АЗА
АЗА — өлгөнгө кайгырып, күйүт тартуу салты. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас өлгөндө «Калайык ыйлап, кан ыйлап, Кошой, Төштүк дагы ыйлап, Ажыбай, Бакай кары ыйлап, Кан Манастын кырк чоро Найза сайып бакырып» А. күтүшөт. А. күтүүдө аялдар чачын жазып, бетин тытат, башына кара салынып, кошок кошот: Ошондо кайран катын Каныкей Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу, Калдайган кара башында… Кененирээк »