Monthly Archives: Июнь 2022

«ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК», «Түркий тилдер сөз жыйнагы»

«ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК», «Түркий тилдер сөз жыйнагы» – улуу аалым Махмуд Кашгари 1072–77-ж. жазган энциклопедиялык сөздүк. Сөздүктө түрк тилдүү элдердин (чигил, йагма, карлук, оргу, кыргыз, огуз, тухси, уйгур, кыпчак ж. б.) тилдериндеги 7500дөй сөз камтылып, арабчага которулган. 300гө жакын макал-лакап, 100 чамалуу ыр, шаар, кыштак аталыштар, уруу аттары, түрк урууларынын тарыхы, жайгашкан аймактары ж. б. маалыматтар берилген. Бизге анын 1266-ж. 1-августта Абу Бекр ас-Сави азДимашкы көчүргөн нускасы гана жеткен. Көчүрмө нуска Стамбул ш-ндагы (Түркия) Улуттук китепканада сакталууда. Аны килистик мугалим Рифат Билге 1915–17-ж. Стамбулда үч томдук кылып жарыялаган. Түркчө, өзбекче, англисче, казакча, уйгурча котормолору, немисче индекс сөздүгү басмадан жарык көрдү. Кыргыз тилинде айрым үзүндүлөрү жарыяланган.

ДАБАН (ДАВАНЬ) МАМЛЕКЕТИ

ДАБАН МАМЛЕКЕТИ, Давань, Паркана – б. з. ч. 1-миң жылдыктын акыры – б. з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Фергана өрөө-нүндө өкүм сүргөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Дабан) деп аталган. Коомдук түзүлүшүндө эрте феодалдык мами-лелер үстөмдүк кылган. Саясий түзүлүшүн чектелген монархия катары мүнөздөөгө болот. Мамл-тин падыша башкарган, анын бийлиги аксакалдар кеңеши м-н чектелген. Падыша маанилүү чечимдерди кабыл алууда аксакалдар кеңеши мн макулдашкан. Мамл-тин борб. Эрши ш. болгон. Ал азыркы Араван кыштагынын жанындагы Мархамат шаар чалдыбары болсо керек. Мамл-те 70тен ашык чоң, кичине шаарлар болгон. Ш-ларга мунаралар салынып, коргон м-н курчалган. Калкынын саны 300 миңден ашык, чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Отурукташкан калк дыйканчылык м-н кесиптенген. Д-дыктар күрүч, буудай, беде, пахта айдашкан. Жемиш бактарын өстү-рүшкөн, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө бузулбай сактала турган шарап даярдашкан. Уй, кой, эчки, төө, жылкы багышкан. Өзгөчө асыл тукум жылкылары м-н даңазаланышкан. Байыркы кытай тарыхый жылнаамаларында «Дабан аргымактары жылкылардын асман тукумунан жаралган, алардан кызгылт тер чыгат» – деп айтылат. Аска беттерине түшүрүл-гөн сүрөттөрдөн Д-дыктар жылкыга табынганы да байкалат. Ддыктар Улуу жибек жолу калыптана электе Чыгыш Түркстан м-н соода байланышын түзгөн. Кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Д-га келген. Бул мамл-ти ал Д. деп белгилейт. Д. ж-дө кытай императорлору ушул элчиликтин маалыматтары-нан билишкен. Соода жолунун маанилүү түйүнү болгон Д. мамл-н каратып алуу ж-а даңазалуу жылкыларга ээ болуу максатында Хан императору б. з. ч. 104-ж. ж-а 102-ж. Ли Гуанлинин жетекчилиги астында эки жолу согуштук жортуулун уюштурат. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Д-дын чыгыш чегарасында жайгашкан Ю ш-нан ары өтө алган эмес. 2-жортуулда чыккынчынын жардамы аркылуу Эрши ш-на кире алышкан. Кытайлыктар кайткандан кийин аксакалдар кеңеши алардын койгон падышасын өлүмгө буйруп, Хан дөөлөтүнүн бийлигин тааныбай тургандыгын далилдеген. Кытайлар м-н согушта Эрши бүл-гүнгө учурагандыктан, Д-дыктар борборун Эршиден Гуйшанга көчүрүшкөн. Согуштан кийинки мезгилде Кытай м-н элчилик байланыштарын жүргүзүп турушкан. Б. з. ч. 42– 36-ж. түндүк хунндардын шанүйү Чжичжи чапкын уюштурат, бирок Д-дыктарды баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-к-нын ортосунда Чыгыш Түркстандагы Жаркенге убактылуу баш ийген, 5-к-дын аягында Кушан империясы каратып алат. Б. з. 3–5-к-да Д. өз алдынчалыгын сактап турган. 5-к-дын ортосунда Фергана өрөөнүн толугу м-н эфталиттер каратып алган.

ИБН СИНА Абу Хусейин ибн Абдаллах, Авиценна

ИБН СИНА Абу Хусейин ибн Абдаллах, Авиценна (980, Бухара ш-на жакын жердеги Афшин кыштагы–1037) – Чыгыштын даанышман илимпозу; дарыгер, философ, акын, астроном. Анын «Шыпаа китеби» 11-к-да эле латын тилине которулуп, европалык окуу жайларында мед. б-ча колдонулуучу жападан жалгыз китеп болгон. И.С. байыркы улуу дарыгер, медицинанын атасы деп саналган Гиппократты өз устатым деп атаган. Бирок анын окуусуна көп өз-гөртүүлөрдү киргизген. Мис., Гиппократ айрым ооруларды: суу чечек, кызылча же балдардын кызамыгы, котонжара, өпкөнүн сезгениши, боор оорусу ж.б. айыктыруунун так жолдорун айта алган эмес, ал эми И.С. Гиппократтын жогоруда аталган оорулар б-ча окуусун толуктаган. Анын «Дарыгерлик илимдин канону» деген эмгеги латынча 30дай ирет, ал эми орус тилинде 5 том, 6 китеп болуп алгачкы жолу 1956–60-ж. басылып чыккан. 1-китебинде мед. ил-нин теориялык маселелери каралып, ал китеп төрт бөлүктөн – киришүү, анатомия, физиология, ооруунун белгилери же симптоматология, диета, оорунун алдын алуу же профилактика ж-а жалпы терапия бөлүмдөрүнөн турат. 2-китеп адам баласы ооруган мезгилде колдонуучу дары-дармектер, аларды даярдоонун жолдору, кайсы учурда кандайча жол м-н ал дарыларды пайдалануу керек экендигин көрсөтүүчү суроолорго арналган. 3-китеби мед. патология ж-а терапия маселелерине арналып, плеврит, пневмония, дизентерия, о.эле көздүн сезгениши, кулак-мурундун, тамактын, ооз көңдөй оорулары ж.б. изилденген. Ал эми 4-китебинде хирургия ж-а косметиканын орчундуу маселелери изилденип, семирип кетүүдөн сактоонун ж-а өтө арыктап кетүүдөн дарылоонун жолдору айтылган. 5- китебинде дары-дармекти жасап чыгаруу, аларды колдонуу жолдору жазылган. Анын «Уржуза» дастанында дарыгер ж-а анын ооруларды кандайча сакайткандыгы тууралуу айтылган. Чыгыш поэзиясында И.С. жаңы жанр, жаңы форманы жаратып, ырларын төрт сап, б.а. рубаи түрүндө жазган.

ГАЗНЕВИЛЕР МАМЛЕКЕТИ

ГАЗНЕВИЛЕР МАМЛЕКЕТИ (977–1186) – түркий тилде сүйлөгөн элдердин динас-тиясы. Саманилердин аскер башчысы Алп-Тегин негиздеген. Аскер кызматчылары гулямдарга таянып, Алп-Тегин 962-ж. өзүн Газна ш-нын башкаруучусу деп жарыялаган. Шаардын аталышы б-ча жаңыдан түзүлгөн мамл. Г. м. деп аталган. Г. м. Себук-Тегиндин (977–997) ж-а анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда абдан күчөгөн. Мамл-тин курамына азыркы Ооганстан м-н Иран, Орто Азиянын айрым аймактары, Индиянын түндүк ж-а түндүк-батыш бөлүгү кирген. Өлкөнү башкаруу үчүн чыңдалган мамл. аппарат түзүлүп, башкаруучулар өз мүдөөлөрүн аткаруу үчүн илим м-н маданиятты өнүктүрүүгө умтулушкан. Газневилердин ак сарайында көрүнүктүү окумуштуулар ж-а акындар (Беруни, Бейхаки, Фирдоуси ж.б.) турушуп, өтө маанилүү ил. эмгектерди ж-а көркөм чыгармаларды жазышкан. Г. м-нин аскерлери дайыма жортуулга чыгышып, басып алган аймактарын бүлдүрүп, калкын тоноп, кул кылышкан. Мындай жырткычтык иштер Г. м-н начарлатып, карапайым элди күрөшкө түрткөн. Масуд Iнин тушунда (1030–41) мамл. ыдырай баштаган; 1040-жылдан кийин алардын карамагында азыркы Ооганстан м-н Пенжаб аймагынын бир бөлүгү гана калган. 12-к-дын 70-жылдарында гурилер Газневиге каттуу сокку урган, аларды Түндүк Индиядан сүрүп, Лахор ш-н тартып алган. Ушундан соң Г. м. ж-а династиясы толук жоюлган.

БҮРГӨ БААТЫР

БҮРГӨ БААТЫР, Бүргө Итим бий уулу (болжол м-н 1763–1831-ж. чен)– манап, элдик баатыр. Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан. Кыргыз элин чет элдик баскынчылардан сактоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн баатыр атакка жетишип, кушчу уруусунан хан көтөрүлгөн. Б. б-дын эрдиги казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган жортуулдарында өзгөчө көрүнгөн. Казак ханынын колун Балхаш көлүнүн аймагына чейин сүрүп барган. Б. б. Кокон хандыгынын саясий окуяларына да жигердүү аралашкан. Кокон хандыгы сунуш кылган датка наамынан баш тартып, Олуяата, Сайрамдагы чептерге кол салган. Цинь императорунун чакыруусу м-н Кашкарга чейин барып, баалуу сый алган. Көз карандысыз саясаты үчүн аны Кокон ш-нын башчысы тымызын тыңчы жиберип, ууландыртып өлтүргөн. Кыргыздардын белгилүү баатырлары Атаке, Эсенгул, хан Садыр, Жаманак баатыр, Жайыл хан, Кошой баатыр, Түлөберди баатыр, Ажыбек баатыр м-н үзөңгүлөш, замандаш жашап, кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылган. Б. б. жоокерчилик м-н катар эле чарбачыл адам болгон. Азыркы Мерке облусундагы өзү жердеген жерге арык каздырып, суу чыгарткан, ал арык «Бүргөнүн Тогонду сайы» деп аталган. Б. б-дын өзүнө таандык кызыл кочкул түстөгү туусун, мөөрүн, жортуулда кийүүчү темир зоотун ж-а жоокердик кылычын урпактары азыркы кезге чейин сактап жүргөн.

БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ

БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – орто кылымдарга таандык шаар калдыгы. Токмок ш-нан 15 км түштүкбатышында, Дөңарык айылынын чыгышында, Бурана суусунун өйүзүндөгү кеңири аянтта жайгашкан. Шаар урандысы сакталып калган архитектуралык мунара эстеликтин атынан шарттуу түрдө Бурана ш. деп илимге киргизилген. Жазма ж-а археол. булактардын негизинде шаар алгач араб саякатчысы Ал-Махдусинин (10-к.) жа М.Кашгаринин (12-к.) эмгектеринде эскертилген Баласагун ш. м-н салыштырышат. Бул шаардын экинчи аты – Куз-Ордо. Шаар алгач Бурана суусунун оң өйүзүндө негизделип, шаар башкаруучулары үчүн коргондолгон борб. сепил (цитадель) курулган. Аны шаардыктардын жыш жайгашкан турак жайлары ж-а курулуш имараттары, ички шаар-шахристан курчап турган. Сепил ж-а шахристан сыртынан бекемделген төрт чарчы сымал дубалдар м-н чындалган. Дубалдардын уз. түндүк ж-а батыш тарабынан 570 м, түштүгү 600 м, чыгышы 500 м узундукта болуп, дубалга кароол мунаралары жайгашкан. Шахристанга ж-а сепилге батыш дубалда жайгашкан дарбаза аркылуу киришкен. Шахристандын айланасына кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, дыйкандардын ж.б. калктын турак-жайлары, имараттары жайгашып, сырткы шаар-рабат өсүп чыккан. Шаардын айланасы сыртынан уз. 15 кмге созулган кош жал м-н бекемделип, айланасына чуңкур казылган. Шахристандын аймагында аянты 100х100 м, бийиктиги 10 м келген дөбө ураандысында 10–12-к-га мүнөздүү дөөлө-ттүү адамдын турак-жайы ачылган. 13–14-к-га да мүнөздүү мүрзөлөр табылган. О.эле шаар аймактарында төрт архитектуралык мавзолей, мечит, чиркөө, мончо ж.б. курулуштар белгилүү. Курулуштарга бышкан кыш колдонулган. Шаар калкы чоподон жасалган түтүктөр аркылуу суу м-н камсыз болгон.   47 Шахристандын түштүк-чыгышында бийиктиги 24 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 м келген мунара сакталып калган. Ал бышкан кыштан курулуп, сыртына оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолуп жасалган. Ичинде төбөсүн карай буралып чыгуучу тепкич жасалган. О.эле шахристандын ж-а рабаттын аянттарында кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин устаканалары, карапа ж-а кыш бышыруучу, металл иштетүүчү мештер ачылган. Шаарда базар жайгашып, тыйын чыгаруучу жайлар болгон.

БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ

БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ – 19-к-дын 50-жылдарында Түндүк Кыргызстанда өткөн саясий окуя. Анын негизин бул эки кыргыз урууларынын өз ара жер ж-а бийлик үчүн күрөшү түзгөн. Жаңжалдын чагылышына 1854-ж. Ормондун айылында (Ысыккөлдүн күңгөйүндөгү Аксуу деген жерде) өткөрүлгөн ордо оюну шылтоо болгон. Бугу уруусунун төбөлү Боронбайдын оюнчусу Чыйбыл оюнду утуш м-н бүтүп, бугулар тогуз бээден турган байгени жеңип алышкан. Сарыбагыштын оюнчулары саяктын төбөлү Алыбек манаптын оюнчусуна да жеңилип калган. Ормон хандын жазасынан чочулаган Алыбек бугу уруусуна көчө качат. Ушунун баарын шылтоолоп, Ормон хан 1854-ж. июль айынын башында аскерлери м-н жортуулга аттанып, бирок Шаты суусунун боюндагы чабышта катуу жарадар болгон. Аскерлеринин алдыңкы чакан бөлүгүнүн бир даары туткунга түшүп, бир даары качып кутулат. Ормон хан бугулардын колунда каза болгон. Анын куну үчүн сарыбагыш жоортулдары башталат. Алыбек манап качкан жеринен колго түшүп өлтүрүлгөн, бейкүнөө саяк, бугу уруулары талоонго алынган. Боронбай бир катар уругу м-н Каркыра ж-а Текес жакка чегинүүгө аргасыз болгон. Боромбай кытай бийликтеринен жардам сурап кайрылганынан пайда чыкпаган соң, орус бийликтерине букаралыкка өтүүгө дагы бир ирет кайрылууга муктаж болот. 1855-ж. 17-январда бугу уруусунун өкүлдөрү Россиянын букаралыгын кабыл алгандыгы ж-дө ант берген, алардын башчысы болуп Боромбай дайындалган. Ушундан соң Б. ж. с. у. ч-н басуу үчүн ордо бийликтери өз элчилери, өкүлдөрүн, чакан кошуундарын жибере баштаган. Ортого Жантай да салынган. Түндүк кыргыздардын Россияга бириктирилгенине байланыштуу 1863-ж. Б. ж. с. у. ч. негизинен тынчыган. Орус бийликтерине баш ийбеген Үмөөтаалы өзүнүн сарыбагыш уруусу м-н ошол эле жылы Чатыркөл тарапка көчө качкан. 1867-ж. ал да Россиянын букаралыгына өткөн.  

БОРОМБАЙ Меңмурат уулу

БОРОМБАЙ Меңмурат уулу (1789–90-ж. чен – 1858) – Ысыккөл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-ж. Жууку суусунун боюнда Кызылүңкүр деген жерде өз чебин курдурган. 1844-жылдан өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү м-н Батыш Сибирь генералгубернаторлугуна элчилерин жиберип, кат м-н кайрылган (1844, 1848, 1853–55-ж). Анын элчилери 1855-ж. 17- январда Омск ш-нда Россияга өтүү антын кармашкан. Б. орус армиясынын полковниги чинин алып, бугу уруусунун ага манабы катары таанылган. Бугу м-н сарыбагыш урууларынын жаңжалы маалында (к. Ормон, Балбай макалаларын) анын эл-журту Текести көздөй көчүп, Б. Чыгыш Түркстандагы кытайлык бийликтерден көмөк сураган, бирок оң жооп ала албаган. Ошондон кийин орус бийликтерине кайрадан өтүнүч м-н кайрылган. Ич ара жаңжалды тынчытууда Б-дын өтүнүчү м-н келген орус аскерлеринин чакан кошуунунун чоң жардамы тийген. Б-дын П. П. Семёнов Тян-Шанскийге да көмөк көрсөткөнү маалим. Б элинин турмушун оңдоо үчүн калкын эгин эгип, жер-жемиш өстүрүп, бак-дарак тигүүгө үндөгөн. Жерлерин кашаа м-н тостуруп, эгин эктирген, алма, өрүк, алмурут, жүзүм тиктирген, коон-дарбыз ж.б. айдаткан. Б. билимдүү адамдарды абдан урматтаган. 1856-ж. Чокон Валиханов анын айлында жүрүп, баалуу маалыматтарды жыйнаган, Б-дын портретин карандаш м-н тарткан.

БОРБОРДУК ТЕҢИРТОО КЫРГЫЗДАРЫНЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ

1863-ж. Борб. Теңиртоого чалгындоо тобу жөнөтүлүп, «Кашкар отряды» деп аталган бул кошуунга генштабдын капитаны Проценко колбашчылык кылган. Теңиртоонун чордонундагы Кочкор, Жумгал, Нарын, Атбашы, Акталаа, Тогузторо өрөөндөрүндө, Кашкар тарапта сарыбагыш, саяк, черик, моңолдор, чоңбагыш, бугу, тынымсейит ж.б. уруулар жашачу. Соңкөл, Солтонсары, Каракужур, Карасаз, Кеңсаз, Аксай, Арпа өрөөндөрү малга жайлуу мыкты жайлоолор болгон. Алардын айрымдарын Кокон ханы каратып, салык алып турса, кээ бирөөлөрү (черик, чоңбагыштар) Кашкардагы цинь-манжур бийлигинин таасиринде турган. Бирок Борб. Теңиртоодо кокондуктар туруктуу бийлик жүргүзө алган эмес. Кокон хандыгы мезгил-мезгили м-н аскер жиберип, өз үстөмдүгүн убактылуу гана орноткон. Борб. Теңиртоодо таасирин орнотуу Россияга Чыгыш Түркстан, айрыкча Кашкар м-н түз соода байланыштарын өнүктүрүү үчүн да өтө зарыл эле. Буга чейин орус көпөстөрү Кашкар м-н соода-сатыкты көбүнчө Кокон хандыгы аркылуу ж-а Верный тараптан Кулжа аркылуу жүргүзүшчү. Ал эми Түндүк Кыргызстан аркылуу түз байланыш түзүү жолду кыйла кыскартмак. Бул жол Ысыккөлдүн батыш тарабы, Кочкор, Нарын, Атбашы, Аксай аркылуу өтүп, Көлдүн чыгышындагы жолго караганда оңтойлуу, ашуубелдери анча татаал эмес эле. Кашкарга өтө турган бул жолду өздөштүрүп, кербендердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аталган аймактарды ээлеш керек болчу. 1863-ж. 3-майда «Кашкар отряды» Кастектен чыгып, Боом капчыгайы, Ортотокой ж-а Кызарттын бели аркылуу Жумгал өрөөнүнө чейин жеткен. Ал кезде Жумгалда болгону 50гө жетпеген кокондук сарбаздар турган. Алар жоого каршылык көрсөтүүгө даай албай коргонду таштай качканда, аны орус аскерлери ээлеп алган. Андан соң Проценконун кошууну Соңкөл жайлоосу аркылуу кокондуктардын Теңиртоодогу башкы тиреги болгон Куртка чебин эч каршылыксыз эле басып алган. Курткада бир топ күн тургандан кийин капитан Проценко жер чалыш үчүн кошуунунун жарымын алып, Нарындын төрүнө жөнөгөн. Кошуундун бир бөлүгү Куртка чебинде калган. Ошондо Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон датка Тайлак уулу баш болгон кыргыздар 19-июнда Экичат деген (Куртка өзөнү өтүүчү колотто) жерде подпоручик Зубаревдун июндун башында Нарындан Балыкчыга азык-түлүк, окдары үчүн барып, кайра кайтып келе жаткан кошуунуна кол салышкан. Кыргыздар орус аскерлерин эки жакка жылдырбай, эки күн бою Экичатта камап турган. 21-июнда гана Проценконун казак-орустар кошууну жардамга келип, орус аскерлерин курчоодон куткарып калуу-га үлгүргөн. Буга чейин 2–3 миң жигиттен турган Үмөтаалынын колу Нарын дарыясындагы көпүрөнү бузуп салган. Экичатта кыргыздардын 18 жолу жасаган   44 чабуулунда Зубарев ж-а 7 солдат жарадар болуп, экөө көз жумган. Кыргыздар м-н Акталаа аймагындагы кагылышуу орус кошуундарынын Борб. Теңиртоодогу андан ары жылышын кыйындаткан. Көп өтпөй Кытай чегарасындагы кырдаалдын оорлошуна байланыштуу Колпаковскийдин буйругу б-ча «Кашкар отряды» Кеген кошуунуна биригүү үчүн кайра кайткан. Ошентсе да бул кошуун өзүнө жүктөлгөн милдеттердин бир тобун чечүүгө, айрым кыргыз урууларын Россия таасирине имерүүгө үлгүргөн. Жумгал, Куртка, Тогузторо чептери кыйратылган. «Кашкар отрядынын» Борб. Теңиртоого жортуулу айрыкча черик уруусунун Россия курамына киргизилишин тездеткен. Черик уруусу ал кезде Нарын дарыясынан түштүктө Күйкөтурпан тоосуна чейин Какшаал суусунун жээктеринде, Атбашы, Арпа, Аксай өрөөндөрүнөн Кашкарга 50 чакырымга чейинки аралыкта көчүп-конуп жүрүшчү. Кокон хандыгынан тышкары чериктерден цинь-манжур төрөлөрү, кийин Кашкардын улугу Жакып бек (к. Йакуб бек) салык төлөөнү, бийлигине моюн сунууну талап кылып турган. Ушундай кырдаалда коңшулардын кысымынан кутулууну эңсеген чериктердин айрым манаптарына орус падышасынын бийлиги жеңил болчудай, Россия курамына кирүү оңтойлуудай сезилген. 1863-ж. жазында 6 миңдей түтүн черик уруусунун чоң манабы Турдумамбет Тоймат уулу, Турдуке Турдумамбет уулу баш болгон бийлер Алатоо округунун улугу Колпаковскийге атайын кат жөнөтүп, ал катта падышанын жөлөк болуу-сун өтүнүшкөн. Батыш Сибирдин генерал-губернатору Дюгамелдин согуш министрине ж-а мамл. вице-канцлерге жиберген сунушу б-ча көп өтпөй император макулдугун билдирген. 1863-ж. күзүндө Омскиге келген чериктердин элчилери (4 киши) 13-октябрда орус падышасынын бийлигине баш ийгендиктери тууралуу черик уруусунун атынан ант беришкен. Бирок 1868-ж. Нарын чеби курулганга чейин орус бийлиги чериктерге үстөмдүгүн толук орното алган эмес. Ал эми Нарын чеби негизделген кезде чериктердин көпчүлүгү Алатоо округуна карап, калганы Жакыпбектин карамагында турган. Кийин Чыгыш Түркстандагы Жакыпбектин мамлекети жоюлганда, алар Кытай императорунун бийлигине өткөн. 1864–65-ж. Нарындын башын мекендеген тынымсейит уруусу, саяк уруусунун Кочкор, Жумгал, Кетментөбөнү жердеген уруктарынын кыйласы Россиянын курамына киргизилген. Ал эми Үмөтаалы бийлеген сарыбагыштар м-н Осмон датка башкарган тогузторолук ж-а акталаалык саяктар (чоролор) орус аскерлерине багынбай каршылык көрсөтүүнү уланта берген. Акталаадан Жумгалга конуш которуп келген сарыбагыштын борукчу уругу (1000 түтүн) 1865-ж. Россиянын карамагына өтөт. Алардын башында Шамен, Кодон, Байтели ж-а Жаманак манаптар турган. 1867- ж. жайында Нарынга полковник Полторацкийдин мыкты куралданган аскерлери келгенде Каракужурдан тартып Аксай, Чатыркөлгө чейинки кең аймакты (500 чакырым аралыктагы) ээлеп, 5–6 миң түтүн элди бийлеген Үмөтаалы багынып берүүгө мажбур болду. Ал эми Осмон Тайлак уулу болсо өз күрөшү ийгиликсиз аяктаган соң, баш калкалап, Чыгыш Түркстанга качып өтүүгө аргасыз болгон. Жакыпбек көз жумган соң Осмон Теңиртоого кайтып келген. Жакып бектин уулдарынын ортосунда так талаштан чыккан чатак мамлекетти алсыратып, натыйжада Кытай аскери Кашкарды басып алган (1877-ж. декабрь). Борб. Теңиртоо Россия курамына киргизилгенден кийин орус бийликтери Үмөтаалыдан Экичаттагы кармашта өлгөн эки солдат ж-а жарадар болгон жети солдат үчүн кун доолаган, ар бир өлгөн солдат үчүн 75 тен жылкы, жарадар болгон офицерге 100 жылкы, 5 солдаттын ар бирине 25тен жылкы төлөмөк болгон. Бир жылкы 20 сомго бааланып, акчалай төлөсө 7500 сом берүүгө тийиш болгон. 1868-ж. 60 жаштагы Үмөтаалы белгиленген кундун жарымын акчалай, калганына жылкы берип кутулган. Ошентип, 1867-ж. Үмөтаалынын багынып бериши м-н Борб. Теңиртоону каратуу аяктап, бүткүл Түндүк Кыргызстан Россиянын курамына киргизилген.

БАШКЫР, БАШКОРТОСТАН КЫРГЫЗДАРЫ.

Бүгүнкү башкырлардын курамындагы кыргыздар Башкортостандын түндүк-батыш ж-а чыгыш аймактарында 9–10-к. жашап келишүүдө. Башкортстандын батыш аймагындагы кыргыздар 9–10-к. кыпчак толкуну м-н (Сырдарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкыр уруулары), ал эми чыгыш бөлүгүндөгү кыргыздар 16–17-к. Енисейден журт которуп келген «кыргыз» этнокомпоненттери экендигин изил-дөөчүлөр белгилешкен. Кыргыз этнонимдери бүгүнкү башкырлардын курамында табын, кудей, миң урууларынын курамында кездешет. Табын этнониминин удаалаштары (параллелдери) хакастардын жана фуйу кыргыздарынын (хакастарда – табхын, фуйу кыргыздарында – табындар) курамдарынан кездешет. Кыргыз уругу кирген кудейлер-дин бүгүнкү кыргыздарда кудайлат (басыз уруусу) аттуу удаалашы бар. Худалат Хакасияда топонимикалык аталыш катары да маалым. Санжыра б-ча башкырлардагы кадыкей, танкей кыргыз уруктары өздөрүнүн баштапкы мекени катары Сибирь аймагын, теги жагынан Чыңгыз ханды, түпкү бабаларынан Төнөк бийди аташат. Алардын этногенезисинде Мөңгүсуг (Минусин) чөлкөмү өзгөчө орунду ээлери шексиз. Моңгол баскынчылыгына чейин башкырлар 12 уруудан турган бирикмени түзүшүп, алардын жетөө мурдагы Уфа провинциясында, Ика дарыясынан батышка карай болярлар, Ика ж-а Деме дарыяларынын жогорку агымдарында кыргыздар турушкан. П. И. Рычковдун «Топография Оренбургская» аттуу эмгегинде (1730) кыргыздар өз алдынча 4 уруудан турган эл катары чагылдырылат. 19-к-да Башкортостандагы кыргыздар өздөрүнүн бирдиктүү жашоосун уланта беришкен.