:

Сен менин жылдызымды түшүрбө! (Т.С.) Ала-Тоо өрүшүнө шек келтирбегин! (Т.С.)

— Ай, жолдош, токто, кайг артыңа! (Ч.А.) — Кайраттангыла! Жигерденгиле! Ар

бириңер алп күчүңөрдү чыгаргыла! (Т.С.).

  1. Күчтүү сезим менен айтылган тилек, каалоо маанисиндеги сүйлөмдөрдүн

аягына коюлат:

Зоболоңор көтөрүлсүн! Жолуңар узарсын! Бакыт — таалайыңар ачылсын! (Т.С.)

Бактылуу бол! Канатыңды жазып талпынгын, Алтынай! (Ч.А.) Жолуңар ачылсын!

Душман таш капсын! (Т.С.)

  1. Саламдашууда, ага жооп берүүдө, коштошууда жана куттуктоодо айтылган

сүйлөмдөр да дайыма ички сезимди билдиргендиктен, аягына илеп белгиси

коюлат:

−  Салоом алейкум!

−  Алеки салам, келиңиз\ — деп, Каныбек төр жакты нускады. (К.Ж.)

−  О, ишиңиз илгери болсун! Береке толсун!

−  Алай болсун! Айтканыңар келсин! (Т.С.)

−  Баса, бешик бооң бек болсун, куда!

−  Айтканыңыз келсин! — деди Каныбек.(К.Ж.)

−  Кош, уулдар! Кош, бооруңда уул өстүргөн мээримдүү, салкын Улуу-Тоо! (Т.С.)

Эл-журт, тоо-таштын эсенчилиги үчүн! Ала-Тоону аман көрүшүң үчүн! (Т.С.)

  1. Ураан-чакырыктар дайыма эмоциялык күчтүү сезим менен айтылгандыктан,

аягына илеп белгиси коюлат:

Жашасын элдердин бузулбас биримдиги! Жумушчуларга, дыйкандарга,

интеллигенцияга, бүткүл Кыргызстан элине урмат жана даңк!

  1. Сүйлөм башында келген каратма сөз күчтүү сезим менен айтылса, андан кийин

илеп белгиси коюлат:

Иничектерим! Биз үчүн, элиңер, жериңер үчүн душмандаы өч ала көргүлө! (К.Б.)

Кымбаттуу студенттер, окуучулар! Мыкты окуп, талбай эмгектенип, тайбас

максаттарга бет алгыла! («Кыргыз туусу».) «Алиман! Алиман! Бул эмнең, кокуй!

Токто! Токтогун!» — дей эле бериптирмин. (Ч.А.)

  1. Татаал сүйлөмдө эмоциялык маани, негизинен, бүткүл сүйлөмгө таандык

болот, кээде, көбүнчө багынычсыз татаал сүйлөмдө, эң аяккы жөнөкөй

сүйлөмүнө гана тиешелүү болот. Эки учурунда тең илеп белгиси татаал

сүйлөмдүн аягына коюлат:

Жогол, кызды азгырба! (ЧА.) Мына бул кызыл желекти колуңа ал да, элиңе кубанычтуу

кабар айт! (К.Б.) Мен ишенем, ал күндөр алыс эмес! (Ч.А.) (Эмоция бүткүл татаал

сүйлөмгө тиешелүү.)

— Эмне отурасың, күйгүз биликти! (Ч.А.)

Адам дүйнөдө бир жаралат, бирок ал өлүм үчүн

эмес, жашоо үчүн жаралат! (Ч.А.) Бригадириңе айтып кой, экинчи мындай капты берчү

болбосун! (Ч.А.) (Эмоция экинчи сүйлөмгө таандык.)

Суроо белгиси

Суроо белгиси да бир эле мезгилде эки түрдүү милдетти аткарат: сүйлөм аягына коюлуп, аны экинчи сүйлөмдөн ажыратып бөлүп турат, ал сүйлөмдүн маа ни жактан аяктагандыгын билдирет; экинчи жагынан, анда суроо мааниси бар экендигин көрсөтөт. Суроо белгиси экинчи бирөөдөн жооп алуу максатында суроо маанисинде айтылган сүйлөмдөрдүн аягына коюлат.
Суроолуу сүйлөмдөр да түзүлүшү жагынан ар түрдүү болот.
1. Суроо белгиси баяндоочтун аягына -бы суроо уландысынын жалганып айтылышы менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: − Мойнуңдагы милдетти унуттуңбу? (Ч.А.) − Таякем келдиби? (Т.С.) Окууга тоскоол барбы? (К.Б.) − Кечтен бери эс-учуңузду билбей жатканыңызды билесизби? (Ч.А.)
2. Тутумуна сурама атоочтун катышуусу менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: — Эмне кабагыңды бүркөйсүң? (Н.Б.) — Эми бул вагондорду кайда алып бара жатышат? (Ч.А.) — Анын атасы кайда иштейт? (Ч.А.) — Атаке, апамды кайсы жерге көмдүңөр? (М.Э.) Айрым учурда мындай суроолуу сүйлөмдөрдөн кийин ыя сурама бөлүкчөсү келип, алардагы суроо маанисин дагы да тактап, күчөтүп көрсөтөт: − Ар бирине үч жуптан даярдап берсем жетпейби ыя? (Ч.А.) − Бу эмне деген кеп ыя? (Т.С.)
3. Суроо белгиси ээ сурама бөлүкчөсүнүн катышуусу менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: − Эркинбек, сен былтыр кош айдагансың ээ? (Ч.А.) − Тайдын этинен да артык экен ээ? (Ч.А.)
4. Бейм (бы + де + й + м), беле (-бы + эле), бекен (-бы + экен) жардамчы сөздөрү да баяндоочтун тутумунда айтылып, суроолуу сүйлөмдөрдү уюштурат, мындай учурда алар суроолуу интонация менен айтылат: Сиз байкабай каласыз бейм? — Агай, сиз самолёттон секирдиңиз беле? (Ч.А.)
5. Кээде күмөндүү го бөлүкчөсүнүн, өтүнүү, сурануу маанисиндеги -чы мүчөсүнүн жардамы менен суроолуу сүйлөмдөр уюшулат, дайыма суроо интонациясынын коштоосу менен айтылат. Андай түзүлүштөгү сүйлөмдөр суроо мааниси менен бирге болжолдоо, өтүнүү маанисин да кошо камтыйт: − Чамасы, небереси болосуң го? (Т.С.) — Ушул кубанычыңа караганда, Касейиниңден кат келген го сага? (Т.С.) Көзүңөр курчуңар жакшылап байкагылачы? (Т.С.)
6. Айрым учурда «чыгар» модалдык сөзү баяндоочтун тутумунда айтылып, суроолуу сүйлөм уюшулат, суроо интонациясы менен айтылат: — Атаң экөөңдүн мага көрсөткөн кордугуңар эсиңде чыгар? (К.Ж.) Жазгы талаа жумушуна кызуу даярданып жаткан чыгарсыңар? (газетадан) Бирок тутумунда суроо маанисин берүүчү жогоркудай грамматикалык жана лексикалык каражаттары бар сүйлөмдөрдүн баарын эле суроолуу сүйлөм деп эсептеп, аягына суроо белгисин коё берүүгө болбойт. Алардын туюндурган маанисине кылдаттык менен көңүл буруу керек. Эгерде андай сүйлөмдөр экинчи бирөөдөн жооп алуу максатында тикелей суроо маанисинде айтылбай, бир нерсе жөнүндө жайынча гана баяндама берсе, аягына суроо белгиси эмес, чекит коюлат. Мисалы: Ал көптөн бери комбайн айдап жүрбөйбү. (Ч.А.) Бул сенин колуңдагы иш эмеспи. (К.Б.) Бирок аттар мындай абалга жетет деп ким ойлоптур. (Ч.А.) Анын артынан кубаламак беле. Анда балдар ого бетер күлбөйбү. (Ч.А.) Султан кечээ эле келген чыгар. Кандай жооп берүүнү билем го. (Н.Б.)
7. Кээде курамында суроо маанисин берүүчү сурама ат атооч же суроо уландысы (-бы) катышпаган сүйлөмдөр суроо интонациясы аркылуу суроолуу сүйлөмдүк касиетке жетише алат. Оозеки сөздө мындай түзүлүштөгү сүйлөмдөр интонациянын жардамы аркылуу гана суроолуу мааниге жетишет. Жазуу сөзүндө алардын суроолуу сүйлөм экендиги аягындагы суроо белгисинен билинип турат. Андай суроолуу сүйлөмдөр көбүнчө суроо-жооп иретинде айтылган сүйлөмдөрдө кездешет. Мындай түзүлүштөгү суроолуу сүйлөмдөр, адатта, өзүнөн мурунку сүйлөмдө айтылган ойдун айрым бир учурларын тактоо иретинде колдонулат. Мисалы: Суусамырга кыштамак болушту, — деди Күлжан. — Суусамырга? Койсоңуз, тамаша кылып жатасыз го, — деп, Бүбүш ишенген жок. (Н.Б.) − Биздин зоотехник кызды көрдүңүзбү? — деп сурады Сурма. − Зоотехник кызды? деп, Мурат ойлоно түштү. (Н.Б.) − Эгер ага түшүнбөсөң, мактанчааксың. − Мактанчаак? Тапкан экенсиң! (Н.Б.)
8. Татаал сүйлөмдөрдө суроо мааниси, ал сүйлөмдүн түзүлүш өзгөчөлүгүнө карай, бүткүл татаал сүйлөмдү, же тутумундагы бир жөнөкөй сүйлөмдү, же болбосо тутумундагы ар бир жөнөкөй сүйлөмдү камтыйт. Бирок бардык учурда тең суроо белгиси татаал сүйлөмдүн аягына гана коюлат: Окуучулар экскурсияга чыгып, ботаника кабинети үчүн гербарийлер чогултуштубу? (Суроо мааниси бүткүл татаал сүйлөмдү камтыды.) Энелердин айтканы да туура, бирок башка арга кайсы? (Суроо мааниси экинчи жөнөкөй сүйлөмдү гана камтыды.) Эмне үчүн ошондо боштук кылдым, эмне үчүн Алимандын сөзүнө жаш балача соорондум? (Суроо мааниси татаал сүйлөмдүн тутумундагы ар бир жөнөкөй сүйлөмдү камтып турат.)
9. Айрым учурларда тутумунда суроо уландысы -бы же сурама ат атооч катышкан сүйлөмдөр суроо маанисин туюндурбай, адамдын ар кандай ичкй сезимин билдирип, түрдүү эмоция менен айтылат. Мындай учурда сүйлөмдүн аягына суроо белгиси эмес, илеп белгиси коюлат: Кайран азаматтар, тоо ураса болбойбу да, көл төгүлсө болбойбу! (Ч.А.) Оо, жарыктык десе! Бая эле ошентип айтпайсыңбы! Ал кантип өз жанын өзү кыйсын! (К.Ж.)
10. Эгерде сүйлөмдө суроо мааниси менен бирге ар түрдүү ички сезимди туюндурган эмоционалдык маани да болсо, аягына суроо жана илеп белгиси кабаттала коюлат: — И — и бетим, ушундай да уяты жок болобу?! (М.Абд.) Жашагандан артык эмне бар?! (К.Ж.)

Сүйлөм аягына коюлуучу тыныш белгилери. Чекит.

Бүткөн ойду билдирген сүйлөмдөрдүн аягына же чекит, же суроо, же илеп белгиси коюлат. Бул белгилердин ар бири эки түрдүү милдетти аткарат: биринчиден, сүйлөмдө айтылган ойдун аяктаганын билдирет; экинчиден, ал сүйлөм кандай максатта, кандай мааниде айтылгандыгын (жайынча айтылгандыгын, же суроо маанисинде экендигин, же болбосо эмоция менен (ар түрдүү ички сезим менен айтылганын) көрсөтөт. Чекит Чекит жазылып жаткан кандайдыр бир ой толук аяктагандан кийин коюлат да, ал сүйлөмдү өзүнөн кийинки экинчи сүйлөмдөн бөлүп турат.

Чекит — жазуу сөзүндө сүйлөмдүн толук бүткөндүгүн билдирүүчү сырткы белги. Чекит дайыма жай сүйлөмдүн аягына коюлат. Жай сүйлөм аркылуу сүйлөөчү угуучуга бир нерсе тууралуу жайынча гана түшүнүк берет. Оозеки сөздө жай сүйлөмдүн аягында үн акырындык менен төмөндөп айтылат. Жай сүйлөмдөр синтаксистик түзүлүшү жагынан түрдүүчө болот. Алар жалаң же жайылма сүйлөм, толук же кемтик сүйлөм, жөнөкөй же татаал сүйлөм түрүндө кездешет. 1. Чекит грамматика жагынан толук уюшулган жөнөкөй жай сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Алар жалаң же жайылма сүйлөм түрүндө болушу мүмкүн: а) Бороон басылды. (К.Б.) Жапар кубанды. (К.Б.) Сен кечикпе. (А.Т.) Чал кайгырат, жанталашат. (К.О.) б) Шамбеттин демилгеси бизди кызыктырды. (Т.С.) Эриндери дирилдеген Жамийла Осмонду бардык күчү менен жекирди. (Ч.А.) 2. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө жайынча баяндаган татаал сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: Шаардан чакырылгандардан академик Сулайманова да келди, ал ошондо элүүлөргө барып калган экен. (Ч.А.) Анын кымындай да жакшылыгы тийбегени менен, Жумабай аны арка тутчу. (Н.Б.) Согуштан кийин да жылдар өтүп жатты, бирок айылга бара албай жүрдүм. (Ч.А.) 3. Кемтик сүйлөмдөрдөн кийин коюлат: Батманын оорусу күчөдү. Төшөктөн тура албай калды. (К.Б.) (сүйлөмдүн ээси кемиген). Сегиз үй-бүлөөнү отун менен камсыз кылышты. (Н.Б.) (ээси кемиген). Кемтик сүйлөм көбүнчө суроо-жооп иретинде айтылган сүйлөмдөрдө кездешет. Мындай учурда бир сөз да сүйлөмдүк маанини билдирип калат: − Кайдан келатасыңар? − Тоодон. − Эмнеге бардыңар эле ? − Алча тергени. (М.Жанг.) 4. Буйруу, сунуш кылуу маанисиндеги сүйлөмдөр кучтүү сезим менен эмес, жайынча гана кабарлоо маанисинде айтылса, андай сүйлөмдөрдүн аягына да чекит коюлат: Адамдын акысын жер кайтарат. Колхоздун жумушуна чык. Огородуңду таштаба. Балага сак бол. Жаңылыктарды үзбөй жаз.(Т.С.) − Ой, Зуура, сен да камынгын. Эч кандай шылтоо болбосун. (Ч.А.) Эскертуү: Эгерде ушул сыяктуу эле буйруу, өтүнүү маанисиндеги сүйлөмдөр күчтүү эмоционалдык сезим менен айтылса, алардын аягына илеп белгиси коюлат: − Бол, Зукеш! Жарым мүнөткө жетпей баары даяр болсун\(Т.С.) Былк этпегиле! Колуңарды көтөргүлө\ (Т.С.) — Сен ушул биздин тоо үчүн, биздин көл, биздин жер үчүн күрөш! (Т.С.) 5. Атама сүйлөмдөрдөн кийин чекит коюлат. Атама сүйлөм көбүнчө көркөм адабий чыгармаларда табияттын көрүнүшүн, айлана чөйрөнү, ички сезимди ж.б. сүрөттөөдө учурайт: Райкомдун контору. Контордун алды — арык. Арыкта аккан суу бар. Суу боюна тигилген көк терек. (К.Б.) Чөп чабынды маал. Тоо сууларынын кирген кези. Саратан чаңкып, жер какшыган күндөр. Станцияга келсең, араба-көлүктөн басарга жер жок. (Ч.А.) 6. Бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Мындай түзүлүштөгү сүйлөмдөрдө грамматикалык ээси болбойт, бир гана баш мүчөсү — баяндооч болот. Бир тутумдуу сүйлөмдү түзүүчү негизги уютку болуп ошол баяндооч мүчө эсептелет. Адатта, андай баяндоочтун багыныңкы айкындооч мүчөлөрү да болот: Бирок ишти дагы да тездетиш керек. (Ч.А.) Убаданы бузууга жарабайт. (К.Ж.) Бул ремонтту тездетпесе болбойт. (Т.С.) 7. Чекит сөз — сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Сөз — сүйлөмдөр бир сөздөн же ажырагыс сөз айкашынан туруп, бир бүтүн ойду туюндурат. Сүйлөмдүн бул түрү өзүнчө жеке колдонулбайт. Алар дайыма суроо-жооп иретинде айтылган сүйлөмдөрдө колдонулат да, маани жагынан ошол өзүнөн мурунку сүйлөмдө айтылган ойду ырастоо, тануу, кубаттоо, макул болуу, сурап тактоо ж.б. маанилерин билдирет. Мисалы: — Анан машинаны сүйрөп чыктыңарбы? − Ооба.(Ч.А.) − Эмне, мени чакырып жатышабы? − Жок.(Ч.А.) − Ата, байкем Динараны бүгүн үйгө алып кетем деп жатат. − Мейли. (Т.С.) 8. Драмалык чыгармаларда ар бир сүйлөөчү кишинин атынан кийин чекит коюлат: Эркин. Ошол Жапек Каныбектин досу дешкени чынбы? Тоту. Бала чактарында дос болушуптур. Анархан. Ошол Каныбек өткөн күздөн бери Жапектин үйүндө дешет го? (К.Ж.) 9. Чекит драмалык чыгармалардагы ремаркадан (автордун толуктоочу сөзүнөн) кийин коюлат. Ремарка сүйлөмдүн өзгөчө бир түрү. Анын драмалык чыгармадагы милдети — пьесадагы окуя болуп өткөн айлана-чөйрөнү, катышуучулардын сценадагы жүрүш — турушун, кыймылын, ички сезимин ж.б. сүрөттөп көрсөтүү. Ремаркалык сүйлөмдөрдүн (автордун толуктоочу сөзүнүн) түзүлүшү ар турдүү: алар атама сүйлөм, этиштик сөз айкашы, чакчыл түрмөк жана эки тутумдуу сүйлөмдөрдөн болушу мүмкүн. Ремарка дайыма кашаанын ичине алынып жазылат. а) Сүйлөй турган кишинин атынан кийин удаа эле ремарка (автордун толуктоочу сөзү) келсе, ремарка кичине тамга менен башталып жазылып, кашаанын ичине алынат. Мындай учурда сүйлөп жаткан кишинин аты менен ремарка синтаксистик бир бүтүндүктү түзөт. Ошондуктан коюлуучу чекит да ал экөөнө жалпы таандык болуп, жабылган кашаанын сыртына коюлат: Бекмырза (кайра чыгып). Эмне кыйкырасың? Бирдеме болдубу? Сапарбай (кубана). Жок! Акчаңды албай чыкпа, мен ушул жерде күтүп турам. (М.Тойб.) Чортон (Шапакка жанаша тизе бүгүп). Биз үчүн болбосо да, Дадый мырзанын урматы үчүн басып койгула. (Т.Абд.) б) Ремарка эки сүйлөмдүн ортосунда келсе, мурунку сүйлөмдүн аягына тиешелүү тыныш белгиси коюлат; ремарка баш тамга менен башталып, кашаанын ичине алынат да, андан кийин коюла турган чекит ошол ремаркага тиешелүү болгондуктан, ал (чекит) жабыла турган кашаанын ичине (алдына) коюлат; кийинки сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат; Өмүр. Эгер элдин колуна тийсек, алар бизди кескилеп өлтүрөт. (Үнүн көтөрө.) Муну мен беш-алты күндөн бери түшүнө баштадым. (К.Ж.) Жыпаргүл. Ооба, ал абдан коркунучтуу адам! (Алымбек күлөт.) Күлө бергин, Алымбек. Бирок мен анын ким экенин сага айтсам… (Т.Абд.) Текирен. Эркин, окуп жатканың кайсы китеп? (Эркиндин колүндагы китебин сууруп алып көрөт.) О, кокуйгүн, мен дагы бир кызыктуу китеп экен десем, география тура. (М.Тойб.) Дадый. Жап оозуңду! (Бектемирге.) Кана, Ашырбайды жашырып жүргөнүм калп деп көрчү эр болсоң?! (Т.Абд.) в) Ремарка бир сүйлөмдүн ичинде келсе, кичине тамга менен башталып, кашаанын ичине алынып жазылат, кашаанын ичине же тышына чекит коюлбайт; кашаа жабылгандан кийин, сүйлөмдүн экинчи бөлүгү кичине тамга менен башталып, улантылып жазылат: Рысбек. Булар (эки жакты карап далдайып) соо койбойт го. (Р.Шүкүрбеков) Жылдыз. Бул күкүктүн үнү (бакка тез жетип) мага тааныш, Алмаз! (М.Тойб.) Дардаш. Кадимки (бармагын көрсөтүп) момундай жолдоштордон, тааныш, сырдаштардан болуп жүрөлү. (М.Тойб.) г) Ремарка сүйлөп жаткан кишинин аяктап бүткөн сөзүнөн кийин келсе, кашаанын ичине алынып, баш тамга менен башталып жазылат, чекит ремаркага тиешелүү болгондуктан, ал ремарканын аягына, жабылган кашаанын ичине коюлат: Байболот. Мен силерди билемин… Мен силерге ишене албайм!.. (Түкүрүнүп чыгып кетет.) (К.М.) Жайкабаев. Келиңиз. сулуу карындаш. (Салпаковго кет дегендей көз кысат.) (Б.Сагымбеков) Сапарбай. Сендей ударник студентке ошо да кеппи?! (Көзүн ымдайт.) (М.Тойб.) 10. Катар номерлерди көрсөтүүчү сандардан кийин чекит коюлат: Ал тамагын жасап алды да, кол көтөрүүгө укуксуздардын тизмесин окуй баштады: 1) Шоорук Баатыр уулу; 2) Бердибай Тынымсейит уулу; 3) Барпы молдо; 4) Кийизбай Кебекбай уулу… (Т.С.) Эгерде катар номерди көрсөткөн сандар жарым кашаага алынса, алардан кийин чекит коюлбайт: Төрагалыкка ушулар ылайык дешип, ар кимдер тарабынан көрсөтүлүп, тизмеге аттары түшкөн булар болушту: 1) Саадат Зарпек уулу; 2) Бүбүш Канимет келини; 3) Сапарбай Саякбай уулу; (Т.С.) 11. Цифра же тамга менен номерленип, саналып айтылган пункттардын ар бири толук маанини билдирген жайылыңкы сүйлөмдөрдүн болсо, аягына чекит коюлат; саналып айтылган ар бир сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат (мындай сүйлөмдөрдүн аягына үтүрлүү чекиттин коюлушу жөнүңдө 87-88 беттерди караңыз). Мисалы: Республиканын тоолуу райондорун өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй чаралар белгиленсин: 1) Эл аралык тоо институту менен Кыргызстандын Эл аралык университетинин курамында Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору түзүлсүн. 2) Улуттук борборго Эл аралык тоо жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча ишти координациялоо милдети тапшырылсын. 3) Улуттук борбордун төрагасы бир айлык мөөнөттө Улуттук борбор жөнүңдө жобону иштеп чыксын.

Тыныш белгилерин коюу принциптери

Орус тилинин пунктуациясынын тарыхы жөнүндө кабар проф. А.Б.Шапиронун «Основы русской пунктуации» деген китебинде берилген. Ал эмгекте берилген маалыматтар боюнча, орус тилинин азыркы убакта колдонулуп жүргөн пунктуация системасынын негизги белгилери орус адабий тилинин негизинин түзүлүп бүткөн мезгилине, б.а. XVIII кылымдын баш ченине туура келет. Ошол кездеги бир катар илимий эмгектерде тыныш белгилеринин колдонулуш принциптери жөнүндө ар түрдүү пикирлер айтылып келген. Ал пикирлер, негизинен, үч түрдүү принциптин: логикалык, грамматикалык жана интонациялык принциптердин айланасында болуп келген. Тактап айтканда, айрым окумуштуулар тыныш белгилерин коюуда көбүнчө сүйлөмдүн маанисине көңүл буруу керек десе, кээ бирөөлөр сүйлөмдүн синтаксистик (грамматикалык) курулушун эске алуу керек деген; үчүнчү бирөөлөрү интонацияга негизделиш керек дешкен. Алсак, орус элинин улуу окумуштуусу М.В.Ломоносов тыныш белгилери негизинен сүйлөмдө айтылган ой-пикирдин маанисине карата коюларын белгилеген. А.Х.Востоков тыныш белгилерин туура коюу үчүн сүйлөмдүн синтаксистик курулушун, сүйлөм бөлүктөрүнүн ортосундагы маанилик катышты так ажырата билүү керек жана сөздөгү тыным, ар түрдүү интонацияга да тиешелүү көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Демек, ал тыныш белгилерин колдонууда бир гана принципти эмес, өз ара байланыштагы бир нече принципти негиз кылып алган. Ф.И.Буслаев: тил аркылуу сүйлөөчү киши башка бирөөгө өз оюн жана ар түрдүү сезимин билдирет, ошол себептүү тыныш белгилери да эки түрдүү милдетти аткарат: 1) бир сүйлөмдү экинчи сүйлөмдөн же анын бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнөн ажыратып, айтылып жаткан ойго ачык түшүнүүгө жардам берет; 2) сүйлөөчү жактын ар түрдүү сезимин жана анын угуучуга болгон мамилесин билдирет. Булардын ичинен биринчи милдетти үтүр, үтүрлүү чекит, кош чекит жана чекит аткарат; экинчи милдетти илеп белгиси, суроо белгиси, көп чекит жана сызыкча аткарат. Булардан тышкары, ойду ачык жана орундуу туюндуруу үчүн жазуу речинде кашаа жана тырмакча да колдонулат дейт. Демек, Ф.И.Буслаев тыныш белгилери айтылуучу ойдун маанисине жана интонацияга карата коюла тургандыгын көрсөткөн. Проф. Я.К.Грот: «Тыныш белгилерин коюу синтаксис менен, б.а. сүйлөм жөнүндөгү окуу менен тыгыз байланыштуу…»8 дейт. Ал сүйлөм ичинде коюлуучу тыныш белгилери жөнүңдөгү эрежени сүйлөмдүн синтаксистик курулушуна жана анын составдык бөлүктөрүнүн ортосундагы маанилик катышка негизделип түзөт. Сүйлөм аягына коюлуучу чекит, суроо, илеп белгилеринин эрежеси үчүн гана тынымды жана интонацияны негиз кылып алат. Я.К.Гроттун тыныш белгилери боюнча түзгөн эрежеси сүйлөмдүн синтаксистик курулушуна негизделип түзүлгөндүктөн, колдонууга ылайыктуу келип, өз учурунда окуу жана басма иштеринде кеңири колдонулган. Анын эрежесинин негизги жоболору орус тилинде ушул мезгилге чейин колдонулуп келатат. А.М. Пешковский тыныш белгилери сүйлөмдүн синтаксистик курулушуна негизделип коюлат дегөн жогорку пикирге каршы туруп, тыныш белгилери көпчүлүк учурда тилдеги ритмомелодияны (ар түрдүү интонацияны) белгилөө үчүн кызмат кылат деп, интонациялык принципти биринчи орунга койгон. Үтүр белгиси гана интонация менен грамматикага негизделип коюлат деген. Л.В.Щерба тыныш белгилери тилдеги фразалык интонацияны белгилөө үчүн колдонулат, дейт. Бирок бул пикирин акыр аягына чейин колдобой, тилдеги пунктуациялык эрежелер интонацияга гана негизделбестен, тексттин маанисине жана анын грамматикалык түзүлүшүнө да негизделет деп, жалпысынан туура жыйынтыкка келген. Ушинтип, буга чейин сөз болгон тилчи-окумуштуулар пунктуациянын негизги маселелерин чечүүдө көпчүлүк учурда айтылуучу ойдун мааниси менен грамматиканы жана интонацияны өз ара байланыштуу карашкан эмес. Айрымдары тыныш белгилерин колдонууда ой пикирдин маанисин негиз кылып алышса, кээ бири интонацияга таянышкан; үчүнчү бирөөлөр тыныш белгилерин коюуда сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүн жана анын мааниси менен интонацияны да эске алуу керек деп эсептешкен (мис., Я.К.Грот). Совет мезгилиндеги орус тилчилеринин басымдуу көпчүлүгү пунктуациянын негизи катары айтылуучу ойдун маанисин, грамматикалык жана интонациялык принциптерди айрым-айрым карабастан, өз ара тыгыз байланышта карашат. Мисалы: проф.С.И.Абакумов интонациялык принципти сынга алып, тыныш белгилерин коюуда айтылуучу ойдун маанисине таянуу зарыл, ушуну менен бирге анын синтаксистик түзүлүшүн эске алуу керек жана интонацияга да тиешелүү көңүл буруу керек, — деген жыйынтыкка келет. Проф. А.Б.Шапиро да «Основы русской пунктуации» (1955) деген монографиясында тыныш белгилерин колдонуу оозеки сөздөгү интонация (ритмо-мелодия) менен, сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү менен жана айтылуучу ой-пикирдин мааниси менен тыгыз байланыштуу экендигин өтө бай тилдик материалдардын негизинде кеңири далилдеп көрсөткөн. Проф. А.В. Текучев азыркы орус тилинин пунктуациясы бир эле принциптен түзүлбөстөн, грамматикалык, маанилик жана интонациялык принциптердин негизинде түзүлөт. Бул принциптер өз ара тыгыз байланышта колдонулат, деп, пунктуациянын негизин туура көрсөткөн. Ушинтип, орус тил илиминде пунктуациянын негизги үч принциби (логикалык (маанилик), грамматикалык, интонациялык) тууралуу ар түрлүү жүйөлүү пикирлер айтылып келген. Акыры тилчи-окумуштуулар тыныш белгилерин туура колдонуу үчүн бул үч принциптин бирөөнү же экөөнү негиз кылып алууга болбой тургандыгын далилдешип, жазууда тыныш белгилерин туура коюш үчүн үч принципти тең: сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүн, айтылуучу ойдун маанисин жана интонацияны өз ара тыгыз байланышта кароо керек деген бирден-бир туура жыйынтыкка келишкен. Кыргыз тилинин тыныш белгилеринин эрежелерин иштеп чыгууда жана анын принциптерин аныктоодо орус тилинде тыныш белгилерин колдонуунун жогорку принциптери жана теориялык жоболору үлгү катарында, илимий негиз катарында пайдаланылгандыгын танууга болбойт.

Азыркы кыргыз тилинин тыныш белгилерин колдонуу эрежеси да бири-бири менен өз ара тыгыз байланышкан үч принципке: грамматикалык принципке, айтылуучу ойдун маанисине жана интонациялык принципке негизделген. Чындыгында да, бир катар тыныш белгилери: чекит, суроо, илеп, көп чекит, кашаа ж.б., негизинен, айтылуучу ойдун маанисине карата коюлат. Бирок буга карап эле тилдеги бардык тыныш белгилери сүйлөмдүн маанисине карай коюлат деп, семантикалык (маанилик) принципти ашыра баалоого болбойт. Тилибиздеги көпчүлүк тыныш белгилеринин коюлушу: бир өңчөй мүчөлөрдө, каратма сөз, киринди сөз, сырдык сөздөрдө, обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдө, татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына жана ээ менен баяндоочтун арасына ж.б. тыныш белгилерин коюу грамматикалык (синтаксистик) принципке негизделет. Бирок мындан бүткүл тыныш белгилери грамматикага, сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүнө негизделип коюлат экен деген жыйынтыкка келе калууга да болбойт. Анткени, жогоруда белгиленгендей, бир катар тыныш белгилеринин коюлушу айтылуучу ойдун маанисине, аз да болсо, интонацияга байланыштуу. Ошондуктан кийинки методикалык колдонмолордо бул үч принцип: сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшү, айтылуучу ойдун мааниси жана интонация бири-бири менен өз ара тыгыз байланышта каралат. Бул принциптердин ичинен эң негизгиси грамматикалык жана маанилик (семантикалык, логикалык) принцип болуп эсептелет, анткени пунктуациялык эрежелердин басымдуу бөлүгү ушул эки принципке негизделген. Мисалы, байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн курамдык бөлүктөрүнүн арасына тийиштүү тыныш белгилерин коюш үчүн, биринчиден, алардын грамматикалык түзүлүшүн аныкташ керек. Тактап айтканда, ал канча жөнөкөй сүйлөмдөн уюшулгандыгын так ажыратып алуу керек. Экинчи жагынан, ал татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара маани жагынан болгон байланышына көңүл буруу керек, себеби андай жөнөкөй сүйлөмдөрдүн маани жагынан болгон байланыш өзгөчөлүктөрүнө карай алардын арасына үтүр, же үтүрлүү чекит, же сызыкча, же кош чекит коюлат. Мисалы: 1) Эгерде байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр маани жагынан өз ара тыгыз байланышта болушса, ал жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына үтүр коюлат: Эненин назик жүрөгү тыз этти, муундары калчылдап кетти. (Т.С.) Айша кетти, Жапар менен Жамийла үйдө калышты. (К.Б.) 2) Эгер тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн биринчиси жалпы мааниде айтылып, экинчиси анын маанисин чечмелеп, толуктап, тактап турса, биринчи жөнөкөй сүйлөмдөн кийин кош чекит коюлат: Азыр сенден өтүнүчүм бар: төрүмдөгү меймандар жөнүндө кымындай шек чыгара көрбө. (К.О.) Кете береринде байкалды: Султандын такымына кыскан мылтыгы бар экен. (Т.С.) Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчанын коюлушу да грамматикалык принципке негизделет. Мында эң мурун сүйлөмдүн баяндоочун таап, анын милдетин кайсы сөз түркүмү аткарып турганын ажыратуу керек. Эгерде баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же кыймыл атоочтор аткарса, анда ээ менен баяндоочтун тобунун ортосуна (ээнин тобу менен баяндоочтун тобунун арасына) сызыкча коюлат: Акыл айтуучусу — Бекназар баатыр. (Т.К.) Ар бир адамдын ыйык милдети — Ата Мекенди коргоо. Ушул сыяктуу эле каратма сөз, киринди сөздөрдүн, обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн, бир өңчөй мүчөлөрдүн ж.б. жазылыш эрежелери да, негизинен, грамматикалык принципке негизделет. Кээ бир тыныш белгилеринин коюлушу айтылуучу ойдун маанисине байланыштуу болот. Мисалы, чекит белгиси белгилүү бир ойду толук туюндуруп, жайынча айтылган сүйлөмдүн аягына коюлат, демек чекит белгисин туура коюу үчүн, ал сөз тизмеги маани жагынан толук бүткөн ойду жайынча түшүндүрүп турабы же жокпу, ошол жагына көңүл буруу керек. Эгерде бүткөн ойду билдирген сүйлөмдө суроо мааниси болсо, андай сүйлөмдөрдүн аягына суроо белгиси коюлат, б.а. суроо белгиси да айтылуучу ойдун маанисине карай коюлат. Ошондой эле илеп белгиси, көп чекит, кашаа ж.б. белгилери да, негизинен, айтылуучу ойдун маанисине карай коюлат. Ушинтип, тыныш белгилерин коюу, негизинен, грамматикалык принципке жана айтылуучу ойдун маанисине байланыштуу болот. Ошондуктан мектептерде тыныш белгилерин окутуу синтаксисти окутууга негизделип, окуучулардан тилдин синтаксистик курулушун терең, толук өздөштүрүүнү талап кылуу керек. Кыскасы, тыныш белгилерин туура коюу үчүн: Сүйлөмдөрдүн синтаксистик курулушун так ажырата билүү керек синтаксисти жакшы билүү керек. Сүйлөмдөрдүн маанисин терең, туура талдай билүү керек, себеби чекит, суроо, илеп белгиси, татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн арасына коюлуучу үтүр, үтүрлүү чекит, сызыкча, кош чекит ж.б. ал сүйлөмдөрдүн маанисине негизделип коюлат. Тыныш белгилеринин коюлуш эрежесин так билип, аны практикалык иште туура колдоно билүү керек. Интонация менен тыныш белгилери белгилүү бир учурда бирдей эле маанилик катышты билдирип, бири-бирине туура келип калган учурлар да болгондуктан, жазуу ишинде оозеки сөздөгү тыным, интонацияга да тиешелүү көңүл бурууга туура келет. Бирок оозеки сөздөгү интонацияга тыныш белгилеринин туура келиши анчалык көп учурабайт. Көпчүлүк учурда алар бири-бирине дал келишпейт: көп сандаган интонация, тынымдар жазууда тыныш белгилери менен белгиленбей кала берет; тескерисинче, оозеки сүйлөөдө тыным болбогон жерге жазууда тыныш белгиси коюлуп калат (16-17-6. кара). Ошол себептүү интонация тыныш белгилерин коюуда негизги принцип боло албайт; ал грамматикалык жана маанилик принциптердин жардамчы гана каражаты болуп эсептелет. Азыркы кыргыз тилинде колдонулуп жүргөн тыныш белгилерине чекит, суроо, илеп белгиси, көп чекит, үтүр, үтүрлүү чекит, кош чекит, сызыкча, кашаа, тырмакча кирет. Бул тыныш белгилери сүйлөмдө колдонулган ордуна карай эки топко бөлүнөт: сүйлөм аягында коюлуучу тыныш белгилери, сүйлөм ичинде коюлуучу тыныш белгилери.

Аскар Турсунов
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ
Бишкек, КТМУ, 2002

Интонация жана тыныш белгилери

Адам баласы өзүнүн ой-пикирин, чындыкка болгон ар түрдүү мамилесин башка

бирөөлөргө оозеки сүйлөө аркылуу да билдирери белгилүү. Сүйлөөдө сүйлөмдөрдүн

синтаксистик жактан уюшулуш жолдору оозеки жана жазма тилде, негизинен, бирдей.

Бирок айрым бир белгилери жагынан алар бири-биринен айырмаланат: оозеки сүйлөөдө

жазма тилге караганда сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби эркинирээк болот; сүйлөм

түзүлүшү жөнөкөй, кыска келет. Айтылуучу ойду, ар түрдүү ички сезимди толук жана

так билдирүүгө жардам берүүчү көмөкчү каражаттар да кептин бул эки түрүндө ар

башка: эгерде жазылган текстин маанисине туура түшүнүүдө пунктуация орчундуу

ролду ойносо, оозеки тилде анын ажырагыс элементи болгон интонация өтө чоң ролду

ойнойт. Интонация айтылып жаткан ой-пикирге ачык, так, туура түшүнүүгө жардам

берүүчү оозеки тилдин кошумча каражаты болуп эсептелет. Эгерде оозеки сүйлөө

тиешелүү интонация менен жабдылбаса айтылуучу ой жеткиликтүү берилбей калат.

Аирым турган жөнөкөй сүйлөмдөрдү же сүйлөм мүчөлөрүн бири-биринен кыска тыным

менен чектебестен, куюлуштуруп айта берсек, айтылуучу ой түшүнүксүз жана

чаржайыт болуп калат.

Оозеки сүйлөөдө интонация 1) сүйлөмдү уюштурган синтаксистик элементтердин

грамматикалык биримдүүлүгүн бекемдейт; 2) сүйлөм ичиндеги сөздөрдү синтагмаларга

(сөз айкашына, сөздөрдүн тобуна) ажыратат; мындай учурда ар бир синтагманын

башталышында жана аякталышында үн жогорулап же төмөндөп, синтагмалардын

аралыгында тыным болот; 3) баяндоочтук маанини берет: Ырдаган артист; 4)

сүйлөмдөгү ар түрдүү кошумча маанилерди туюндурат.

Алсак, айрым учурда сүйлөмдүн кандай мааниде экендиги жалаң гана интонациянын

жардамы менен белгилүү болот. Бул өзгөчө синтаксистик түзүлүшү жагынан жай

сүйлөмдөн айырмаланбаган илептүү, суроолуу сүйлөмдөр үчүн мүнөздүү.

Мисалы: Чагылган түштү. Чагылган түштү! Чагылган түштү? Бирдей түзүлүштөгү

бул сүйлөмдөрдүн жай, суроолуу же илептүү сүйлөм экендиги оозеки сүйлөөдө

тиешелүү интонация аркылуу гана белгилүү болот; жазма тилде бул сүйлөмдөрдүн

аягына коюлган тыныш белгилеринен белгилүү болуп турат.

Курамында сурама ат атооч катышкан сүйлөмдөр, негизинен, суроо маанисин

билдирери белгилүү. Бирок ошондой эле түзүлүштөгү айрым сүйлөмдөр кээде

эмоциялык маанини билдирип калат. Андай сүйлөмдөрдүн суроо же күчтүү сезимдик

мааниде экендиги оозеки сүйлөөдө интонациянын гана жардамы аркылуу белгиленет.

Салыштырыңыз: Сага эмне болду, курбум? (М. Аб.) Эмне үчүн мынча кечикти! (М. Аб )

Экинчи сүйлөмдө суроо мааниси жок, адамдын ички сезимин, бушайман болгондугун

билдирип турат.

Кээде оозеки тилдеги интонация менен жазма тилдеги тыныш белгилери бири-бирине

туура келип калат. унун себеби интонация да, тыныш белгилери да сүилөмдү маани

жагынан байланыштуу бөлүкчөлөргө ажыратып, белгилүү бир учурда сүйлөмдөгү

бирдей эле маанилик өзгөчөлүктөрүн билдирип калышында

Мисалы, оозеки тилдеги суроо интонациясына жазма тилде суроо белгиси туура келет:

−  Кедей тобунун мүчөлөрү, барсыңарбы? (Т.С.)

−  Байдамтал суусун уктуңуз беле? (Ч.А.)

−  Жылкылар кайда кышташат? (Н.Б.)

Кубануу, таң калуу, кээде буйруу ж.б. өңдүү эмоциялык сезимдерге илеп белгиси туура

келет: Бах! Баракелде, элдин күчүнө! Бах – х! Жайдын кечки жели кандай үлпүлдөк!

Кандай жумшак! Кандай салкын! (Т.С.) Уулум, атаңдын айткан сөздөрүн ук! (К.Б.)

Мага ишенип, кеңеш сураганыңа ырахмат! (Т.С.) Жашасын темир булчуң жумушчулар!

(Т.С.)

Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы биринчи жөнөкөй

сүйлөм жалпылаш ан мааниде болуп, андан кийинки сүйлөм же сөз тизмектери анын

маанисин ачып, чечмелеп, тактап турса, оозеки сүйлөөдө биринчи сүйлөмдөн кийин

эскертүү маанисиндеги тыным болот, жазууда ал тыным болгон жерге кош чекит

коюлат. Мындай учурдагы оозеки сүйлөөдөгү тыным менен жазма тилдеги кош

чекиттин милдети өзүнөн кийин биринчи сүйлөмдүн маанисин ачып, чечмелеп

түшүндүрө турган экинчи бир сүйлөм айтыларын эскертип туруу болуп эсептелет.

Мисалы: Эмесе иш мындай болсун: байбичелерден бир киши, карыялардан бир киши

бригадир болуп шайлансын. (К.Б.) Бирок биз өзүбүз аз элбиз: Бектемир агайдын үй ичи,

анан мен…(Ч.А.) Бирдиктүү дүйнөлүк океан төмөнкү бөлүктөргө бөлүнөт: Тынч океан,

Атлантика океаны, Индия океаны, Түндүк муз океаны. («Физикалык география» окуу

китеби).

Бир өңчөй мүчөлөрдүн арасындагы санак интонацияларга үтүр туура келет: Алым,

Анархан, Дарыяхандар шаардан бүгүн чыгып кетүүгө тийиш. (К.Ж.) Күлүктөрдү чаба

турган жаш балдар баштарына кызыл, көк, ак жоолук буунушкан. (К.Осм.)

Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдөн мурун жана кийин келген тынымга жазууда

алардын эки жагынан коюлган үтүр белгилери туура келет: Биз, малчылар, андай

адатты жакшы көрбөйбүз. (А.У.) Алыстан, кырман жактан, түшкү тамак мезгили

болгонун билгизип, коңгуроо кагылды. (К.Б.) Жумаш, мектептин директору, биринчи

чейректин жыйынтыгы боюнча доклад жасады.

Бирок, жогоркудай фактыларга таянып эле, интонация менен тыныш белгилери дайыма

бири-бирине дал келет экен, ошондуктан оозеки сүйлөөдөгү интонация жазууда тыныш

белгилерин туура коюунун бирден-бир негизи боло алат деген жыйынтыкка келе

калууга болбойт. Интонация менен тыныш белгилеринин бири-бирине туура келиши

тилибизде өтө эле аз учурайт. Көпчүлүк учурда оозеки сүйлөөдө ар түрдүү интонацияга,

тынымга жазма тилдеги тыныш белгилери туура келе бербейт.

Мисалы, оозеки тилдеги бардык эле тыным тыныш белгилери менен белгилене

бербейт: 1945-жылдын 9 майында /биздин баатыр эл / германдык фашизмди биротоло

талкалады. Ошондон бери биздин элибиз/9майды/ар жыл сайын /жеңиш күнү

катарында /салтанаттуу белгилейт. (С.К.»)

Бул сүйлөмдөгү алты тынымдын бирөөнү да тыныш белгиси менен белгилөөгө болбойт.

Ушундай эле, оозеки тилде ээнин тобу менен баяндоочтун тобунун ортосунда айрым

учурларда тыным болот, бирок ал тыныш белгиси менен белгиленбейт: «Биздин

замандын кишилери» романы /кыргыз адабиятында биринчилерден болуп мамлекеттик

сыйлыкка татыктуу болгон. Ичи ачыша түшкөн Динар/ эки колун тең көтөрдү. (Т.С.).

Мындай кыялдар /Анархан менен Дарыяханда да жок эмес эле. (К.Ж.). Анын бардык

максаты /курбусу менен тезирээк көрүшүү эле. (Н.Б.)

Эгерде тыным болгон бардык жерлерге тыныш белгилерин коё берсек, анда маани жана

грамматикалык жактан өз ара байланышта турган синтаксистик бирдиктер

бири-биринен ажырап, бөлүнүп калар эле.

Ошондой эле, жазма тилде коюлган айрым тыныш белгилерине ар дайым эле оозеки

тилдеги тыным туура келе бербейт. Мисалы, каратма сөз сүйлөм ортосуна келсе,

жазууда эки жагынан үтүр коюлат, айтууда тыным каратма сөздөн кийинки үтүргө гана

туура келип, мурунку үтүргө туура келбейт:

— Рахмат сага, Толгонай, /ушундай катаал күндөрдө эл-журтка баш болуп жүрөсүң.

(Ч.А.) Кана, Султанмурат, /класстагы балдардын ирдүүсү эле сен окшойсуң… (Ч.А.)

Коркпо, Жамийла./алыс жолдон, сенин жолуң таалай жолу, андан күмөн санаба. (Ч.А.)

Ушинтип, оозеки тилдеги интонация да, жазма тилдеги тыныш белгилери да сүйлөмдү

байланыштуу бөлүкчөлөргө бөлүп, белгилүү бир учурда бирдей эле маанилик

катышты жана майда маанилик өзгөчөлүктөрдү (оттенкаларды) билдирип, бирдей

милдетти аткарышканы менен, ал экөө ар дайым эле бири-бирине дал келе беришпейт.

Оозеки тилдеги интонация, жазма тилдеги тыныш белгилерине караганда, өтө бай жана

ар түркүн келет. Ошол себептүү тыныш белгилери сүйлөөдөгү интонациялык бардык

өзгөчөлүктөрдү толук чагылдыра албайт. Оозеки тилде ар түрдүү тынымдар, үндүн

(тондун) жогорулашы, төмөндөшү; сүйлөө темпинин ылдамдашы, акырындашы; үн

кубулушунун (тембринин) өзгөрүшү ж.б. болот. Бул каражаттар айтылып жаткан ойго

мүнөздүү болгон ар түрдүү ички сезимди өтө кылдат жана толугу менен билдирүүгө

жардам берет. Оозеки сүйлөөдө интонация ар түркүн жана өтө бай болгондуктан,

алардын баарын тыныш белгилери менен белгилөө мүмкүн эмес. Эгер сүйлөөдөгү ар

бир интонациялык кубулушту белгилей берсек, анда тыныш белгилеринин саны, түрү да

өтө көбөйүп, аларды колдонуу эрежелери да өтө татаалданып кетер эле.

Интонация — оозеки тил менен такай бирге жүрүүчү, ажырагыс бөлүгү. Адам

баласынын оозеки сүйлөшүү тили жазуу чыкканга чейинки байыркы доордо эле өтө бай,

ар түрдүү интонация менен бирге айтылган.

Тыныш белгилери болсо жазма тил менен тыгыз байланыштуу, анын курамдык

бөлүктөрүнүн бири. Ал кийинки доорлордо жазуунун чыгышы менен бирге пайда

болуп, колдонула баштаган.

Интонация менен тыныш белгилери көпчүлүк учур да бири-бирине туура келбегенден

кийин, оозеки сүйлөөдөгү ар түрдүү интонацияга, тынымга таянып эле тыныш белгисин

туура коюуга болот деп, интонациянын ролун ашыра баалоого болбойт. Бирок оозеки

тилдеги интонацияга таптакыр эле көңүл бурбай коюуга да болбойт. Өзгөчө жат жазуу

учурунда оозеки окулуп жаткан сүйлөмдөрдөгү интонация, тынымдарга белгилүү бир

деңгээлде көңүл бурууга туура келет. Анткени оозеки тилдеги интонацияга жазма

тилдеги тыныш белгилери туура келген учурларда интонация тыныш белгилеринин

туура коюлушуна белгилүү бир даражада жардам бере алат. Ошондой эле, илеп, суроо

ж.б. белгилерин коюуда да интонациянын белгилүү ролу бар. Бирок жогоруда

айтылгандарга карабастан, интонация тыныш белгилерин коюу ишинде бирден-бир

чечүүчү негиз боло албайт; ал башка негизги принциптерге жардамчы каражат катары

гана көмөк көрсөтө алат.

Аскар Турсунов
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ
Бишкек, КТМУ, 2002

Тыныш белгилеринин жазма тилдеги милдети

Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат. Демек, тил

аркылуу адамдар бири-бирине өз ойлорун түшүндүрүп, пикир алышып, байланышып

турушат. Коомдун мүчөлөрүн бири-бири менен пикир алыштыруунун, өз ара

байланыштыруунун негизги формасы катары сүйлөм пайдаланылат. Ал эми сүйлөмдүн

өзү болсо сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын тизмегинен уюшулат. Адам баласы өз оюн

башкаларга оозеки түрдө жана жазуу түрүндө билдирери белгилүү. Бирок ой-пикирди,

ар түрдүү ички сезимди түшүнүктүү жана толук берүү үчүн тилдин грамматикалык

закондорунун негизинде уюшулган ар түрдүү түзүлүштөгү сүйлөмдөрдүн гана болушу

жетишсиз болот. Мисалы, оюбузду башка бирөөгө оозеки айтып түшүндүрүүдө

сүйлөмдөрдү, анын байланыштуу бөлүкчөлөрүн бири-биринен кыска тыным аркылуу

ажыратпай, чектебей эле куюлуштуруп айта берсек, сүйлөмдөр жана алардын

тутумундагы айрым сөздөр, сөз айкаштары маанисине карай тиешелүү интонация,

тыным (пауза) менен айтылбаса, сөз болуп жаткан ойго так жана толук түшүнүүгө

мүмкүн болбой калат. (Интонация — үндөгү тондун жогорулашынын, төмөндөшүнүн

жана тынымдын бирикмеси). Ошондуктан ой-пикирди оозеки сөз аркылуу берүүдө бир

сүйлөм экинчи бир сүйлөмдөн, сүйлөмдүн бир бөлүкчөсү экинчисинен кыска тыным

аркылуу бөлүнүп, чектелип айтылат; сүйлөмдүн бир жеринде үн жогоруласа, экинчи

жеринде акырындап, сүйлөм маанилик өзгөчөлүгүнө карай ар түрдүү интонация менен

айтылат. Оозеки тилдеги андай тыным, интонациялар кепти сүйлөмдөргө, сүйлөмдөрдү

айрым бөлүкчөлөргө бөлүп, ал бөлүкчөлөрдүн ортосундагы байланышты жана

сүйлөмдөгү ар түрдүү маанилик, эмоциялык (ар түрдүү ички күчтүү сезимдер: өтө

кубануу, кайыруу ж.б.) өзгөчөлүктөрдү билдирет да, ошону менен айтылып жаткан ойду

угуучуга жеткиликтүү кабарлап, ага так, толук түшүнүүгө жардам берет.

Адам баласы өз оюн башкаларга жазуу түрүндө да билдирет. Эгерде оозеки тилде

айтылып жаткан ой — пикирге угуучунун так, толук түшүнүшүнө жардам берүүчү

кошумча каражат болуп тыным, ар түрдүү интонация эсептелинсе, жазма тил аркылуу

берилген ойго, ар түрдүү сезимдерге ачык, толук жана туура түшүнүүгө жардам берүүчү

кошумча каражат катары дайыма тыныш белгилери (пунктуация) пайдаланылат.

Жазууда тыныш белгилери колдонулбаса, анда айтылуучу ой-пикирдин мааниси

чаташып, сүйлөмдө адамдын кандай сезими берилип жаткандыгы белгисиз болуп калар

эле.

Мисалы, төмөнкү сүйлөмдөрдү тиешелүү белгилерин койбой жазып көрөлү.

Кеп жатакчылардын аздыгында эмес түтүндүн саны жагынан алар байлардан алда

канча көп отурукташуунун маанисин билбегендикте.

Жаныбарым Атай сууга канган атын азанатып үйүн көздөй жетеледи биздин

тиричилик ушул жерде. Алиман Алиман бул эмне кылганың.

Эгер ага түшүнбөсөң мактанчааксың мактанчаакты

тапкан экенсиң.

Бул сүйлөмдөрдү ушул түрүндө окуганда, алардын маанисине, эмне жөнүндө сөз болуп

жаткандыгына ачык түшүнүү кыйын, ал эми акыркы эки сүйлөмдө кандай эмоциялык

сезимдер бар экендиги да байкалбайт.

Качан гана тиешелүү тыныш белгилерин өз ордуна туура койгонубузда, айтылган ойдун

маанисине ачык, так жана туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алабыз:

Кеп жатакчылардын аздыгында эмес (түтүндүн саны боюнча алар байлардан алда канча

көп), отурукташуунун маанисин билбегендикте (К.Каимов).

«Жаныбарым, Атай сууга канган атын азанатып, үйүн көздөй жетеледи, — биздин

тиричилик ушул жерде». (К.Каимов)

−  Алиман! Алиман! Бул эмне кылганың?! (Ч. Айтматов)

−  Эгер ага түшүнбөсөң, мактанчааксың.

−  Мактанчаак? Тапкан экенсиң/ (Н.Б.)

Мында сүйлөм ичинде жана сүйлөм аягына коюлган тыныш белгилери ал сүйлөмдүн

маанисине туура, толук түшүнүүгө жардам берип турат; акыркы эки сүйлөмдөгү суроо,

илеп белгилери сүйлөмдөрдүн күчтүү сезим менен жана суроо маанисинде

айтылгандыгын билдирип турат.

Жазма тилдеги сүйлөмдөрдүн аягына же сүйлөм ичиндеги сөздөрдүн, сөз

тизмектеринин арасына коюлуучу белгилер тыныш белгилери деп аталат («тыныш»

— «тыныгуу» деген мааниде; орус тилинде: «знаки препинания» препинание

остановка, перерыв «токтоо», «тыныгуу» деген мааниде).

Тыныш белгилерин коюу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы пунктуация деп аталат;

экинчиден, бул термин «тыныш белгилери» деген мааниде да колдонулат (латынча

punctum — «чекит» деген мааниде).

Тыныш белгилеринин милдети тексттеги сүйлөмдөрдүн жана сүйлөмдүн

курамындагы синтаксистик категориялардын чегин ажыратып, айтылып жаткан

ой-пикирге так, толук жана туура түшүнүүгө жардам берүү, сүйлөмдө берилген ар

түрдүү ички сезимди окуучуларга толугу менен жеткирүү болуп эсептелинет.

Тыныш белгилери текстти жазуучу кишилерге да, аны окуучу кишилерге да бирдей

тиешелүү. Анткени алар, биринчиден, жазуучу адамга өз оюн, ар түрдүү эмоциялык

сезимдерин так жана толук билдирүүгө жардам берсе, экинчи жагынан, окуучу адам

жазылган текстте коюлган тыныш белгилерин көрүп, ошолордун негизинде ал тыныш

белгилери кандай маанини, кандай эмоциялык сезимди билдирип тургандыгына

түшүнөт. Демек, тиги же бул тилде колдонулган тыныш белгилери билдирген

маанилерге, майда маанилик өзгөчөлүктөргө жазуучу адам да, окуучу адам да, б.а.,

бардык сабаттуу адамдар бирдей мааниде

түшүнүүгө зарыл.

Жогоруда белгиленгендей, тыныш белгилери адамдын ой-пикирин, эмоциялык

сезимдерин жазуу түрүндөгү кепте так, толук жана туура берүүгө жардам берүүчү

кошумча каражаттар болуп эсептелинет.

Мисалы: Сүйлөмдүн аягына коюлган чекит ал сүйлөм кандайдыр бир ой-пикир

тууралуу жайынча кабар берип тургандыгын билдирет: Ынтымактуу үйгө ырыс

түнөйт (макал).

Сүйлөм аягына коюлган суроо белгиси ал сүйлөмдүн суроолуу мааниде айтылгандыгың

көрсөтөт: Эми бул вагондорду кайда алып бара жатышат? (Ч.А.)

Сүйлөмдүн аягына коюлган илеп белгиси ал сүйлөм сүйлөөчүнүн ар түрдүү ички

сезимин (кубануу, таң калуу, ачуулануу ж.б.) билдирип тургандыгын туюндурат: Бах,

эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Т.С.)

Кээ бир тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн биринчи сүйлөмүнөн кийин коюлган кош

чекит өзүнөн кийинки сүйлөм биринчи сүйлөмдүн маанисин ачып, тактап

түшүндүрөрүн эскертип турат: Анын мойнуна тагылган кызматы бар: ал —

айылаткомдун катчысы. (Т.С.)

Кашаа айтылган ойдун мазмунуна айрым толуктоо, тактоо берүү үчүн сүйлөмдүн

тизмегине кошумча түрдө киргизилген сүйлөмдү, сөз тизмегин же сөздү өзүнчө чектеп

көрсөтүү үчүн кызмат кылат: Кызы (анын аты Бермет эле) балача бышылдап, жай

баракат уктап жаткан. (У. Аб.) ж.б.у.с.

Сүйлөм ичинде тиешелүү тыныш белгилеринин коюлушуна жана коюлбай калышына

карай сүйлөм түрдүүчө маанини билдирип калышы мүмкүн. Мисалы. Султан, кечээки

тапшырманы аткарыптыр. Мында сүйлөөчү белгилүү бирөө кечээки берилген

тапшырманы аткарып койгондугу жөнүндө Султанга кайрылып айтып жатат. Султан

деген каратма сөздөн кийин эреже боюнча үтүр коюлган. Эгерде Султан

деген каратма сөздөн кийин үтүр коюлбаса, анда: «Султан кечээки тапшырманы

аткарыптыр» болуп, сүйлөм таптакыр башка маани берип калат: мында тапшырманы

башка бирөө эмес, Султандын өзү аткаргандыгы жөнүндө сөз болуп жатат .

«Келе жаткан — окуучу» десек, бул сөз тизмеги ээ менен баяндоочтун ортосуна

коюлган сызыкчанын (-) жардамы менен сүйлөмдүк мааниге жетишип турат: келе

жаткан сүйлөмдүн ээси, окуучу баяндооч. Эгерде бул жерде ээ менен атооч

жөндөмөдөгү зат атоочтон турган баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлбаса, сүйлөм

эмес, сөз айкашы эле болуп калат: келе жаткан окуучу (кайсы окуучу? келе жаткан

аныктооч, окуучу аныкталып турган сөз).

Эгерде сүйлөм ичинде суроо же эмоциялык маанидеги ат атооч катышса, же болбосо

баяндоочуна суроо уландысы -бы уланып турса, андай сүйлөмдөр, негизинен, суроолуу

сүйлөм болот, бирок кээде алар ар түрдүү ички сезимди билдирген илептүү сүйлөм да

болуп калышы мүмкүн. Мындай түзүлүштөгү сүйлөмдөрдүн кандай мааниде

колдонулганы оозеки тилде интонациянын жардамы аркылуу, жазма тилде

сүйлөмдөрдүн аягына коюлган суроо же илеп белгиси аркылуу гана так белгилүү болот.

Мисалы: Кантип бере албайсың? Караңгыда кантип келдиң? — Бул кан силерди

кантип жашатсын! (М.А.) Ушунчалык чоң арык суудан бир билек суу кантип

тийбесин! (М.А.)

Сайра эже, тик мүйүз уйду саап бүттүнбү? (Ш.Б.) 

−  Кайран азаматтар, тоо ураса болбойбу да, көл төгүлсө болбойбу! (Ч.А.)

Тилибизде синтаксистик түзүлүшү, лексикалык курамы жагынан жай сүйлөмдөн эч

айырмаланбаган сүйлөмдөр учурайт. Бирок алардын айрымдары суроолуу же

эмоциялуу мааниде да болушу мүмкүн. Мындай учурда алардын кандай мааниде

колдонулгандыгы сүйлөмдүн аягына коюлган чекит, суроо, илеп белгилеринен гана

билинет:

Өрт чыкты. Өрт чыкты? Өрт чыкты!

−  Тсс!.. Киши келатат! (М.Аб.)

−  Кар жаайт экен.

−  Кар жаайт? (Н.Б.)

Кыскасы, тыныш белгилери жазма тилдин ажырагыс курамдык бөлүктөрүнүн бири.

Алар сүйлөмдө айтылган ойдун аяктагандыгын, анын кандай мааниде

колдонулгандыгын билдирет; сүйлөмдү курамдык бөлүктөргө ажыратып, алардын

ортосундагы маанилик катышты туюндурат. Натыйжада жазуу түрүндө берилген

ой-пикирди так, толук, туура түшүнүүгө жардам берет.

Октябрь революциясына чейин Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде ачылган диний

мектептерде окуган, сабаты ачылган таланты бар айрым адамдар араб алфавити менен

өз ырларын, казалдарын кыргыз тилинде жазышкан, ар түрдүү каттар жазылган.

Кыргыздардын революцияга чейин эле араб алфавити менен жазылган жазмасы

болгондугуна төмөнкүлөр далил боло алат:

1)  Молдо Нияздын санат ырлары (кол жазма: XIX кылымдын 1 — 2-жарымына

таандык);

2)  Молдо Кылыч «Кысса- и зилзала» (жер титирөө жөнүндө баян; 1911 -жылкы

Чоң-Кеминдеги жер титирөө жөнүндө), Казань, 1911-ж.;

3)  Осмонаалы Сыдык уулу «Мухтасар тарих Кыргызия» (Кыргыздын кыскача

тарыхы), Уфа, 1913-ж.;

4)  Осмонаалы Сыдык уулу «Тарых кыргыз Шадмания» (Шабдан жеринин кыргыз

тарыхы), Уфа, 1914ж.;

Кыргыздардын Россиянын Батыш Сибирь бийлигинин өкүлүнө 1825, 1827,

1829-жылдары жазган каттары. Бул каттар В. И. Плоскихдин «Первые

киргизско-русскиө посольские связи», ф., 1970 деген китебинде берилген. Мындай

каттар кыргыз тарыхчылары Б. Жамгырчинов, К.Усенбаевдин китептеринде да

берилген.

Революцияга чейинки кол жазмаларда, чыккан китептерде тыныш белгилери дээрлик

колдонулбаганы байкалат. Буга проф. Х.Карасаевдин Осмоналы Сыдык уулунун

1914-ж. Уфада араб алфавити менен жарыкка чыккан «Тарих кыргыз Шадмания» деген

китөбинин азыркы кыргыз алфавити менен кайрадан басылып чыккан вариантына

жазган баш сөзүндө

«Сүйлөмдүн арасында нокот, үтүр, кош чекит дегендер такыр жок1

» деген пикири

далил боло алат.

1924-жылы эски араб алфавитинин негизинде реформаланган кыргыз алфавити түзүлүп,

кыргыз элинин закондуу алфавити кабыл алынды. 1924-жылы 7 ноябрда кыргыздын

тунгуч газетасы «Эркин тоонун» биринчи номери жарыкка чыкты. Ошол мезгилден

тартып кыргыз тилинде окуу китептери, көркөм адабий чыгармалар басылып, басма

иштери өнүгө баштады. Ал эми жазма тил аркылуу берилүүчү ой-пикир, андагы ар

түрдүү ички сезимдер окуучуларга ачык, так, толук түшүнүктүү болсун үчүн, тиешелүү

тыныш белгилери да кеңири колдонула баштады. Кыргызстанда жазуу жана басма

иштери өнүгө баштаган учурдан тартып эле, негизинен, азыркы убакта колдонулуп

жүргөн тыныш белгилери да колдонула баштаган.

Мисалы: Кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин тоонун» алгачкы номерлеринде эле

төмөнкү тыныш белгилери кеңири учурайт: чекит (.), суроо белгиси (?), илеп белгиси (!),

үтүр (,), үтүрлүү чекит (;), кош чекит (:), тырмакча («»), кашаа (), сызыкча ( —), көп

чекит (…). Бул белгилер кыргыз тилине басма сөзү мурунураак өнүккөн казак, өзбек,

татар жана орус тилдеринен оошуп кирген. Бул тыныш белгилери жазма тилде ошол

учурда эле негизинен туура колдонулуп келгендиги байкалат.

Мисалы: бүтүн дүйнө мээнеткечтери, бириккиле! («Эркин тоо», 1924, №1).

Биздин айта турганыбыз: «Эркин тоонун» алуучулары он миңге толуу керек. («Эркин

тоо», 1925, №4).

Буларды биз аткаруу үчүн уюмдашып (коллектив болуп) ишке киришүүбүз керек.

(«Эркин тоо», 1925, №4).

Эң чоң кыйындык — айыл, кыштактардын таптакыр сабаты жоктугу. («Эркин

тоо»,1925, №4).

Бирок, ушундай болсо да, ал убакта кыргыз тилинин пунктуациясынын негизги

принциптери, эрежелери али тактала элек болгондуктан, айрым тыныш белгилерин

коюуда бир катар кемчилдиктер да кетирилген.

Мисалы: ар бир гезиттин (,) калкты тарбиялоо, үндөө жолунда (,) түбөлүктүү (,) туткан

негизги саясы (,) багыты, максаты болуу керек. («Эркин тоо», 1924, №1).

Бул сүйлөмдөгү кашаага алынган үтүр белгилери ашыкча коюлган.

1924-жылдан тартып кыргыз тилинин фонетикалык системасы, грамматикалык

түзүлүшү изилденип, көп сандаган илимий эмгектер, окуу куралдары басмадан чыкты.

Синтаксис боюнча чыккан окуу китептеринде жана кыргыз тилинин тыныш белгилерин

колдонуу эрежелерине арналган атайын эмгектерде жөнөкөй, татаал сүйлөмдөрдө,

сүйлөм мүчөлөрүндө тыныш белгилерин коюу эрежелери улам такталып, толукталып,

белгилүү бир тартипке келип, калыптанууда.

Аскар Турсунов
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ
Бишкек, КТМУ, 2002