АБАЛАК
АБАЛАК — «Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз чуңкурча, кайкыраак… Кененирээк »