АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК мамлекеттик башкаруу органдарын уюштурууда жана алардын аткаруу иш аракетинин процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат. А. у-нун негизги булактарына Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Жогорку Кеңештин Указдары, өкмөттүн токтомдору, кодекстер, инструкциялар ж. б. кирет. А. у. нормалары аткаруу тескөө иш аракетин жүргүзүүчү мамлекеттик органдарды уюштуруу эрежелерин; ушул органдардын жана аларда иштегендердин, ошондой эле граждандардын, мамлекеттик… Кененирээк »